Архив
897  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ӨМҮРБЕК БАБАНОВ КАЙТЫП КЕЛДИ. АГА ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫК КРЕСЛО СУНУШТАЛДЫБЫ?

№876 15-21-август, 2019


2017-жылдан бери Орусияда баш калкалап жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргыз жерине кайтып келди. 9-августта аны “Манас” аэропортунан Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев өңдүү Жогорку Кеңеш депутаттары жана жүздөгөн тарапташы тосуп алды.

“САБЫРДУУ БОЛГУЛА”

Көпчүлүктү Бабановдун кандай максатта өлкөгө кайтканы, ага карата УКМКнын мамилеси кызыктырып турган. Атамбаев кармалды, бош калган оппозициялык талааны эми Бабанов ээлеши мүмкүн” деген жоромолдор да айтыла баштаган. Аэропорттон чыккан Бабанов кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алган колдоочуларын сабырдуу болууга чакырды. “Мен жакшы учуп келдим, эч ким текшерген жок. Билесиңер, мен дайым мыйзамдуу жолдо жүргөм. Уктум, УКМК Бабановго карата кылмыш иштери бар деп жарыя кылыптыр. Жооп берүүгө даярмын”,- деди. Бул билдирүү Бабановдун азыркы бийликке каршы сүйлөп, оппозиция болбой турганынан кабар берет. Ал эми аны УКМК Өмүрбек Текебаев сындуу учакта траптан түшө электе кармап кетпегенине караганда Өмүрбек Бабановдун кайтуусу алдынан бийлик менен сүйлөшүлгөнүнөн кабар берет.

Ал өлкөгө кайтарын 8-августта, Алмазбек Атамбаев ИИМ тарабынан кармалган күнү жарыялаган. Ушул эле күнү УКМК Бабанов келсе мыйзам алдында жоопко тартылат” деген билдирүү жасаган. УКМК азырынча аны суракка чакыра элек. 12-августта Бабанов үй-бүлөсү, жакын адамдары менен кичи мекени Таласка барып, айылдаштары, тарапташтары менен жолугуп, түлөө өткөрдү. Анын үй-бүлөсү менен түшкөн жаңы сүрөттөрү интернет желесине жарыяланууда.

“САЯСАТТАН КЕТТИМ”

2017-жылы президенттик шайлоодо утулуп, өлкөдөн чыгып кетип, өзүнө кылмыш иши ачылган соң Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кетерин жар салган. Учурда Бабановдун үстүндө 2 кылмыш иши бар.

“КЕЛЕТ, КЕЛЕ АЛБАЙТ”

Бабанов өлкөгө кайтарын буга чейин да жарыялап, бирок келе алган эмес. Мисалы, быйыл 13-апрелде келерин билдирип, бирок учарына бир нече саат калганда оюнан кайткан. Аны Бабанов “мени тосуу үчүн уюштурулган тынчтык митингине үчүнчү күчтөр даярданып жатканын айтышты. Мени колдогондордун бирөөлөргө курал болуп калышын каалабайм. Максатым – Кыргыз жерине тынч кайтып баруу” деп түшүндүргөн. Бул учурда Бабановго "коркок, саясий эрки жетишсиз" деген сындар айтылып жатты. Ал күнү атасын тосуп алуу үчүн баласы Нурэмир АКШдан, кызы Айпери Лондондон Бишкекке учуп келгени да белгилүү болгон эле.

Айта кетсек, “Республика” партиясы 13-апрелде Бабановду колдоо митинги өтөрүн жарыялап, Бишкек мэриясына билдирүү жөнөткөн. Бирок мэрия бул митингди Бишкектин эски жана борбордук аянтында өткөрүүгө уруксат берген эмес. Эксперттер муну Бабановдун өлкөгө кайтып келүүсүнө каршы аракет деп баалашкан.

“ЭСКИНИБИ ЖЕ ЖАҢЫНЫБЫ?”

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тирешинде Бабанов кимисин тандаары да кызыгуу жаратты. Эки тарап тең Москвага чабарман жөнөтүп, Бабановду өзүнө тартууга аракет көрүп жатат деген сөздөр айтылып жатты. Мисалы, быйыл жазында парламент депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев Москвага барып, Бабанов менен сүйлөшүү жүргүздү деген сөз тараган. Көп өтпөй Исаев Москвада Бабановго жолукканын ырастаган. Алмазбек Атамбаев да Бабановдун оппозицияга өтүшүн колдой турганы сөзүнөн байкалып жатты. 22-июлда Атамбаев Бабанов эч нерседен коркпой өлкөгө кайтып келиши керек. Капа кылууга жол бербейбиз”,- деген билдирүү жасаган. Эксперттер "бийлик тарап жеңди, Бабанов бийлик менен алдын ала сүйлөшпөсө өлкөгө келе албайт болчу" деген пикирлерди айтышууда. Тар чөйрөдө "Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетип, Бабанов өкмөт башчылыкка барат" деген сөз жүрүүдө.

“25 СУРОО БЕРИЛЕБИ?”

Коомдун бир бөлүгү бүгүн президент Сооронбай Жээнбековго анын 2 жыл мурун Бабанов тууралуу айткан сөзүн эскертип, жооп кандай болоруна кызыгуу артууда. Эскерте кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоонун алдында талапкер Жээнбеков Бабанов менен теледебатта айтышкан. Анда Жээнбеков Бабановго: “Президент болуп калсам коррупцияга каршы күрөштү сенден баштайм. Сага берчү 25 суроом бар” деген. 2017-жылкы президенттик шайлоодо Бабанов 600 миңден ашык добуш алып, 2-орунду ээлеген. Өлкөдөгү жаш, акчалуу, колдоочусу көп саясатчылардын бири. Коомчулук президенттин 25 суроосу, коррупцияга каршы күрөшү дале күчүндөбү же саясий абалга жараша өзгөрүп кеттиби деп байкоо салып турган чагы.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: