«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Түмөнбай Колдошов, обончу, аткаруучу: «БИР ДА ШАҢДУУ ЫРЫ ЖОК СЕЙРЕК КЕЗДЕШКЕН ЫРЧЫМЫН»

№877 22-28-август, 2019-ж.


«Тоолор, мени кучактагыла», «Бара алган жокмун», «Неге ыйладың?» деп көбүнчө кайгылуу ырларды созгон Түмөнбай Колдошов бүгүнкү маектешим болду. Филология илимдеринин кандидаты, доцент, обончу, аткаруучу менен чыгармачылык тууралуу кызыктуу баарлаштык.

– Саламатсызбы, Түмөнбай байке? Алгач жашыңызды сурагым келип жатат. Анткени сизди көпчүлүк өз жашыңыздан улуу деп ойлошот экен.

– Саламатчылык. Мен 1986-жылы төрөлгөм, 33 жаштамын. Балким, өзүмдөн улуу адамдар менен көп сүйлөшкөнүмдөн, сүйлөгөнүм, өзүмдү алып жүргөнүмдөн улам көпчүлүк ошентип ойлошу мүмкүн. Бул менин табиятым.

– Сизге «Азыркынын Рыспайы» деп баа берип калышат. Буга кандай карайсыз?

– Мени көрүп кээде «Калмурат өлбөптүр» (ред.: Калмурат Рыскулов) дегендер да бар. Бул мени эркелетип, далыма таптап, мүдүрүлбөй узакка чапсын деген колдоо иретиндеги сөздөр. Экинчиден, муну элдин ишеними жана моюнумдагы жоопкерчилик деп кабыл алам. Мен эч качан Рыспай боло албайм. Ал кыргыз обончулук өнөрүнүн номер биринчиси. Биз андан төмөнбүз. Ал төмөндүктөн мен өзүмдү көрө албайм.

– Акын катары ыр жазып жүрүп обон чыгарганга ыктап кеткениңизди билебиз. Чын эле өзүңүз чыгарган ырларыңызды сапатсыз деп эсептейсизби?

– 2007-жылы студент мезгилде, мектепте окуп жүргөндө жазган ыр, аңгемелеримди топтоп «Таңдагы кыялдануу» деген жыйнагымды чыгаргам. Бул адабиятчы, ырчы болом деген кыялдарыма карай алгачкы кадамдарым болчу. Азыр ыр жазам деп айткандан уялам. Акындыктын жолун улуу деп эсептейм. Биз жазган ырлар ыр эмес. Ал жөн гана ырдын формасына салынган сөздөрдүн тизмеги. Мен жакшы акын болгонумда обончу болмок эмесмин.

– Ырдын сапаты эмне менен аныкталат?

– Ырдын сапаты тексттен көз каранды. Азыр обончулар, ырчылардын көркөм текст менен иштөө маданияты жоголду. Ар ким оюна келгенди, супсак, салмагы жок жеңил сөздөр менен ырларды жазып жатышат. Бул өкүнүчтүү. Ырдын обону менен музыкасы башка процесс. Дене мүчөсү нормалдуу болбогон манекенге деле жарашыктуу кийим табуу кыйын. Биз көбүнчө кийим алып, ошого жараша манекен издеп жүрөбүз. Тескерисинче, манекенге жараша кийим издесек туура болмок.

– Эргүүнү эмнеден аласыз?

– Ыр окугандан, бирөөнүн көркөм поэзия окуганын уккандан эргүү алам. Өзүм лирик обончу болгум келет. Жан дүйнөм ошого тартат. Мен маанайдын ырчысымын, маанайга жараша ырларга кайрылам. Автор кандай абалда туруп ыр жазган болсо, ошол абалга түшкүм келет, автордун өзүнө айлангым келет. Акын турган позициядан обон жазсаң, ийгиликтүү болот деп ойлойм.

– Ырдаган ырларыңыздын көпчүлүгү кайгылуу, эмне үчүн?

«Бүгүн саясий кырдаал мындай, абалым тигиндей болуп жатат, ошого жараша жазып бергиле» деп шаша-буша супсак ыр жаздырбайм, тагдыры бар ырларга кайрылгым келет. Ал ырларда акындардын сүйүүсү, өмүрү, бакыты, кайгысы катылган. Ал эми адамга кайгылуу учурлар көп таасир берет. Ошол себептүү кайгылуу ырларга көп кайрылсам керек. Досторума «мен бир дагы шаңдуу ыры жок, кайгылуу, токтоо ырларды ырдаган сейрек кездешкен ырчымын» деп калам. Калгандары тойго чумкуп кирип кетишти. Тойго басым жасап, «кел, ордуңдан тур, бийле» деп ырдап жатышат. Менде андай жок. Бирок мен да тойлорго барам. Тойдон да өзүм түшүнгөн акыйкатты, өзүм билген чындыкты гана ырдайм.

– Ошондо сизде кайгылуу учурлар көп болобу?

– Кан басымым көтөрүлүп, жинденип, жүрөгүм кыйналып жатканда обон жазам. Курсагы ток, кийими бүтүн, жыргап жашап жатканда эч ким чыгармачылык менен алектенбейт. Жан дүйнөң кыйналганда чыгармачылык менен алек болсоң, данектүү нерселер чыгат. Кандай абалда турсам, ошондой ырларга кайрылам.

– Тойлордо канчага ырдайсыз?

– Тойго аз чыккан ырчы мен болушум керек. Башка ырчылар тамадалар, ар кандай топтор менен иштешет. Мени көбүнчө той ээлери ырларымды баалагандыктан өздөрү чакырышат. Менде туруктуу баа деле жок. Көңүлүнөн чыкканын беришет.

– «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» аттуу ырды ырдап, бирок Самара Каримовадай элге тарата алган жоксуз. Бул эмнеден көз каранды болду?

– Ал ырды автор катары биринчи өзүм ырдадым. Менин концертимден угуп, Самара Каримова сураган. Ага чейин да башка ырчылар ырдап жүрүшкөн. Кайсы жакты карасаң да Самара Каримова болуп, атагы дуулдап, анын ар бир кыймыл-аракети, ыры эл көзүндө турган учурда бул ырды аткарып калды. Ошондуктан ал элге жакшы тарата алды. Автор ырдын жаратманы катары өз бийиктигинде кала берет. Аткаруучу өз бийиктигинде, ыр өз бийиктигинде калат. «Жамгыр төктү» аттуу ырды элге Токон Эшпаев таанытты дегенибиз менен, анын автору катары Түгөлбай Казаков элдин эсинде сакталып калат. Жаратман менен аткаруучуну байгеге бирдей кошконго болбойт.

– «Арзуу» деген ырыңызды Элбарчын Калилованын ырдаганы боюнча «жаштар ырымды бузуп жатат» деп социалдык тармактарга жазган элеңиз. Эл алдына сындап чыкканыңызга караганда аябай жиниңиз келген го...

– Кыргызда какшык деген нерсе бар. Ал жерде «ушинтип да обон жазасыңбы, жөн жүрбөйсүңбү» деп мен өзүмдү-өзүм какшыктагам.

– Башка ырчылардан эмне менен айырмаланам деп ойлойсуз?

– Биринчиден, атым менен айырмаланам. Ырчылар азан чакырылып коюлган аттарын бузуп, кыскартып, өздөрүнө каймана аттарды коюп эл алдына чыгып жатышпайбы. Түмөнбай деген 8 тамгадан турган узун атым менен айырмаланам. Анан да бирөөнү туурап, бирөө кантер экен деп маанайына карап жашабайм дагы, обон жазбайм дагы. Көңүлүм туура келсе, качан жүрөгүм кыйналса гана обон жазам. Эргүү келбесе жазбайм. Буюртма алып аткарышым керек деп өзүмдү милдеттендирбейм. Чыгармачылыкта эркинмин. Айырмам ошол эле.

– Филолог катары айтсаңыз, бүгүнкү күндө тилибиздин эң чоң көйгөйү эмне?

– Тилибиздин аябай бай экенин билебиз. Билип туруп көркөмдүгүн арттырбай, өзгөчөлүгүнө басым жасап карабайбыз. Айрым ырчы, жазуучу, журналисттердин да тили жарды. Баары айланып келип дүйнөнү көркөм көрө албагандыгыбыздын себеби деп эсептейм. Бардыгыбыз куру атактын кулу болуп калгандыктан сөз сүйлөө маданиятыбыз нөлгө түшүп кетти. Мурза Гапаров, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларын окугандар тилибиздин канчалык бай экенин билет.

– Балдарыңызга кандай атасыз? Аларды чектейсизби же эркин коёсузбу?

– 3 уул, бир кызым бар. Балдарыма катуу атамын. Балдарды чектеп турбаса болбойт. Эркин өстүрөйүн, оюн эркин айтып, эркин жүрсүн деген каалоом бар. Бирок тартипсиздик кылса жазалайм. Жазалайсың, бирок алардын корунчаак болуп калганын көрүп жүрөгүң ооруйт. Бала тарбиялоого келгенде чоркок экендигиме өкүнөм.

– Сиздей атадан жаман балдар чыкпайт деп ишенебиз. Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
26.08.2019. 10:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-01-2017
Соӊку аракети:
27-08-2019 16:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
+4
Бар болунуз агай!!!
26.08.2019. 10:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
09-11-2019 21:15
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен сейрек кездешкен угуучумун))
26.08.2019. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
267
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
13-11-2019 15:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+9
Агай, сиз озунузду жакшы баалабайт экенсиз, эл баалайт)) талантынызга таазим. ырларыныз уккулуктуу эн жогорку денгээлде. ырларынызды угуп, кадимкидей эс алам. Ийгилик сизге.
26.08.2019. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
14-11-2019 19:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+8
Ким айтты Самара Каримова элге жакшы таратты деп?
Ал ыр Тумонбай Колдошовдуку экенин менин 2жашар балам да билет. Самаранын аткарганын уккум келбейт.
Агайды ото сыйлайбыз, уй булобуз менен.
Кичинекейлеримди ырдап койчу десек эле тоолор мени "ачактагыла", тоолор мени "уйом" дегиле деп ырдап калышат .))
26.08.2019. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
14-11-2019 15:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай жоош тунт болуп эле студенттер менен журо берчу.Корсо,таланттуу экен да.Аккердеон менен жакшы ырдайт.Озун улуу кишидей алып журот да.Чынында таланты бар молодец!
27.08.2019. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
332
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
11-10-2019 08:52
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсың Түмөнбай ырларың уккулуктуу,мааниси терең. Мындан ары да чыгармачылыгың өркүндөй берсин.
27.08.2019. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
14-11-2019 22:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда сейрек кездешуучу угарманмын :)...ийгилик сизге
27.08.2019. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
14-11-2019 21:03
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырды Самара элге таанытты дегени такыр туурамес, сен ошентип ойлосон эле айтабересинби ойлонбой, Тумонбайдын озунон эле уккам биринчи, Самара ачалык жеткизип ырдай албайт...
27.08.2019. 23:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
14-11-2019 19:46
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шандуу ырың бар эле го, жыйырма жаш беле
28.08.2019. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
31-10-2019 17:02
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле чон корунот экен. Мага эмес баарына жагат болуш керек бул баланын ырлары. Анан Самаранын ырдаганы жакпайт озун эле ырдачы
28.08.2019. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
31-10-2019 17:02
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик иним, ушинтип кете бер алдыга. Может жылдар отуп Ырысбайдай атын калаттыр кийинки муунга. Токтобо гылдырай бер. Кудайберген Темиров, Бабаравшан Тургунбаев, ж.б.лар ырларын токтотуп коюшту эле эл унутат экен, сен таштабай ушу темпте кете бер. Оор басырыктуу, сабырдуу экенин корунуп турат. ийгилик дагы бир жолу
29.08.2019. 01:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
31-01-2012
Соӊку аракети:
14-11-2019 14:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Өтө маңыздуу соонун маек болуптур. Жөпжөнөкөй жандүйнөңүз бир башкача инсансыз.Сиз менен сыймыктанабыз, бар болуңуз, баш айланткан ийгиликтерге жетиңиз. Кудайым өзү колдосун сизди.
29.08.2019. 14:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
29-10-2019 00:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орустун батири
+1
Мен Самаранын ырдаганын укпагам ал ырды.Агайдын аткаруусунда угуп,агайдын аткаруусунда тааныганмын.Ар бир ырыныз телефонумда сакталуу,чыгармачылык ийгилик сизге
30.08.2019. 22:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
12-11-2019 21:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Түмөнбайдын концертине билет алып коюп , аны күйөөмдү сатып жиберип аябай ыйлагам
31.08.2019. 09:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
14-11-2019 23:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+1
Ой ушул инимдин ырларын угуп,эс аласын да эс аласын... Азамат!!
31.08.2019. 18:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
636
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
05-09-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
0
Коштошуу учун жолугайынбы деген ырын угуп алып ыйлайсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: