Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Султан Раев, драматург: “ДАҢАЗАЛУУ ХАНЫШАНЫН ЖАНЫНДА ТУРУП АЛАКАНДАЙ АЙЫЛДАГЫ ПАХТАЧЫ АПАМДЫ ЭСТЕДИМ”

№874 1-7-август, 2019-жыл


Эне! Дүйнөнүн тең салмагын ушул улуу сөз кармап тургансыйт. Бул жолу апалар тууралуу рубрикабызда белгилүү жазуучу, драматург, кыргыз элине гана эмес, дүйнөнүн көп өлкөсүнө таанымал Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев өзүнүн апасы тууралуу баяндайт.

“АПАМ БИЗДИ КАКЫС-КУКУС КЫЛГАНЫ ТАКЫР ЭСИМДЕ ЖОК”

– Апамдын аты Марапат. Алайдын кызы, Кабылан-Көл айылында төрөлгөн. Таята-таенемдердин дүйнөдөн өткөнүнө көп болду. Апам өлүм алдында жатып, акыркы күчүн жумшап киндик каны тамган Кабылан-Көлгө барып, атасы менен энесине куран окуп, дуба кылыптыр. Аны мен кийин уктум. Биз 8 бир тууганбыз. Апанын мээрими канча баласы болсо да жетет экен. Баарыбызга бирдей мээримдүү мамиле кылчу. Ата-энем интеллигент эмес, экөө тең дыйкан болуп колхоздо эмгектенип, кара мээнет, маңдай тер менен бизди бакты. Апам өтө мээнеткеч, сөзмөр, кептин уюткусун таап сүйлөгөн аялзаты эле. Башка энелердей какыс-кукус кылганы деле эсимде жок. Эненин табияты ушундай, баласы 80 жашка чыкса деле бала. Министр болобу, жөнөкөй карапайым адам болобу, апалар балдарын аяп, түшүнө беришет.

Мен өзүмдү апамдын алдында өтө карыздар сезем. Көп чыгарма жаздым, чыгармаларым дүйнөнүн бир нече тилине которулду. Бирок апам тууралуу чыгарма жазбадым. Чыгармаларымдын биринде да апамдын пейилин, мүнөзүн, жүрүм-турумун кошкон жокмун. Белгилүү жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин “Күн автопортретин тартып бүтө элек” аттуу чыгармасындагы Канбү энеге апам окшошуп кетет. Кубат аке менин апамдын образын ачып бергендей сезилет. Апам алайлык болгон үчүнбү, Канбү апанын сөздөрү да апамдыкына окшош. Чыгарманы окуган сайын апамдын образын көрөм. Качан барбайын, кайсы учурда барбайын апамдын дасторкону жазылуу болор эле. Тамак-ашы жайнаган, жок экенин эч билдирбеген аял болчу. Мен көчөдөн темселеп кеч келсем да жатпай күтүп отурчу. Апам ашты жакшы басчу. Көп тамагын тамшанып жечүмүн. Дүйнөдөгү эң мыкты ресторандардан түркүн тамак жесем да, апамдын колунан, ырыскылуу очогунан жасалган даам өзгөчө сезилет.

“КЫЯЛЫМ ЖАНА АПАМ”

– Жаш кезимде өтө кыялкеч элем. Кыялым менен байып, санаам менен дүйнө кыдырчумун. Бирок канчалык кыялкеч болсом да Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II мени Букингем сарайына драматург катары жеке өзүмдү чакырат деп эч ойлогон эмесмин. Түшүмө да кирген эмес. Бирок даңазалуу ханышанын жанында туруп алакандай айылдагы пахтачы апамды эстеп турдум. Бүткүл дүйнө эли билген ак сөөк аялдын өз сарайында мени кабыл алганын апам көрсө кана дедим ичимден. Өмүр бою талаадан башка эч нерсени көрбөгөн апам уулун Улуу Британиянын ханышасы кабыл алат деп ойлоду бекен? Ойлобосо керек, менимче. Адам турмушу кызык, кыялдан да ашып түшкөн нерсе болот экен турмушта.

Ал эми жаш кезимде күнү-түнү кыялданып жетсем экен деген нерсем – саат эле. Андан кийин гитара болчу. Биздин учурда Чоро Кожомжаровдун ансамбли популярдуу эле. Биздин айылга гитараны мен биринчи алып келдим. Алып келгеним менен, аны билген күүгө келтирген бир да адам жок десең. Гитараны колго кармап алып калп эле дыңылдатып “Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым” деп ырдай берчүбүз. Бир жыл гитараны эрмектедим. Анан Ош шаарынан Рома аттуу жигит келип гитараны күүлөп, биринчи аккордду үйрөттү. Ал кезде “The Beatles”, “Modern Talking”, “ABBA`нын” ырларын ырдачубуз. 1994-жылы Американын Канзас университетинде журналистика жана коммуникация факультетинде окуп калдым. Ошол учурда баягы ырларымды ырдасам баары каткырып күлүшчү эле. Анткени англисче сөздөрдү ката ырдачу экенмин. Ошо жаш кезимде гитара чертип ырдап жүргөнүмдө апам мени биринчи жолу урушкан. “Кайдагы орустун комузун алып келесиң, андан көрө кыргыздын комузун үйрөнбөйсүңбү” деп жини келип үнүн уккусу келбей гитарам менен кошо кууп жиберчү.

Ыр дүйнөсүнөн кийин “кинорежиссёр болом” деген кыял пайда болду. Москвадан атайын камера буюртма кылсам, аным алты айдан кийин келип, атамдан уруш укканым бар. Ал окуяда апам мени колдоду.

ПАХТА

– Классташтарымдын эң узуну жана арыгы мен элем. Пахта тергенди өтө жаман көрчүмүн. Белим уюп ооруганы азыр да эсимде, “пахта” десе азыр да жүрөк зыркырайт. Менин эле белим ооруп жаткансып, такыр план толтурчу эмесмин. Эң көп терсем 25 килограмм терсем керек, ал эми апам 250-300 килограммдай терип өткөрчү. Апамдын бир колу пахтада, экинчи колу жаңы төрөлгөн баласында жүрчү. Кантип үлгүрчү азыр да түшүнбөйм, таң калам.

БАЛАЛЫК МЕНЕН КОШТОШУУ

“Сиз балалыгыңыз менен качан коштоштуңуз?” деп суроо берди журналисттердин бири.

“Апамдын көзү өткөндө” дедим.

Баланын жашоосундагы эң мыкты күндөр эне менен байланышкан. Энебиз менен коштошуп жатып балалыгыбыз менен коштошот турбайбызбы.

АКЫРКЫ СӨЗ

– Апамдын күнү, ичер суусу аз калып, эч үмүт калбай төшөктө жаткан. Акырын шыпшынды.

– Жараткан жанымды албай, бир жылдай коё турса...- деди апам.

– Бир жылда эмне кылат элеңиз жарыктык?

– Махабаттын үйүнүн бүткөнүн көрүп кетет элем...

Махабат менин эң кенже карындашым. “Аны үйүнө киргизип коюп кетсем арманым жок эле” деди апам. Жүрөгүм ийне сайгандай “тыз” этти. Өлүм алдында жатса да, эненин көөнү кызынын бүтпөй калган үйүндө турду.

– Анан эмки жылкы сенин жакшылыгың, мааракеңе катышып кетсем арман болбойт эле менде,- деди апам.

Апамдын бул сөзү тамырымды сыздатып жиберди. Сыздатканы – ушунча жакшылыктарымды, бийик наам, атак-даңк алганымды белгилеп, элге окшоп той өткөрбөгөнүмө жүрөгүм сыздады. Апам ошо жакшылыкка катышам деп тилек кылып жүргөн экен да. Жүрөгүмдөн жаш агып кетти.

КАРЫЛАР ҮЙҮ

– Кечээ жакында карылар үйүнө биринчи жолу бардым. Ал жактан апама өтө окшош кемпирди көрдүм. Куюп койгондой окшош экен. Ушунчалык да окшоштук болобу дедим ичимден. Жүзү, көзү, бою, сүйлөгөнү да окшош.

– Сиз менин апама аябай окшош экенсиз,- дедим. Кемпир оор улутунуп мага карады да, көзүнөн жарыгы жана түштү.

– Сен да менин балама окшош экенсиң...- деди.

Экөөбүз унчукпай тиктешип калдык. Мен кемпирден бир суроону батынып сурай албай турдум. Баласы тууралуу сурайын дедим эле. Экөөбүз тең ушу саамда кемпир баласы, а мен апам тууралуу ойлоп турдук.

Кемпир тирүү жүргөн, ушул жерге таштап кеткен баласын күтөт.

А мен кемпирге түспөлдөш апамды... Күтүүдөн жоготуп алган апамды эстедим.

Мен ыр жазбайм. Бирок эне жөнүндө ыр жаздым. Ар бир адамдын эне жөнүндөгү ыры бар, кагазга жазылбаса да, жүрөккө жазылган.

Энеке,

Сен жөнүндө сөздөрүм да

Какшып бүттү айтканга.

Энеке,

Сен жөнүндө боёктор да

Кунарсыз

Сүрөтүңдү тартканга.

Энеке,

Табият да сен жөнүндө

Сөз таба албайт, алсыздай.

Сен жөнүндө кисти турат

Дүйнө боёк өңү өчүп,

Түстөр жыдып калгандай.

Сен жөнүндө

“Сен” дегенден артык сөздү таба албай

Дүйнө турат

Сөз чучугу

Жылас болуп

Шимирилип калгандай.

Энеке, жер тамыры

Желе болуп жүзүңө

Тагдыр изин салгандай,

Ошол изде айтыла элек

Сөздөр калды.

Түп көтөргөн

Дүйнө сөзүн айта элек.

Айткым келет

Сен жөнүндө улуу кеп...

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
05.08.2019. 10:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
16-10-2019 23:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошода фамилясы кичине тамга мененго.каталары кобойуп ,гезит кызыксыз болуп
05.08.2019. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
17-10-2019 00:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+7
Ыйлап алдым.Кандай гана маанилүү сөздөр.Жонокой,айылдык эненин баласы гений болгонун.Раевдин чыгармаларын кайдан таап окусам болот?
05.08.2019. 14:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
21-08-2014
Соӊку аракети:
31-08-2019 21:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
ыр сонун экен!
06.08.2019. 03:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
08-01-2019
Соӊку аракети:
14-10-2019 17:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото ото жонокой киши,Махабат биздин эжеке .
06.08.2019. 11:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
16-10-2019 23:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
АПА сизди тушумдо коруп таппай калдым,
Апа сизди сагынып бул дуйного батбай калдым.
Жаным апам менин Бейишим Апам,
Жаткан жериниз нурлуу жыттуу жерге айлансын.


Апа апа апа жаным апа,
Бейишин болсун АПА.
Жанын Жаннатка конуп,
Ырахатка болонсун АПА.


АПА сиздин кулкунузду эчкимден короалбадым,
Апа сиздин жытынызды эч жерден таба албадым.
Апа сиздин нурлуу жузунузду,
Апооу эчкимден табалбадым.

06.08.2019. 11:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
16-10-2019 23:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апалары барлар кандай бактылуусунар.Апалар тируу кезинде сыйлагыла.Апам тируу болгондо жашоо башкача болмок.Аттин кайгыга салып бизди жаштайыбыздан таштап кетебердин.Апа жаным апа сен жок биз коно албадык.Жаш болсокда журогубуз жаралуу болуп калды.Журогубузго канчалаган кыйынчылыкты жутуп журуп ооруп калдык.Апа бизге эчким сендей камкор мээрим бере албайт экен.Апа сагындым жанымда болгонунда кучактап моокумум кангыча кучактамакмын.
Тээма боюнча апаныздын жаткан жери жайлуу болсун.
06.08.2019. 11:58 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
21-06-2019
Соӊку аракети:
17-09-2019 15:04
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ушул адамды эч баалабадым. Канча жыл маданият министри болуп туруп элге пайдасы тийбей зыяны тийди.

Бул кишинин асыл кыялы элге ак кызмат кылып эл оозуна алынуу эмес, каяктагы Улуу Британия ханышасынын кабылдоосуна баруу болсо, демек Султан Раевге соз жок. Ал ханыша кимдерди кана кабыл албаган, саясатчысы да, саякатчысы да, спортчусу, криминалы, гей-лесбиянкалары да ханыша менен жолугуп отурат. Уят Султан уят...

Тушунугун тар неме экенсин...
Dj. түзөттү 2019-08-06 11:59:07
07.08.2019. 07:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
15-10-2015
Соӊку аракети:
17-10-2019 01:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Черно водец
+5
Dj.,Султан Раевти баалоо сага эмес.
10.08.2019. 22:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
03-11-2018
Соӊку аракети:
25-08-2019 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Dj., ойлонуп жазсан. сенин тушунугундо проблема бар окшойт
12.08.2019. 00:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-02-2019
Соӊку аракети:
08-09-2019 04:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элге кызматы болгон учун чакырды ханыша .Жон ээле кочодо жургон адамды чакырбайт. Сен оозуну бил ушунчалык Томон тар экенин билинип ттурат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: