«Жылдын супер саундтреги» (Добуш берүү токтотулган)


47,7% (489)
39,8% (408)
8,5% (87)
Эрмек Маматов & Тамга, «Неге, неге?» («Мурас»)
4% (41)

Жалпы добуш (1025)


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МАЙЛУУ ТАМАК ӨТТҮН ИШТӨӨСҮН БУЗАТ

№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл


Элден «өтүндөгү ташын алдырыптыр», «өтүн алдырыптыр» деген кепти көп эле угабыз. Бирок бул органдагы таш кайдан пайда болорун көбүбүз билбесек керек. Негизи эле өт организмде эмне кызмат кылат? Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын алдындагы дарылоо-ден соолукту чыңдоо клиникасынын дарыгери Эрмек Исмаилов айтып берет.



ӨТ ООРУЛАРЫ

Стеаторея оорусу. Аталган оору витаминдердин, май кычкылдарынын, майлардын жетишсиздигинен, ичегилердин ылдый тарабынын оорушунан пайда болот. Тактап айтканда, өттө майды сиңирүүчү өт кычкылдарынын жетишсиздигинен улам организмдеги майлар сиңбей, заң аркылуу сыртка чыгып кетет. Заңдын өңү ак же боз болуп өзгөрөт.

Холецистит же өттүн сезгениши. Бул өтө кооптуу жана кеңири жайылган оору. Анын эки түрү бар: курч кармаган жана өнөкөт холецистит. Аталган оору менен көп учурда 40 жаштан өткөн аялдар оорушат. Мында дене табы 38-39 градуска көтөрүлүп, дененин оң жак тарабы чыдатпай оорутат. Өнөкөт холециститке кабылган учурда өттү алып салууну сунушташат.

Өт полиби. Бул дарт дүйнөдөгү адамдардын 5 пайызында кездешет жана өтө кооптуу эмес. Бирок зыяндуу шишик түрүндө да кездешпей койбойт. Аны хирургиялык жол менен гана дарылашат.

Өттүн рагы. Аталган оору көбүнчө 50 жаштан өткөн аялдарда кездешет. Шишик акырындык менен өттүн бардык тарабын жабыркатып, боорго өтө баштайт. Өттүн залалдуу шишиги көп учурда уулуу химиялык заттарга байланыштуу өндүрүштөрдө иштеген кызматкерлерде көп кездешет. Бул оору алгач таптакыр билинбейт, анткени көп убакытка чейин белгилери башка өт ооруларынын белгилерине окшош болот.

Дискинезия. Бул өттүн кыймылдоочу функциясынын бузулушу. Мында өт өтө көп жыйрылат, же тескерисинче, жыйрылуусу нормасына жетпей калат да, натыйжада өт суюктугунун бөлүнүп чыгуусунда маселе жаралат. Бул оорунун себеби стресс, айрым тамак-аштарга болгон аллергия, гормоналдык бузулуу, климакс болушу мүмкүн.

Холангит. Өт жолдорунун бактериялык инфекциядан пайда болгон сезгенүүсү. Катуу кармаган холангит чыйрыктырып, температураны көтөрөт, көл-шал кылып тердетет, боор чоңоюп, оң кабырганын асты салаңдагансып тартылып, салмактанып ооруйт.

Өт жана өт жолдорунда таштардын пайда болушу. Аталган оору өзү тууралуу белгини ар кандай бериши мүмкүн. Мисалы, оң капталдагы кабырганын асты сайгылашып ооруйт. Мындай абал ар кандай татымалдарды, майлуу, ачуу тамактарды, алкоголдук ичимдиктерди колдонгондон кийин пайда болот. Оору тамак сиңирүүнүн начарлашы, көңүл айлануу, табиттин жоголушу, уйкусуздук сыяктуу белгилер менен коштолот. Тиешелүү анализдер тапшырылып (кандын жалпы анализи, УЗИ), таштын бар экендиги аныкталгандан кийин анын көлөмүнө жараша дарылоо жүргүзүлөт. Оорунун алгачкы стадиясында дары-дармектер, мүнөздөп тамак ичүү сунушталат. Өөрчүп кетсе хирургиялык ыкма пайдаланылат.


ӨТТӨ ТАШ КАЙДАН ПАЙДА БОЛОТ?

  • Туура эмес тамактануудан, өсүмдүк майларына караганда жаныбарлардын майын көп колдонуудан. Тамак-аш менен организмге кирген холестерин ташка айланат да, өттүн астына чөгөт. Убакыттын өтүшү менен чоңоё берет.
  • Ашыкча салмактуулуктун негизинде зат алмашуунун бузулушунан;
  • Боордо инфекциянын топтолушунан жана боордун уулануусунан улам өттө, өт жолдорунда, боордо кум пайда болуп, ал бара-бара ташка айланат.
  • Гормоналдык бузулуудан;
  • Кандын курамында билирубиндин көбөйүп кетиши же боордун иштешинин начарлашы кара же кочкул түстөгү таштарды, ал эми кальций туздарынын көбөйүшү ак же түссүз таштарды пайда кылат.
  • Аз кыймылдуу жашоо образынан;
  • Көпкө ачка жүрүү да бул ооруга себеп болуп калышы мүмкүн.



ӨТКӨ КАМ КӨРҮҮ

  • Күнүнө жок дегенде 4-5 жолу, аз-аздан, белгиленген бир убакытта тамактануу туура. Бир күндө 1,5-2 литр суусундук ичкен туура.
  • Жатарда ашыкча тамак жегенге болбойт. Өзгөчө майлуу, ачуу тамактардан, сүрсүгөн, куурулган балык, эттен, шоколад, жумуртканын сарысынан, малдын майынан баш тартуу керек. Спирттик ичимдиктерди ичкенге болбойт.
  • Эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо, күнү бою кыймылда болуу (басуу, спорттун жеңил түрлөрү, сууда сүзүү, лыжа тебүү).
  • Ичеги-карын ооруларына олуттуу мамиле жасоо, өзүнө жакпаган, аллергия кыла турган азыктарды билип алуу, андан баш тартуу, тишти таза күтүү, тонзиллит жана башка инфекцияны өз убагында дарылоо чоң мааниге ээ.
  • Ашыкча салмактан арылуу, калориясы аз, витаминдүү азыктарды пайдалануу шарт. Алсак, сүт азыктары, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиш кактары, сулу, тооктун эти, балык, жумуртка жана башкалар.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
15.07.2019. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
398
Катталган:
28-11-2008
Соӊку аракети:
16-09-2019 18:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колбаса жесем эле ооруйт меники. Жакшы болду, билип алдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23318;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: