«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№877 22-28-август, 2019-ж.


БАШ АЛАМАНДЫКТАН БИРОТОЛО АРЫЛ! КИЙИМ ИРЕТТӨӨНҮН ЯПОНЧО ЫКМАСЫ

  1. Кезектеги жыйыштыруудан 2 күн өтпөй үйдүн ичи кайрадан чачыла баштайт. Япониялык адис жана кеңешчи, үй чарбасын уюштуруу боюнча 4 китептин автору Мари Кондо (айрым булактарда Мариэ Кондо, лакап аты КонМари) сунуштаган ыкманы билип алсаңыз, үйүңүздү бир жолу, биротоло мындан ары баш аламандык болбогудай жыйнап аласыз. Мунун сыры керексиз буюмдардан арылып, керектүүлөрүн оңой тапкыдай кылып өз ордуларына жайгаштырып, ошол тартипти сактап турууда. Бир жолку үй жыйноодон сиздин аң-сезим өзгөрөт жана үйүңүзгө керексиз буюмду ташыбай каласыз. Бул ирет Мари Кондонун кийимдерди жыйноо сырлары менен бөлүшөбүз.

  2. БУЮМДАРДЫ КАТЕГОРИЯ БОЮНЧА БӨЛҮП ЖЫЙНОО КЕРЕК

    “Бөлмөдөгү баш аламандык — мээдеги баш аламандык” деген сөз бар. Бөлмө таза жана жыйнактуу болсо, сиз буга чейин качып жүргөн маселелерди ойлонуп, чечүүгө киришүүңүздөн башка арга калбайт. Үйдү жыйнап, иретке келтире баштоо жашооңузду жаңылоо болуп саналат. Ашыкча нерселерден кутулган адам өзүн ишенимдүү, ийгиликтүү жана сергек сезүүгө өтөт. Адамда энергия менен жашоосун өзү каалагандай курууга мотивация пайда болот. Анткени тегерегин иретке келтирген адам өзүнүн өткөн жашоосун тартипке келтирип, алдыдагы жашоодон эмне керектигин так сезет.

    Көпчүлүк адамдарда бир эле категорияга кирген буюмдар, айталы, кийимдер үйдө эки же андан ашык жерде сакталат, ошондуктан "алгач уктоочу бөлмө, конок бөлмө, анан ашкана..." деген принципте жыйноо туура эмес. Мисалы, сиз жыйнап-иреттөөнү бөлмөдөгү кийимдер турган шкафтан баштадыңыз. Аларды иргеп, керексизин ыргытканыңыз менен, башка бөлмөдөн комоддогу же креслого ташталган кийимдерге туш болосуз. Ошентип жыйноого кайрадан киришүү керек. Мындай убарачылык сиздеги мотивацияны өлтүрөт.

    Мари Кондо буюмдарды категория боюнча бөлүп жыйнап, иреттөөнү сунуштайт: алгач кийимдер, анан китеп, комоно (ар түрдүү буюмдар: косметика, электр шаймандары, дарылар жана башка), ашкана, жуунуучу бөлмө жана башка.

  3. КИЙИМДЕРДИ ЖЫЙНОО, ИРЕТТӨӨ

    1-этап. Кийимдердин баарын бир жерге топтоо

    Комоддогу, шкафтагы, отургучка артылгандардын, кире бериште илингенин, дивандын астындагы тартмадагыны, кыскасы, баарын бир жерге топтоңуз. Эгер кийимдериңиз көп болсо, анда бир нече типке: үстүгө кийилчү (майка, футболка, свитер, кофта жана башка), астыга кийилчү (шым, чолок шымдар, юбка жана башка), кийим илгичке илинчүлөр (пальто, куртка, көйнөк, костюм жана башка), байпактар, ич кийим, аксессуарлар (шарф, сумка, бел кур жана башка), атайын кийимдер (купальник, атайын форма кийимдери), бут кийим кылып иргеңиз.

    Үстүгө кийилчү кийимдерди, айталы майка, свитер, кофталарды да өз-өзүнчө бөлүп иргесеңиз болот. Мунун артыкчылыгы, ар биринин санын так билип аласыз. Мисалы, канча кофта бар экендигин, алардын канчасы күндө кийиле тургандыгын.

  4. ИРГӨӨ

    Кийимдерди иргөөнү сезондук эмес кийимдерден баштаңыз, андан кийин учурда кийилип жаткандарына, анан калгандарына өтүңүз. Кийимди ыргытылчу, бирөөлөргө берилчү (адатта туугандарга, курбуларга), калтырылуучу деп 3 топко бөлүп иргөө туура.

    Эми ар бир кийимди бирден колго алып, өзүңүздөн “бул мага кубаныч тартуулайбы?” деп сураңыз. Эгер ичиңизде жылуу сезим болуп, жүрөгүңүз “ооба” деп жооп берсе калтырылуучу жакка таштаңыз. “Жок” десе, анда ыргытылуучу же бирөөгө берилүүчү жакка ташталат. Бирок ар бир кийимди таштап жатканда рахмат айтууну унутпаңыз. Себеби кээ бир кийимдердин милдети бизди туура тандоого үйрөтүү болуп саналат. Ошондуктан бир да жолу кийилбеген кофта – бул эскертүү. Ал бизге кандай түс, өң, фасон кубаныч алып келбей тургандыгын билдирди. Кийимдериңиздин арасында кыйышпас адам белек кылган кымбат, бирок сиздин табитке туура келбей кийилбей калган же жагымсыз окуяны эске салган, же керек болуп калат деп арзанына карап алып коюп, колдонулбай калган кийим болушу мүмкүн. Аларды да таштаңыз. Эскертебиз, үй жалаң кубаныч алып келе турган буюмдардан (анын ичинде кийимден) турушу керек. Андай буюмдар адамга оң энергия берет.

    Жүрөгүңүз “жок” деген кийимди “үйгө кийип коём да” деп да алып калуунун кереги жок. Кийимди үйдөгүлөргө көрсөтпөй иргөө кажет. Болбосо бирөөсү, адатта апалар “бул керек болот, бул дагы...” деп айрымдарын алып калат. Бирок колдонулбай эле бир бурчта жата берет.

    Үйгө киргизген ар бир буюм тирүү жана ар биринин өз орду болушу керек. Ар буюмду колдонгон соң аны жууп-тазалап, кайра ордуна эс алуусу жана сизге кызмат кылуусу үчүн коёбуз. Ушунун өзү үйдү тартипте сактоо болот.

    Мари Кондо кийимдерди илгичке илгенден көрө аларды тик бурчтук формасында же рулон түрүндө дыкаттык менен бүктөп ящиктерде тигинен сактоого кеңеш берет. Бул орунду үнөмдөөгө, керектүү буюмду башкаларына тийбей, чачпай таап алууга мүмкүндүк берет. Тигинен коюуда кийим көп бырышпайт. Бир караганда эле ящикте эмнелер турганын көрүп, керектүүнү ала аласың.

    Мари Кондо кийимдерди бир жерге (бир бөлмөгө) сактоону сунуштайт.

  5. 2-этап. Кийимдерди бүктөө

    • Кийимди бүктөөдөн мурун жерге узунунан жазып, алаканыңыз менен сылаңыз.
    • Эми кийимди бүктөйсүз. Бүктөөнүн бир топ ыкмалары бар. Сиздерге ыкмалардын бир түрүн сунуштайбыз.
    • Свитер, көйнөк, футболканы бүктөө.Кийимди тескерисинен коюп, жака менен ийиндин ортосунан узунунан артка түз бүктөйсүз. Ушинткенде жең үстүңкү жакта калат. Анан экинчи тарабын ушинтип бүктөйсүз. Узун тик бурчтук пайда болот, футболка, свитерди 3, ал эми көйнөктү узундугуна жараша 4-5 жолу бүктөйсүз.
    • Илгичке илинүүчү кийимдер: жука кездемеден тигилген кийимдер, костюм, куртка жана пальтолор. Шкафтын сол бурчуна алгач узун, калың жана күңүрт өңдөгү пальтолорду, анан жука жана ачык өңдөгү кыскараак же кыска пальтолорду илесиз. Кезек узун күңүрт түстөгү көйнөктөргө, анан ачык өңдөгү кыска көйнөктөргө, костюм, пиджактарга келет. Оң бурчтун түп жагына күңүрт түстөгү блузкаларды, алды жагына ачык өңдөгүлөрүн илесиз. Башкача айтканда, узун калың күңүрт кийимден жука кыска кийимдерге карай илинет. Пальто пальтолордун, көйнөк көйнөктөрдүн, кофта кофталардын жанында илинүүсү шарт.
    • Шымды бүктөө. Шымды алаасынан кармап, бир багалекти экинчи багалектин үстүнө кайрып бүктөйсүз. Алаадагы үч бурчтукту кайрып, анан шымды ылдый жагынан өйдө карай кайрып бүктөйсүз. Анан шым дагы эки жолу бүктөлөт.
    • Ич кийимди бүктөө. Тескерисинен коюп, узунунан 2ге бүктөйссүз, эми 2 жагын ортого кайрып бүктөсөңүз 3кө бүктөлөт. Коробкага алды жагын каратып салуу керек.
    • Колготкилерди бүктөө. 2 багалегин биринин үстүнө бирин коюп, 3 ирет бүктөп, анан суши-роллго окшоштуруп тоголоктойсуз да тикесинен коёсуз. Буларды атайын бөлүкчөлөрү бар коробкага салып, анан ящикке салуу сунушталат.
    • Байпактарды бүктөө. Кол менен түздөп жазып, биринин үстүнө бирин коюп, 3 жолу бүктөйсүз.
    • Шарфты тоголоктоп бүктөө керек.
    • Бюстгальтерлерди бүктөө. Ийин кармагычтарын жана каптал бөлүктөрүн бюстгальтердин чөйчөкчөсүнө салыңыз. Керектүүсүн сууруп чыгуу үчүн бюстгальтерлерди көп тыгыз кылбай салуу керек.
    • Юбкаларды илип койгонго шкафта орун аз болуп жатса, бүктөп коюуга туура келет. Алардын этеги канчалык кенен болбосун бүктөгөндө тик бурчтук формасы келип чыгуусу кажет.
       
    • ЭМНЕЛЕРГЕ САЛЫП, САКТОО КЕРЕК?
  6. • Текчелүү шкафты эмес, жылдырылуучу ящиктери бар комодду тандаңыз.

    • Комоддун жылдырылуучу 1 ящиги (же коробка) бир категориядагы кийимге арналат. Мисалы, жалаң футболка же жалаң свитер. Ящиктерге салганда күңүрт түстөгүлөрүн арт жакка, өңү ачыктарын алды жакка коюңуз. Ящиктерди 90 пайыздан ашык толтурбаңыз. Көзгө көрүнбөй калгандар адатта жылдап колдонулбай калат.

    • Ич кийим, байпак, колготкилер үчүн бут кийимдин коробкалары жарайт.

    • Калың кийимдер үчүн чоң коробкаларды колдонуңуз.

    Балдардын кийимдерин деле ушул критерийлер менен иргөө сунушталат.

    Окурман, сиз кийимдерди иреттөөнүн япон ыкмасы менен тааныштыңыз, эми аны колдонуп жашооңузду жеңилдетиңиз!

  7. Канымжан Усупбекова
    kenesh@super.kg


    "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
    Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
26.08.2019. 09:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
13-11-2017
Соӊку аракети:
21-11-2019 18:48
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин келинчегим да үйдө жакындан бери ушул ыкманы колдоно баштады
27.08.2019. 12:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
11-03-2019
Соӊку аракети:
21-11-2019 13:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кийим издештен зеригип бир кийим м-н журоберебиз
27.08.2019. 17:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
24-04-2018
Соӊку аракети:
05-10-2019 17:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайдалуу кеңеш үчүн рахмат СуперКж
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: