Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Актан Рыскелдиев, актёр: «БАЛДАРЫМА МЕН МАСЕЛЕСИ ЖОК АТАМЫН»№853 7-13-март, 2019-жыл
– Саламатсыздарбы? Кыргызда илгертеден эле аялзатына жардам бериш керек деген түшүнүк жашаган. Ал эми аялдын моюнунда баланы төрөп, тарбиялап берүү болгон. Аял жок болсо деле эркектер өздөрү кийимдерин жууп, тамакты жасашмак. Мен да бир кезде үй түйшүктөрүн жубайыма оодарып, жумуштан келерим менен "тамак кана, кийимим кана?" деп калгам. Жубайым деле тажады окшойт да, “эмнеге мени сыйлабайсың?” деп айтчу болду. Ойлонуп көрсөм, чын эле туура эмес кылып жатыптырмын. Ошондон кийин акыл калчап иш кыла баштадым. Жубайыма күтүүсүздөн белек берип, жактырган тамагын ала келгенге өттүм. Аялдарга эмне керек, көңүл буруп коюу жетиштүү. Ошого ыраазы болушат. А биз, эркектер, “мен акча таап жатпаймынбы”, “иштен чарчап келдим” деп милдет кылып алабыз. Мен ошол адатымды жойгонго аракет кылдым. Менин курсагым ток, кийимим таза, балдарым үчүн санаа тартпасам, эмне үчүн жубайымды сыйлабашым керек? Эмне үчүн ага көңүл бөлбөшүм керек, ал кишини досторумдан бийик койбошум керек? Мен Ферузага чейин бир да кызга жологон эмесмин. Анткени мен үчүн аялзаты ыйык, бийик. – Байкем экөөбүз тарбиянын бардык этаптарынан өткөнбүз. Атам колдон келишинче бизди тарбиялап, тооктун, койдун, уйдун "шорполорун" берген. Мен жеткен тентек болчумун, андыктан атам бизди туура тарбиялаган деп ойлойм. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деп айтышат эмеспи. Менде андай болгон жок. Анткени мен уядан көргөнүмдү кылсам, уулдарым Жантай менен Анатайдын өпкөсүн үзмөкмүн. Келинчегим экөөбүз балдарды эркин коёбуз. Эгер улуусу инисин сабап койсо, аны колго, бутка чабабыз, "бөбөгүңдү урба" деп түшүндүргөнгө аракет кылабыз. Ал эми ар кандай нерселерди чачып, талкалап, үйдү беш көтөрүп жатышса, башыбызды да оорутпайбыз. Мурун мен бирөөнүн ошондой тентек баласын көрсөм "тыйбайбы, оозун жаппайбы" дечүмүн. Балалуу болгондон кийин баарын түшүнүп калат экенсиң. – Нарындан Бишкекке келгенде оор күндөр көп болгон. Жашоо шартыбыз начар болгондуктан кээ бир туугандардын мамилеси да өзгөрө түшкөн. Байкем Дастан экөөбүз Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтуна тапшырып жатканда “булардан ким чыкмак эле, болбогон артист чыгат да” дешкен. Ата-энем болсо биздин бюджеттик негизде окууга тапшырганыбыз үчүн сүйүнүшкөн. Кийинчерээк мен “Тамашоудон” таанылып, чет жактардан байгелүү орундарды алып келгенде, агам авторлордун бири болгон “Аталар керээзи” тасмасы беделдүү дүйнөлүк фестивалдардан байгеге жетишкенде ата-энемдин көзүнөн кубаныч, сыймыктануу көрүнө баштады. – Адамдын баарына жага бербейсиң. Кээ бир адамдар бар, сени жек көрүп эле аргументи жок жамандай беришет. Интернет жок кезде бирөөнү жаман көрсөң үйдө сүйлөшүп, ашып кетсе достор менен кеп кылчубуз. Азыр социалдык тармак өнүгүп, далили бар-жогуна карабай жамандай беришет. Сен ал адамга жамандык деле кылган эмессиң. Жөн гана жакпайсың. Бизди алар ийгиликтүү адам катары көрүшөт да. Чынында биз деле көпчүлүктөй батирде турабыз, биз деле жерге төшөк салып жатабыз дегендей. Акыркы күндөрү жакын досторумдун арасында, өзүмдүн чөйрөмдөн, балким, ич күйдүлүктүн айынандыр, мени сындыргандар болду. Албетте, мунун баары оор тиет. Бирок келинчегим “башыңды оорутпа, күлүп-жайнап жашай бер. Адамдар өлүп деле калып жатышпайбы” деп мага колдоо көрсөтүп келет. Мындайча айтканда, келинчегим менин дем берүүчүм. Ал дайым мени көзөмөлдөп турат. Кээде Инстаграмга билдирүү жазсам Феруза "туура эмес кылып койдуң" десе дароо өчүрүп салам (күлүп). Азыр болсо кайгылуу окуяга башымды оорутпайм. Үйгө барганда мени эки кичинекей энержайзер (ред.: уулдары) тосуп алат. Кайгылуу келдиңби, маселең ашып-ташып жатабы, батирдин акчасы же кредитиң келип жатабы, аларга баары бир. Аларга мен маселеси жок атамын. Балдарымдын көңүлүн алам деп жатып көйгөйдүн баарын унутам. – Мен жасалмалуулукту жаман көрөм. Келинчегим “бизди кандай болсок, ошондой берип саласың” деп эле капа боло берет. Салондорго барып сулууланып, кычырап кийинип, үйүнө барып кечээги тамакты ичип отургандарды көрүп эле жүрбөймүнбү. А мен жасалма эмесмин. Социалдык тармак – адамдын экинчи жүзү. Ал жакта бардыгы эле "мына, көрдүңөрбү, мен сулуумун" деген сүрөтүн киргизет. Азыр "менин баланча катталуучум бар" деп мактанып, кыйын болушат. Бирок ал деген чыныгы жашоо эмес да. Бир күнү Марк Цукерберг нерви кашайып өчүрүп салса эмне болот? Баары жок болот. Андыктан баарына реалдуу жашоодо жашагыла демекмин. Алтын апам. Балалуу болмоюнча апамдын баркын билбей жүрө беришим керек беле? Уктабай канча түн өткөрдү, ысык-суугума чыдады. "Кичинекейиңде жаагың жабылбаган ыйлаак бала болчусуң" деп көп айтат. Ошондо мээм болгондо ыйлабайт болчумун, апа. Суукта аялдамада автобус күтүп турганда Карындашым. Сени атам, апам өзгөчө эркелетишсе кызганчу экенмин. Сен төрөлгөндө "Муну эмнеге төрөдүң?!" деп "концерт" койгонсуң деп калышат. Үйгө кут келип жатканын кайдан билиптирмин? Биринчи жолу майке, көйнөгүмдү жууп бергениң эсимде. Кыйын болуп текшерип койгонумчу. Аман эле бол, Актан.
Биз аялзатын алсыз дейбиз. Бирок ойлонуп көрсөк, андай эмес. Ар бир эркекмин дегенди аялзаты адам кылган. Тогуз ай көтөрүп, тогуз саат толготуп төрөп, ак сүтүн берип багып, түнү менен уктабай кайтарып, ооруп калса айыктырып, тамак жегенди, кийингенди, сүйлөгөндү үйрөткөн ким? Аялзаты. Бала бакчадан тамга таанытып, эс тутумун жакшыртып, акты ак, караны кара дедиртип, бул дүйнөнүн четин көрсөткөн ким? Аялзаты. Мектептен, университеттен тарбия берип, акыл үйрөтүп, көп нерсени жаттатып мээге куюп, ааламга көздү ачкан ким?! Аялзаты... Байпагыңды жууп, тамагыңды жасап, көйнөгүңдү үтүктөп, курсагыңды тойгузуп жумушка жөнөткөн ким? Аялзаты. Ата болуу бактысына себепкер болгон ким? Аялзаты. "Каяктасың, курсагың токпу, иштериң кандай, жол-полуңа акча керекпи, качан келесиң, балам" деген ким?Алтын апам! Аялзаты! Бир күн майрам деген болбойт, туура эмес. Күнүгө майрам кылсак дагы аздык кылат! Жаратканым сиздерге ден соолук берсин! Гүлжамал Абылкасымова Актан Рыскелдиев: "Мени көп учурда жубайым көзөмөлдөйт""Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|
Буга чейин мезгилден артта калып жүрдүк эле, айрыкча мигранттар.
Актандын жөнөкөйлүгүн бааладым,үй бүлөлүк бакыт,ишиңизге ийгилик!