Архив
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ПРОФАЙЛЕР-МИМИКА, КОЛ ЖАҢСОО БОЮНЧА АДАМДЫН КАЛПЫН АНЫКТАЙТ№878 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
Биздин жашообузда кылмыш, шылуундук, алдамчылык көп. Мындай күнөөлөрдүн баарын “калп” деген түшүнүк бириктирип турат. “Профайлинг” термини кылмыш болгон жерде кылмышкердин калтырган издери аркылуу анын психологиялык портретин (профиль) түзүү дегенден келип чыккан. Кийин аталган термин өзгөчө коркунучтуу адамдарды, киши өлтүргүчтөрдү табууга карата колдонула баштаган. Профайлер-верификатордун калп тапкычтан (полиграфтан) айырмасы – 2-5 мүнөттүн ичинде адамдын мүнөзүн, өзгөчөлүгүн, калп айтканын же чын сүйлөп жатканын мимика менен эмоциясынан, бет булчуңдарынын кыймылынан, өзүн алып жүрүү манерасынан, кол жаңсоолорунан “окуп” коёт. Профайлинг өз ичине психология, физиология, лингвистика, антропология (адамды, анын жүрүм-турумун изилдөөчү илим), криминалистиканы да камтыйт. Профайлер-верификатор адистиги мыкты эс-тутумду, аналитикалык ой жүгүртүүнү, өтө байкагычтыкты, токтоолукту талап кылат. Өлкөбүздө аталган кесипке окуткан окуу жайы жок. Профайлер‑верификатор кайсы жерлерде иштей алат же анын кызматы кайсы учурда колдонулат:
– Арсланбек мырза, айтсаңыз, адам 1 күндө канча жолу калп айтат? – Адамдар күндө майда, чоң калптарды айтат. Майдаларын кошпой ирилерин алсак, 1 жылда аял болжол менен 728, эркек 1092 ири калп айтат. Ал эми 1 күндө залакасы жок калптын 50-100дөйүн айтат. Мисалы, эртең менен жумушка келгенде бирге иштешкендери “кандай?” десе “жакшы” деп коёт. Чынында андай эмес. Бирөөнүн жаңы кийимин көрүп анча жарашпаса деле көңүлүн көтөрүү үчүн “оо, жакшы жарашат экен” деп коёт. – Калп айтып жаткан адамга тиешелүү белгилер көп. Мисалы, калп айтып жатканы үчүн өзүн ыңгайсыз сезип кулагын, чачын, көзүн кармалайт, тырмагын тиштегилейт, колдорун кырсылдатат, жаагын кашыйт. Ошол кездеги абалды көргүсү келбей көзүн башка жакка алып качат. Үнү бирде басаңдап, бирде жогорулайт, айтып жатканына башкалар ишенбей жатканын сезсе "Сен эмне мага ишенбейсиңби?" деп атырылат. Айткандарын аягынан баштап кайра сураса мурунку айткандарын толугу менен айтып бере албайт, өзгөчө даталардан, убакыт-сааттан жаңылат. Калп айтууда дене табы көтөрүлөт. Анткени дененин температурасын көзөмөлдөөчү мээнин бөлүгү активдешет. Ошол үчүн мурун жана анын тегереги тердейт. Калп айтып жаткан адамдын бүт булчуңдары (анын ичинде бетинин) чыңалуу абалында болот. Анткени калпым билинип калбасын деп коркот. Ошол ички чыңалуулар биригип келип мурундун учуна берилип, дүүлүктүрөт. Андыктан адам мурдун кармалайт, бет булчуңунун бири тартылат. Норма боюнча, адам көзүн 1 мүнөттө 15 жолудай ирмейт, ал эми калп айтканда мүнөтүнө 15-28 жолу ирмейт. Калп айткан адам жаланат, шилекейин жутунат. Эмнеге дегенде ал канчалык бир деңгээлде – Аялдын ички туюму табиятынан күчтүүрөөк болгондуктан, эркектин калпын бат эле билип коёт. Эркектерде ички туюм анчалык өнүккөн эмес. Андыктан калпты бат эле биле беришпейт жана калпка көп ишенип калышат. Мисалы, аял күйөөсүнөн “неге кеч келдиң?” деп сурады дейли. Күйөөсү жооп берүү үчүн өйдө карап ойлонот (эс-тутумундагы маалыматтарды чубап баштайт). Ошондо көзү оң тарапты караса чындыкты, сол тарапка караса калп айтканы. Эркектер көбүнчө көзүн ушалашат. Калп айткан аялдар макияжын оңдоп жаткансып көзүнүн алдын, моюнундагы чынжырчасын кармалайт, оозун колу менен жабат. – Жок. Мисалы, эркек ар жолу достору менен жолугуп сыра ичип же бильярд ойноп келгенин аялына айта берсе, ал уруш чыгарат. Ала жипти аттай койгон эркектер да көп калп айтат. Мисалы, “кайда жүрдүң?” деген суроого “иште чогулуш болуп калды же иш көп болду” дейт. Аялдар болсо өзүнө, үйүнө майда-барат нерселерди көп алат, аларды күйөөсүнө айта берсе ал “акчаны болбогон нерсеге коротосуң, сага акча бербей эле коюш керек...” дей баштайт. Ошондуктан алган нерсесин көп учурда айтпайт. Негизи жубайларга бири-бирине калп айтууга мүмкүндүк берүү керек (чеги менен), үй-бүлө калпсыз жашай албайт. – Калпты кайсы кесиптегилер эң көп айтат? – Соода тармагында иштегендер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Соодагерлер товарын өткөрүү жана кардарларын көбөйтүү үчүн сөзүнүн 69 пайызын калптан курап айтат. Ал эми сот, прокурор, бажыкана, атайын кызмат жана каржы кызматкерлери, милиция, адвокаттар иштеги өз кызыкчылыктары үчүн калп айтышат. Адамдар зыянсыз калпты да көп айтышат. Мисалы, урушкандарды жараштыруу, адамды стресстен чыгаруу максатында жана башкада. – Ажыратууга болот. Айталы, депутат трибунадан “менин кабинетимдин эшиги эл үчүн ачык. Келишсин, көйгөйүн угуп, ошого жараша иш кылабыз” деп сүйлөп жатат дейли. Бирок ошол эле учурда ал муштуму менен столду ургулоодо. Эгер ал чын айтып жатса колдорун эшик тарапты көрсөтүп жаткансып алдыга сунуп көрсөтмөк. Ал болсо муштуму менен столду ургулап “келип эле көрчү, эмнени көрөт экенсиң?!” деп коркутуунун ишаратын көрсөтүүдө. Ошентип ал өзү да сезбестен кол жаңсоолору менен калп айтып жатканын билдирүүдө. – Диний экстремисттер ар жолу тапшырма аткарууга бара жатып, кайтпай калуусу мүмкүн экендигин билет. Ошол себептүү өлүмгө даяр болуп сакал-мурут, тырмактарын алып жүрүшөт. Коркуп, санаа чегүүдөн булчуңдарынын баары чыңалуу абалында болот. Андыктан көтөргөн сумкасы орточо көлөмдө болсо деле колдорунун булчуңдары чыңалып, тарамыштары да көрүнүп турат, тердейт. Көчөдө бара жатып “милиция жок бекен? Мени байкап калышпадыбы?” деп улам алды-артын каранат. – Адам өзү асынып өлсө, анда моюн омурткалары үзүлүп, ошол жерлер көгөрөт. Эгер башка бирөө өлтүрүп туруп анан асып койсо, анда моюнунда көгөргөн так болбойт. Анткени ал мурун эле өлгөн. – Ал иш боюнча милиция кызматкерлери мени шектүү адамды табышууга жардамга чакырышкан. Ошондо маркумдун дене мүчөлөрү муундардан туура ажыратылып жиликтелгенин көрүп, “бул иш медицина жаатында иштеген адамдын колунан келген” дегем. Анткени адамдын дене мүчөлөрү кайсы жерден кантип биригип, ажырарын медиктер жакшы билишет. Айткандай эле шектүү катары аялы кармалган, ал медик экен, күнөөсүн моюнуна алып, 16 жылга кесилген. – Ооба, театр, кино актёрлору алдап кетүүсү мүмкүн, анткени алар адам эмоциясын мыкты өздөштүрүшөт. Канымжан Усупбекова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
vikidiki
![]()
02.09.2019. 15:30
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
03-12-2019 11:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ошо ойлой берчумун да актёрлер ичиндегисин сыртка чыгарбайт болуш керек,калп-чынын айтып атканын биле албайт го жонокой Адам деп. Чын экен.
Bermet_Kasymova
![]()
07.09.2019. 19:01
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
05-12-2019 23:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
0
Бул адамдан сабак алса болот болду бекен??
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|