«Жылдын супер дуэти» (Добуш берүү токтотулган)


Талант 60`K & Айя Садырова, «Сүйүү балы»
31,4% (403)
Эрлан Андашев & Ирина Шот, «Жаным»
30,1% (386)
Кудайберди Айтбосунов & Толгонай Арзыкеева, «Садагам»
13,1% (168)
Баястан & Нурлан Насип, «Келинчегим»
11,5% (148)
Урмат & Неля «Жанымда бол»
8,3% (106)
Кенже Дүйшеева & Кубаныч Сатаев, «Жан досум»
3,3% (43)
Назми & Курал Чокоев, «Бул ким?»
2,3% (30)

Жалпы добуш (1284)


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Жол кырсыгынан жакындарын жоготкондор: “АЙДООЧУЛАРДЫН ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРГӨНҮ ИЧИБИЗДИ АЧЫШТЫРАТ”

№848 1-7-февраль, 2019-жыл


6-январдын таңында Ош облусунун Ноокат районундагы Өрнөк айылында КамАЗ менен Бишкек-Кызыл-Кыя багыты боюнча жүргүнчүлөр бара жаткан Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Жеңил унаа менен сүзүшкөндөн кийин КамАЗ теректи сүзүп, андан ары жолдун четинде жайгашкан дүкөндүн ичине кирип кеткен. Кырсыктын айынан Тойотадагы 5 жүргүнчү каза болуп, 3 адам ар кандай жаракат алган. КамАЗдын айдоочусу аман-эсен.



“ЖАҢЫ КОДЕКС БОЮНЧА ЖАЗАЛАРЫ ЖЕҢИЛ БОЛОТ ЭКЕН”

Бул кырсыктан каза болгон 20 жаштагы Перизат Козубекованын атасы Курбанали Темирбаев буларга токтолду:

– Кызым каникул убагында Кадамжайга таенесиникине кеткен. 5-январь күнү кечки саат 6лар чамасында таксиге өзүм салгам. Кызым унаанын сол жагындагы эшик тарапка отурган. Акыркы жолу Сокулукка жеткенде чалып сүйлөшкөм. 6-январь күнү таңкы саат 6:30дарда “Ошко келдик” деп билдирүү жазган. Окуя тууралуу түшкө маал билдим. Шыр эле Ошко учуп бардым. Кызымды ошол жактан жерге бердик. Окуя болгон жерди барып көрдүм. Жол кенен экен. Сураштырып, видеодон көргөнүбүзгө караганда, Эстиманын айдоочусу уктап кеткен деп болжоп жатабыз.

1 эмес, 5 адам өлүп жатса, кырсык болгон күндө да, айдоочулар шектүү катары тергөө бүткөнчө камалышы керек деп эсептейбиз. Жакындарыбыз муздак жерде жатса, булардын эркиндикте жүргөнүн көрүп ичиң ачышат экен. Жаңы күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодекси боюнча жазалар да жеңилдетилиптир. 297-берене боюнча айыпталса, айдоочу айдоочулук укугунан 2 жылга ажыратылып, же 3000 сом айып пул төлөп, же ашып кетсе 5 жыл камалат экен. Бирок ал беренеде адам өлүмү тууралуу сөз жок. Кызымды жоготуп жанымды коёрго жер таппай жатам. Эстиманын айдоочусу алысыраак тууганым болгонуна карабай келип же чалып абалымды сурап койгон жок. Туугандары келип куран окутуп кетишти.



“УНААГА ОТУРГАНДАН КОРКУП КАЛДЫМ”

 

23 жаштагы Умар Усонов Тойота Эстиманын жүргүнчүсү болгон. Ал көргөнүн төмөнкүчө айтып берди:

– Мен Кызыл-Кыяга 4 жылдан бери көрө элек ата-энемди көргөнү бараткам. Алар Орусиядан келишкен эле. Унаанын оң тарабында, айдоочунун артында отургам. Жолдон Кара-Көлдөн жарым сааттай токтодук. Жалал-Абаддан 1 сааттай токтодук. Айдоочу Ноокатка жетип калганда бир жолу токтоп эшикке чыгып бетин карга жууп келди.

Кырсыкка чейин жарым саат мурун унаа жолдон чыккандай болуп, оңго-солго бир аз ойноду. Анан айдоочу токтоп дагы бетин карга жууп келди. Ошол жерден уйкусу келип жатканы билинди. Өрнөккө кирип баратканда ылдамдыкты карагам. Саатына 80 чакырым менен бараткан. Айдоочунун “эртең менен өзү көп уйку тартат” деп айтып жатканын угуп калдым. Тасбихат окуп жатып колумду жайып, башымды ылдый кылганымда унаа оң жакка бурулду. Ошол маалда катуу бир нерсе урду. Унаа айланып кетти. Айдоочу эшикти ачып түшүп, кыйкырып басып кетти да, ары баргандан кийин унаа жакты бир карап койду. Сол жагымды карасам, айдоочунун жанында отурган байке катуу сокку жеп, бетине шишенин сыныктары кирип, кан агып, кыйналып дем алып жатыптыр. Жанымдагы эки кыз бири-бирине жөлөнүп уктап келатышкан. Алар ошол бойдон отурушту. Артты карасам, эки байке баштары отургучка жөлөнүп жатышыптыр. Менин артымдагы эженин кыйкырганын уктум. Эшикке чыктым. Мечиттен аксакалдар чуркап чыгышты. “Тез жардам” чакыргыла” дедим. Өзүм да 103кө чалсам, алар “биз ал жакты тейлебейбиз, биздин аймак эмес” дешип, башка номер беришти. Анысына чалуу кеткен жок. Анан башкалар чалып билдиришти. КамАЗдын айдоочусу менден “Айдоочуңар мас эмес беле? Ал жолдон сыртка чыгып ойноп келе жаткандыктан мен солго качтым” деди. Бирок айдоочу мас эмес болчу. Көрсөтмө бергенге барганда биздин айдоочу чоң апама “жок жерден эле
КамАЗ пайда болуп калды”
дептир. Кийин видеодон көрсөм, КамАЗ бизге фарасын өчүрүп-күйгүзүп белги берген экен. Бирок биздин айдоочу ага реакция кылбаптыр. Демек, ал уктап калган окшойт. Видеодон байкасаңыз, КамАЗ жолдун четинде эле келе жатыптыр. Биздин айдоочу КамАЗды көрүп, шыр эле өз жолуна түшкөнгө аракет кылган. Ал учурда КамАЗ оңго бурулуп өтүп кетем деп ойлоп, анан экөөнүн багыты бир болуп калып сүзүшүп калышкан окшойт.

Окуядан буттарымдан жаракат алдым. Дарыланып жатам.

“МЕН БАРГАНЧА ЖҮРГҮНЧҮЛӨРГӨ ЭЧ КИМ ЖАРДАМ БЕРБЕПТИР”

Мансур Калмурзаев ал күнү аталган каттам боюнча Тойота Эстиманын айдоочусу Замирбек Адамов менен бир убакытта жолго чыккан.

– Ал күнү мен Замирбектен 15 мүнөттөй эрте чыккам. Сокулукта май куюп жатсам, Замир өтүп кеткен. Андан кийин Жалал-Абаддан жолугуп, жарым сааттай уктап алып, жолго чыктык. Мен Оштон бир нерсе таштамакмын. Ошого бир аз кармалып калдым. Өрнөккө Замир баргандан жарым сааттан кийин бардым.

Окуя болгон жерге токтосом жүргүнчүлөрдүн баары унаанын ичинде канжалап отурушуптур. Замир нес абалында экен. Тегерегинде эл жүрүптүр. Мен барып жүргүнчүлөрдү түшүрүп баштадым. "Тез жардам" мен баргандан кийин 10 мүнөттөй убакыттан кийин келди. Кызыл-Кыядагы ооруканадан окуя болгон жерге чейин 10 мүнөттүк убакыт. Өрнөктөгү медициналык пунктка чейинки аралык 1 чакырымга жетпейт. Демек, эрте келишсе болмок. Мен барганда ортоңку катарда отурган 2 кыз, арткы катардагы сол жактагы бала каза болуп калган экен. Арткы катарда ортодо отурган жигит кыйналып дем алып жаткан. Жанында отурган келинчеги поликке кулап калыптыр. Ал башы айланып жатканын айтты. Колу кыймылдабай калыптыр. Келинди чыгарып кайра келгиче жолдошу каза болуп калды. Замир өзүнө келген сайын кабыргасы ооруганын айтып жатты. Аны да унаага салып ооруканага кетиргем. Ушинтип кишилерди чыгарышып, "Тез жардам" унааларына, тааныштардын унааларына салышып коюп кетип калдым. Менин да жүргүнчүлөрүм бар болчу. Замир “Фура мен жакка буруп салды. Ошол күнөөлүү” деди. Окуяны өз көзүм менен көргөн жокмун.

“МЕН КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕСМИН”

Тойота Эстиманын айдоочусу 36 жаштагы Замирбек Адамов Бишкек-Кызыл-Кыя багыты боюнча 2 жылдан бери жүргүнчү ташып иштейт. Ал өзүн күнөөлүү эсептебейт.

– Мен Бишкектен 5-январь күнү кечки саат 6ларда чыккам. Чычканга токтойлу десем, жүргүнчүлөр “бул жакта тамактар кымбат, айдай бер” дешкенинен токтобой айдап кеттим. Бирок Кара-Көлдөн токтоп чай ичкенбиз. Майлуу-Сууда 40 мүнөт, Жалал-Абадда 1 саат уктагам. Жүк ташуучу унаалар негизи жолдун ортосу менен айдап, бизди тоготушпайт. Бул ирет да Өрнөк айылына жеткенде
КамАЗдын жолдун ортосу менен келе жатканын көрдүм. Качпай койду. Мен саатына 50 чакырым ылдамдык менен өз жолумда бараткам. КамАЗ саатына 60 чакырым ылдамдык менен келе жатыптыр. Жакындап кеткенде шыр эле оң жакка качсам,
КамАЗ келип унаамдын сол жагына сүзүп өтүп, даракты сүзүп барып дүкөнгө кирип кетти. Менин линияма кирип сүзгөнү схемада деле көрүнүп турат. Ал мен жакка бурбай түз кетсе, мен өтүп кетмекмин. Мен уктаган эмесмин. Уктап кетсем анчалык кача албайт болчумун, тебеленип калмакпыз. Катуу келе жаткан болсом унаа чимирилип кетмек же келе жаткан жагымды карап туруп калмак. Менин унаам бир аз кайрылып, түштүктү карап токтоп калды. Мен күнөөлүү эмесмин. Окуя жолдун ортосунда же берки линияда болсо, балким, күнөөлүү болмокмун.

Окуядан кийин унаадан түштүм. Кабыргам, ичим, башым ооруп чыкты. Артта отурган балага, эшиктегилерге “Тез жардамга” чалгылачы” дедим. Башка кишилер менен бирге арткы эшикти ачканыбызды билем. Андан кийин эсимди жоготтум окшойт. Бир маалда жолдо отурганымды билем. Бирөөлөр унаага салып ооруканага жиберишти. Андан кийин оорукананын алдында отурганымды билем.

Жабырлануучуларга туугандарымды жибердим. Анткени өзүм кан басымым түшүп, 3 күн башымды көтөрө албай жаттым. Ооруканадагыларга 2-3 жолу бардым.

“ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГА ЭЛЕК”

Кырсык тууралуу Ош облусу боюнча ЖКККБ өкүлү Алтынбек Теңизбаев буларды билдирди:

– 6-январь күнү таңкы саат 8:16 чамасында Ош-Исфана жолунун 73-чакырымында жүк ташуучу унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Окуя болгон жерге Ноокат РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн, соттук-автотехникалык экспертиза даярдалган. Анын жыйынтыгы чыкканга чейин айдоочуларды кармай албайбыз. Окуя ошол күнү эле КЖБРге Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Видеорегистратордон Эстима чыгыштан батышты карай баратып, карама-каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унааны сүзүп алганы көрүнөт.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
05.02.2019. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
14-12-2019 16:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир нерсе деп айтуу кыйын. Негизи айдоочулар жолго чыгарда кеңири уктап алып шашылбай айдаса. Жалгыз болсо бир жөн ичиндеги жүргүнчүлөрду дагы ойлош керек. Ким күнөлүү бир Алла билет бирок эстиманын айдачусун кунолошуптур копчулугу
05.02.2019. 21:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
398
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо Жараткан ай! Биз дагы ушундай кырсыктын азабынан аска зообуз урады соз менен кайгымды айтып буто албайм. Эч бир пенде тугойунон ажырап,балдары жетим калбасын. Дуйнодо жок эн мээримдуу ардагыман ажырадым. Мындай кайгыны адам баласына салбасын.
06.02.2019. 08:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
15-11-2019 15:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Рига
+1
Nurkyz1977,Сабыр кылыныз, Аллахым бейиштен орун берсин.
06.02.2019. 16:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
28-01-2017
Соӊку аракети:
05-03-2019 10:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurkyz1977,Сабыр кылыныз эже жайы жаннатан болсун
06.02.2019. 00:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
354
Катталган:
27-11-2015
Соӊку аракети:
14-12-2019 20:28
Жынысы:
Белгисиз
-4
Камаздар чынында эрежени уруп да ойнобойт жолдун ортосуна чыгып алып жарышат го чанытып
06.02.2019. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
06-12-2019 17:39
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин райондо да кырсык болуп туздон-туз айдоочунун куносу болуп калды. Жолдон ГАИ тоссо токтобой качып,бекинип мен кинодогудай качып бара жатам деп жол кырсыгына учурай. торт адамдын бироосу ошо жерден жан берет.Бир балалуу келин оор акыбалда жаракат алат... Болгону ошо айдоочу олгон баланын апасынан тосмо арыз жаздырып эч нерсе болбогондой мамлекеттик кызматта иштеп журот...Кудай сактасын кырсык болбосун. Не дейбиз кудайга салдык, аллахым оз жазасын бере берсин !!!
06.02.2019. 16:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
13-12-2019 21:24
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай сактасынчыы...тобоо кылам...жаш экен баары,козу откондордун жайлары жаннат болсун!сабыр кылыныздар жакындары...
07.02.2019. 02:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
16-03-2017
Соӊку аракети:
18-05-2019 23:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эстиманын айдоочусу куноолуу экени корунуп эле туратго, кичине Кудайдаюы карасан болмок, камаз кайсы багытта, кандай ылдамдык мн баратканы корунуп турат видеодо, и далил катары жургунчу бала дагы айтыптыр
09.02.2019. 23:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
03-12-2019 16:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча табылат , өмүр табылбай эмесби ошондуктан эки үч саатыңарды өзүңөрдөн аябай уктап алгыла урматтуу,айдоочулар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23318;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: