Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТАМЕКИНИН ШЫЛТООСУ МЕНЕН КИШИ ӨЛТҮРҮЛДҮ

№864 23-29-май, 2019-жыл


Улам тамеки сурай бергени үчүн бөтөлкөлөшүн өлгүчө сабап салган Ат-Башы районунун тургуну Нарын облустук сотунун чечими менен 9 жылга эркинен ажыратылды. Соттолуучунун да, маркумдун да артында төрттөн баласы бар.

«МАРСЕЛДИ УКТАТА ЧАПТЫМ»
Жогорку соттун маалыматына караганда, окуя 2018-жылдын 19-август күнү болгон. Кечки саат 22:30 чамасында Ат-Башы районунун 7 тургуну ичимдик ичип отурушканда алардын арасынан экөө мушташа кетип, бири экинчисин өлгүчө сабап салган. Маалыматка ылайык, уруш тамекинин айынан чыккан. Марсел (маркум М.Снын аты өзгөртүлдү) тамеки сураганда Акыл (соттолгон жаран А.Мнын аты өзгөртүлдү) «тамекини сатып алып чекпейсиңби» дегенинен улам уруш чыккан. Ал экөөнү ошол жерде отургандар ажыратып коюшкан. Андан кийин уруша кеткен экөө чырды өз ара чечүү үчүн ары барып, кайра мушташып кетишкен. Акыл Марселди эки жолу муштум менен бетке чаап, жерге жыгылганда буту менен башка тепкен. Марсел эсин жоготуп койгон. Акыл чогуу ичип отургандарга кайтып келип, «Марселди уктата чаптым» деген. Чогуу отургандар Марселдин жанына келип анын эсине келбей жатканын көрүшүп, Акылдын инисине тиешелүү унаа менен Ат-Башы аймактык ооруканасына алып жөнөшөт. Марсел алган жаракаттарынан улам ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Бул иш боюнча 2018-жылдын 3-декабрында Ат-Башы райондук сотунун өкүмү чыккан. Акыл Кылмыш-жаза кодексинин «саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Маркум М.Снын жактоочусу Нарын облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанып, Ат-Башы райондук сотунун өкүмүн бузуп, соттолуучуга берилген жазаны оорлотуп, моралдык зыяндын өлчөмүн көбөйтүп берүүнү суранган. 2019-жылдын 6-майында Нарын облустук соту ишти карап, райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, А.Мны 9 жылга эркинен ажыратты. Соттолгон жарандын жашы жете элек 4 баласы бар. Маркумдун артында да 4 баласы калды.

«УУЛУМДУН КАЗА БОЛГОНУН КИЧҮҮ БАЛАМ ЭРТЕСИ ЭЛДЕН УГУПТУР»
Сотто көрсөтмө берген соттолуучу, жабырлануучунун туугандары, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн кыскартып беребиз.

Маркумдун апасы:
– 19-август күнү балам чөп түшүрүп келип, тамак ичип жатканда ага бирөө 4 жолу телефон чалган. Чогуу отурган балдар «албай эле койчу» деп жатышкан. Жанында жүргөндөр менен чогуу арак ичишиптир. Акыл баламды өлтүрүү максатында артынан издеп барган болушу керек. Экөө урушуп кетип, ал баламдын бети-башына эки жолу чаап, жатып калганда башка бир тепкен экен. Жанындагылардын бирөө дагы баламдын каза болгондугу тууралуу айтып койгон жок. Бул кабарды кичүү балам эртеси күнү эртең менен уйду жайытка кошкону барганда элден угуптур. Анда мен Бишкекте элем. Ошол жактан баламдын каза болгону тууралуу оор кабарды уктум. Марселим жоош, эч кимге зыяны жок бала болчу. Ал киши колдуу каза тапты. Уулумдун артында 4 баласы калды. Мен райондук соттун чечимине нааразы болдум. Анткени райондук сот ишти бир тараптуу карап койду деп эсептейм.

«АГАМ МЕНЕН ЭРТЕҢ МЕНЕН ЭЛЕ СҮЙЛӨШКӨМ»

Маркумдун иниси:
– Ал күнү агам менен эртең менен сүйлөшкөм. Ал «жумушум болуп жатат, чөп тартып келем» деп айткан. Кечки саат 19дар чамасында агамдын жолдо балдар менен турганын көрүп, кол көтөрүп учурашып кеткем. Өзүм үйгө чарчап барып уктап калгам. Эртеси эртең менен жеңем чалып, агам үйгө келбегенин айтты. Ошондо жанында жүргөн балдарга чалдым. Бир аз убакыт өткөндөн кийин туугандар келип кабар айтышты. Шыр эле ооруканага барсам, агам өлүк сактоочу жайда экен.

«КЫЛГАН ИШИМЕ ӨКҮНӨМ»
Соттолуучу А.М. күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, мындайча көрсөтмө берген:
– Ал күнү балдар менен жолугуп, чогуу арак ичкенбиз. Кечинде К. байкенин үйүнө барып, ал жактан чөп тарткан балдар менен дагы арак ичкенбиз. Марсел тамеки сураганда бергем. Ал үчүнчү жолу сураганда, «сатып алып чекпейсиңби» дедим. Ал мени жаман көрүп, ошол жерден экөөбүз уруша кеттик. Жаныбыздагы балдар ажыратып коюшту. Андан кийин 2 бала менен унаага отуруп кетип баратканбыз. Көчөнүн башына барып унааны буруп келатканда Марселдин жулунуп жатканын көрдүм. Ал эңкейип, жерден бир нерсе алып унааны уруп салды. Ошондо машинанын үстүнө кум шагырагандай болду. Марсел сөгүнүп, «азыр токто, болбосо үйүңө барам» деп кыйкырганда унааны токтотуп, түштүм. Экөөбүз ары жакка барып сүйлөштүк. Сүйлөшүп жатканда ал чаап жиберди. Ошондо кайра аны эки жолу чаап, жерге жатып калганда бир жолу тептим. Ал эсин жоготуп койду. Балдарды көздөй басып келатсам, астымдан Т. чыгып, «Марсел кайда?» деп сурады. Мен «аны уктатып салдым» деп айттым. Унаага барып отурганда артымдан Т. келип, «Марселди эмне кылгансыңдеди. Кайра барсам, ал чалкасынан жерде жатыптыр. Марселди унаага салып, шыр эле үйгө бардык. Инимди рулга отургузуп, ооруканага айдаттык. Сот залында отургандардан кечирим сурайм. Кылган ишиме өкүнөм. Судьядан туура чечим чыгарып берүүсүн суранам.

«МАРКУМ 2-3 ЖОЛУ ТАМЕКИ СУРАГАН»

Күбө Т.А:
– Ал күнү 15тер чамасында эле балдар менен арак ичип баштаганбыз. Балдардын бири кетип, бири келип жатышкан. 2-3 бала болуп дүкөндөн арак алып, ошол күнү талаадан чөп тартып келген
3 балага жолукканы бардык. Алар менен буга чейин да көрүшүп, чогуу ичкен элек. Биз үйүнө барган балдар чөп жыйып келишип, жаңы гана тамак ичип үйдөн чыгып жатышыптыр. Алар менен чогуу отуруп алып бирден стакан арак ичтик. Ошол жерден Акыл менен Марсел экөө тамекинин айынан уруша кетишти. Бул урушка чейин Марсел 2-3 жолу тамеки сураган. Акыл «сатып алып чекпейсиңби» дегенинен экөө урушту. Экөө жакалашып калганда биз ажыраттык. Анан кетели деп Акыл жана дагы бир бала болуп унаага отурдук. Унааны ылдый көздөй айдап бурулуп келе жатканда Марсел жулунуп жатканын көрдүк. Токтоп, Акыл унаадан түшүп кетти. Арадан 5-10 мүнөттөн кийин Акыл кайра келди. Анын артынан Т. келип, «Марсел эсин жоготуп жатып калыптыр» деп айтты. Ошентип Марселди унаага салып, Акылдын үйүнө барып, инисин айдатып ооруканага бардык. Ошол жактан врачтар Марселдин каза болуп калганын айтышты. Андан кийин эле милиция кызматкерлери келип, бизди РИИБге алып кетишти.

«МАРСЕЛ ЭРКЕКЧЕ СҮЙЛӨШҮҮГӨ ЧАКЫРГАН»

Күбө А.С:
– Балдар менен арак ичип отурсак, Акыл менен Марсел уруша кетишкен. 3 бала унаага түшүп кетип баратышса, Марсел жулунуп, унааны таш менен чаап жиберди. Бирок таш тийбей калды. Унаа токтоп, Акыл андан түшүп келип, Марселге «жай эле сүйлөшөлүчү. Эмне эле болуп жатасың» десе, Марсел «жүрү, эркекче сүйлөшөбүз» деп ары жакка ээрчитип кетти. 5 мүнөт өткөндөн кийин Акыл жалгыз келип «уктатып салдым» деди. Артынан Т. келип, «Марселди эмне кылгансың, эси ооп жатат» деди. Марселди унаага салып кеттик.

Кырсык каш-кабактын ортосунда. Ичимдиктин айынан канчалаган жаш өмүрлөр кыйылып, үй-бүлөлөрдүн коломтосу бузулуп жатканы өкүндүрөт. Жогорудагыдай окуялардан ар бирибиз оң жыйынтык чыгаруубуз керек.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
27.05.2019. 09:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
21-10-2019 23:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми куноону олгон марселге оодарып коюшуптурго балдары
27.05.2019. 12:10 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
01-05-2019
Соӊку аракети:
04-07-2019 12:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атын очкур АРАК! Баарын кырып жок кылмай болдуго. Вообще аракты Кыргызстан да аракты сатууга уруксат бербеш керек.
29.05.2019. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
17-10-2019 22:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын+Чуй
-1
Арак арак деп аракка шылтап коебуз.Чындыгында аракты ичкен адамдар озу куноолу.Аракты эмне бироо оздоруна куймак беле оздору каалап ичип жататда.Аракты запрет кылган кундода ичкиси келген адаи табат соссуз.Бир жылдары арака тыйу салынды элего.Анда деле жашырынып самагон жасап ичип журушподу беле.Аракка запрет кылганы менен эле ичпей калса кана.Баардык нерсе адамдын озунон
30.05.2019. 16:04 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
01-05-2019
Соӊку аракети:
04-07-2019 12:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Janum84,Ошол арак кенири тарап сатылып жаткан учун жыргап ичип жатышат да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23087;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: