Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АТАКТУУ АНГЛИЯ 15 ЖАШТАГЫ ЫРЫСКЕЛДИ ТЫНЫБЕКОВДУ ФУТБОЛГО ТАРБИЯЛАЙТ

№873 25-31 июль, 2019-ж


Футбол боюнча 16 жашка чейинки улуттук курама команданын капитаны Ырыскелди Тыныбеков Англиянын "Brooke house College" футбол академиясына ийгиликтүү өттү, эми күздөн тарта окуп баштайт. Футболдун мекени Англияда тарбия алууга мүмкүнчүлүк алган алгачкы кыргыз футболчусу тууралуу алдыда сөз улайбыз.

ЫРЫСКЕЛДИ ТЫНЫБЕКОВ

Эки жылдан бери жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жаш футболчу Ырыскелди Тыныбеков Англиянын футбол академиясына окууга өттү. Аталган футбол академиясы Лестер аймагындагы Маркет-Харборо шаарында жайгашкан. Мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы, Англиядагы юридикалык компаниянын өкүлү, юрист Жоомарт Жолдошев, Улуу Британиянын Екатеринбургдагы генералдык консулу, Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчисинин орун басары Ричард Дьюэллдин эмгеги чоң.

Ырыскелди Тыныбеков 2004-жылы 15-апрелде Бишкек шаарында туулган. Бишкектин "Илбирс" командасынын тарбиялануучусу. 2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Орусия-Хорватия беттешинде стадионго топту алып чыккан. Англияны багындырам деп билек түрүнүп турган жаш футболчу.

– Салам, Ырыскелди. Маегибизди футбол ааламына жасаган алгачкы кадамдарыңдан баштасак...

– Менин таятам күрөш боюнча мыкты ийгиликтерге жеткен балбан болчу. Ошондон улам мени күрөшкө даярдоо максатында, ийилчээк болсун деп спорттук гимнастикага беришкен. Кийин футбол ийримине бардым. Футбол менен машыгып жүрүп көптөгөн мелдештерге катыштым. Командам менен ийгилик жарата баштаганда футболду сүйүп калдым. Ошондон тарта бул оюнсуз жашоомду элестете албай турган болдум.

– Футбол талаасында кайсы позицияда ойногон жагат?

– Биринчи футболго келгенде машыктыруучум Нурлан Букуев сол канатта ойногон коргоочу кылган. Кийин чабуулчу болуп да ойнодум. Бирок азыр жарым коргоочунун милдетин аткарган жагат.

– 2018-жылы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында, Орусия-Хорватия беттешинде талаага топ алып чыкканың эсибизде. Ошол кездеги сезимдериң менен бөлүшө кетсең?

– Дүйнөлүк жылдыздар менен чогуу талаага чыгып, алар менен бир катарда турганымда абдан толкундангам. Хорватиянын оюнчулары Лука Модрич, Иван
Ракитич, Орусия курамасынын капитаны Игорь Акинфеевди жанынан көрдүм. Модрич менен учураштым, бирок сүрөткө түшкөнгө мүмкүнчүлүк болбой калды.

– Ошол мундиалда кимге күйөрмандык кылдың эле?

– Мен Орусияны колдогом. Себеби бул мелдеш Орусияда өтүп жаткандан кийин жергиликтүү күйөрмандардын көңүлү көтөрүлсө экен деп ойлогом.

– Кайсы футболчуну сыйлап, кумир тутасың?

– Мага Мухаммед Саллах жагат. Мен анын жөнөкөйлүгүн жана динди бекем сактагандыгын баалайм. Учурдун мыкты футболчулары Роналду менен Мессини да сыйлайм. Месси абдан таланттуу оюнчу. Бирок дүйнөдө оюнчулардын эч кимиси Роналдудай иштебейт. Роналду абдан тырышчаактыгы, эмгекчилдиги менен айырмаланат.

– Англиянын футбол академиясында окуп калам деген кыялдарың бар беле?

– Андай ой деле жок болчу. Кыргыз футболчулары Түркияга көп барганынан улам ошол жакта ойноп каламбы деп кыялданчумун. 2017-жылы Англиядан 2 машыктыруучу Бишкекке келип мастер-класс өтүп кетишкен. Ошондо алар мыкты 3 оюнчуну тандашкан, катарында мен да болгом. Алар мага “Англияга окуп, машыкканга сенде мүмкүнчүлүк бар” деп айтышкан. Ошондон улам Англияда окусам деп максат коюп, апам мага англис тилин жакшылап үйрөтүп баштаган.

Юрист Жоомарт Жолдошев агамдын жардамы менен 2018-жылы кышында Англияга бардык. Биз барганда, тилекке каршы, ал жакта кышкы каникул башталып, биз жетишпей калдык. Бактыга жараша, Кыргызстанга келген эки машыктыруучунун бири Мики Адамс "Brooke house College" академиясынын техникалык директору болуп чыкты. Ал мени мурда көргөндүктөн академияга кабыл алды.

– Сентябрдан баштап Англияда окуп баштайсың. Эмнелерди күтүп жатасың?

– Мен бул мүмкүнчүлүктү колдонушум керек. Тынымсыз машыгуунун, аракеттин натыйжасында бир жылдын ичинде мыктылыгымды көргөзсөм, ошол академияны аягына чейин бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк алам. Андан соң ийгилик жылмайса, профессионалдык келишим түзгөнгө да жол ачылат.

– Кыргыз курамасынын оюндарын көрүп турасыңбы, кыргыз футболчуларынан кимисинин оюну жагат?

– Улуттук курамабыз “Спартак” стадионунда ойноп калганда ар дайым үй-бүлөм менен барып ар бир оюнун калтырбай көрүп, колдойбуз. Курама командабыз Азия Кубогунда өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтүп, өжөрлүгү, мекенчилдиги менен ийгилик жарата алышты. Команданын ичинен лидерлик сапаты менен айырмаланган Мирлан Мурзаев, Валерий Кичин жагат. Менин позициямда ойногондордун арасынан Фархат Мусабековдун оюнун баалайм.

– Футболго жаңы кадам таштап жаткан 6-7 жаштагы оюнчуларга кандай кеңеш бересиң?

– Машыгууларды калтырбай, машыктыруучунун айткандарын угуп, дисциплинаны сактап, туура тамактаныш керек. Эң негизгиси максат коюп, ага жетүү үчүн бүт аракетиңди жумшоо зарыл. Кыскасы, максатың менен каалооң күч болсо ийгилик жылмаят деп ойлойм.

– 26-июлда Тажикстанда футбол боюнча өспүрүмдөр арасында Борбор Азия чемпиондугу башталат. Бул мелдешке канча убакыт даярдандыңар жана кандай жыйынтыктарды күтүп жатасыңар?

– Мелдешке экинчи ирет барып жатабыз. Былтыр да катышып келгенбиз. Бул мелдешке жалпысынан бир жумадан ашык даярдык көрдүк. Тажикстанга күчтүү делген Иран, Өзбекстандын да курамалары келет. Биздин максат – мыкты оюн көргөзүп, лидерлердин катарына кошулуу.

– Маегиңе рахмат, Ырыскелди! Келечекте сени Англиянын алдыңкы командаларынын курамынан көрөбүз деп ишенебиз.

“БАЛАМДЫ БАЛБАН КЫЛАМ ДЕП ЖҮРГӨМ”

Баласынын ийгилигине кубанып жаткан атасы Улукбек Абдылдаевди да кепке тарттык.

– Мен кичинекей кезимде күрөш менен машыкчумун. Ошондон улам баламды күрөшкө берейин деген ой-максаттарым болгон. Алгач 3 жашынан 6 жашына чейин спорттук гимнастикага барды. 2 жыл сууда сүзүү менен машыкты. Андан соң күрөшкө алып бардым. Машыктыруучулар “балаңдын бою кичинекей экен бир аз күтө тур, ага чейин футболго берсең болот” деп айтышкан.

Баламды футболчу кылам деген максат жок эле апасы аны футбол ийримине алып барды. Бир жыл ичинде өзүнүн курагындагы футболчулардын ичинен жылдын мыкты футболчусу деген наамды алды. Өзүнүн кызыгуусу да күч болгондуктан футболдо калып калды.

2015-жылы Түркияга мелдешке барды. Ал жерден баламдын оюнун жергиликтүү “Алтын-Асыр” футбол академиясынын скауту жактырып, визиткасын берип “ата-энеңе айт, биз сени академиябызга алабыз” дептир. Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин ал скаутка чалып сүйлөштүк. Алар “балаңды алып кел, биз бекер окутабыз” деп, өздөрүнүн талаптарын почтага жөнөттү. Алардын ичинде ата-энеси дагы баласы менен кошо Түркияда жашашы керек деген талап бар экен. Анан биздин туугандар, иштер бул жакта болгондуктан бардык ишибизди таштап кете албай калдык. Бирок кийин бара берсек болмок деп өзүм өкүнүп калдым. Себеби алар "балдарыңды окууга киргизебиз, жубайың экөөңөргө жумуш таап беребиз" деп убадалашкан болчу.

2018-жылдын декабрь айында юрист Жоомарт Жолдошев баламды Англияга алып барды. Ушул жылдын февраль айында балаңар кабыл алынды деген жооп келди. Бирок каражат маселесин төлөй аласыңарбы деген суроо салышты. Биз төлөй албасыбызды билдирдик. Себеби аябай чоң каражат эле. Ошондо Жоомарт Жолдошев төлөй албасыңарды кагаз жүзүндө көргөзөлү деп документтерди чогултуп, кайра аларга барды. Андан кийин академия баламды 100 пайыз бекер окутарын кабарлады.

ТАЛАНТЫ ЖАНА АРАКЕТИ БАР ОЮНЧУЛАРГА АНГЛИЯГА ЖОЛ АЧЫК

Ырыскелдинин Англиядагы футбол академиясына өтүшүнө жардамын көргөзгөн юрист Жоомарт Жолдошев жаш футболчулардын чет өлкөдө тарбияланышы реалдуу нерсе дейт.

– Мен футболго абдан кызыкканымдан эмнеге кыргыздын балдары Англиянын футбол академияларында окушпайт деп өзүмө суроо салчумун. Көрсө, жаш футболчулар, алардын ата-энелери мындай болушу мүмкүн деп элестете алышпайт экен. Англияга барып окуу реалдуу экенин Ырыскелди аркылуу жалпы элге билдиргим келди. Азыр дагы эки баланы Англияга окууга жиберүүгө даярдап жатам. Келечекте Футбол федерациясы менен Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосунда байланышты түзүп, жыл сайын 10-20дай баланы Англияга окууга жөнөтүп турсак деп ниет кылуудамын. Таланты бар, максаты күч балдар болсо жардам берүүгө даярмын.

Бир гана Англияга эмес, Испания, Италия, Голландиянын мыкты футбол академияларына балдарды жөнөтүп мүмкүнчүлүк түзүп берсек да болот.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg



15 жаштагы Ырыскелди Тыныбеков Англиядагы футбол академиясына өттү

Автор: Кубан Жумамидинов
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(5)
29.07.2019. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
16-10-2019 06:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга
30.07.2019. 03:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
18-10-2019 20:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Супер! Молодец жаштарга ийгилик Жоомартка болсо алкыш! Жаштардын келечегин ойлогону учун!
30.07.2019. 15:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
158
Катталган:
05-01-2015
Соӊку аракети:
14-10-2019 17:05
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик коштоп журсун дайыма сени Ырыскелди. Азаматсын, карачы кандай сонун жетишкендик. Ошентип кыргыз жаштарын чет олколордо билим алуусуна комоктошкон Жоомартка дагы рахмат. Деги ойдолоп осуу мына ушинтип башталат.Европа жб онуккон олколорду багындыргыла кыргыз азаматтары !!!!
31.07.2019. 02:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
18-10-2019 11:43
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат! Эл сыймыктанган, Кыргыздын желегин бийик которгон, мыкты эр азамат бол. Тилеген тилегине жет. Аллахым колдосун. Биздин балабызга дагы ушундай жетишкендиктер буйрусун.
03.08.2019. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
18-10-2019 17:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын патриоту Жоомарт Жолдошевге рахмат. Июнь окуясында да Америкадагы карьерасын таштап эли учун учуп келген жайы бар. Азаматсыз. Дагы коп жакшы иштерди жасай бериниз. Ырыскелдиге болсо чон ийгиликтерди, бийиктикти каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: