Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген эне: «ҮЙ-БҮЛӨДӨ 8 АДАМ МАЙЫППЫЗ. 7 НЕБЕРЕМ ДА БИЗДИ ТАРТЫП КАЛДЫ»

№845 11-17-январь, 2019-жыл


60 жаштагы каарманыбыз Венера Казиеванын 5 кыз, 2 уулу бар. Жолдошу экөөнүн тең көздөрү начар көргөндүктөн бул илдет тукум кууп, 4 кызы, бир уулу көздөрү жакшы көрбөй төрөлүшкөн. 14 небересинин жетөөсүнө бул оору жабышканын айтат каарманыбыз.

“МЫНЧА БАЛАНЫ ЭМНЕ ТӨРӨДҮ ДЕГЕН СӨЗДӨРДҮ УГУП, КАН БАСЫМЫМ КӨТӨРҮЛҮП ЖАТЫП КАЛДЫМ”

– Мен тубаса көзүм жакшы көрбөй төрөлдүм. Эмне себептен экенин билбейм, ата-энемдин дени сак болчу. Жолдошумдун көзүнө кичине кезинде суук тийиптир. Кийин врачтарга көргөзсөк, туура эмес дарылап коюшуп, көзү такыр көрбөй калды. Экөөбүз Бишкектеги көзү көрбөгөндөрдүн интернатында окуп жүргөндө тааныштык. 18 жашымда турмушка чыктым, 7 балалуу болдук. Анын бешөө атасы экөөбүздү тартып көздөрү жакшы көрбөй төрөлүштү. 1-топтогу майыптарбыз. Ал эле эмес, 14 неберемдин 7өө дагы мындай илдеттин курмандыгы болуп калышты. Ар бирибизге катаракта, атрофия жана башка 3-4 илдеттин диагнозун коюшкан. Мындан тышкары мен өнөкөт бронхиттен 25 жылдан бери жабыркап келем.

Бул илдеттин айынан балдарым ар кандай тагдырга туш болушту. Бир кызыма 13 жолу операция жасалса, бир кызымды баласынын көзү жакшы көрбөй төрөлгөнү үчүн күйөөсү таштап кетти. Экинчи кызымдын дени сак болчу. Ал кызым азыр альвеококкоз оорусуна кабылып, төшөккө жатып калды. Азыр дени сак кичүү балам Якутияда иштеп акча таап, эжесине жардам берип жатат. Андан тышкары пенсия, жөлөк пулдарыбыз менен жашап жатабыз. Чалым экөөбүз 6 миң сомдон пенсия алабыз. Кыздарым 2000-3000 сомдон алышат. Баарыбыз дары менен жашайбыз.

Союз учурунда көзү азиздер үчүн уюмдарда иштеп жан багып жүрдүк. Мен төшөк, жууркан тикчүмүн. Кыздарым да көзү азиздер үчүн каралган жумуштарда иштеп жүрүп, айрымдары мамлекеттен үй алганга жетишишти. Балдарымдын ооруганын көрүп ичим ачышат. Жолдошум экөөбүз көзүбүз тирүү кезде ар бирин өз жайына жайгаштырып коюу үчүн чуркап келе жатабыз. Аракет кылып, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Көк-Жардан көзү азиздер үчүн берилген үйдөн бир бөлмө батир алганбыз. Кийин ал үйдү камакка алып коюшту, азыр сот иштери жүрүп жатат, чечим чыга элек. Анткени биздин Караколдо 4 бөлмөлүү үйүбүз бар. Бирок ал жакта бизге ылайыктуу шарттар жок. Балдарымды көзү көрбөгөндөрдүн мектебине окуттук. Андай мектеп Караколдо жок. Бул үй үчүн ар кандай сөздөрдү уктум. Бирөө социалдык тармактарга бизди “көзү азиз балдарды төрөп алып, догурунуп үй сурап жүрөт” деген мааниде билдирүү жазган экен. Билдирүүнү жана ага жазылган комментарийлерди окуп алып бир жума кан басымым көтөрүлүп жатып калдым. Эл “Мынча баланы эмнеге төрөдү?” деген сыяктуу ар кандай пикирлерин калтырышыптыр. Биринчи кызым төрөлгөндө жолдошум экөөбүз тең жакшы көрбөгөндүктөн анын да көзү начар көргөнүн байкабай калыптырбыз. Чоңойгондо гана билдик. Экинчи кызым дени сак төрөлдү. Дени сак балдар төрөлөр деген үмүт менен төрөдүм. Анан эркек балалуу болгубуз келди. 5 кыз удаа төрөлгөндөн кийин 2 уулум төрөлдү.

“МАГА 13 ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ”

Венера Казиеванын кызы Гүлзада Мамиеванын тагдыры да жүрөк оорутарлык:

– Менин көзүмдө бир канча оору бар. Көзүмдүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн эмес, глаукома үчүн 13 жолу операция жасалды. Врачтардын түшүндүрүүсү боюнча, бул оору көздүн кан басымынын жогорулашы экен. Аны операция жолу менен төмөндөтүш керек. Оорум кармаганда көзүм катуу ооруп жанымды жейт. Операция жасата берип бир көзүм такыр көрбөй калды. Бир көзүм начар көрөт. Операция бекер жасалып жатты. Дайыма дары менен жашайм. Дарыга акчам жетпей калганда кыйналып жата берем.

Өзүм укалоочу адистигинин ээсимин. Бирок кесипти туура эмес тандап алыптырмын. Врачтар укалоочу болуп иштешиме тыюу салышты, оору жол бербейт экен.

Турмушка чыккам. Жолдошумдун кулагы укпайт, ата-энеси, туугандары жок. Эки балалуу болдум. Алардын да көздөрү начар көрөт.

Жолдошум түшүнүктүү адам. Мага аябай жардам берет. Мага оор жумуштарды кылууга болбогондуктан, үйдөгү жумуштарды да жасайт. Мурун ал ар кандай жумуштарда иштеп бизди багып жүрдү. Азыр грыжа болуп калгандыктан жана кырк жаштан ашып калгандыктан иштей албай калды. 3000 сом өзүм, балдарыма 4 миңден жөлөк пул алабыз. Жолдошума майыптык алалы десек, ал үчүн 3-4 жыл катары менен 6 айда бир ооруканага жатып дарыланып туруш керек экен. Ага каражатыбыз жок да.

“ООРУП БАШТАГАНДА ЖОЛДОШУМ ТАШТАП КЕТТИ”

Венера Казиеванын экинчи кызы Ширин Орозобаева дени сак төрөлгөн. Бирок ал азыр ата-энесинин кароосунда төшөктө жатып калды:

– 2004-жылдан бери альвеококкоз оорусу менен алышып келе жатам. Операция жасатканда боорумдун төрттөн эки бөлүгүн кесип салышкан. “Боор өсөт, калыбына келет” дешкен. Бирок боор менен кошо альвеококкоз да кайра өсүп кетти. Ал кан тамырларда болгондуктан врачтар ала албай коюшту. 2013-жылы боорума суу толуп катуу кыйналгам. Суу алдыра бердим. Табыптарга да бардым. Бир учурда суу өзүнөн-өзү тартылып кетти. Өзүмдү жакшы сезе баштагандыктан боорду алмаштыруу тууралуу ойлонбой да калгам. Кийин кайра дагы боорго суу толуп, врачтар ачып көрүп, “болбой калыптыр” деп кайра жаап коюшту. Боордон суу ала беришти. Жыйынтык болбогондон кийин сууну сыртка чыгарып туруучу түтүк салышты. 2014-жылдан бери түтүк менен жашап жүрөм.

2013-жылы боорду алмаштыруу үчүн Түркияга квотага илингем. Бирок донор жок болчу, туугандарымдын баары майып да. 25 миң долларыбыз да жок болчу. Тагдырыма баш ийип жашай бердим. Балам 18ге чыккандан кийин “мен донор болуп берем, бооруңузду алмаштырыңыз” дей баштады. Эки баламдын көзүн жалдыратып аракет кылбай отуруп алгым келген жок. Ошондуктан элге жардам сурап кайрылууга туура келди.

Мен ооруп жатканда уулумдун кулагына суук тийип, тарсылдагы тешилип калыптыр. 3 жолу операция болду, тарсылдагын тигишти. Бирок жакшы болгон жок. Азыр кулагы жакшы укпайт. Ал 9-классты аяктагандан тартып эле менин абалыма карап ар кандай кара жумуштарда иштеп жатат.

Төшөктө жатканыма 2 айга жакындап калды. Мен кыйналган сайын ата-энем эзилет. Кыйын күндө ата-эне гана күйүп жаныңда болот экен. Ооруп баштаганда жолдошум таштап кеткен. 8 жылдан бери кайра кайрылып балдарын да сураган жок. Майыптыгым боюнча 2000 сом пенсия, кызымды жалгыз тарбиялаганым үчүн 800 сом жөлөк пул алам. Ата-энем менен бир туугандарымдын пенсия, жөлөк пулдарына жашап, дарыланып жатам. Январь айында кайрымдуу адамдардын жардамы менен Индияга операцияга кетип жатам. Бирок каражат чогулбай жатат. Операцияга болжол менен
26 миң доллардын тегерегиндеги каражат керек экен, азыр так айта албай жатышат.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



Майып эне: "Үй-бүлөдө 8 адам майыппыз. 7 неберем да бизди тартып калды"

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
15.01.2019. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
27-05-2020 10:23
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы болуп калыныздар
15.01.2019. 18:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
20-02-2018
Соӊку аракети:
30-11-2019 08:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шыпаасын берсин
15.01.2019. 21:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-12-2018
Соӊку аракети:
30-05-2020 21:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шыпаасын берсин
15.01.2019. 21:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
19-02-2015
Соӊку аракети:
02-06-2020 10:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москов
+4
Эч кимдин жаны оорубасынчы. Айыгып кетиниздер. Аллахым шыпаа берсин.
Super TV
16.01.2019. 00:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
24-12-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 23:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат байке бул Жака келбесез болбойт!! Азда болсо жардам беребиз буйруса
16.01.2019. 09:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
02-08-2018
Соӊку аракети:
07-06-2019 13:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жардам керек экен
16.01.2019. 10:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
545
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
14-04-2020 02:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Дартды Берген Аллах шыфаасында кошо берет Инш Аллах.Эл айта берет капа болбонуз эже элдин оозунда элек жок.Алдырган бул куноо дегенди билбеген Адам оозуна келгенди суйлой берет.Илгеркилер сатануунуда алдыртуунуда билбеген.Аллах Тааланын алдында сактанганы учунда алдыртканы учунда жооп берет.Кыямат куну эсеп бериштен коркбогон адам арнерсени бир айтышат.Аллахым колдосун сиздерди.Ким ооруп кыйналып жатса Аллахымдын назары ошол адамдарда дейт.Аллахтанда сураныныз жардам бер деп.
18.01.2019. 20:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
04-10-2019 23:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан Тенирим ден соолук берсин. Оорудан сактасын.
20.01.2019. 14:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
294
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
03-03-2020 08:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Шыпаасын берин аябай азап тартып жатыптырсыз. Аманчылык болсун. Баладарыбыз алты саны аман ден соолугу чын болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: