Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АТА-ЭНЕ, БАЛАГА КОЛ КӨТӨРБӨ! БАКТЫЛУУ БАЛДАРДЫ МЭЭРИМ МЕНЕН ГАНА ТАРБИЯЛООГО БОЛОТ

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл


Кыргыз өлкөсүндө 10 жаштан 17 жашка чейинки балдардын 70 пайызы үй-бүлөсүндө зордук-зомбулук көрөрү Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун 2009-жылдагы жүргүзгөн изилдөөсүндө белгилүү болгон. Ушул эле уюм 2014-жылы Улуттук статистикалык комитет менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөсүндө ата-энелер жана балдарды баккан башка адамдардын 57 пайызы тарбиялоо максатында балдарга кол көтөрө тургандыгын аныктаган. Көпчүлүк учурда ата-эне өзү кичине кезинде кандай тарбия көрсө, балдарын да ошол ыкма менен тарбиялайт. Анткени алар бала тарбиялоонун башка ыкмаларын билишпейт. Ал эми жогорудагы статистика өлкөдө көпчүлүк учурда балдар зомбулук ыкмасы менен тарбиялана турганын көрсөтүүдө. Балага кол көтөрбөй кантип тарбиялоого болот? ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча адиси Елена Заиченко менен бирге жооп издейбиз.


БАЛАНЫ ЗОМБУЛУКСУЗ ТАРБИЯЛОО ЫКМАЛАРЫ:

  • Сүрөттөө: Баладан кандай жүрүм-турум күтсөңүз, ошону сүрөттөп ага айтып бериңиз. Мисалы, «кыйкырба!» дебей, «Жай сүйлөсөң жакшы бала болосуң». Балдарга «кылба» деген тыюу сөзүн колдонбоңуз. Алар көбүнчөсү тескерисин жасашат. Андыктан «Мындай кылыш керек» деп түшүндүрүү зарыл. Мындай мамиле кылуу менен бала өзүн лидер сезүүсүнө шарт түзөсүз. Балада сүйлөө модели түзүлөт. Баланын көңүлүн бир жерге топтой аласыз.
  • Көрсөтүү: Мисалы, бала сизге сүйлөп жатса, аны угуп жатканыңызды билдирип, жок дегенде баш ийкеп туруу керек. Бала сүйүнүп жатса, аны менен кошо сүйүнүп жатканыңызды билдириңиз. Бул сиздин баланы угуп, түшүнүп жатканыңызды билдирет. Баланын өзүнө-өзү баа берүүсү өсөт. Мамиледе жылуулук пайда болот.
  • Имитация: Бала сиздин кылганыңызды туурап үйрөнөт. Ага үлгү болуп бериңиз. Мисалы, сиздер ойноп жаткан оюнда падыша бар болсо, падыша кандай болорун балага көрсөтүп беришиңиз керек. Ал сизди кайталайт.
  • Мактоо: Жакшы жүрүм-турумун дайыма мактап, колдоп туруңуз. Бул анын жүрүм-турумун оңдойт, өзүн-өзү сыйлоосуна жол ачат.
  • Энтузиазм көрсөтүү: Мактасаңыз да жөн эле сөз менен эмес, эмоцияңызды көрсөтүп мактаңыз. Баланы бул нерсе кызыктырат.


БАЛАГА КАРАТА ЖАСАБАҢЫЗ!

  • Буйрук бербеңиз: Ойноп жатканда да ага буйрук берип сүйлөбөңүз. Бул баланын өзүн лидер сезүүсүнө тоскоолдук кылат. Ага сиз менен ойноо жагымсыз болот.
  • Көп суроо бербеңиз: Баланы укпай жатканыңыздан кабар берет. Же анын ою менен макул эместигиңизди билдирет. Сүйлөшүүдө сиздин лидер болгонуңуз жагымсыз абал жаратат.
  • Сындабаңыз: Сындоо жаман жүрүм-турумду арттырат. Баланын өзүн-өзү баалоосу төмөндөйт. Ортоңордо жагымсыз мамиле жаралат.


ЖАМАН ЖОРУКТАР МЕНЕН КҮРӨШӨБҮЗ

Бир учурда бардык жаман жоруктарын оңдой албайсыз. Бирөөнөн баштаңыз. Жаман жорукка үйдөгү бардык адамдардын реакциясы бирдей болушу керек.

  • Көңүл бурбоо: Жаман жорук көрсөтүп жатса, көңүл бурбай коюңуз: карабаңыз, сүйлөшпөңүз, күлбөңүз, кабак бүркөбөңүз. Бул абалды колуңузда кармоого, баланын жаман менен жакшыны ылгай билүүсүнө жардам берет. Бирок балага коркунуч жаралган учурда да көңүл бурбай туруп алуу туура эмес.
  • Жазалоо: Оюнду токтотуу, чек коюу жана тайм-аут же «ысык стул» ыкмалары менен жазалоого болот.

Оюнду токтотуу: Бала сизди чымчып, түкүрүп, бир нерсени сындырып, жаман кыялын көрсөтүп жатса, оюнду токтотуп коюңуз.
Чек коюу: Укпай жатса, эки тандоо бериңиз: «Сен жаман жорук көрсөтпөй ойнойсуң же оюнду токтотосуң», «Азыр тамакка келесиң же 5 мүнөттөн кийин келесиң» деген сыяктуу.
Тайм-аут же «ысык стул»: Эч бир жазалоого көнбөй жатса, анда стулдун үстүндө 3 мүнөт тургузуп койсоңуз болот.


ЖАШ КУРАГЫНА КАРАП ТАРБИЯЛОО:

1 жашка чейин

Бул жаштагы балдар катуу кучактаганды же оозуна зордоп упчуну салуу сыяктуу орой мамилелерди, силкилдеткенди жактырышпайт. Силкилдетүү баланы өлүмгө чейин алып барарын унутпаңыз.

Бала курсагы ток, алды кургак, дени сак болсо да ыйлап жатса, бооруңузга кысыңыз, бешик же манежге салып жай терметиңиз, жай ырдап бериңиз, көтөрүңүз же жай музыка коюңуз. Баланын ыйлаганына чыдабай баратсаңыз, кере дем алып, акырын дем чыгарыңыз да, баланы коопсуз жерге жаткырып коюп, башка бөлмөгө барып бир канча мүнөт өзүңүздү эс алдырып отуруп туруңуз. Өзүңүз жинденбей калган убакта балага кайтыңыз. Жинденүүңүз аны кыжалат кылат.

1 жаштагы балада жаңы муктаждыктар пайда болот. Ал басканды үйрөнгөн соң чөйрөсүн изилдеп көргүсү келет. Сүйлөшкүсү келет. Бирок сүйлөй албайт. Бул учурда тыюу салууларды азайтып, баланы өз алдынча каалаганын кылууга шарт түзүп бериңиз. Бала аракет кылып жаткан иштерди аны менен чогуу жасаңыз. Ар мүнөт сүйүүңүздү билдириңиз. Сүйүү менен чоңойгон бала дайыма өзүн коргоодо, коопсуздукта сезет, өзүнө болгон ишеним менен чоңоёт.


1-3 жаш

Бул жашта балдар оюн аркылуу дүйнөнү таанышат. Чогуу ойноңуз. Бирок ар бир оюнда ага кошулуу шарт эмес. Айрым «ачылыштарын» өзү жасашы керек. Коркунуч жараткан буюмдарды бала жетпеген жерге коюп, айланасындагыларды изилдөөсүнө шарт түзүңүз. 3 жаштагы балага идиш-аяк, шкафтын эшиктери, кум, суу жакшы оюнчук. Уруксат бериңиз, ойносун. Баланы жетишкендиктери үчүн гана эмес, ага аракет кылганы үчүн да мактап, колдоп туруңуз. Эгер балага «акылың жок, чоркоксуң» десеңиз, бала өзүнүн акылсыздыгына ишенип алат.

Сиздин колуңуздан тамак жегиси келбей жатса, өзү каалагандай жегенге уруксат бериңиз.

Китеп окуп бериңиз. Алар ар кандай окуяларды, жомокторду, ыр укканды жакшы көрүшөт.

3 жашында бала өзүн инсан катары сезип, баарын өзү жасагысы келет. Талап койбоңуз. Мисалы, бала ойноп тамакка келбей жатса, «ойноп бүткөндө кел» дегениңиз туура. Бир нерсени жасатыш үчүн чогуу жасап алаксытуу ыкмасын колдонуңуз. Жаман жорук көрсөтүп жатса, көңүл бурбай коюу менен жазалай аласыз. Ачууңуз келип бараткан учурда башка бөлмөгө барып өзүңүзгө тыныгуу жасап алыңыз. Ойлонбой эс алыңыз же 10го чейин санап, андан кийин гана ойлонуп баштаңыз.


3-7 жаш

Оюн курагы. Үйрөнүүгө да жөндөмдүү. Бардык нерсени оюн аркылуу үйрөтүү туура. Бул жашта баланы сүрөт тартууга, жармаштырып ар нерселерди жасоого, конструкциялоого үйрөтүңүз. 7 жашар бала оюнга тоё элек. Бирок биз андан бир нерсени үйрөнүүсүн талап кылабыз. Тойгончо ойноого уруксат бериңиз. Андан кийин гана башка иштерге кызыктырыңыз.


7-11 жаш

7 жаштан баштап ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле оорлошот. Анткени бул жаштагы бала өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдөрүн билип калат. Ал түзүлгөн эрежелерге баш ийгиси келбегендиги үчүн жакындарынын арасында өзүн жаман алып жүрүшү мүмкүн. Баланын пикирин уга билиңиз. Аны зордоп бир нерсе кылдырбаңыз. Зордоп эркиндиги чектелген бала алгачкы мүмкүнчүлүктө чектен чыгат. Баланын муктаждыктарын түшүнүү үчүн жүрүм-турумун чечмелегенге үйрөнүңүз. Балаңыз менен ачык сүйлөшүңүз. Маселе жаралса, көмөкчү болуңуз. Өзүңүздүн ишиңиз, жаңылыгыңызды да айтып берип, ишеним жаратыңыз.

Балага эмне берсеңиз, ошону аласыз. Сый сыйды, зомбулук зомбулукту чакырат.


11-13 жаш

Бул куракта балдар чоңдордун көзөмөлүнөн чыгууну каалашат. Балаңыздын аң-сезими өсүп, өзүн инсан катары таанууга аракет кылат. 13 жашта эмоционалдык туруксуздук, жүрүм-турумундагы чукул өзгөрүүлөр пайда болот. Жүрүм-туруму провокация, конфликтке чакырышы мүмкүн. Балага дос катары жакын болууга аракет кылыңыз. Ага ишеним көрсөтүңүз. Бул жаштагы бала чоңдордун ар бир катасын, кемчиликтерин эстеп калат. Өзүңүз да ката кетирбегенге аракет кылыңыз. Баланы кемсинтпеңиз, шылдыңдабаңыз, жемелебеңиз, өзгөчө досторунун жанында. Бала менен ачылып сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Ашыкча камкордук кылуу баланы жүдөтүп жиберет. Өзүн баалай билүүсүн камсыздаңыз. Жеке инсан катары баалаңыз.


Баланы уруу эч качан жакшы натыйжа берген эмес. Урганыңызда баланын жүрүм-туруму жакшырып кетпейт. Тескерисинче, жаман жакка өзгөрөт. Балада өч алуу, коркоктук сезимдери күчөп, өзүнө болгон ишеним жоголот. Бул анын келечегине балта чапкандык. Балаңызды сүйүү менен тарбиялаңыз. Бактылуу балдарды мээрим менен гана тарбиялоого болот!


Перизат Музуратбекова
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(4)
05.03.2019. 22:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
25-11-2010
Соӊку аракети:
12-10-2019 17:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат, жакшы кенештер экен. Только буга бепбекем нерв керек ко
06.03.2019. 15:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
12-10-2019 01:21
Жынысы:
Белгисиз
+2
1-2 балалуу уй- булоолор гана кыйкырбаганга чыдаса, бизге окшогон 4-5 баласы барлар ар бирине секин суйлоп чыккычан , башка тиргилигин калат.Эркектер жатыш керек уйдо, аял киши баарына улгурушун керек.Кыйкырганга созсуз туура келет
06.03.2019. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
07-06-2017
Соӊку аракети:
22-09-2019 13:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sezimim..., Беш баланы тарбиялай алсан, кучун, акылын, каражатын жетсе анан торо да. Антип ар кимге куч кылбай. Бага албасан сактан.
07.03.2019. 01:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
18-07-2018
Соӊку аракети:
28-06-2019 02:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат пайдалуу кенеш учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: