«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№856 28-март - 3-апрель, 2019-жыл


#ЧЕЛЛЕНДЖ: ЫРЧЫЛАР 10 ЖЫЛ МУРДА КАНДАЙ ЭЛЕ, АЗЫРЧЫ?

  1. Жыл башында «10 жыл мурун жана азыр» деген челлендж интернет желесин каптап, көптөр архивдерин аңтарып жатып калышты. Так ошол челлендж кыргыз ырчыларынын да бүйүрүн кызытып, көптөгөн ырчылар сандыктагы сары майдай сакталган сүрөттөрүн жүктөшкөн эле. Биз дагы ырчылардын 10 жыл аралыктагы жетишкендиктерине, жашоосуна сереп салдык.

  2. АЙЛАНЫП КАЗЫГЫН ТАПКАН АЙЖАМАЛ

    Бир кездери «Жан, жан, жан, жолуктуң кайдан?» деп ырдаган Айжамал Кабылова турмуш жолуна аттанганда көп жигиттер «көзүнө жаш алышты» эле. Мындан туура 10 жыл мурун Айжамал Кабылова бакытка балкып, жолдошунун жанынан чыкпай карьера эмес, үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, чыгармачылыктан алыстап, атүгүл жолдошунун жанында болуу үчүн Орусияга да көчүп кеткен. «Кара кыздын агынан эмес, багынан. Жолдошу Азамат жакшы жигит» деп бул үй-бүлөгө суктангандар да, «Айжамал жакшы ырдайт, сахнага кайтса жакшы болот эле» деп капалангандар да чыкты. Ортодо жубайлар 1 уул, 1 кыздуу болушту. Чыгармачылык жагын айтсак, Айжамал айым бир кездери Гүлшайыр Садыбакасовадан өз алдынча кеткиси келип «АГК» тобунда ырдап баштады, кайра айланып казыгын тапты. Чыгармачылыкта жүргөн бир-эки кесиптеши менен кер-мур айтышканга да жетишти. Сахна адамдары сахнаны гана самайт тура. Акыры Айжамал кайра ырдайм деп Кыргызстанга кайтып келди. Таттуу түгөйлөрдү кайсы кара теке сүздү, белгисиз, айтор, көп узабай «бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты» деп ырдаган ырчы жолдошу менен эки ажырым жолго түштү. Азыркы тапта Айжамал айым чыгармачылыгын Ош шаарында улантып, 2 баласын өзү тарбиялап келет. Жолдошу Азамат менен үй-бүлө очогун кайра тутантууга кам көрүп жүргөнсүйт.

  3. ДИСКОТЕКАНЫ ТОКТОТКОН АЙГЕРИМ

    10 жыл мурун «Дискотека түнкү Бишкекте» деп ырдап, так секире бийлеп жүргөн Айгерим Расул кызы азыр дискотекага барбайт. Кызыл өрүк менен сырдашпайт. Себеби азыр Айгерим 1 уул, 1 кыздын бактылуу энеси, сүйүктүү жар. Ал 10 жыл аралыгында эмнеге жетишти? Башында Айгерим тасмага аралашып, өзүн актрисалык, ал эле эмес, режиссёрлук жактан сынап жетишти. Далай жигиттердин жүрөк оорусуна айланган ырчы айым 2014-жылы «индия киносундагыдай» сүйүүгө кезигип, Азамат аттуу мырзанын колун кармап, дүңгүрөтө той берип, ордолуу Ош шаарына келин болду. Ошондон бери Ош шаарында чыгармачылыгын улантып, ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, Хюрремдикиндей көйнөктөрдү атайын буюртма менен тиктирип тойлорду «жарууда»... Чыгармачылыктан тышкары ырчы ишкерлик менен алектенип, шакирт тарбиялап устат болууга камынып жүрөт. Жакында эле экинчи наристесин жарыкка алып келген Айгерим азыркы тапта бала жытына мас болуп турган чагы.

  4. АНЖЕЛИКА АДАТТАГЫДАЙ ЭЛЕ БАКТЫЛУУ

    Ырчы Анжелика 10 жыл мурун 1 кыздын энеси, жолдошу Урмат Бекболиевге назданган сүйүктүү жар эле. Экөөнүн бактысына элдин баары суктангандай сезилчү. Ал ошол 2009-жылдары тыныгуудан соң сахнага кайрадан кайтып, жаңыдан гана бизнестин эшигин кагып жаткан. Бул аралыкта ырчы айым көп ийгиликтерге жетишти. Ишкер катары ийгиликтүү болуп чыкты. Чыгармачылыгы да аксаган жок, тынбай иштеди. Ыр, клиптен тышкары теле жаатында да өзүн сынап баштады. Иштеп гана тим болбой, дагы 2 кыз төрөп, 3 кыздын апасы болду. Анжеликаны кумир туткандар көбөйдү. Бирок көз тийдиби же сөз тийдиби, айтор, ырчы айым ортодо устаты Айчүрөк Иманалиева менен чырдашты. Анан айымдарды бактылуу кылуу менен алек болду. Казакстандын шоу чөйрөсүнүн кыйындарынын бири Баян Максат кызынын курбусуна айланды. Андан соң көп жылдан бери түтүн булатып келген жолдошу менен ажырашып, өз алдынча кетти. Азыркы тапта Анжелика жалгыз бой эне, 3 кызын өзү тарбиялап келет. Ошондой эле «Kids star» тобун жетектеп, өзүн устат катары сынап жаткан чагы. Анын Инстаграм баракчасына үңүлгөн адамга Анжелика 10 жыл мурун кандай бактылуу айым болсо, азыр андан да бактылуу адамдай таасир калтырат.

  5. БИЗДЕ ДАГЫ ДЕЛЕ МИРБЕК АТАБЕКОВ

    Сени гана» ыры менен эл оозуна алынып, Канат Култаевдин продюсерлиги астында Темир Назаровдун ордун баскан Мирбек Атабеков 10 жыл мурун кыздардын көзүн күйдүргөн бойдок жигит болчу. Андан бери ырчы мырза хит артынан хит жаратып, «бизде бир гана Атабеков» деп ырдагыдай деңгээлге жетти. 2013-жылы далай күйөрман кыздарын күйүткө салып, сүйгөнү Мээримге баш кошту. Бир кездери продюсери менен таксилеп жүргөн ырчы эбак эле унаалуу, үйлүү-жайлуу, эң негизгиси 2 баланын атасы болду. «Тийип-качып», «өчүп-жанып» ырдабай чыгармачылыкка олуттуу мамиле жасап жүрүп, акыры «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наамын алды. Азыркы тапта Мирбек мырза эл аралык стандартка жооп бергидей жакшы музыкалык студия ачып, жаш таланттарга продюсерлик кылып артына мурас калтыруунун аракетинде. Коңшу казак элинде да тааныла алды. Чыгармачылыктагы «атасы» Канат Култаев менен кол үзүшпөй, урушпай-талашпай, жакшынакай эле иштешип жүрөт. Бирок жаш кездегидей эле «шоктугу» калган жок. Тагыраагы, «You are my destiny» сыяктуу «туздуу» кадрлары бар клиптерди азыр деле кээде тартып коюуда.


  6. Асхат Субанбеков
    star@super.kg


Ырчылар 10 жыл мурун кандай эле, азырчы?

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
01.04.2019. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
204
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
23-11-2019 01:58
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ачык ачык жазыпсыңар молодец
01.04.2019. 10:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
22-03-2019
Соӊку аракети:
21-11-2019 13:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ии жаман сооктон откоруп жазыптырго бирок азамат чынтыкты гана жазыптыр. Биз жаш кезибизде Мирбек деп суусайт элекго
01.04.2019. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
18-11-2019 10:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айгерим сулуу бойдон,азамат.
02.04.2019. 22:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
10-05-2017
Соӊку аракети:
22-11-2019 17:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жер жузу
-1
Булсанда дагы Анжелика.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: