Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

СОКУЛУКТА 2 ЖАШАР КЫЗДЫ УНАА СҮЗҮП КЕТТИ. ШЕКТҮҮ КҮНӨӨНҮ МОЮНУНА АЛГАН ЖОК

№879 5-11-сентябрь, 2019-ж


30-август күнү саат 12:30 чамасында Сокулук районунда кичи автобус 2 жашар кызды сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыктын натыйжасында 2 жаштагы Тумар Курманова аттуу наристе башынан жаракат алып, эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Окуя боюнча шектелип жаткан жарандын карындашы "бул жалган жалаа" деп, агасына тагылган күнөөнү четке кагууда.

“КЫЗЫМДЫ СҮЗҮП, БАЛАМДЫН КОЛУНА КАРМАТЫП КЕТИПТИР”

Кырсык тууралуу маалымат укук коргоо органдарына келип түшкөн соң Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана Сокулук РИИБинин кызматкерлери кызды сүзүп кетти деген унааны таап, анын айдоочусу, 1993-жылы туулган В.М. аттуу жергиликтүү тургунду кармашкан. Учурда кыздын ата-энеси арыз жазып, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Кылмышка шектелген жарандын карындашы унаанын камерага түшкөн убактысы менен окуя катталган сааттар дал келбестигин айтып, тагылып жаткан күнөөнү жалаа деп атоодо.

Жабыркаган кыздын апасы Жылдыз Курманова окуя боюнча буларга токтолду:

– Өзүм Сокулуктагы ашканалардын биринде, күйөөм курулушта иштейт. Биз чоң жолдун боюндагы үйлөрдүн биринде батирде турабыз. Кызымды унаа сүзүп кеткен күнү мен үйдө болчумун. Короодогу иштерге алаксып калыптырмын. Ошол күнү батирдин ээсинин уулу унаасын короодон айдап чыгып, дарбазаны жапканды унутуп койсо керек, ачык калган эшиктен кызым көчөгө чыгып кетиптир. 7-класста окуган балам экөө жолдун четинде ойноп жатышкан экен. Бир убакта эле кичи автобус келип кызымды уруп кетиптир. Баламдын айтымында, сүзгөн айдоочу унаадан түшүп келип, жерде жаткан кызымды колуна алып, аны ооруканага жеткиргендин ордуна баламдын колуна карматыптыр да, андан ары унаасын айдап кетип калыптыр. Биз “Тез жардамга” чалып, ооруканага алып бардык. Тиешелүү дары-дармек, ийнелерин алып жатабыз. Учурда компьютердик томографияга түшүүгө даярданып жатабыз.

Кызымды унаасы менен сүзүп кеткен жаран соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайын күнөөсүн моюнуна албайт экен. “Анын тууганы болом” деп бир аял ооруканага келип, “унаа меники болчу, калганын билбейм. Жол четиндеги камераларга түшүп калган видеодо силердин кызыңарды саат 11де сүзүп кетишиптир, биздин унаа болсо камерага саат 12де түшүп калган экен. Балким, кызыңар тепкичтен кулап же дагы башка нерседен жаракат алгандыр. Бизге жоопкерчиликти оодарып жатасыңар” деп доосун артып кетти. Милицияга ошол күнү эле арыз жазганбыз. Азыр экспертизанын жыйынтыгын гана күтүп жатабыз.

“УНАА МЕНИКИ ЭКЕНИ ЧЫН, БИРОК СҮЗДҮ ДЕГЕНИ ЖАЛГАН”

Ал эми кызды сүздү деген машинанын ээси өзүн шектүүнүн карындашымын деп тааныштырды. Атын атагысы келбеген аял “биздин унаа менен эч ким бирөөнү сүзгөн эмес, экспертизадан кийин бизге жалаа жапкандардын үстүнөн арыз жазабыз” деп билдирди.

– Кичинекей кызды сүзүп кетти деп жаткан унаа мага катталган. Ал күнү унааны агам айдап кеткен. Ал эми кызды сүзгөн машина биздики эмес. Камерага түшүп калган видеожаздыруунун убактысы да кыз кырсыктаган убакыт менен дал келбей жатат. Ошондуктан биз көп тынчсызданган жокпуз. Унаа экспертизадан өткөрүлүп, анын жыйынтыгы чыкмайынча, күнөөлүү эмеспиз деп актанып комментарий да бергим келбейт.

Мен окуяны уккандан кийин чын эле жабыркаган жаш бала бар бекен деп ооруканага барып келдим. Себеби биз окуя тууралуу билген эмеспиз. Үй-бүлөбүздөн эч ким унаа менен кырсыктап же кимдир бирөөнү сүзүп кетпегенден кийин бейкапар эле жүрөсүң да. Кыздын апасы мага “8000 сомдон 3 айлык маянаңды төлөйсүң” деп талап койду. Мындан улам ал акча өндүрүүнү көздөп жатат деген ой жаралды. Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, биздин ак экенибиз далилденгенден кийин жалаа жапкандардын үстүнөн тиешелүү жактарга арыз жазабыз.

“ШЕКТҮҮНҮН ЖҮЗҮН КЫЗДЫН БАЙКЕСИ ТААНЫП КАЛГАН”

Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз катчысы Темирлан Мирсадык уулу шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, териштирүү иштери башталганын ырастады.

– Окуя 30-август күнү Сокулук айылында саат 12:30 чамасында катталган. Бизге Сокулук айылынын тургуну 2 жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Ага ылайык, кызды сүзүп кеткен айдоочу аны жол четинде турган мектеп жашындагы байкесинин жанына таштап, андан ары унаасын айдап кетип калган. Биздин инспекторлор тарабынан тез аранын ичинде шектүү аныкталды. Окуя болгон жердеги жол тилкесинин боюндагы камераларда жаздырып алынган тасма аркылуу унаанын маркасы, номери такталып, шектүүнү издөө жарыяланган. Окуя саат 12:30дун тегерегинде катталса, шектүү ошол эле күнү саат 16:00 чамасында аныкталып, кармалган соң тергөөгө жеткирилди. Тергөөдө шектүү “мен сүзгөн эмесмин, мындай унааны көп эле киши айдап жүрөт” деген жүйөлөрдү айтты. Мындан улам окуянын күбөсү катары жабыркаган кыздын байкеси тергөөгө чакырылып келди. Ал шектүүнүн жүзүн таанып, “ушул киши сүзүп, менин жаныма таштап кетти” деп көрсөтмө берген. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

“КЫЗДЫН БЕТИ-БАШЫ ТЫТЫЛЫП, 2 ТИШИ ТҮШКӨН”

Сокулук аймактык ооруканасынын дарыгери Аскар Турдубаев кыздын учурдагы абалы тууралуу буларды айтты:

– 30-август күнү саат 11:40тар чамасында 2017-жылы туулган Тумар Курманова аттуу наристе биздин ооруканага келип түштү. Аны “Тез жардам” менен алып келишкен. Келгенде бети-башы сыйрылган абалда болчу, маңдайкы эки сүт тиши ыргып кетиптир. Катуу урулган, азырынча баш мээси жаракат алган деп жатабыз. Жаракат орточо оордукта болушу мүмкүн. Учурда башын компьютердик томографиядан өткөрүү үчүн тиешелүү дары-дармектерди берип даярдап жатабыз. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин диагноз коюлат. Учурда кыздын ден соолугу жакшы.

Ким күнөөлүү болсо да, наристенин ден соолугуна залал келтирген адам аныкталып, жаза алышы керек. Өлкөнүн келечеги болгон балдарга байланыштуу маселелерде коррупция же көз жумду механизми иштеп кетпейт деген үмүттөбүз.

Айпери Хожаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(6)
09.09.2019. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
20-09-2019 11:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыялдарда
+3
Ой ХХХХ экен го.Кыздын байкеси алдамак беле?Кудай ХХХХ силерди,актанганын кара,олуп калса кантишээр экен эле
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-09 13:03:35
09.09.2019. 10:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
495
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
22-09-2019 19:04
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ууру куч болсо ээсин доого жыгат болуп атыптыр бул жакта.
09.09.2019. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
22-09-2019 14:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+3
Толоп беретда иштеп балдарын багып атса азыркы заманда иштебесен ачка каласын,тим эле акча ондуруу максатта экен деп.кичинекей наристенин бетин туздоп койуптур сузуп олтуруп койсо не болот.Толоп бергиле чонойгондо билинет ушул алган сотрясениялары
09.09.2019. 23:35 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
21-09-2019 18:25
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айыгып кет кичинекей...макул кырсык экен атайылап сузгон жок дечи бирок жанын жеп танбаса.кудай коруп туратго.баса коопсуз шаар деватышат камераларды карап аныктай албай не аркайсыны айтышат иштегендер...
10.09.2019. 00:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
399
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
22-09-2019 19:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менда ойлор атам танып атышатго булар, 7 класстагы бала чон эле балада эми
10.09.2019. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
22-09-2019 14:02
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кантип эле алдасан жаш бала таанып жатса оздору эле доогурунуп жатышат жанын жеп жооп бер же больницага алпарып барыш керек болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22895;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: