Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Нурлан Насип, ырчы: «КЫЗЫМДЫН КИНДИГИН ӨЗҮМ КЕСТИМ»№857 4-10-апрель, 2019-жыл
– Рахмат, кубанычка мас болуп эле жүрөм. Тогузунчу ай болуп, өзүбүз деле “мына, бүгүн-эртең төрөйт” деп күтүп жатканбыз. Асел тойдун эртеси эле саат 11лерде “ичим” деп калды. Дароо эле төрөтканага жеткирдик. Кечки саат тогуздарда кызым төрөлдү. Мен жанында болдум. Ичине кирген жокмун, коридордо басып жүрдүм. Аселдин кыйналып жатканын угуп аябай жаман болдум. Аял кишинин ушунчалык кыйналып жатканын сезгенден кийин ого бетер баалап калат экенсиң. Бала төрөлгөндө ыйлайт го, ошону угуп алып кошо ыйлагым келип кетти (күлүп). Эгерде мындан жаш кезимде ата болсом, андай эмоциялар деле болбосо керек эле. Отузга келип калганда ата болуунун ырахатын, кадырын сезип калат экенсиң. – Аселдин эле көкүрөгүнө жаткырышты. Бирок дарыгерлер “киндигин өзүң кессең сага окшош болот” деп киндигин мага кестиришти. Кызымдын киндигин кесип, колума алдым. Эми ал эмоцияларымды түшүндүрүп айта албайм, ар бир ата аны өз жон териси менен сезсин дейт элем. Кичине бала өзгөрө берет дешет го, бирок азыр карасам биз тарапка окшош экен. Асел “мага эч бир жери окшобойт экен” деп айтып жаткан. Кыз киши атасы жакты тартат дешет экен го. – Салт боюнча чоң ата-чоң энеси коюшу керек экен. Бул укукту биз эбак эле бергенбиз. Алар тандап берген 4-5 аттын ичинен баарыбыз ушуга токтолдук. Дария – жеңүүчү деген маанини билдирет экен. Мусулманча да жакшы маанини билдирет. Кыргызча болсо өмүрү дарыядай узун, ыйманы дарыядай таза кыз болсун деп ушул атты тандадык. – Салт боюнча төрөгөндөн кийин “бели катысын” деп апасынын үйүндө болушу керек экен. Төрөттөн бир аз кыйналып калды, өзүнө келгенче деп кайненемдин үйүнө чыгарып барганбыз. Азыр ошол жакта, бошосом эле жандарына барам, кээде видео байланыш аркылуу кабар алып жатам. Сөзүбүз эле кызыбыз болуп калды. – Мурун эле балалуу болбой эмне кылып жүрдүк деген ой келди (күлүп). Буга чейин Асел экөөбүз болсок, эми үчүнчү жакын адам кошулду, бул биздин байланышыбызды дагы да бекемдеди. “Кичинекей үшүп калбасын, бир нерсе болуп кетпесин” деген кооптонуу болот экен. Төрөлгөндө эле анын келечегин ойлоно баштайт экенсиң. Кызыма кандай тарбия, кандай билим берүү керек, келечегин кандай куруп бериш керек деген таттуу ойлор башталат экен. Балалуу болгондон кийин жашоонун кызыктуу, таттуу экенин сезет экенсиң. Менимче, кызыктуу жашообуз эми чындап башталды окшойт (күлүп). Ата-энемдин неберелери көп, бирок биздин кызыбыз аларга баарынан ширин болсо керек. Кайненемдин биринчи небереси, ал аябай кубанып толкунданып жүрөт. Кызыбыз боюнда болгондо Асел да өзгөрдү. Мурункудан да жумшак, боорукер, мээримдүү болуп калды. – Асел экөөбүз сүйүшүп баш коштук да, эч кайда өтүп кетпейт, өзгөрбөйт деп ойлойм. Балага болгон сүйүү башка, ата-энеге болгон сүйүү башка, аялга болгон сүйүү башка да. Бирине-бирин жолтоо кылбай сүйсө болот. Баланы мага төрөп берип, багып жаткан келинчегимди ого бетер баалап сыйлап калам го деп ойлойм. – Иштеп жатабыз, ырлар жазылып, клиптер тартылып жатат, Асел кош бойлуу болуп гастролго барбай калды, өзүм гастролдоп келдим. Үй-бүлө кургандан кийин бир аз алаксуу болушу мүмкүн. Эми кичинекейди аман-эсен чоңойтуп алсак, билекти түрүп чыгармачылыкка киришебиз деп турабыз. – Күйөрмандар өзүмчүл келишет. Жакшы көргөн ырчысын менчиктеп алат. Өзүбүзгө келсек, Асел экөөбүздө тең күйөрмандарды жоготуп алуу коркунучу бар болчу. Бирок бул үчүн баш кошпой коймок белек. Тескерисинче, биздин күйөрмандарыбыз биригип кетти окшойт. – Мурун бул тууралуу ойлончу деле эмесмин, турмуш кургандан кийин көп нерсени элге алып чыкпоо керек деп абайлап калдым. Анткени элдин көзү-сөзү деген бар. Көп учурда үй-бүлө тууралуу интервью бергенден да сактанып калдым. Бир чети азыр замандын талабы болуп калбадыбы, замандын агымынан чыгып кайда бармак элек. – Кызым, сени биринчи колума алганда “бул жарыкка кош келдиң” деп айттым. Сенин жашооңдо таттуу күндөрүң көп болсо экен деп тиледим. Ыймандуу, билимдүү кыз болсоң экен. Апаңдын назиктигин, сулуулугун алсаң, менден эмгекчилдигимди алсаң жакшы болсо керек. Эң негизгиси сага жакшы тарбия, сүйүү бергенге аракет кылабыз. "Кызымды биринчи колума алганда “бул жарыкка кош келдиң” деп айттым".
Нуржамал Жийдебаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(16)
vikidiki
![]()
08.04.2019. 09:36
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
217
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
19-01-2021 21:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7
Омуру узун, бактылуу кыздардан болсун Дария!
hello.kg
![]()
08.04.2019. 09:53
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
12-06-2015
Соӊку аракети:
27-10-2020 22:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу кыздардан болсун Дария.
Merelisha
![]()
08.04.2019. 10:56
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
29-07-2017
Соӊку аракети:
19-11-2020 14:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош&Жалал-Абад
+10
Эркекткр Нурландан улгу алгыла;). Молодец, молодецсинер. Эркек аялды ушинтип турса назик сулуу болосунда конечно.
Begimay.emir1
![]()
08.04.2019. 11:59
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
23-04-2016
Соӊку аракети:
30-09-2020 18:55
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нурлан чынында озгоруптур. Молодец ✊
Jazu90
![]()
08.04.2019. 14:16
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
22-10-2020 02:01
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы интервью болуптур. Нурлан өзү жасалма эмес ичи таза бала. Өмүрлүү болсун кызыңар.
saidullaevajazgul
![]()
08.04.2019. 15:45
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-02-2019
Соӊку аракети:
08-04-2019 15:45
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун душевный маек болуптур.
Swallow
![]()
09.04.2019. 00:35
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
09-07-2014
Соӊку аракети:
17-11-2019 17:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Omuru uzun kyz bolsun.
Meken28
![]()
09.04.2019. 09:22
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
05-07-2017
Соӊку аракети:
18-01-2021 21:23
Жынысы:
Белгисиз
+4
Woow chynygy erkek dep ushunu ait,Bashka erkekterge ulgu bolo turgan ekensin.Ushundaiyndan jazba.Saga okahogon erkekter kop bolso,kyrgyz kyzdary kor bolboit .Rahmat ,senin uibulondu syilaibuz,Kyzyn baltyluu,ech oorubai,omurluu kyzdardan bolsun
anonymous
![]()
09.04.2019. 09:41
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
19-01-2021 09:24
Жынысы:
Белгисиз
-4
Каяктагыны баштапсың эми мода болот
DNurgiza
![]()
09.04.2019. 15:40
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
366
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
13-08-2020 15:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
-1
Наристени туура эмес кармап алыпсың деп айтышпаптыр да.
Birimdik5555
![]()
09.04.2019. 22:48
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
388
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
20-01-2021 00:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
0
Кызын ата-энеси менен бирге болсун ар дайым,омурлуу,бактылуу болсун
PogbaGard
![]()
10.04.2019. 10:31
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-02-2019
Соӊку аракети:
13-08-2019 14:31
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nurlan.kg Asel.Info кылып ачып алышса болмок экен булар , супердин ар бир санынан чыгат башка шоу бизнес окулдору жокпу.
pero5184
![]()
10.04.2019. 18:08
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
18-01-2021 14:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу кызтболсун Дария
tyrgon
![]()
12.04.2019. 15:39
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
406
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
10-01-2021 11:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Пальто алыптыр дегенге Караганда Жакшы жанылык дагы бир кыргызга кобойду
aizirek...
![]()
13.04.2019. 11:39
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
05-11-2015
Соӊку аракети:
19-01-2021 00:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екатеринбург
0
Чын эле баланы туура эмес кармапсыз. Мен да баламды ошентип кармап кочодо кетип жатсам бир улуу байке айтты эле. Кудай сактасын (набыт болгон баланы ошентип кармайт экен)
kadam
![]()
13.04.2019. 18:12
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
18-12-2020 21:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
+1
Акырындык м-н баланы кармаганды үйрөнүп кетет. Жалпы жаштарга, өзгөчө жигиттерге сураныч, кош бойлуу маалда курсакты сылап сүрөткө түшпөй эле койгулачы? Кыргыз, кыргыз боюнча эле калсак. Адепти сакташ керек.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|