«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«ЭКИНЧИ АЯЛ АЛБАСЫН ДЕСЕҢ, КҮЙӨӨҢДҮ БАЙЫТПА!»

№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл


– Мен күйөөмдүн биринчи аялымын. Менден кийин экинчи аялы бар, балким, дагы үчүнчүсүн алат. Ким билсин? Күйөөм экөөбүз 20 жыл мурун баш кошконбуз. Ал учурда жашообузда көп нерселер болорун билгем. Бирок үстүмө бирөөнү алышы үч уктасам түшүмө кирген эмес. Эмнеге мен биринчи аялдын статусунда калдым. Эмнеге ажырашып кетпедим? Менин жүрөгүм күйүп-жанып, жан дүйнөм тозокко айланган жок дейсиңерби? Айланды! Бирок мен 20 жыл мурун колун кармаган айдоочу азыр бутуна толук турган бизнесмен. Мен курсагымды челкейтип алып бутум шишип кеткенче кийим тигип, тигүү цехин ачып анын бизнесин чогуу түптөшкөм. Эми ажырашып кетип, жыйнаган мүлкүбүздүн жарымы капкайдагы бир катындын колунда калышын каалаган жокмун.

Бирок тозокто жашадым. Өрттөнүп кеттим. Эч бир эркек аялдын бул абалын түшүнө албаса керек. Куду ичиңде бир от кирип, куйкалап жаткандай сезим. Сырттагы оттон качсаң болот экен, ичтеги оттон кантип качасың?

“Дүйнөдө жалгыз эркек болсо да эмне, ботом?” дешти тааныгандар. Ал мен үчүн бир эле күйөө эмес эле. Бир көзүм, бир бутум, акылымдын жарымы, жашоомдун жарымы эле. Көз алдымда сүйдү башканы. Көз алдымда чабалактап, аны же үй-бүлөсүн тандай албай алдастады. Менин абалым деңизден ыргытылган балыктай болсо, анын абалы эки бөлүнгөн кемедей болчу.

Бактылуу болдубу? Менимче, жок. Көзгө көрүнбөгөн, эч ким сезип-сезе албаган, колго кармалып кармалбаган бир ирмемди кубалады. Чыныгы сезим эмес экенин сезгенинде кеч эле.

Бактылуу болдумбу? Жок, колунан оюнчугун жулдуруп жиберген баладай томсордум. Өмүр бою чогулткан мончокторум чачылды. Ар бир кышын сулуулап, кынаптап коюп чыккан сепилим урады.

Балдарыбыз бактылуу беле? Жок! Биздин көздөрүбүздү суроолуу карашчу. Кимибизге жан тартарын билбей ортодо чайналышты.

20 жыл бою жашадым, бүтүн дүйнөм менен күйөөмө байландым. Сүйдүм. Азыр мага жакын адамдардын бири эле “жакшы аялдан күйөө кетмек эмес” деди. Көрсө, кетет экен. Ал менден кетпеши үчүн эмне кылышым керек эле? Кыз десе кыз, уул десе уул төрөп бердим, колуна кол, бутуна бут болдум. Үйү жыйналбай, өзү жүдөгөн аялдардан деги эмесмин. Кирпигинин ирмелишинен эмне каалап турганын билчү элем. Кармабай туруп тамырынын кантип согуп жатканын туйчу элем. Дагы эмне кылып байлап калышым керек эле? Деги эле күйөө деген байлап кала тургандай малбы? Кыргызда күйөө кетсе да, жүрсө да аялын күнөөлөшөт. Түтөгөндө да ошого түтөдүм. Аял күйөө үчүн чыдай турган бир күң эмес, тескерисинче, ал каза турган алтын кен. Суусунун кандыра турган булак. Тилекке каршы, күйөөм булактын көзүн ачып, жанга жагымдуу даамын татып иче албады. Чачты, төктү, булгады да кетти. Жүрөгүмдөгү мээримди 20 жыл бою көрө албаган адамды мен дагы эмне амал менен байлап калышым керек эле?

Ойлонуп туруп бир гана күнөөмдү таптым. Мен күйөөмдү байытпашым керек эле. Колунда ашык акчасы болсо эки жагын каранып, экинчи аялга жутунуу эркектердин табиятында бар тура. Куду Эдигейдин Каранарындай чамынып, урунарга тоо таппай, көзүнө кызы да, баласы да, аялы да көрүнбөй калат экен. Эгерде акчасы болбогондо сезим эмес, эртең кантип балдарымдын курсагын тойгузам деген ой менен алек болмоктур.

Адыл, сен талкалап кеттиң. Сезимдерди, ыйык очогубузду талкалап кеттиң. Эми анын урандысынан бактыңды кайрадан курап жашап көр. Өзүмдү сактап калышым үчүн мен ичимдеги сени өлтүрүшүм керек эле. Болбосо ыза, таарыныч, сүйүү мени жалмап кетмек. А мен өлүүнү каалабадым. Балдарым үчүн мен жашоого карманышым керек эле. Башка бир учур болсо, балким, өзүмдү өлтүрүп ичимдеги сени жашатмакка аракет кылмакмын. Бирок бул жолу эмес. Бул жолу менсиз балдарыма оор болорун сездим. Биз баарыбыз үчүн жүрөгүмдөгү сени жок кылдым. Сен мен үчүн көз алдымда өлүп бара жаттың. Аны сезгениңде туталандың, ызаландың, жабылып бара жаткан эшикке чуркадың. Бирок эшик жабылды. Ичимдеги сени жок кылганымда гана сенин үйлөнүшүңө каршы болбодум. Согуш токтоду. Эми сен мен үчүн болгону балдарымдын атасы жана үйдүн капчыгы катары гана жашайсың. Ал эми аялдарга бере турган турмуштук сабагым, эч качан күйөөнү байытпагыла!

А.С.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(31)
15.07.2019. 10:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
448
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
10-11-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
+23
Охх атта, "эшик жабылды". Кандай окунучтуу! Эркектердин мээси....
15.07.2019. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
13-11-2017
Соӊку аракети:
15-11-2019 07:56
Жынысы:
Белгисиз
+22
Жогорку чеберчиликте жазылыптыр
15.07.2019. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2019 22:02
Жынысы:
Белгисиз
-16
Кыздарыбыз башка улутка чыгып жээндер кобойгондон коро, биздин кыргыздар кобойо берсинда.
Кыргызстанда бир балээ болсо жээндер качып кетишет, мекенди ошол токолдун балдары курал которуп коргошот!!!
Коодо ушул ондуу нерсени терс кабыл алышатда?!
15.07.2019. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
14-11-2019 17:24
Жынысы:
Белгисиз
+8
tular,мисалы менин куйоомо тиймекчи болгон кыз кытайбы, немиспи тие берсин. Кыргызга тийип бир кыргызды бактысыз кылганча
15.07.2019. 20:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
11-01-2018
Соӊку аракети:
12-11-2019 13:15
Жынысы:
Белгисиз
+14
tular,саламатсызбы? Бизде эркектердин түшүнүгү да бир аз башкачараак. Негизи 2-аял кылып жаш кызды эмес жесир аялды алат ага кам көрүү үчүн. Башка эч кандай кызыкчылык үчүн эмес. Албетте, үй-бүлө болгон соң ортодо мамиле болсо керек бирок ал негизгиси эмес. А бизде кызынан 2-3 жаш улураактарды алам деп чыгышат
15.07.2019. 21:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
25-02-2014
Соӊку аракети:
24-10-2019 01:38
Жынысы:
Белгисиз
+8
tular,адамда эн бийик конул сезим деген нерсе бар,эптеп эле кыргыздын санын кобойтуп учун 2,3 болуп тийе бергенге кошулбайм.
16.07.2019. 11:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
18-05-2007
Соӊку аракети:
15-11-2019 12:28
Жынысы:
Белгисиз
+6
tular,анда сулуу-сулуулар челкейген-челкейген курсактарды ээрчип баш которуп журмок, азыркыдай алып Берген квартирасында тыгылбай. А колу жукараактар кыз эмес, жубанга зар болмок, уйлонойун десе дурус кыздын баарын колунда барлар ээлеп. Сиз озунузду эки аялдуу деп элестетуудон мурда, оз аялыныз экинчи болуп башкага кетип калганын бир элестетип коюнуз) за то кыргыз деп отуруп калбасаныз керек)))
19.07.2019. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
685
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
15-11-2019 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
tular,сен да кызынды,карындашынды бироого экинчи же бешинчи аял кылып бер. Ошондо билесин жашоо кандай боллоорун
15.07.2019. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
29-11-2010
Соӊку аракети:
15-11-2019 11:04
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акчасы жокторун деле көрүп жүрөм, аял алам деп жүгүруп жүргөнүн. Кеп эркектерде эмес аялдарда. Үй булөөн бар экен деп жолотпой койсо болот да. Экинчиси болуп тийип алып, анын деле төбөсү көккө жетпесе керек.
15.07.2019. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
15-11-2019 02:33
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кыргыз байыса катын алат,өзбөк байыса там салат.
15.07.2019. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
05-12-2018
Соӊку аракети:
13-11-2019 19:46
Жынысы:
Белгисиз
+6
Антейин десен менин куйоомдун ХХХХ салсан ным болбойт(кечиресиздер за выражения) бирок ойношу бар. Койду билбейт 2тен кыздарым жетим калбасын деп унчукпайм. Ишенсениздер 3кызым мн кошуп кайната кайненем багат озунун чонтогундо бир сом акчасы жок же иши жок бирок эрден чыккан 2балалуу аял мн ойнош. Чын эле конул калган жаман экен. Бардык нерсе баары бир болуп эптеп балдар чонойсо деп калат экенсин. Жакшы тарбиялайды антейли мынтейли деген нерсе жок ал ойношун ойлойт мен келечегимди.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-15 16:35:36
15.07.2019. 18:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
31-01-2012
Соӊку аракети:
14-11-2019 14:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+12
Ичиңе бир от кирип куйкалап аткандай сезим(((( Сизди аябай түшүндүм, күчтүү эже экенсиз, мындан да күчтүү болуңуз. Балдарыңыз үчүн жашаңыз,жакшылыктарын көрүңүз. Үйбүлөлүү эркектерди азгырган, ХХХХХ Кудай жазасын берсин....
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-16 10:23:21
15.07.2019. 21:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
25-02-2014
Соӊку аракети:
24-10-2019 01:38
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай мазмундуу жазылыптыр,сезимдерди соз мн сурроттоп.
15.07.2019. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
15-11-2019 15:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+9
Дагы деле ичим куйот, менин устумо аял алып алган куйоом. Ошондон кийин жашоо болбоду. Тигиниси менен да кыйратып жашаган жок, мен кечире албай койдум. Же ал уйлонбоду же мен турмушка чыгып кетпедим. Журобуз бири бирибизди кыя албай. Андан башка эчкимди суйо албадым.
16.07.2019. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
18-05-2007
Соӊку аракети:
15-11-2019 12:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervashka, ХХХХХ Наталья Коробкованын "техника "Отсушка" деген видеосун карап корунуз. Жардам беруусу керек.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-16 12:51:18
16.07.2019. 00:04 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-04-2019
Соӊку аракети:
23-07-2019 14:06
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эркекти акча копто аялды акча жокто сына дейтко.Бирок байлык бийлиги жоктор деле уйлонуп алып жатышат.Байып байлыгы ашып ташкандардын деле уйлонбой коппой жакшына жургон адамдар коп эле.Ал адамдын озунон.Баары учун бирдей жооп бериш кыйын.Менин вариантымда аялдар тилдуу келебизда ошонубуз эркектерге жага бербейтда.Анан мамилебизденда болот.Эркектерге назик аялдар жагат,а бизчи эркектерден ашыкча жулунуп иштегибиз келет.Анан эле мен кылдым эле,мен жасадым эле деп чыга келебиз.
16.07.2019. 11:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
18-05-2007
Соӊку аракети:
15-11-2019 12:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
Janattim, эркек "аялым тилдуу болчу, мен, мен дей бергенинен..." десе "Ии, ооба" деп баш ийкеп муюп калабыз, "чыын, акыры чыдабай кетти да, байкуш" деп. Аялы ошентсинчи))) "Куйоом тилдуу болчу, мен, мен эле дей берет" десинчи. "Кайдагыны былжырабай барып казанынды кармачы!" деп жактырбай ооз чуйруйбуз, "барына шугур дей албаган, ырыскысын которо албаган акылсыз" деп... Анысы ары турсун, айрым аялдар аракеч, иштебей уйдо жаткан эркегин д
16.07.2019. 11:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
18-05-2007
Соӊку аракети:
15-11-2019 12:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
aijan, да Эр кылып журот.
17.07.2019. 19:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
299
Катталган:
14-11-2016
Соӊку аракети:
14-11-2019 21:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи жашоодо болгон окуя экен, кырккында киши кыз сүйөт болуп, турмушта нээлер гана болуп кетпейт...
18.07.2019. 00:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
12-11-2019 21:49
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биринчи катынды бактылуу кылалбаган эркек,экинчисин эч качан бактылуу кылалбайт .
18.07.2019. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
545
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
15-11-2019 12:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кездеги раматылык апамын башына тушкон окуяны эстетти.Апам ушунчалык акылдуу Жан эле балдарым деп жашап акыры женди ат айланып казыгын табат дегендей акыры казыгын табып келди атам.Бирок жаным апам ошол убакта тарткан азаптарын баарын ичине салып жутуп журуп айыкбас дартка туш болдуда ал дарт акыры алып тынды.Бул окуяны эстесем атамды ушунчалык жаман коруп кетем бирок Бейишим апам атамды аябаай сыйлайт эле.Ошол себептен атама жаман соз айтып журогун ооруткум келбейт.Ал убактагы атам менен
18.07.2019. 14:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
545
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
15-11-2019 12:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы убактагы атам экоонун ортосундагы озгоруу ото чон.Ал убакта менимче жаштык да мастыкда кылды окшойт.Азыркы убактагы атам уй-булону ойлогон балдарынын камын кылып жургон атага айланды.Кек сактабаганга аракет кылам мендагы.Апамын каза болгонун укканда ыйлап ыйлап ушунчалык куйду баарыбызды чыркыратып ыйлатты.Откон кундордун баарына салават.Бешенебизге Эми атам узаак омур сурсун.Ошол себептен жакшы ойлонуу керек балким жарашып калсанар жаратканым артынан жакшы кундорду насиб этер.
18.07.2019. 14:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
31-01-2013
Соӊку аракети:
08-08-2019 10:47
Жынысы:
Белгисиз
+6
2 аял алсын дегендер,ошол 1 аялдын ордуна оз апанарды элестетсенер. Апанар да ушу аялдай болуп кыйналып, жан дуйносу орттонуп, а озунор болсо айыккыс дартка чалдыккан адамга жардам берууго колунан келбеген адамдай карап турганынарды элестеткиле. Анан ойлонуп айткыла 2 аял алуусуна макулсунарбы же жокпу. 2 аял башы батып алгандан кийин биринчисин жок кылуунун амалын издей баштайт. Аялдар дайыма жолдошу учун жалгыз, кайталангыс болгусу келет.
18.07.2019. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-03-2019
Соӊку аракети:
19-10-2019 14:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээринизди сыйланыз ИншАллах бейишке киресиз, гарантия
18.07.2019. 21:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
311
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
08-11-2019 17:35
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jeenbek.,сен гарантия бересинби? Бир келген жашоодо куйуту жок , бактылуу жашаса болбойбу
18.07.2019. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
17-02-2019
Соӊку аракети:
24-07-2019 00:51
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул проблема менинда башымда күйөөм ден соолугума байланыштуу экинчи аял албасам болбойт деп жатат турбай калат экен деп эмне кылаарымды билбейм
19.07.2019. 14:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
23-04-2016
Соӊку аракети:
15-11-2019 11:12
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ainagul-danil,ал кандай оору экен экинчи аял алдыра турган
20.07.2019. 20:34 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+2
Биринчиси эң таттуу, биринчисин уул-кыздары менен кошо бактылуу кылып алсынчы эркек. Акчасы көбөйсө катын эмес, башка маанилүү сооп иштерди жасасаң аялың жан дүйнөсү менен раазы болуп, сүйүнүп жардам берет.
21.07.2019. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
15-05-2013
Соӊку аракети:
02-11-2019 15:45
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлап алдым. Укмуш сонун жазыптыр, китеп коп окуган адамго. Алла сабыр берсин. Кимдин башынан ушундай куйут отсо да. Эх. Сабыр деп коюп ичибизден сыздап оорулуу болобузго. Ушундай жургон эркекти Алла корсотуп коет экен коргулукту. Мен 7-8 аттарынан бери билем: Наргиза, Акмарал92,Акбермет92....толо. Билгендер баары куйоону катуу суйот экенсин дешет. Кайдан айла жок. Энелик сезимди жогору коет экенсин балдар деп.
21.07.2019. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
397
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
22-10-2019 22:07
Жынысы:
Белгисиз
0
5 10 сому ашык болсо деле кыз жандап кылышат семьясын унутуп кээ бир эр соройлор...
28.07.2019. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
15-11-2019 13:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
-1
Эркектер акча таппай, үйдөгү расходтту көтөрө албай куйдурот же акча тапса ойнош ойноп,экинчи катын алам деп куйдурот.
Деги жөн жүргөн күнүңөр болобу? "Ат айланып казыгын табат"-дейт.Ошол башы иштебеген ат казыгын тапканча,аял 20 жылга каарып,айыккыс дартка кезигет.
"Аял баарына чыдаш керек!"- неге аялдар гана чыдашы керек,эркектерчи?! Неге аялы ооруп калса, башка аялга карап басат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: