Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫЗГАНЫЧТАН БИР ӨМҮР КЫЙЫЛДЫ

№869 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл


Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Тогуз-Булак айылында куралдан ок атылып, бир адамдын өмүрү кыйылды. Алгач бул тууралуу кабар тараганда каза болгон келинди күйөөсү кызганычтан улам атып салган деп айтылды. Окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылып көрдүк.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы башында маалыматты "өзүн-өзү атып алган факт катталды" деп тараткан. Ок атуу окуясы тууралуу маалымат милицияга 17-июнда кабарланган. Ыкчам тергөө тобу Көл-Төр айыл аймагына тиешелүү Сырт өрөөнүнө барып, маркум өзүн-өзү атып эмес, киши колдуу болгонун аныктаган. Ысык-Көл ОИИБинин маалыматына таянсак, Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы К.И. аттуу тургуну келинчеги Н.А. менен элдин малын багып келүү үчүн жылда жайлоого чыгып жүрүшкөн.

"16-июнь күнү жубайлар ортосунда чыр чыккан. Күйөөсү уруштан улам жайлоодо ала жүргөн мылтыгы менен аялын көкүрөк тушка атып салган. Натыйжада келин каза болуп, бул тууралуу маалымат милицияга жеткен. Ал эми бул кылмышка шектүү жаран куралды уруксат документтери жок эле сактап келген.

Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, “адам өлтүрүү” беренесинин негизинде сотко чейинки иликтөө жүрүүдө" деп билдирди облустук милициянын басма сөз кызматы.

“МЫЛТЫК МЕНЕН КОРКУТУП ЭЛЕ КОЁЮН ДЕГЕН ЭКЕН”

Окуянын келип чыгышын кененирээк билүү үчүн шектүүнүн туугандарын издеп көрдүк. Күнөөлөнүп жаткан адамдын бир тууган иниси Т. уулу Эрлан окуя тууралуу буларга токтолду:

– Байкем менен жеңемдин баш кошконуна 7-8 жыл болуп калды. Мурда шаарда турушчу. Кийин айылга келип, үч жылдан бери элдин малын алып жайлоого чыгып калышкан. Агам камакта болгондуктан жолуга элекмин.

Байкем менен жеңемдин үч жаштагы кызы бар. Жеңем өзү жоош, баскан-турганы жай адам болчу. Мал-жан багуунун жолун деле эми-эми өздөштүрүп, чабандык ишке жаңыдан аралаша баштаган. Байкем мал багуу үчүн жайлоого жылда жалгыз эле кетчү. Быйыл элден көбүрөөк мал чогултуп алгандыктан, жанына жардамчы кылып кой кайтарганга бир чабан алып алган экен. Ал бала бойдок болчу, агам жеңемди ошондон кызганып уруш чыгыптыр деп уктум. Агамдын өзү менен сүйлөшө элекмин. Сүйлөшсөк, балким, агамдын адам өлтүрүшүнө эмне себеп болгонун билет элем. Кызганычтан улам адам өлтүрүп коёт дегенге ишене албай турабыз. Анын үстүнө алгачкы суракта эле эч каршылыгы жок кылган ишин моюнуна алыптыр. Болгону жеңемди мылтык менен коркутуп коёюн эле деген экен.

“КЕЛИН ЖАКШЫЛЫК КӨРБӨЙ ЖҮРҮП ЭЛЕ КЕТЕ БЕРДИ”

Жаш үй-бүлөнүн турмуш шарты, мамилеси коңшусуна маалым эмеспи. Жубайлар тууралуу билүү үчүн кошуналары менен байланышып, маалымат алдык. Аты-жөнүн жашырып коюуну өтүнүшүп кошуналары өз пикирлерин билдиришти:

– Келинди кордук көрчү деп айта алам. Акыркы мезгилдерде арыктап, жүдөп, чүнчүп да кеткен. Окуяны кызганычтын айынан келип чыкты деп жатышат. Ким билсин? Койчу бала менен келиндин жакындыгы болгон деп айтышты. Маркум аял өзү түйшүктөн арылбай араң жүрсө, кайдан башка эркек менен мамиле курсун деген деле ой келет. Жардам берип жүргөн баланын айтымында, келин менен күйөөсү көп урушчу экен. Бир жолу дагы жаңжалдаша кетишкенде ортого түшүп арачылап калганын айтат. Койчу бала келинге тийишип же бир жаман жолго бара тургандай деле көрүнчү эмес.

Негизи жолдошу келинге кол көтөрчү. Эки жолу кош бойлуу кезинде сабап, ур-токмоктун айынан боюнан түшүп калгандыгын да билебиз.

“САБАП ЖАТЫП КОЛУН СЫНДЫРГАН, БОЮНАН ТҮШҮРГӨН”

Каза болгон келиндин жакын туугандары учурда оор жоготууга учурап турган тарап. Таенеси Салкынай Акматалиева “Бир тооктун да сурагы болот экен” деп ыйлайт. Ал небересин кичинесинен багып чоңойтуп, жээним эмес, кызым деп асыраганын айтат.

– Кызым акыркы жолу Бишкекке келип, бир ай иштеди. Кайра айылга кетем дегенинен кетиргим келбей, "барбай эле койчу" десем, “кызымды сагындым” деп болбой кетип калган.

Жолдошу сабачу. Буга чейин сабап эки жолу боюнан түшүрүп салыптыр. Боюнан түшүп калган эки бала тең эркек болгон экен. Көп нерсени айтпай жүрүптүр, токмоктоп жатып күйөө бала кызымдын колун сындырып салганын да кийин билдим. Ошондо ооруканадан колуна темир салып операция жасашкан экен. Келинди карап, ооруканага алып барышкан эмес да. Ошол колунун темири алынбастан, сөөгү менен кошо кетти.

Небересинен айрылган эне андан ары ыйлап, сүйлөй алган жок. Ал арада келиндин таякеси Нурланбек Акматалиев сөзгө аралашты.

– Жээнибиз 27 жашында кете берди. Мүнөзү жоош, бирөөгө жаман айтпаган жакшы адам болчу. Кызыбыз каза болгондо Тогуз-Булак айылына акыркы сапарга узатууга бардык. Кийин милицияга барып арыз жазалы десек, ишти карап жаткан тергөөчүсү “факт боюнча эле иш козголот” деп арыз жаздырган жок. Шектелип жаткан адам жеңил жаза алып калбашы үчүн биз баары бир арыз жазып койсок туура болмок. Туугандарыбыз кыздын кунун төлөп беришсин деп жатышат, бирок мен ага каршы болуп жатам. Анткени кудалар деле кыздын кунун төлөп бергидей шартта жашашпайт экен. Маселени курчуткандан эмне пайда тапмак элек деп жатам.

Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
01.07.2019. 10:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
20-10-2019 02:54
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаткан жери жайлуу болсун келиндин,
байкуш жооштугунун айынан кор болуптур..
Жайы жаннаттан болсун..
01.07.2019. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
18-10-2019 18:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+13
Жаман эрге тийгенче эрсиз откон жакшы.
01.07.2019. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
15-12-2014
Соӊку аракети:
09-09-2019 14:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
Факт боюнча иш козголот???
07.07.2019. 15:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
16-07-2014
Соӊку аракети:
19-10-2019 00:59
Жынысы:
Белгисиз
0
tim90,туура эле азыр ерпп деген бар
01.07.2019. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
10-10-2019 22:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалко...
03.07.2019. 12:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
12-03-2014
Соӊку аракети:
18-10-2019 15:38
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдын жумшагын адам жейт деген чын да, жоош немени олтуруп тыныптыр да кызына жалко байкуш эне мээримин корбой осот.
03.07.2019. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
15-09-2019 02:57
Жынысы:
Белгисиз
+4
Зөөкүр колун сындырганда эле ажырашыш керек болчу! Эл эмне дейт деп зөөкүргө жабышып жашап жүрүп өлүп жаны тыныптыр байкуштун! Эки жолу боюнан түшкүчө сабаса деле жашап жүрө береби тигил келин?Зөөкүрдүн мээсинде мандем барго! Мээси ордунда киши мынчалык кордукка салбайт жарын! Өзүн өзү сыйлабаган адам мынчалык кордукка баш ийбеш керек! Өзүңдү өзүң сыйлабасаң зөөкүр жаңыңды алып тынат!Тапканы өлүм!Ошол колундагы темирди кучактап жер менен жер болот!
03.07.2019. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
15-09-2019 02:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзүнө өзү ишенбеген эркек эшиктин алдынан ит өтүп баратса деле аялын кызгана берет!Абдан чоң трагедия!Жаткан жери жайлуу болсун! Байкуш келин жаш экен!Иниси чабандын, мылтык менен коркутуп эле коёюн деген деп коёт. Кудай салган жанын алып салгыдай бул ким өзү?!ХХХХ дагы нары экен тигил чабан ХХХХ!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-05 10:04:53
04.07.2019. 09:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
18-10-2017
Соӊку аракети:
18-10-2019 19:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур.Келиндин жаткан жери жайлуу,топурагы торкоо болсун.Зоокур эркектерге Аллахым ыйман берсин.Барыбызга ынсап берсин.Омиин!
04.07.2019. 09:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
18-10-2017
Соӊку аракети:
18-10-2019 19:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Келиндин жаткан жери жайлуу,топурагы торкоо болсун.Зоокур эркектерге Аллахым ыйман берсин,баарыбызга ынсап берсин.Омиин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: