Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЖАНИН ДЕГЕН АЯЛДЫН АЙТКАНДАРЫ ЖАЛГАН»

№863 16-22-май, 2019-жыл


Өткөн аптада интернет айдыңында “Кыргыз сахнасында жүргөнүмө 25 жыл болду. Айчүрөк Иманалиеванын эстрада театрында 4 жыл иштедим, үйүндө жашадым. Тамак-ашын мен жасачумун. “Эже, ырдайынчы” деп жалдырачумун. Ал жылмайып гана башын чайкап койчу, ырдатчу эмес. Үнүм жакшы болгондуктан, өзүнөн ашып кетпесин деди окшойт. Деги эле Айчүрөктүн үйүнөн укмуш азап көргөм” деген Жанин аттуу айымдын жергиликтүү маалымат булактарынын бирине берген маеги тарады. Ырчы Айчүрөк Иманалиева биздин гезит аркылуу ал айымга жооп кайтарды.

– Айчүрөк айым, учурда интернетке тараган Жанин аттуу айымдын маеги коомчулукта кызуу талкуу жаратты? Ал сиздин үйүңүздөн укмуш азап көргөм дейт. Канчалык чындыгы бар?

– Анын берген маегин өзүмдүн баракчама да бөлүштүм. Алгач Жанин деп жатышканда түшүнбөдүм. Маекти көргөндө аны тааный алган жокмун. Анан сиңдилерим “Айдаркенден келген Жамиля деген кыз” деп айтып калышты.

1993-1994-жылдар болсо керек, ал бизге “апам мени чачымдан сүйрөп сабап, үйдөн кууп чыкты, мен өлөм” деп келгени элес-булас эсимде. Эшикте жамгыр жаап жаткан. Бут кийими айрык, шөмтүрөп суу болуптур. Суукта көчөдө калбасын деп ага боорум ооруп үйгө киргизгем. Анда үйүмдө Сапар Сопубеков, сиңдилерим Назира, Нурчүрөк, күйөө балам Улан, Халида деген кыз жашачу. Ошентип үйгө түнөп калды. 2 күндөн кийин гастролго кетмекпиз. Ал “эже, мен да силер менен барайынчы, мени баары жеп жатышат, ушинткенден көрө өлүп калганым жакшы” деп жалдырап биз менен кошо Ош, Ысык-Көл, Таласка барып келген. Биз гастролдоп жүргөндө туугандардын балдары, күйөрмандар деле артисттерди жакшы көрүп жаныбызда жүрүшчү, анын бизди ээрчип жүргөнүн этибарга деле алган эмеспиз. Өз апасын жамандап келген кыз менен иштешүү, жумуш берүү менин оюма да келген эмес.

Ал учурда уулум Арген 5-6 жашта эле. Калпты айтарда да эсептеп алса болмок. 40тан өтүп эле калган аял ушуну кантип айтты? 5 жашар бала чоң эле аялга кантип кордук көрсөтөт? Кичинекей бала эркелейт, ызы-чуу салып ойнойт. “Айчүрөк менен баласынан кордук көрдүм” дегени атайын бирөөнүн буюртмасы менен жасалган нерсе. Андан бери 23-24 жыл өтүптүр. Азап көргүдөй мен муну тушап койгон жокмун. Же болбосо ырдатпай тилин сууруп алып, кишендеп байлап же бир жерге кагып коюптурмунбу? Ал буюм эмес да, ал адам, каалаганын кылса болот. 24 жылдан кийин Кудайдын улуу күндөрүндө, Орозо айында “Айчүрөк азап көрсөттү” деп кандай адам күнөө коёт? Ушундай адамдарды колдонуп айрымдар өз кызыкчылыктарын ишке ашырып жатканы өтө аянычтуу. Мындай нерсе баары бир жакшылык менен бүтпөйт.

– Ал сиздин үйүңүздө төрт жыл жашап, үй жумуштарыңызды кылчу беле?

– Менин үйүмдө 4 жыл жашаган эмес. Үй жумуштарымды кылгыдай гектарлап жер айдап, картошка чаптырды дейсиңерби, үч бөлмөлүү эле үйдө жашачубуз. Ал кылгыдай деле жумуш жок болчу. Ал учурдун артисттери жаңыдан бутубузга туруп, концерттен түшкөн каражат менен жашачубуз. "Үй оокаттарынын баарын мен кылчумун" дегени калп. Анткени үйүмдө мага жардам бере турган сиңдилерим бар болчу. Алар үйдү өздөрү жыйнап, тамакты өздөрү эле жасачу. Бул кыз үйдө жүргөндө өзүнүн жеген тамагынын чынысын жууп, камыр жууруса жууруп койгон чыгар. Эми кыз киши бирөөнүн үйүнө келип жатып алганы өзүнө деле уят го.

– “Мени өзүнөн ашып кетпесин деп ырдатпай койду” деп жатат. Бул сөзүнө кандай пикирдесиз?

– Анда жылдызым жанып Америка, Польша, Түркия, Украинага чоң-чоң эл аралык сынактарга барып, Кыргыз жеринде концерттерим аншлагдар менен өтүп жүргөн кезим болчу. Кээ бир жерлерде 3 сеанстан концерт койчубуз. Ал кезде менин концерттик тобум түптөлүп калган. Мен мындай аялга муктаж эмес болчумун.

“25 жыл сахнада” деп маек берүүнүн өзү бул аял үчүн уят. Анткени өмүрүн сахнага, маданиятка арнаган белгилүү өнөр адамдары да “25-30 жыл сахнадамын” деп айткандан уялышарын байкайм. Минтип айткандан өзүм деле тартынам.

Ырдабайсың деп башымды чайкап койсом, демек, аны элге чыгарыштын кажети жок болчу. Кудайдан мага келген кыздардын баарын жылдыз кылып чыгарыш керек деген мөөр алган эмесмин да. Мен кадимкидей эле ырчымын. Өзүнүн айтуусу боюнча, Гүлшайыр эжеде, “Биз” тобунда иштептир. Эмнеге ал жактан чыкпайт? Кыргызстанды мен тейлеп, баары менин колумда беле, өзү чыга берсе болмок. Буга эч ким бөгөт болгон жок. Мен аны бир жактан ырдатам деп алып келген эмесмин. Азыр дагы видеону өчүрттүм деп менден кечирим сурап жатат. Менин иштериме бул нерселер аябай тоскоол болууда. Кечирим сураарыңды билген соң кичине алды-артыңды карап сүйлөш керек. Кудай узун өмүр берсин. Атын чыгаргысы келсе мени каралап, жамандабай эле чыга берсе болмок. Жакшылыктын эрте-кечи жок, өзүн-өзү мактагандай укмуш үндүү ырчы болсо, кыргыз эли жакшы көрүп кабыл алса, ага ак жол каалайм.

Өзүм аябай ак көңүлмүн, кайра эле жардам бергим келе берет. Бирөө мага кичине жардам кылса, мен ага эки эселеп берем. Жөн эле курулай интриганын эмне кереги бар? Колу-буту жок мунжулар деле алдыга умтулуп жакшы нерселерди жаратып жатат. Андыктан адам кааласа өзү баарын жасай алат. Бирөөнү күнөөлөө – аңкоо адамдын аракети.

– Ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, тынбай эле эмгек үстүндө жүрөсүз. Чыгармачылыгыңызда дагы кандай жаңылыктар бар?

– Быйыл күчүмдү чыгармачылыгыма жумшайын деп жатам. Азыр беш ыр жаздык. Ошол беш ырдын үстүндө иштеп, клиптерди тарттырып жатабыз. Жакында обончу Рамис Алиевдин “Асыл жарым” аттуу чыгармасына тартылган жаңы клибим даяр болот. Андан сырткары быйыл Болгарияга сынакка барганы жатабыз. Мүмкүн, бул жаңылык деле эместир. Анткени жыл сайын жок дегенде эки өлкөгө барып дайыма эл аралык сынактарга катышып алдыңкы орундар, байгелер менен кайтып келип жатабыз.

– Жолдошуңуз сизге карата каралоо жүргөндө кандай колдоо көрсөтөт?

– Таалай интеллигент адамдардын үй-бүлөсүндө тарбияланган. Орус мүнөз болгондуктан мындай жагдайларда “көңүл бурбай эле койчу” деген кеңешин берет. Анткени менин ак экенимди, жөн жерден каралап жатышканын үй-бүлөм, жанымда жүргөн жоро-жолдошторум жакшы билет.

Калптын өмүрү кыска болот. Жашоодо өзүң ийгилик жарата албай калсаң, башка адамдарды күнөөлөштүн кереги жок. Сен үчүн башка адам эч нерсеге милдеттүү эмес. Эң негизгиси, элдин алдында, үй-бүлөмдүн алдында менин жүзүм жарык. Кандай учур болбосун мени эл ар дайым колдоп келет, ошондуктан мен бактылуумун. Мен элим менен, элдин мага кылган жакшы мамилеси, урмат-сыйы, элге кылган эмгегим менен сыймыктанып отурган учурум.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Динара Акимова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(55)
20.05.2019. 11:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
05-01-2015
Соӊку аракети:
20-09-2019 16:09
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айчурок туптуура айткан, чыга алса уну бир укмуш болсо чыкмак да,эмнеге Айчурок кунолуу озундогу мумкунчулукко. Негизи Айчурок адамгерчиликтуу экендигин мындан билсек болот, бироонун балдарын багып, аларды деле багуу чоон туйшук жаратат. Андан дагы ошол багылмаларынын жакшылыгын корбосо дагы жок дегенде жамандыктарын корбой тынч жашаса болот эле. Айчурок дайыма позитивдуу жургон, анча-мынчалардан бардык жагынан таза жургон кыз деп угуп журобуз.
Sayragul түзөттү 2019-05-20 11:47:53
20.05.2019. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
23-09-2019 16:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+11
Жанин эже куйоомдон машина алып калган 4мин же 5мин так эсимде жок бербей койгон. Чалып сураса мен ырчымын бир кун берем деген андан бери 5-6жыл отту. бербей унутуп калды. ал озу алдамчы аял. Айчурок эже ага боору ооруса, боорго тээп жатат.
20.05.2019. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
22-09-2019 18:35
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнеге шакирттери сыйлабайт?!Жумшак муноз болгон учун каалагандай жамандашат го.. «.Тубуно жетем»-денег мамиле керек го...Сериалдап айтышып отурбай...
20.05.2019. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
01-02-2019
Соӊку аракети:
03-06-2019 10:59
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айчурок эже сиз мыктысыз ар дайым алдыга умтула берин
20.05.2019. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
17-05-2012
Соӊку аракети:
17-06-2019 14:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
каракоо
+13
Ай, ушул жакшылыгын коруп, тузун татып алып кайра тукургон айбандардан да томон сунор.Анжеликанын дагы былыгы бар го, инстада жазып атышат го, Жаниндин артында Ушул турат, баракчасындагы комментерди атайын Орозо демиш болуп очургон деп. Менимче Атайылап эле Айчурокту каралоо журуп атат.
21.05.2019. 20:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
19-07-2019 01:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
+2
istina,
Эмнеге Айчурок чыкса Эле Анжелика кошо березинер, Жанинасы озун жылдыз сезген учун элдин акчасын бербей журот да эми келип Айчуроктон акча сындырайын деп атса керек да
20.05.2019. 13:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
494
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айчурок озун маданиятуумун ,аны муну куйоом интелигент деп эле сайрап журот кай жерде болсо дагы. Ошончо эле маданияттуу болсо,Жаниндин айтканы калп,аны Кудайга койдум депеле койсо болмок. Базардагы ушакчы эжелерден отуп кетет коп учурда.
20.05.2019. 14:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
23-09-2019 15:42
Жынысы:
Белгисиз
+8
Билбейм кимисине ишенишини деле. Мындай да азап, кордук коргучо журо бериптирби, кетип калса болбойт бекен эле деген ой пайда болду да. Бироонун уйундо жашап аткандан кийин тамак жасап коюш кыйын деле иш эмеско. Анан билбейм дагы, чогуу жашабагандан кийин бироону бир демке деп айтыш деле кыйын.
20.05.2019. 14:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
29-11-2010
Соӊку аракети:
23-09-2019 16:25
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айчуроктун оордунда болсом, ача-пача деп айтышпай, за моральный ущерб деп туруп соттошуп акча ондурмокмун, жакшы адвокат таап туруп. Акчаны деле кыйратып толоп бермек эмес албетте, бирок кичине эсине келип калмак, сотко бир, эки ирээт чакырылып, суралып, калса. Айчурок озу эле чёрный пиар каалап жатат. Бул жылы Анжелика экоо чырдашпай калып, скучно болуп калды окшойт.
PeRa түзөттү 2019-05-20 14:46:46
20.05.2019. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
494
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми мен Жанинге деле тартпайм,Айчурок ушу Американы айтпай эле койсо. Америкалыктар Айчурок эмес кыргызстан кай жерде экенин бтлтшпейт. Ал жакта буга окшогон ырчылар ар бир кварталда бир вагон. Европада дагы мындай ырларды угушпайт. Мен ал жака баргам,ошон учун айтып атаи
20.05.2019. 20:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 19:29
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,туура, негизи озу скандальная женщина окшойт, менин куоом мененда урушкан экен когда то, анжелика эко уршуп жургондо фасебуктан корсотсом куоомо мен да урушкам бул аял менен дейт)))
20.05.2019. 18:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
18-02-2015
Соӊку аракети:
23-09-2019 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+6
Жанин озу да соо аял эместей го. Уч жолу эрге тийиптир,учоонон уч бала тороптур.Азыр акыркы эринен да ажырашкан. Эгер жакшы болсо хотябы бироосу менен бактылуу жашамак да. Билбейм Айчурок эжеде да бар да андай экен алып журбой кетирип жибербейби?Уйун ишин кылып балдарын караган учун алып жургон да... Айчурок эже ичи таар аял окшойт баарын эле жамандайт канча ырчы менен урушту баары эле жаман бул же аппак болуп чыга келет тобо...
20.05.2019. 18:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
23-09-2019 19:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнеге баарынын ыргыткан ташы бир точкага келе берет?
20.05.2019. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
23-09-2019 21:30
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул суйлошулгон эле кара пиар тигил кыз Айчуроктон кечирим сурайт анан Айчурок аппак болуп чыга келет.Айчурок кара пиярсыз жашай албайт байкасан ар эки жылда бироо менен чырдашып турат.Такыр айласы кеткенде Анжеликага кайра асылат кичине убакыт откоруп.))
20.05.2019. 19:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
16-06-2013
Соӊку аракети:
17-06-2019 19:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанин дегенди тааныбайт да экенмин. Озун таанытыш учун жасаган пиар деп тушундум, болбосо суу ичкен кудугуна тукурбо, бир жолу туногон жерине мин жолу салам айт демекчи уйундо жашап, тузун татыган адамды жамандаганы эч туура эмес. Кыялы кандай билбейбиз, бирок Айчурок Иманалиева деген кыргыз эстрада жылдызы.
21.05.2019. 10:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
09-02-2016
Соӊку аракети:
03-06-2019 14:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл кыйналып музыка жакпай турган оор мезгилде Айчурок эстрада жылдызы боло алды. Азыр андан кыйын ырчылар бар бирок ошол мезгилде Айчурок алдынкы сапка чыккан. Мен Жанин дегенди тааныбайт экем бирок Айчуроктон жакшы ырдаса эмнеге жеке ырчы болуп эле жылдыз болуп кетпеди. Айчурок майда соз болушу мумкун бирок ырдагандан Жанин богуна да тен келбейт
21.05.2019. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
389
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
22-09-2019 08:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
+2
Айчурокко атака тээ илгери куйоосу экоо жон жерден сабалганда эле башталган...
21.05.2019. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
494
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
-2
Маданияттуу Айчурок менен Жаниндин ызычуусу примадоннанардын инстадагы баракчасында да тиркелген. Мени бул ызы чуу танкалдырган жок. Анткени Иманалиева кыргыз элин кондуруп бутту уже,жылына эки жолу гезит бетине чыгат бир проблема баштап . Мени тан калдырганы Айчуроктун элге берген жообу,орусча жооп бергенге аракет кылыптыр "приутил","отблогородил","ид на "деп да послать этип коюптур бироону. Анан заслуженная артистка республики деген наамды алып жургон айым ушинти
21.05.2019. 12:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
494
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+2
katerina.li,анан мен ай эже приутил эмес приютил,отблогородил эмес отблагодарил деп жазылат. Уятко заслуженная артистка болуп"иди на "деп жазганыныз десем шыр кара тизмеге киргизиптир
21.05.2019. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
27-01-2014
Соӊку аракети:
18-09-2019 01:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ала-Тоо
+3
Айчүрөк эжеге ишине ийгилик! Дем күч кубат каалайм! Бирок ак көңүл адам катары мен да көп жабыркайм. Жакшылыктан жамандык таап алмайым бар.
Бирок, мен эч качан өзүмдү актап элдин баарына абийрин аштай кетирбейм! Жөн гана ИЙГИЛИК каалоо менен бирге жашоомдон сызып, эч нерсе болбогондой өчүрүп тыштайм. Албетте, бул ар бир адам үчүн оор. Чыныгы күчтүү адамдар гана КЕЧИРИМДҮҮ болуу менен абийрин ачпайт. Алсыздар актаныш үчүн болгон абийрин ачат. Ошондо сиз кимсиз?
21.05.2019. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
494
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
myrzayym,не делай добра,не получишь и зла деген соз бар орустарда
21.05.2019. 13:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
466
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 13:28
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул Айчурокту эл унутуп калбасын деген ойдо чыгарылган кара пиар.Айчурок эже,уят да эми сапсайып корунгон мн акыйлашканыныз..Мен учун адамдар менен урушуу уят нерсе деп билем.Интеллигент адамдын аялы болсонуз ошого ылайык журбойсузбу!,,Кызыл гул"деген ыр менен эле популярдуу болгонсуз же ,,Роза гулу".Балким чын эле жакшы аял затысыз,жакшылык башка адамдар аркылуу келет,эч ким аны кайтарбайт.Сабыр тилейм,эр ортону 50 жашка чыгайын деп калсаныз керек,улгу болунуз жаштарга.Уят!
21.05.2019. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
494
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Skarlett-Skarlett,50 дон ашканы качан
21.05.2019. 20:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2019 20:08
Жынысы:
Белгисиз
0
каарыса деле ушул аялдын ызычуусу басылбады,улуу кичуу дебей эле ызылдап ушак кууп жатып калат экен тообо...
22.05.2019. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 11:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Мал арыгын сактасан оозунду майлайт, адам арыгын сактасан тобонду кандайт деген соз бар го... Айчурок айым ак конулдун аты арыбайт болупсуз да, боор ооруган адамдардын баары боорунузга тээп ашынызды ичип, кадырынызга чычып кетишиптир... Тузунузга коюнуз да билбестерди...
22.05.2019. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
18-04-2019
Соӊку аракети:
23-09-2019 10:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ак конулдуктун арты ушундай болот, эмне эле Анжеликага жан тартасынар, же Айчуроктун арты менен, эмгеги менен ушул мезгилге чейин нан таап жургону калппы, Айчурок корсоткон жолду, Анжелика акылдуулук кылып ондоп тузоп кетти, бирок Айчуроктун эмгегинин пайдасы! Биз деле мугалимден уйрондукго жазууну окууну, ошондой эле кеп!
22.05.2019. 14:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
494
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Ziregim,айчурок эмне жол корсотуп жургонун коруп уктук ко четин. Жакшы деле жол коргозбоптур
22.05.2019. 14:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
28-01-2014
Соӊку аракети:
02-09-2019 11:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Аздыр коптур маданиятка синген эмгеги бар Айчуроктун. Канча жылдан бери сахнада журот.Улуу муундар жакшы билет Айчуроктун убагында концерттери укмуш отчу. Ошол эле Анжеликага сахна турмушун коргозуп, жол ачып бербесе кудай билет эле Анжелика ким болуп кайда журорун. Эмгекти дагы сыйлаш керек. Анан эле орто жолдон бир аял чыга калып (при чем с подозрительной внешностью) бирдемени айтса ишене калгандарга тан калам.
22.05.2019. 15:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
23-09-2019 11:28
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми араларында айтышуу дарс дурс болгондур бирок, анан Жанин айымды чыгарбай камап ырдатпай салганына такыр ишенбейм озунун жалкоолуугуго дейм. Азыр адамдар ушундай эле болуп калган жалыдарап сууга тушкон чычкандай болуп келишетда жардам берип чункурдан чыгарып койсон ыйлдыйга озуно карап тукурот.
23.05.2019. 04:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
03-04-2013
Соӊку аракети:
19-09-2019 23:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-1
Бул жерде Айчурок менен Анжеликанын адамдары окшойт биринин созуно лайк экинчисине дизлайк коюшуп эле))) тообо дегиле тообо, орозодо ушинтип айтышканынар болбойт
23.05.2019. 23:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
14-07-2016
Соӊку аракети:
29-07-2019 13:01
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айчуроктун денгелине жетип алгыла озунорчо кечеги чыккан через компьютер ун жасап ырдагандарга фанат болуп кайданда билесинер таза ундуу ырчыларды.
24.05.2019. 00:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
04-06-2009
Соӊку аракети:
24-05-2019 00:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш Айчурок,Анжеликанын тырмагында калдыго.Анжелика эчен иштерди жасап койду,кыйыын Анжелика.Басмырлап ажыратып тындынар.Кудай баар баарыбызга.
24.05.2019. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
23-09-2019 21:33
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айчурок эже мындайларга тенелбениз биз сизди колдойбуз. Анжеликага окшоп сиздин артыныздан соз эрчибей эледа Ж...п. деген атка конгонго Аны любой эркек каалайт
25.05.2019. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-01-2018
Соӊку аракети:
14-08-2019 03:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жани Айчурок эжени жамандап чыккандыгы учун гана баары кызгып корушсо керек,болбосо аны эч ким таанычу эмес
26.05.2019. 13:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
494
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-09-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок мене Гульшайырдын бироону жамандагандары окшошуп кетет. Тимеле акир чикирине чейин айтып салышат бироону жамандашса
27.05.2019. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
12-06-2019 19:07
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанин (Жамилиянын) таптакыр бети жок экен.ун деген жок стиль эмне экенин билбейт качан корбойун былчыйып ачыбаган камырдай болуп жургонун коросун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22935;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: