Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КЫЗ-БУРАКТЫН» ЭКС-ЫРЧЫЛАРЫНЫН ЧЫРЫ УЛАНУУДА

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл


Калың эл күбө болуп жаткан Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын социалдык тармактарда кайым айтышканы бул жума да уланды. Эми Айжамал Кабылова Кенже Дүйшеевага жооп кайтарды. Сөз арасында топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын аты көп аталды. Чыр эки ырчыга аброй алып келбешин айтып эки жакты тең жоошуткан күйөрмандар, отко май чачкан сыңары тутантып коюп отургандар да жок эмес. Төмөндө Айжамал Кабылованын билдирүүсү кыскартылып, урунттуу жерлери берилди.


«СИЗГЕ ТЕҢЕЛБЕЙМ, ПОСТ ЖАЗБАЙМ ДЕГЕМ»

– Бир жумада сиз менин эле душманым эмес, жалпы «Кыз-Бурак» тобунун 330 кызынын жана устатыбыз Гүлшайыр Садыбакасованын душманы экениңизди далилдедиңиз. «Мен сизге теңелбейм, пост жазбайм» деп айткан элем, жазганга туура келди. Анда кеп учугун баштайлы. Сиз мени унуткам дедиңиз. Жок, унута албаптырсыз! Жолуккан жерде каарыңызды, заарыңызды чачып, ары-бери түртүп, микрофон талашып, сөгүнүп жүрдүңүз.

Баса, мени мектепте катуу тарбиялап, аябай жардам берип, жогорку окуу жайда окутуп, күйөөгө өзүңүз берип жибериптирсиз. Мени Оштогу Карл Маркс мектебине Гүлшайыр Садыбакасова сүйлөшүп киргизген. Орус класс болгондуктан, мен башында орусча окуй албай аябай кыйналгам. 9-11-класста гана кыргыз класска которушкан. Мугалимдердин жакшылыгынан окууну эң жакшы бүтүргөм. ОшМУнун музыка факультетине өз күчүм менен өтүп, ийгиликтүү аяктадым.

Ысык-Көлдөгү гастролдо ачка калган күндөрдү айтпай эле коёюн. Ал өзүнчө бир китеп болот. Баарыбызды урушуп, тилдеп, тажатып, ачка калтырганыңыз үчүн сизди көргөнгө көзүбүз калган эмес. Баса, эсиңизде калбаган окуянын чын-төгүнүн айта кетейин. Мен топтон качканда жалгыз мен эле эмес, «Кыз-Бурактын» 5 кызы да качып кеткен.

«АГК» тобун түзүүнү биз эмес, сиз сунуштагансыз. Себеби сизге акча суудай керек болчу. Куулугуңузду билбептирбиз. «Кыз-Бурак» деген атыбыз менен затыбызды пайдаланып акча табуу жолун тапкан экенсиз.

Үй-бүлөмө аралашканыңыз чын, Кенже эже. Эгерде менин таламымды талашып, күйүп-жанып, бир туугандай болгонуңузда үй-бүлөм бузулбайт эле. Мен үй-бүлөмдү сактап калыш үчүн, балдарымды атасыз калтырбаш үчүн мен жасабаган нерселерди да жасадым деп моюнга алганым чын. Аны тана албайм. Сиз Азаматка кайра-кайра «Айжамалды көптүрдүң. Жылда чет өлкөгө алып барасың, үйдү, машинаны сат, акча салба» деп сайрап жатып менин үй-бүлөмө киришкенсиз. Азамат сиздин сөзүңүзгө кирип баарын сатып, эки балам менен көчөгө таштап койгону эсиңиздедир.

Сиздин тоскоолдугуңузга карабай Гүлнара эже Гүлшайыр эже менен таптакыр байланышын үзгөн жок. А мен болсо сизди таарынтып, капалантып албайын деп, көңүлүңүздү карап, жолдошум Азаматтын «Сен Кенже эже тарапта болушуң керек» дегенин угуп эже менен катташа албаганым ырас. Сиздин бетиңизге караганда, биздин бетибизде «уят» деген сезим жашайт, Кенже эже! «Кыз-Буракты» сиз эле «Кыз-Бурак» кылгандай тантырай бербеңиз. «Кыз-Бурак» 1976-жылы сиз 2 жашта экениңизде түзүлгөн. Пейилиңиздин жамандыгынан «Кыз-Бурактын» бир кызы менен катышпай калганыңыз өтө өкүнүчтүү. Бул дүйнөдө сиз үчүн мындан артык катуу жаза болбосо керек!


Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
«ТОКТОТКУЛА, АКЫЛГА САЛГЫЛА ДЕП ТЫЙЫП ЖАТАМ»

Бул чырда аты улам аталып жаткан адам кандай пикирде? Биз «Кыз-Бурактын» жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасовага кайрылып, төмөндөгүдөй пикирин билдик:

– Өзүм социалдык тармакка аз кирем. Мен экөөнүн урушуп жатканын элден уктум. Үйгө келип, Айжамалдын интервьюсун көрүп, андан кийин Кенженин жазгандарын окудум. Чындап эле Айжамал олдоксон сөз айтып коюптур. Кенже атаандашып жеке баракчасына жазыптыр. Мен өмүр бою буларга какшап келгем. «Бириңди-бириң жамандабагыла, урушсаңар ырбап кетет. Бириңди-бириң чукусаң өзүңөргө эле эмес, «Кыз-Буракка», мага сөз тиет» дечүмүн. 42 жылдан бери мындай ызы-чууну көргөн эмесмин. Кенже деле жашы улуу адам, Айжамалдын өзүнө эле телефон чалып «сен ушуну туура эмес кылыптырсың, сага эмне болду?» деп сүйлөшүп алса болмок. Айжамалдын «Кенже – менин душманым» дегени туура эмес болуптур. Кенже бир том кылып «мектепке бардым, гүл көтөрүп бардым» дегенге чейин майдаланыптыр. Бул уят иш. «Бул чырды минтип уланта берсеңер, чындыкты эч ким таппайт» деп Айжамалдын жазганын чыгартпай бир жума кармап отурдум. «Кенже постун алып салсын» деп аттуу-баштуу адамдардын бир тобунан айттырдым. «Аралашпагыла, ишиңер болбосун» деп коюптур.

Кийин Айжамалдын посту чыгыптыр. Мен ага чалып «эмнеге чыгардың десем, «Эже, баканы бассаң деле «бак» деп үн чыгат. Мени ар тараптан каралап жамандап шыбап жазып жатышат, ызаланып чыгардым» деп жооп берди. Мен дароо эле «Элди удургутпай, коомчулукту дүрбөтпөй алып сал постуңду» деп Айжамалга айттым. Ал болсо «анда Кенже эже дагы алсын» деди. Азыркылар баары эле акылдуу. Тим эле Кыргызстанды, «Кыз-Буракты» бутуна тургузуп койгондой сүйлөшөт. Топтун кашыктап жыйнаган намысын чөмүчтөп төгүштү. Мен ачык эле айтайын, эми дагы уланта беришсе, мындан да жаман абийирлери кетет. Кенже «кара куту» деп жазыптыр. Ошол куту ачылганда экөө тең жаман болот. Ошого жеткирбей элдешип, же менин, же «Кыз-Бурактын» абийирин сактап экөө тең токтоп калышы керек. Экөөнүн уяты, абийири, намысы болсо токтоп калышар. Ачууга алдырбай, тең салмактуулукка келип, бул жаңжалды токтотуш керек. Буга аксакалдар бардык аракетибизди көрүп жатабыз.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(58)
04.03.2019. 09:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
203
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
19-10-2019 09:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+33
Кашыктап жыйнаган аброюнарды чомучтоп токтунор кыскасы... ОЗУ деле акыркы Кыз бурактын аты чыкпай эле турат
04.03.2019. 10:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 06:37
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чон еле аял уят....
04.03.2019. 11:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
237
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 12:44
Жынысы:
Белгисиз
+25
Айжамал жанында журот кой десе болмок гулшаир эжебиз,"Кара Кутудан " коркпой суйлоп жатпайбы Кенже ал ото так иштеп эмгеги зор болгон,кана эми Кенже жок кыздыр жылына алмашат "Кыз Буракта концерт деле жок.
04.03.2019. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
294
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
16-10-2019 00:49
Жынысы:
Белгисиз
+20
«Ии алтындарым»-деп коюп жайлайт экен.
04.03.2019. 13:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
839
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:41
Жынысы:
Белгисиз
-8
katerina.li, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
04.03.2019. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 13:44
Жынысы:
Белгисиз
-16
Кенженин куулугу бетинен билинип туратго бир нерсе коро тургандай Асманда журотго, 1чи куноо Кенжеде турбайбы
04.03.2019. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 18:09
Жынысы:
Белгисиз
+34
Мен Гульшайырга такыр ишенбейм. Айжамалга тем более. Уй булосу бузулнанына кенжени куноолоптур. Кенже эмей эле айжамалдын куйоосу ушул супер инфого болгонун болгондой токпой чачпай оз оозу менен айтып берди элего
04.03.2019. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
31-08-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 13:56
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушак,ушак,ушак жердин бары ушак,кыска омурдо тынч отурсак кана.Жакшынакай жашап атсанда жаш кезинди чукушатго тобоо дейсин
04.03.2019. 14:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
20-10-2019 01:28
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кара кутунар ачылып эле калды Эми чукушунар калды.
04.03.2019. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
22-10-2019 17:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+28
Айжамал Аман мн перепискасы чыкканда куйоом жаш кыз таап алды, атам олсо да жибербеди деп куйоосун кайнежесин жамандап чыккан,эми Кенжени куноолуу дептир.Кенже улуу болсо ,Айжамал да жаш кыз эмес 40ка чыгайын деп калды эки баланын энеси.Ойлонуп жазсанар экоонор тен.АГК тобуна жур десе кете бергидей ХХХХХ,жок Гулшайыр эжеми сатпайм группага кошулбайм десе Кенже буту колуна байлап кетеби?Учоондо тен бар куноо, калп эле актанбагыла туштон кийин.Устатынарды сатканынар чындык.Гулшайыр эже мыкты.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-06 14:49:07
07.03.2019. 19:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
07-08-2019 12:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut, бул чырга Гулшайырдын тузмо-туз тиешеси бар. Аны Кенже да тушунуп турат. Анан Гулшайыр мыкты деп чан жугузбай мактасан чындык бурмалана калабы?!!

Кыз-буракты 40 жылдан ашуун жыл Кыз-бурак кылган Гулшайыр болгон менен, бул экоонун чырына Гулшайырдын аралашып отурганы уят иш, Кудайга жакпаган иш. Уялышы керек Гулшайыр уяты болсо...
04.03.2019. 16:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-10-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 13:51
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кенже эже убагында мен булардын уй булосу жонундо каментарий бере албайм балким эртен жарашып калар деп айткан.Мына жарашып жашап жатат Айжамал эже.ошондо Айжамал эже тарап болгондо азыр дагы айтмак ошондо уй буломо киришип уй буломду бузду коро албай деп.Чыккан кыз уйдон тышкары дейт.Айжамал эже мен тарап болбодунуз дептир тобо.
04.03.2019. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-10-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 13:51
Жынысы:
Белгисиз
+21
Пост жазып буга чейин Айжамал эже баштаган элегоо.озунчо кордум бугун мурдагыдай эмес аянычтуу жудоп деп.Айжамал эже дагыда акылы аздыгын билгиздида.
04.03.2019. 18:19 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
05-03-2019 00:36
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйлошуп эле оздорунчо чечишип алышса жакшы болмок
04.03.2019. 18:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:30
Жынысы:
Белгисиз
+24
Гулшайыр эже озу деле КызБурактан мындай душман чыккан эмес деп Айпер Сыдакова топтон кеткенде ,,кара кутусунун,, оозун ачкан. Айжамал аны тоготпой ырдабайм десе кошуп ырдатчуумун деп. Кенже эжеге бир да ооз ачып Аман менен Айжамал тууралуу айткан жок эле. Айжамал озу акылсыз болуп тийишип алды....Кыз буракка Кенженин чынында мээнети чон мерседес эмес дворец салып берсе жарашат эле..
04.03.2019. 19:17 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
371
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
03-08-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+27
Кара кутунарды давно эле ачып койгон Мери Шакулина деген ырчы. Калп соз эмес накта ушу супердин бир санында ачвп койгон
04.03.2019. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
09-12-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 16:33
Жынысы:
Белгисиз
+19
Убагында Айпери Сыдыкованы аябай жамандаган эле. Ошондо эле ачылган кара куту. Кийинчерээк Шакулина чукуду. Кыскасы пффффф
04.03.2019. 21:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 16:02
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жаманбы аппакпы, Кенже Гулшайыр эжени адам ордунда корбойт ошо туурабы??? Айчурокту Анжелика! Чон кичине деген нерсе жокпу бизде?!озунор ойлонгула бир таанышына кыйналып атсанда жапдам берип сойоп койдун ал сени жаманга чыгарса кандай болот?! Туура ар кандай иштер болот бирок жакшы адам гана жакшы нерселерин эстеп жол корсоткон адамын мактап алат!!!! Кызбурак Кенжесиз эле Кызбурак болгон Гулшайыр эже канча кызды тарбиялаган эчкимиси унчукпай эле Кенже Гулнара Айжамал эчки болуп секиреттер.
04.03.2019. 21:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
22-10-2019 17:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+24
raykray,апей катыгун анырандап эле кире калып ,шашып бушуп ката жазбай ,озунду бас))))Жайынча элеби, ким кимге секиреттер)))
06.03.2019. 08:56 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
371
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
03-08-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+6
raykray,эми сени эстрадага чыгардым эле деп омур бою моюндарына отуруп алыш керекпи чон эле ХХХХ го.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-06 11:50:21
07.03.2019. 19:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
07-08-2019 12:41
Жынысы:
Белгисиз
0
raykray, Айчурок менен Анжелика башка тема, алардын чыры башка. Кыз-бурак Кенжесиз да мыкты болуп келген, бирок Гулшайыр озу чырга аралашып баркын тушуруп алды...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23087;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: