«Жылдын супер ырчы мырзасы» (Добуш берүү токтотулган)


Гүлжигит Сатыбеков
22,7% (360)
Нурлан Насип
22,6% (358)
Эрлан Андашев
19,8% (314)
Абир Касенов
8,8% (139)
Талант 60`K
8,1% (129)
Султан Садыралиев
7,8% (124)
Кайрат Примбердиев
3,9% (61)
Бегиш
2,7% (43)
Курал Чокоев
1,8% (29)
Баястан
1,1% (18)
Максат Садырбеков
0,6% (9)

Жалпы добуш (1584)


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ИШКЕРДИН ӨЛҮМҮ. ШЕКТҮҮЛӨРДҮН БИРИ КЫРГЫЗ

№874 1-7-август, 2019-жыл


2-июль күнү Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Кыргыз диаспорасынын мурдагы жетекчиси, ишкер Камчыбек Каримов киши колдуу каза болгон. Аны өз үйүнүн жанында атып кетишкен. Ошол маалда Каримовдун колунда акча салынган баштык болгону айтылат. Жергиликтүү укук коргоо органдары анын өлүмүнө шектүү катары Кыргыз өлкөсүндө туулган Замирбек Эгембердиев аттуу адамды кармашты.

ИШКЕРДИ ИЧИНЕ ЖАНА БУТУНА АТЫШКАН

Камчыбек Каримов Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 1965-жылы туулган. Ал 1990-жылы Орусияга үй-бүлөсү менен биротоло көчүп кеткен. Ал Уралда 20 жылдан ашык убакыт жашап «Кыргызстан-Урал» бирикмесин негиздеген. Каримов жеке ишкер жана коомдук активист катары таанымал болчу. Акыркы 7 жыл ичинде Екатеринбургдагы Кыргыз диаспорасын жетектеген. Ошондой эле «Замандаш» ассоциациясынын мүчөсү болгон.

Жергиликтүү басылмалардын укук коргоо кызматтарына таянып берген маалыматтарына караганда, Каримовдун өлүмүнө шектүү катары Самурай каймана аты менен таанымал Замирбек Эгембердиев аттуу Кыргызстанда төрөлгөн киши кармалган. Анын жанында Орусиянын да, Кыргызстандын да паспорту жок болуп чыккан. Бул себептен улам анын жарандыгы тууралуу азырынча так маалыматтар жок. Учурда ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылды. Замирбек Эгембердиевдин Каримовго кол салган топтун айдоочусу болгом деп көрсөтмө бергени, Каримовду өлтүргөнү үчүн 100 миң рубль алганы айтылат маалыматтарда. Ал Челябинск облусунун Коркино шаарында кармалган. Маалыматтарда буга чейин опузалоо жана талап-тоноочулук аракеттери үчүн камалып, 12 жылдай абакта отурган соң өткөн жылдын октябрь айында эркиндикке чыккандыгы жазылат. Кылмышка шектүү Екатеринбургдагы «Таганский ряд» базарындагы жер-жемиш жана кийим-кече саткан өзбек-кыргыздардан кылмыштуу топ менен барып опузалап акча алып турганын Znak.com басылмасы жазды. Ким өз учурунда акчаларын чогултуп бербесе, ага басым көрсөтүп тоноп турушкан деп жазат аталган басылма.

«Комсомольская правда» гезити өзүнүн жеке булактарына таянып төмөнкүдөй маалыматты жазып чыкты.

«Негизи шектүүлөр Каримовду өлтүрөбүз деп пландашкан эмес. Алар «Таганский ряд» базарында иштеген башка ишкерге кол салууну көздөшкөн. Алар көбүнчө кымбат баалуу унаа айдагандарды карап, баам салып жүрүшчү. Бирок буларга Камчыбек Каримов бирөөдөн ири суммадагы (19 миллион рубль) акча алганы тууралуу маалымат түшкөн. Шектүүлөр Каримовду үйүнүн алдында күтүп турушкан. Баштыкта акча көтөрүп келе жаткан Каримов качканга жана каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок аны алгач бутка, андан соң курсакка атышкан. Акчаны алган кылмышкерлер айдап барган унаасын таштап, качып кетишкен. Ошондой эле кол салуу тууралуу 5 гана адам билген».

«САПАРГҮЛ КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ ТАРАБЫНАН КОРДОЛГОНДО ЖАКШЫ ЖАРДАМ БЕРГЕН»

2012-жылы Орусияда «патриоттор» деген топ тарабынан кордолгон Сапаргүл аттуу айымдын окуясы эсиңизде болсо керек. Камчыбек Каримов мекендешине кыйын кезде жардам кылганын Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов мындайча эскерди.

-Мен өзүм көп жылдан бери Москвада турам. Екатеринбургга иштерим менен көп барчумун. Алардын бири – Сапаргүл деген карындашыбызга өздөрүн «патриот» атаган кыргыз жигиттеринен турган топ зөөкүрлүк көрсөтүп, кордошкондо барган учурум. Мен Сапаргүл менен кошо Екатеринбургга барып, бир ай жанында жүргөм. Ошондо бизге Камчыбек байке өз каражатынан батирге акы төлөп, бир ай бою азык-түлүк менен камсыздап берген. Ал арада биз Сапаргүлдү кордогон топту табууга аракет кылып жүрдүк.

Камчыбек байке менен дайыма байланышып, кабарлашып турчубуз. Ал киши тууралуу Орусиядагы бүткүл Кыргыз диаспорасындагылар билет. Камчыбек байке сабырдуу, бирөөдөн жардамын аябаган киши болчу. Көптөгөн жакшы иштерди жасады. Маданий иш-чара болобу, спорттук иш-чарабы, баарына катышып, салымын кошчу. Эң активдүү жетекчи эле. Кийин диаспорадагы ордун тапшыргандан кийин да коомдук иштерге аралашып, катышып жүргөн. Базарда иштеп, коммерция менен алектенерин да билчүбүз. Акчанын айынан ушундай болуп жатпайбы. Өзүбүздүн эле кыргыз балдар кармалыптыр.

«МЕКЕНДЕШТЕРДИ ИШКЕРДИК ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАН КӨП КОЛДОДУ»

Москвадагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Раимкул Аттокуров Камчыбек Каримов тууралуу буларды айтты:

-2-июль Орусия жергесиндеги кыргыз жамааты үчүн кайгылуу күн болду. Элге таанымал патриот мекендешибиз Камчыбек Каримовдон айрылдык. Камчыбек Союз убагында турмуш шарты менен Орусияга келип отурукташып, ишкердик менен алектенип жүргөн. Элине, жерине жанын берип күйгөн инсан болчу. Намыска бекем турган жигит эле... Екатеринбург шаарында, Свердлов облусунда кыргыз жамаатынын саны абдан арбын. Мекендештерибизге көптөгөн коомдук, юридикалык, ишкердик багытта кеп-кеңешин берип көмөктөшүп, Кыргыз диаспорасын жетектеп келген. Чет жерде жүргөн мекендештердин башын бириктирүү үчүн Камчыбектей адамдар абдан керек болчу.

«МИГРАНТТАРДЫН МАСЕЛЕСИН КӨТӨРӨМ ДЕП ДАЯРДАНЫП ЖҮРГӨН»

«Замандаш» ассоциациясынын координатору Азамат Айтбай Каримов президенттин алдындагы мекендештер менен иш алып баруучу кеңештин 1-2-августта өтө турган жыйынына катышууга даярданып жатканын, ал жыйында мигранттарга байланыштуу бир топ маселелерди көтөрүүнү көздөп жүргөнүн айтты:

-Камчыбек Каримов базарда ишкердик кылчу. «Кыргызстан-Урал» диаспорасын жетектеп келген. Анын артында жубайы жана эки кызы, бир уулу калды. Баласы азыр анын жолун улантам деп жүрөт, 22-23 жашка чыгып калды. Орусиядагы эле кыргыздарга эмес, өз айылына да абдан чоң жардам берчү. Ушул жылы өз айылынын, районунун жаштарын бириктирип чоң спорттук мелдеш өткөргөн. Жеке өзүнүн айтылбаган, жазылбаган жардамдары канча дейсиз? Ал президенттин алдындагы мекендештер менен иш алып баруучу кеңештин мүчөсү болчу. Жакында 1-2-августта өтө турган жыйынга катышканы жаткан. Мигранттарга байланыштуу көп ойлорун ошол жыйында айтмак.

Маркумдун сөөгү өзү туулган Жаңы-Арык айылына коюлду. Соттук-медициналык экспертиза иштери созулгандыгына байланыштуу жерге кеч берилген. Экспертизадан өлүмдө криминалдык мотивдер бар деген жыйынтык чыккан. Анын өлүмүнө шектүүлөрдүн катарында Грузиянын жараны жана осетин улутундагы адам дагы бар экени айтылууда.

Айпери Хожаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
06.08.2019. 12:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
21-06-2019
Соӊку аракети:
17-09-2019 15:04
Жынысы:
Белгисиз
-5
Диаспоралар аты эле болбосо, эч пайдасы жок нерсе. Уюшуп топ ойнотуп, чайханаларга барып курсак тойгузганы эле болбосо...

Улан Кошматов деген неме Сапаргулду кордогон балдарды издедик дейт. Ал балдарды кое туруп ошол Сапаргулуно тушундурбойбу, тажик-озбектер менен эмнеге журосун, намыс барбы деп.

Баш которуп баса албай калдык го шуркуя кыргыз кыздарынын айынан... Кыргыз элин уят кылып бутту булар!
06.08.2019. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
11-05-2016
Соӊку аракети:
15-12-2019 13:47
Жынысы:
Белгисиз
+7
Dj.,Силер нормальный болсонор, эч Ким эч кайсы улутка турмушка чыгып журбойт эле. Силер боозутуп таштап кеткенден болок эч нерсе колунардаан келбейт
11.08.2019. 23:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
24-03-2014
Соӊку аракети:
15-12-2019 17:09
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dj.,Dj.,кайсы элден жудоо корсон зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты- деп илгертен эле айтылып келет. Биздин кыргыз балдарда намыс деген нерсе калбай калган ондонот. Ошол кыздардын ага-ини, атасы бар. Ошолор жакшы камсыздай албай албагандыктан кобу Россияны коздой жоношот. Коп уй-булону кордум, кызын Россияга жиберип коюп, акчасын кутуп жашап аткандарын. Куноо Бир Гана тарапта эмес. Силер намыстуу болуп, эже-карындашынарды нормально камсыздап койсонор кыздар деле эч жакка чыккысы келбейт.
11.08.2019. 23:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
24-03-2014
Соӊку аракети:
15-12-2019 17:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Dj., Шуркуя кыргыз кыздарынын айынан баш которуп баса албай калдык деп, телефондун ары жагынан кыйын болуп суйлотуп эле койсо ушу силерди!
08.08.2019. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
240
Катталган:
11-04-2012
Соӊку аракети:
14-12-2019 11:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
тынчтык
+2
Жаткан жери жайлуу болсун. Жакшы адам болчу экен. Көп кыргызга жардам кылып жүргөнүн угуп жүрчүбүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23318;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: