Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Эрнис Айдаралиев, модель: “КЫЗСАЙКАЛ ЭКӨӨБҮЗДҮН МАМИЛЕБИЗГЕ МЕН ЧЕКИТ КОЙДУМ”№872 18-24 июль, 2019-жыл
– Башында спорт менен алек болуп жүрдүм. Самбо, грэпплинг менен машыкчумун. Спорт залда машыгып жүргөн учурумда моделдик агенттиктин биринен сунуш түшүп калды, бардым. Мага бул кесипти түшүндүрүп беришти. Ал жылдары модель эле эмес, профессионалдуу сүрөткө түшүү деген эмне экенин билчү эмесмин. Макул болдум. 9-класста окуган балага, биринчиден, кызык болду, экинчиден, акча төлөп бере турган болушту. Көпкө чейин кесипти жакшы түшүнө албай жүрдүм. Модель десе эле сөзсүз жарым жылаңач болуп сүрөткө түшүү деп элестетпеш керек. Мисалы, кыргыздын улуттук кийимин кийгизип түшүрүп элге жайылтса болот. Мен эч качан өбүшүп, кучакташып, жарым жылаңач сүрөткө түшкөн эмесмин, түшпөйм дагы. Эч бир жерде окуган жокмун, бул чөйрөдө деле көпкө иштей элекмин. Мен үчүн моделдик – хобби. Анын аркасынан клиптерге тартылууга сунуштар түшүп калды. Мага көбүнчө актёрдук жагат. Ал эми чыныгы багытым, нан таап жеген кесибим – ишкердик. Моделдик чөйрөдө клиптерге тартылып жүрүп, байкасам, баары эле сапаттуу костюм издешет экен. Идея ошол жактан жаралып, костюм саткан дүкөн ачтым. – Азыр баракчадагы катталуучулардын санына карата аброй күтүп калган заман. Ошого карап деле мамиле түзүлчү болду. Бир убакта менин Инстаграмдагы баракчамды бузуп кетишкен. Ишенсеңиз, жанымда эле жүргөн адамдар жок болуп кетишти. Анда жаш жигит болчумун, ушунчалык катталуучуларымды көбөйткүм келди, бир күндө 3-4 сүрөт киргизип калдым. Атайы эл көбүрөөк көңүл бура турган сааттарда сүрөт киргизчүмүн. Ошентип топтогом. Азыр бул оору менен оорубайм. Бирок мен деле эл катары көз карандымын. – Карапайым эле үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Алайдан, апам Өзгөндөн болот. Мен ата-энемдин биринчи уулумун, менден кийин иним жана карындашым бар. Ошол жылдары кыргыздын баары эле чет жакка иштеп кетишпеди беле, апам менен атам мени таенемдин колуна таштап коюп, чет өлкөгө иштеп кетишкен. Балалыгым таенемдин колунда өттү. Кийин келип жеке иш баштап, ата-энем азыр ошол иштери менен алек. 1 жашымдан 8 жашыма чейин таенемдин колунда өстүм. Кийин ата-энем Бишкекте жашап калды, алардын колуна келдим. Спорт менен машыгып калганыма Алмаз деген таякем себеп болду. Кичине кезимде эле мага өзү билгендерин үйрөтүп, бир жыл машыктырды. Андан кийин спорт залга алып барды. Такси ал кезде 5 сом эле. Кароол деген айылдан Өзгөн шаарына барып машыгып турдум. Башында грек-рим күрөшү менен машыгып, анан самбого өттүм. Кийин грэпплингден катуу жаракат алып, токтотууга аргасыз болдум. Анын үстүнө үйлөнүп да калдым. Адатта мектептен кийин жогорку билим алуу керек го, мен көп жерлерге барып окуганга аракет кылдым, бирок ал жактан ийгилик жарата албадым. Кесипке ээ болуш керек деп өзүмдү көп эле кыйнадым, бирок болбоду. Көбүрөөк спортко кызыгып туруп алдым. – Кызсайкал 17 жашында, мен 18 жашымда таанышканбыз. Таанышканда анын ырчы экенин, атасы Кабыл Бөрүбаев, Мажиттин карындашы экенин билген эмесмин. Кийин билдим. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Көбү эле мени “жаш үйлөнүп алып, турмушту билбей ажырашып кетти” деп айтып жатат. Бирок мен ал учурда үй-бүлөнүн жүгүн көтөргөнгө даяр болуп үйлөнгөм. Токтолуп калган, жоопкерчиликти ала турган эле жигит болчумун. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен, 1 жыл жашап кыздуу болуп, эки ажырым жолго түштүк. – Элдешели деп көп аракет кылдым, бирок болгон жок. Өзүңөр күбө болгондой, 600дөй адамды чакырып той да бергенбиз, ажырашып кетем деген ой такыр болгон эмес. Албетте, оор болду. Чынын айтсам, эзилип жүрө берүүнү туура көргөн жокмун. Акыркы чекитти мен койдум. Көбү эле ушул теманы айтып, сайттар, гезиттер “бул тууралуу комментарий бер” деп тажатып салышты. Мен эч бир учурда Сайкалды жамандабайм. Жакшы кыз, бактылуу болуусун каалайм. Башка эч нерсе дегим келбейт. – Ушул нерсени баса айткым келет. Менин сиздерге интервью берип отурганымдын бир себеби да кызым. Коомчулук мени талкууласын, Кызсайкалды талкууласын, наристеге тийишпесин. Ушул нерсени тема кылып сайттар, телеканалдар чыгарып жатышат. “Кызсайкал кызынын фамилиясын өзүнө жаздырды” деген темалар толуп кетти. Бул фишка кыла турган нерсе эмес, наристенин жашоосу. Кызсайкал көп нерсени өзүнө-өзү кылып алды, мен кантип фамилиямды кызыма бербей коёюн? Ошто иштерим менен алек болуп жүрүп калдым, алар Бишкекте жашап калышты. Жок жерден эле Кабылова кылып жаздырып алды. Ал менин кызым, фамилиясын өзгөртсө да атасы экенимди эч ким өзгөртө албайт. Көрүп жатсаңар керек, кызым менин көчүрмөм. Ортодо түшүнбөстүк, ызы-чуу болуп жатканда кызыма бара албай калып жаттым. Ал Алфия Айдаралиева эле боюнча калат. Өзүмдүн атыма котортуп алам. Азыр иштеп жаткан нерсемдин баарын кызым үчүн кылып жатам деп ойлойм. Мага эң чоң мотивация берген кызым. – Эки-үч ай болуп калды. – Менде аял үйдө отурсун деген принцип жок. Апам деле өз учурунда иштеген, азыр деле иштейт. Бирок азыр моюнга алыш керек, жалкоо эркектер көп болуп кетти, ошол үчүн аялдар жапырт иштеп жатышат. Ошол эле учурда балдар каралбай, күйөөлөрүнө көңүл бурулбай калып жатат. Кээде ошол үчүн деле үй-бүлө бузулат. Мен ошол нерсеге каршымын. Күйөөсү иштесин, аялы балдарын карап, тамак-ашын жасап үйдө болсун. Эгерде күйөөсүнүн акчасы такыр жетпей жатса аялы иштесе болот. Бирок биздин маселе бул нерседен чыккан жок деп ойлойм. Биз болгону эки башка адам экенбиз. Убакыттын өтүшү менен түшүндүк. Мындан ары менде да, анда да баары жакшы болушун каалайм. – Аял менен күйөө ички маселени бөлмөсүнөн сыртка чыгарбашы керек экен. Ал тургай ата-энеге да билдирбей чечиш керек экен. Кызсайкал өзүнөн-өзү чалынып интервьюларды берип жатты. Элдин талкуусунда калдык, мен да мындан ары жеке жашоомду эч качан элдин назарына койбойм деген чечимге келдим. – Мен көргөн жокмун, ага чейин да анын интервьюларын окучу эмесмин. Нуржамал Жийдебаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|
Мен ырчы чоорчуларга окшоп интервью бергенимде айтасын жактын жакпадын деп. Бул менин жеке ойум сенин аралашканы укугун жок)
Баары бир аял адамга түйшүк көбүрөөк түшөт да.
После родов бир аз колдоп койсо болмок да.
Кызсайкал оор басырыктуу корунуп койсо эле