Архив
897   898   899  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Жандат Жаманбаева, Мукамбет Токтобаевдин жубайы: «МУКЕМ МЕНЕН ЧАЙЛАШЫП ОТУРГАНГА ЗАРМЫН»

№860 25-апрель - 1-май, 2019-жыл


Кыргыз Республикасынын Эл артисти актёр Мукамбет Токтобаев мындан 4 жыл мурун 68 жашында автоунаа сүзүп каза тапкан. Аны 46 жыл чогуу жашаган жубайы, актриса Жандат Жаманбаева эскерип, эл билбеген сырларын айтып берди. “Карыганда жалгыз калган жаман экен” деген Жандат апа агайдын буга чейин айтылбай жүргөн түйшүктүү балалыгы, үй-бүлөлүү болуп туруп ага үйлөнгөнүн ачыктады.

“ҮЙ-БҮЛӨСҮ БАР ЭЛЕ”

– Мен 1967-жылы 10-классты Чүй районунун Алчалуу орто мектебинен бүтүргөм. Таенемдин колдоосу менен Орусиядагы театралдык искусство институтуна (ГИТИС) тапшырып, ошол жактан билим алдым. Жолдошум Мукамбет Токтобаев да мени менен бирге институтта окуп, ошол жактан мамилебиз башталган.

Биринчи жолу Мукамбетти окууга баратканда поездден көрдүм. Тоголок, эки бети кызыл болгон бала вагондо мандаш токунуп отуруп, комузду колунан түшүрбөй какылдап ырдап барган. Жанымдагылардан анын үй-бүлөлүү, баласы бар экенин угуп, көңүл бөлгөн эмесмин.

“АТА-ЭНЕСИ БАР ТУРУП ЖЕТИМ КАЛГАН”

– Мукем көп сүйлөбөгөн, батымы жок адам эле. Көрсө, анын бала кездеги тагдыры оор болуп, ата-энеси бар туруп жетимчилик турмушту көрүптүр. Өгөй атасына батпай же өгөй энеге жакпай таякелеринин колунда чоңойгонун айтчу. Балалык күндөрүн эскерип отуруп кээде ыйлап калчу, ал ыйласа ага кошулуп мен да ыйлайт элем.

Мукем эки окуяны көп айтчу. Бирөөсү, таятасы тигип берген бут кийими жөнүндө. Таятасы өгүздүн терисинен бут кийим ултарып, тигип берген экен. Ал жаанга тийгенде мурду кайкалап, экинчи жылы тар болуп калат. Кайра тигип бер деп айта албай, тар бут кийим менен жүрө берчү тура. Ошондон улам бутунун бармактары бүгүлүп турчу.

Дагы бир окуясы, мектепке балдар нан көтөрүп барып жешчү экен. Элдин балдарындай нан алам десе таенеси тандырга жапканда куюлуп түшкөн же күйгөн нандарды берип койчу экен. "Анда күйүк же күл болгон нан жеп жатам деп деле ойлочу эмесмин" дечү. Бир жолу балдар кырка болуп мектептин маңдайында тизилип нан жеп жатышыптыр. Таятасы ат менен келатып аларды көрүп, “танаписке чыктыңарбы?” деп гана кетип калат. Мукамбет сабактан үйүнө келсе таенеси төшөктө жатыптыр. Көрсө, таятасы “баладан бир сындырым наныңды аяйсың” деп укуругу менен кемпирин сабаган тура. Андан кийин мектепке жакшы нанды берип, күйгөн нандарды үйдө жеп калгам деп эскерчү. Мына ошол нерселердин таасириненби, жолдошум төгүлүп-чачылып сүйлөбөгөн адам болуп өсүп калса керек.

“АЛГАЧ КЕЛИНЧЕГИ, АНАН МЕН ТӨРӨДҮМ”

– Мукем алгач мага сөз айтып калганда мен бой кишимин, сенин үй-бүлөң бар, балаңдын убалына калгым келбейт деп жүрдүм. “Мен жалгыз уулдун жалгыз баласымын. 19 жашымда атам аял ал деп, тааныш кызга үйлөнткөн. Анда сүйүү эмне экенин түшүнбөй үйлөнүп алыптырмын. Ал үчүн мени күнөөлөбө. Сени менен жашаймынбы, башка мененби, баары бир аны менен ажырашам” деп туруп алды. Ал кезде ортосунда бир уулу бар болчу. Ошентип сүйүүгө баш ийип, 1969-жылы баш коштук.

Келинчеги ошол учурда жаман абалда болчу, аны сезип эле турдум. Ким эле уруш-чатагы жок басып кеткиси келсин, ортодо баласы турса анын деле ажырашкысы келген жок. Бирок каникулдарда Мукем ага барып турчу, мен эч нерсе дей алган эмесмин. Анткени ал мыйзамдуу жубайы болчу.

Көп өтпөй келинчеги экинчи ирет уул төрөдү. Андан 11 айдан кийин мен уулдуу болдум. Жолдошум жалгыз болгонуна кейип, бир туугандарым болсо деп аттиң кылар эле. Кийинчерээк балдарыбыз төрөлүп, очор-бачар болгондо "биз экөөлөп сени көбөйтүп жатабыз" деп тамашалап калчумун.

Расмий түрдө биринчи жубайы менен ажырашканда эки уулун биз колубузга алдык. Улуусу кайната-кайненемдин колунда чоңойду, экинчиси Даниэль атасынын жолун жолдоду. Аны мен 3 жарым жашынан баккам. Өз уулумду эки айында таенесине берип, окууга кеткен элем. Даниэль келгенде эмчегимди кармалап эме берчү, ошондо кадимкидей сүт чыгып, эмизип жүрдүм.
Ошентип Даниэлди өзүбүз үйлөнтүп-жайланттык. Ал Ленинграддагы театралдык окуу жайды бүтүрүп, Арсен Өмүралиев атындагы Жаштар театрында иштеп жүргөндө, 25 жашында каза болуп калды. Уулу каза болгондо Мукем аябай сынган.

“МЕН ДЕЛЕ АЯЛДЫК КЫЛЫП АНЫ ТЕСКЕСЕМ АЖЫРАШЫП КЕТМЕКПИЗ”

– Мукамбет эркекчилик, тентектик кылбай койгон жок. Ичти, жүрдү, турду. Ал ар бир эркек кыла турган иш. Ошондой болсо да биз бири-бирибизди түшүнүп, кечиришип жашадык. Биздин үй-бүлө ошон үчүн сакталды деп ойлойм. Мен деле жеңилдик кылып, аялдык кылып тигини карап койдуң, муну менен жүрүп кеттиң деп тескесем ажырашып кетмекпиз. Аны өтө жакшы көргөнүм үчүн баарына чыдадым. Анан да намыстанчумун, “ошентип үйлөнүп, анан ажырашып кетти” деген сөздөн коркчумун. Экөөбүз баш кошуп, мен кош бойлуу кезимде апама биринчи жолу келгенбиз. Ошондо апам “балам, өзүң билип иш кылдың, кийин өкүнүп мага даттанып келбегин, көз жашыңды көрбөйүн” деди. Мукеме болсо “бактылуу болушуңарды гана каалайм. Акылдуу болгула” деп ашыкча сөз да айткан жок. Апамдын ошол сөзү өмүр бою жүрөгүмдө калды.

Жолдошум менен 46 жыл бактылуу жашадык. Анын элде жок эмгекчилдигин, чынчылдыгын, айткан сөзүн так аткарган сапаттарын баалачумун. Анан да ал жасалмалуулукту жаман көрчү. Театрда жасалма ойногондорду көрсө кадимкидей кызаңдап "буларды эл атайын тыйын төлөп көрүп жаткандан кийин көрүүчүлөрдү сыйлап коюшпайбы" деп капаланып кетчү.

Мукем сыйдын үстүндө кетти. “Төгүлгөн аяк толбойт, толсо да ордундай болбойт” демекчи, театр талантсыз болбойт, жаштар өсүп келе жатат. Бирок булардын орду толбой калды. Мукем, Дүйшөн Байдөбөтов, жаш болсо да Марат Козукеев кайтыш болду, Замир Сооронбаев көзү тирүү болсо да сахнага чыга албай калды. Бара-бара театрдын оор жүгүн көтөргөн аксакалдардын саны суюлуп баратат.

“КАРЫГАНДА ЖАЛГЫЗ КАЛГАН ЖАМАН ЭКЕН”

– Мукамбетти унаасы менен сүзгөн бала деле атайын кылган жок. Бул Кудайдын иши. Түгөйүмдөн ажырап, жерге берип жоктоп отуруп калганда баланын ата-энеси үйдү айланчыктап кетпей коюшту. Сүйлөшөлү деп ортого адам салышты. "Сүйлөшкөндө эмне, мен баарына макулмун, Мукемди тирилтип бергиле. Силердин балаңар тирүү, “жер караганча жол караган жакшы” дейт кыргызда. Жол карап турсаңар, уулуңар 5-10 жылда келип калат" деп айттым. Ата-эне бала үчүн баарына барат экен да, ботодой боздоп үйдөн кетпей туруп алышты. Миң кааласаң да өлгөн адамды кайтарып ала албайт экенсиң. Ошондуктан тосмо арыз жазып, баланы бошотуп бердик.

Тагдырым ушундай болуп калса да, Мукеме жолукканыма ыраазымын. Экөөлөп көбөйтүп жатып жолдошум экөөбүз 4 эркек,
1 кыз, 13 небере, 5 чөбөрө, 3 жээн неберелүү болдук. Бирок канчалык бала көп болбосун, ар биринин өз үйү, тиричилиги бар экен. Карыганда жалгыз калган жаман экенин башыма келгенде түшүнүп жатам. Кыргыздар “отуз уулуң болгончо осурак чалың болгон жакшы” деп бекеринен айтпайт тура. Азыр мен Мукем менен чайлашып, сүйлөшүп отурганга зармын.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
29.04.2019. 09:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
28-01-2020 11:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Biwkek
+3
Аттиң таланттуу мыкты актер эле жаткан жери жайлуу болсун.
29.04.2019. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
398
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аттин арман жанындагы жаркылдаган тугойундон бир заматта ажырап колдон алдырып бул жалган дуйнодо экинчи жоолукпасынды,караанын коруп унун укпасынды билгенде жанынды коерго жер таппайсын. Ыйлагандан башка колунан эч нерсе келбейт алсызсын. Биз каалагандай болсо кана АЛЛА каалагандай болот экенго,баш ийбеске,конбоско арган амалын жок экен. Мен дагы чогуу чай ичип сырдашып отурган кунго кусамын. Келин алып небере жыттап чон ата болууга акын бар эле ал кунго аз калганда кетебердин. Элим аман болсун
29.04.2019. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
29-01-2020 00:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч бир жасалмасы жок роль жараткан актёрлордун бири Советбек Джумадулов болсо бири мукамбет токтобаев. Дагы коп ийгилик жаратса болмок!
29.04.2019. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
318
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
28-01-2020 19:03
Жынысы:
Белгисиз
+5
Даниэль деген баласы Гулнур Сатылганованын куйоосу да.Асынып алган дешет го.
30.04.2019. 09:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
28-01-2020 20:35
Жынысы:
Белгисиз
0
mela,койчу ошондо булар Гүлнурдун кайнене кайнатасы болобу
30.04.2019. 10:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
29-01-2020 00:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Paprikafm,ооба ошондой, Мукамбет Токтобаевдин келини болгон
30.04.2019. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
318
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
28-01-2020 19:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
Paprikafm, айта турчу коп созум бар,бирок айта албайм деди Эле бир жолу. Уулунун олумуно келини куноолуу го....
05.05.2019. 01:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
29-01-2020 00:25
Жынысы:
Белгисиз
0
mela,ал узак ангеме
30.04.2019. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
28-01-2020 19:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Paprikafm,ооба. Даниель Барскоонго коюлган. Барскоондук болушат
29.04.2019. 19:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
384
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
28-01-2020 16:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул кишинин кинодогу цитаталарын жашоомдо көп колдоном. Алардын бири еще корочее. Жаткан жери жайлуу болсун. Мыкты актёр эле
01.05.2019. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-08-2011
Соӊку аракети:
28-10-2019 17:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+3
46 жыл бирге жашаганы жакшы экен,азыркы жаштарды жаман,жашоону билбейт,ажырашат дей беришет,бирок мурдакылардын копчулугу эле экинчи турмуш,уй булосу бар туруп уйлонуп алган ,аталаш бир тууган,энелеш бир тууган ж.б.ушундай тагдырларды коп угам,коруп эле журом,демек мурункуларда да ажырашуу коп эле болгондой.Окунучтуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23533;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: