Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Самат Эркинбеков, актёр: «МААНИЛҮҮ ЫР ЖАЗСАК, «ДЫК-КЫН-ДЫШТАЙ» ПОПУЛЯРДУУ БОЛМОК ЭМЕС»

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл


– Самат, салам. "Дык-кын-дыш" ырына тартылган клипти көргөндө Исанов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде бийлеген жигитти элестеттим. Идеяны ошол жигиттен алдыңар беле?

– Саламатсыздарбы? Ооба, бийдин автору сиз айтып жаткан Нурсултан деген жигит. Интервьюга келерде ал жигитке жолугуп, ыраазычылыгын алдым. Нурсултан да «бийим жакшы жайылып жатыптыр» деп сүйүнүп калды. Негизи клип чыкканга чейин эле балдар менен Нурсултанды туурап бийлеп жүрчүбүз. Челленж болуп элге тарасын деп алгач бийди киного, андан кийин клипке коштук. Ырга кичинекей кездеги оюндарды эскерип, жаттаганга оңой сөздөрдү колдонгонбуз. "Ырдын сөздөрүнүн мааниси жок" деп бизге комментарий жазгандар болуп жатат. Эгер маанисине көңүл бөлүп, уйкашкан ырларды жазсак, анда азыркыдай популярдуу болмок эмес. Анткени андай ырлар абдан көп. Терең маанилүү ырларды ырчылар аткара беришсин. Биз юмор жаатында жүргөн балдарбыз, биздин максат - элге позитив тартуулоо.

– Чыгармачылыкка жаңы аралашкан Самат менен азыркы Саматта өзгөрүүлөр болдубу?

– Өзүңүздөр көрүп тургандай, боюмда деле, келбетимде деле өзгөрүү болгон жок. Болгону үй-бүлөлүүмүн. Көз карашым өзгөрдү десем болот. Мисалы, жумушка, жеке жашоого, досторго олуттуу карап калдым. Биз жаңы чыгып жатканда кыялдарыбыз бийик эле. Эң биринчи сиздердин гезитке берген маегимде ырчы болгум келет деп айтпадым беле. Ал кыялым минтип акырындап ишке ашып отурат. Каалоо күч болсо, аракет да жакшы болуп, кыялдар сөзсүз орундалат экен.

Мына, биздин чыгармачылыкка күчтөнүп киргенибизге бир жыл болду. Учурда кол алдыбызда 10 чакты жигит иштейт. Балдар менен «ушундай калыпта иштесек, 10 жылда чоң ийгилик жаратабыз. Ал үчүн жөнөкөй бололу» деп дайыма сүйлөшөбүз.

– Кубаныч Курманбеков экөөңөр жараткан Жора менен Гуля жөнүндө сурабасак болбос. Образ кандайча жаралды?

– Бул эки персонажды такси кызматын жарнамалайбыз деп ойлоп тапканбыз. Образдын идеясы Рүстөм (ред.: Аскенов), Кубаныч (ред.: Курманбеков) үчөөбүзгө таандык. Ролдорду бөлүшкөнчө эле кимдин ким болушу билинип калган. Жора деп Куба өзүнө ат койду, мен Гуля болдум үлүп). Персонаждарды Шайыр Касымалиеванын апасы Гүлнара эже ишке ашырган. Биз эжеге 45-50 жаш курактагы үй-бүлө болсо деп идеябызды айттык. Ал көпкө ойлонбой бизди боёп кирди. Бүткөндө карасак, бизди күзгүдөн азыркы Гуля менен Жора карап туруптур.

Персонаждардын артында 10дой киши иштейт. Жакында күйөрмандарга Жора менен Гуля тууралуу тасмабызды сунуштаганы турабыз.

– Сени ар кайсы образда көрөбүз. Өзүңө кайсынысы жакын?

– Мага көбүнчө эмоция менен, көз, кабак-каш менен ойногон жагат. Ушул кезге чейин кандай образ жаратпайын, баары өзүмө жагат. Роль жакпаса мен ойнобойм.

– Тагдырдын сыноолорунун баарын жеңе алдым деп ойлойсуңбу?

– 2007-2009-жылдары жаңы сахнага чыккан кезде ата-энемден айрылып оор күндөрдү кечирдим. Кудайга шүгүр, бир туугандарым менин окуумдун келишимдик төлөмүн төлөп, «Тамашоудо» ойноого шарт түзүп беришти. «Тамашоу», кинодогу ролдорум менен сыноолорду позитивдүү маанайда жеңгенге аракет кылдым.

– Чыгармачылык кризис болуп турабы?

– Андай былтыр күзүндө болду. Акча табайын деп тойлорго чыгып жүргөм. Кийин бир нерсе жазайын десем башыма эч нерсе келбейт. Мындай көрүнүш 2-3 айга башка жумушка алаксып калганда болот. Азыр балдар менен каалайбызбы-каалабайбызбы эргүү күтүп отурбай иштеп жатабыз.

– Эми жеке жашоого орун берели. Чолпонай экөөңөрдө үй-бүлө болгондон кийин жашоо өзгөрдүбү?

– Албетте, кыз-жигит кездин өзүнчө, үй-бүлө болгондун өзүнчө таттуулугу бар экен. Биз жаңы үйлөнгөндө түшүнбөстүктөр болгон. Анткени ал бөлөк үйдүн эрке кызы, мен да бир үйдүн эрке баласымын. Экөөбүз бири-бирибизге эркелеп жатып кээде урушуп кетчүбүз. Чолпонай кээде анча-мынча каржылык жактан кыйналып калганыбызда «башка жумушта иштебейсиңби, тиш доктурлар жакшы акча табат экен го» деп калчу. Бирок менин өнөр жолуна жакын экенимди түшүнүп, кайра «мейличи эми, болушунча болор» деп койчу. Убакыт өткөн сайын бири-бирибизге жуурулушуп, урушпай да калдык. Ишенесизби, бир жолу сүйлөшүп отуруп «акыркы жолу качан уруштук?» эле деп такыр эстей албай койдук.

– Силер жаңы баш кошконуңарда уруша кетип, Эмил Эсеналиев элдештиргенин уктук эле. Досторуңар дагы деле турмушуңарга кийлигишеби?

– Жок, аралашпайт.Чолпонай экөөбүз кыз-жигит кезде Эмил дайыма жаныбызда жүрүп, кеңештерин берип турчу.

Ооба, ошондой окуя болгон. Бир жолу үчөөбүз машинада келатканда Чолпонай экөөбүз кыжыңдаша кеттик. Эмил машинесин токтотуп алып бизге «бөтөн үйгө жаңы келип көнүш кыйын, жубайыңды туура түшүн. Чолпонай, сен да эртерээк көнүп кет. Силерди толтура эл карап турат. Урушуп кетсеңер кандай сөзгө каласыңар?» деген сөздөрдү айткан. Экөөбүз унчукпай отуруп кеңешин угуп, кайра элдешип алганбыз.

– Сени Эмил менен чогуу көрүп көнүп калыптырбыз. Экөөң эки башка иш баштаганыңарга эмне себеп болду?

– Буга көбүрөөк ар кимибиз өзүнчө чоң иштерге аралашканыбыз себеп болду. Эмил менен Азаматтын (ред.: Исмаилов) жаш курагы тең болгондуктан жакшы тил табышып "чала спортик" сыяктуу долбоорлорду алып чыгышты. Ал эми биз Рүстөм, Кубаныч үчөөбүз мурунку «Ак-Өргө City» деген атыбызды жоготпой өзүбүзчө иш баштадык. Чоң долбоорлор болуп калганда Эмил жардамга келет. Кызматташып турабыз.

– Маегиңе рахмат. Мындан аркы кыялдарыңар да орундалсын!

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg



Самат Эркинбеков: "Маанилүү ыр "Дык-кын-дыштай" популярдуу болмок эмес"

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(13)
Super TV
28.02.2019. 20:11 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
27-02-2019
Соӊку аракети:
28-02-2019 20:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жоп жонокой мыкты жигитсиз Самат аке! Ийгилик сизге!
Super TV
01.03.2019. 02:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
05-07-2017
Соӊку аракети:
20-10-2019 08:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Abdan sonun
Super TV
02.03.2019. 23:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
27-02-2019
Соӊку аракети:
09-09-2019 11:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун
Super TV
03.03.2019. 23:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
24-12-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 23:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жора Гуляны чыдамсыздык менен кутоооом
04.03.2019. 10:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
203
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
19-10-2019 09:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+1
:)))) алга
04.03.2019. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
237
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
17-10-2019 09:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун дайыма коробуз Гуля менен Жораны
04.03.2019. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
14-10-2019 18:13
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жора мн Гуляны коюп берип деп апам кечке корот Саматка жоолугуп калсам рахмат айтмакмын деп))) Эми киносун кутобуз жакшы жанылык
04.03.2019. 23:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
02-09-2019 16:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
Реклама кылгандан башка эч нерсе билишпейт. Женил желпи кинолорду тартышат дептирда коён
05.03.2019. 09:50 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8459
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
15-10-2019 22:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Abdizhapar, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
05.03.2019. 21:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
20-10-2019 03:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Жора менен Гуляны ушулар аткарат деп такыр ойлобоптурмун.
06.03.2019. 01:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
16-03-2017
Соӊку аракети:
18-05-2019 23:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким айтты сага дыкын дышын популярдуу деп? Озунчоле меятайтетесинерго хехехе
06.03.2019. 09:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
304
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
20-10-2019 00:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
0
Djumaev0mur, 3 млн просмотр азбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: