«Жылдын супер көк бөрүчүсү»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№843 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл


ДОҢУЗ ЖЫЛЫНЫН ДАСТОРКОНУ

  1. Келе жаткан жылдын ээси Доңуз табиятынан даамдуу, тоюмдуу нерселер менен тамактанганды, шаңдуу эс алганды жактырат. Андыктан жаңы жылдык дасторкондун менюсуна доңуз этинен жасалган даамдардан башкасынын баарын кошууга болот. Өзгөчө ага эт деликатестери абдан жагат. Эгер сиз дасторконду эт азыктары менен толтурсаңыз, келе жаткан Доңуз жылын да, коштошуп жаткан Ит жылын да таарынтпаган болосуз.
    http://www.super.kg/article/show/46663/

  2. КАРТОШКА МЕНЕН ФАРШТАЛГАН ТООК
    http://www.super.kg/article/show/46663/

  3. Керектелүүчү азыктар:

     

    Тоок (бүтүн) – 2 килограмм

    Лимон – 1 даана

    Туз – 1 аш кашык

    Мурч – 1 чай кашык

    Каймак май – 60 грамм

    Картошка – 500 грамм

    Сүт – 350 миллилитр

    Ун – 20 грамм

    Пияз – 2 баш

    Лавр жалбырагы – 1 даана

    Сарымсак – 2 тишче

    Кумшекер – 70 грамм

    Суу – 30 миллилитр

    Тимьян – 1 тал

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Маринад даярдайбыз: лимондун кабыгын сүргүчтөн өткөрүп алып, ага каймак майды, тимьянды (үзүп-үзүп), тузду жана мурчту кошуп аралаштырабыз.

    2. Даяр болгон аралашманы тооктун ичине, сыртына сүйкөйбүз да, 30 мүнөттөй тыныктырып коёбуз.

    3. Картошканы жууп, чоң-чоң туурап, тооктун ичине толушунча салабыз. Эми тешик жерин жип менен тигебиз же тиш чукугуч менен бекитебиз да, эки бутун бириктирип жип менен байлайбыз.

    4. Электр мешинин табасынын ичин майлап, тоокту салып, 190 градуста бышканча бышырып алабыз.

    5. Тоок этине соус даярдайбыз: пияз менен сарымсакты аарчыйбыз. Пиязды жарым тегерек, сарымсакты жалпак пластинка түрүндө туурап, өсүмдүк майына соолуганча кууруйбуз.

    6. Сүткө унду салып, бөлтөксүз болгончо чалабыз да, куурулуп жаткан пияз менен сарымсактын үстүнө куябыз. Соуска лавр жалбырагын жана тимьянды, татымына жараша туз, мурч салып, жай отто кайнатабыз.

    7. Табага соусту куюп, бышкан тоокту салып, кайра электр мешине 10 мүнөткө салабыз. Фаршталган тоок даяр. Эскертүү: Тооктун ичин картошкадан сырткары алма, бий алма (айва), жашылчалар жана күрүч менен толтурууга да болот.http://www.super.kg/article/show/46663/

     

  4. «ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КООЗДУК» САЛАТЫ
    http://www.super.kg/article/show/46663/

  5. Керектелүүчү азыктар:

    Колбаса – 200 грамм

    Алма – 1 даана

    Жумуртка – 4 даана

    Сыр – 100 грамм

    Грек жаңгагы – 4 даана

    Сарымсак – 2 тишче

    Майонез – 100 грамм

    Укроп – 1 тутам

    Туз, мурч – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Колбасаны таякча түрүндө туурайбыз.

    2. Алманын кабыгын аарчып, ири тиштүү сүргүчтөн өткөрүп алабыз.

    3. Сырды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүү керек.

    4. Сарымсак менен грек жаңгагын тазалап, майда туурайбыз.

    5. Жумурткаларды сууга бышырып, муздаган соң аарчып, 2 даанасын майда туурайбыз.

    6. Чоң идишке тууралган азыктардын баарын салып, майонез, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.

    7. Салатты тарелкага салып, үстүнө майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүлгөн 2 жумуртканын агын себелейбиз. Мунун ордуна сырды пайдалансак да болот. Андан соң сабиз, болгар калемпирин тегерек формада кесип салаттын бетин, ал эми укроп менен салаттын четин кооздоп коёбуз.
    http://www.super.kg/article/show/46663/

     

  6. АПЕЛЬСИНГЕ ОРОНГОН ҮНДҮК
    http://www.super.kg/article/show/46663/

  7. Керектелүүчү азыктар:

    Үндүк (бүтүн) – 4 килограмм (болжол менен)

    Апельсин – 5 даана

    Сарымсак – 5 тишче

    Бал – 2 аш кашык

    Горчица – 2 чай кашык

    Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

    Туз, мурч – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Үндүктү (бүтүн боюнча) жууп, кагаз майлык менен кургактап алабыз да, ичи-сыртына туздан сүртүп чыгабыз.

    2. Маринад даярдайбыз: 1 апельсиндин ширесин сыгып алып, ага горчицаны, балды, өсүмдүк майын, майда тууралган сарымсакты жана кара мурчту кошуп аралаштырабыз. Маринадды үндүктүн ичи-сыртына сүйкөп, 3 саатка тыныктырып коёбуз.

    3. Апельсиндерди 5-6 бөлүккө бөлүп, маринаддалган үндүктүн ичин толтурабыз да, тешик жерин тигип же жыгач таякча менен бекитебиз. Эми үндүктү эки кабат пергамент кагазына, сыртынан фольгага жылчыксыз кылып оройбуз.

    4. 140 градуста иштеп турган электр мешине 5 саатка салабыз. Андан кийин бетин ачып, 180 градуста кызарганча бышырып алабыз. Ширелүү үндүк эти даяр! Эми аны фантазияңызга жараша кооздоп, жаңы жылдык дасторконго койсоңуз болот.
    http://www.super.kg/article/show/46663/

     

  8. ШИРЕЛҮҮ БАЛЫК


    http://www.super.kg/article/show/46663/

  9. Керектелүүчү азыктар:

    Балык – 1 даана

    Пияз – 1 баш

    Помидор – 3-4 даана

    Лимон – 1 даана

    Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

    Туз, мурч – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Балыкты тазалап, жууп, кагаз майлык менен сүртүп кургатып алабыз. Андан соң ичи-сыртына туз, мурчтан себелеп, өсүмдүк майынан чачып, 30 мүнөткө маринаддап коёбуз.

    2. Маринаддалган балыктын ичине тегерек формада кесилген помидор менен лимондун кесимдерин тизип салабыз.

    3. Пиязды аарчып, калыңдыгын 1 сантиметрден кылып шакекче түрүндө кесебиз.

    4. Электр мешинин табасына фольганы төшөп, өсүмдүк майы менен майлайбыз да, пиязды тизип, үстүнө балыкты коёбуз. Минтип тизилген пияз балыктын фольгага жабышып калуусунан сактайт жана анын ширелүү болуп бышышын шарттайт. Эми балыктын үстүн лимон кесимдери менен кооздоп, 180 градуста 40-60 мүнөттө бышырып алабыз. Эгер балыктын бети кызарып кетсе фольга кагазынын жылтырак бетин жогору каратып жаап койсоңуз, күйүп кетүүдөн сактайт. Электр мешинде бышкан балыкты сууга бышкан картошка, күрүч менен берүүгө болот.

    Дамира Арстанова 
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
02.01.2019. 11:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
272
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
04-07-2019 00:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+16
Сайттан окугандарды эске алып эртреек чыгарып койсонуздар болмок.жаны жыл буткондо окуп атабыз бул салаттарды.
07.01.2019. 01:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
310
Катталган:
01-11-2009
Соӊку аракети:
21-01-2019 03:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Туркия
+1
Адам чойросундо эмне жеп чонойсо ошого эле уйронуп калат,этке апельсин кошуп же этке бал суйкоп ж.б.бышырылган тамактар менин аппетитимди бузат:))
elif түзөттү 2019-01-07 01:35:45
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: