«Жылдын супер ыры»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Анжелика, ырчы: “КЫЯЛЫМДАГЫ УНААНЫ 49 МИҢ ДОЛЛАРГА АЛДЫМ”

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл


Анжелика жыл соңунда жаңы тулпарлуу болду. Lexus NX 300 унаасын 49 миң долларга сатып алып, 11 жаштагы улуу кызы Айымага белек кылды. Ырчы эмнеге бул унааны тандады? Баарын төмөндөгү маектен окуңуз.

– Анжелика, темир тулпарың кут болсун, дайыма жакшылыкка айда!

– Рахмат. Кудай берем десе берип коёт экен. Ар бир нерсенин убакыт-сааты болот окшойт. Lexus NX үлгүсүндөгү унааны былтыр интернеттен көрүп, аябай кыялданып койгом. Буга чейин Mercedes-Benz W221 үлгүсүндөгү унаа айдачумун. Кыймылдаткычынын көлөмү 6300 сантиметр куб болчу, майды укмуш иччү. От алдырганда эле 1000 сом кетет (күлүп). Иштерим көп болгондуктан машинамдын токтоп турганы аз болот. Ошондон улам шаар ичине ылайыктуу, Мерседеске салыштырмалуу үнөмдүү машина издеп жаңы унааларды сатуучу борборго баргам. Каалаган машинаңды айдап көрүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Баарын айдап көрүп, ушул Lexus NX 300дү сүйүп калдым. Мынчалык өмүрүмдө эч кимди сүйбөптүрмүн. Жадакалса түшүмө да кирди. Кыскасы, уктасам да, ойгонсом да көз алдыма келип туруп алды. Машина саткан борбор “эски машинаңды бер, жаңыга алмаштырып беребиз” деп калышты. Мерседесиме ашык болуп жүргөн тааныштарым бар эле, аларга сатып жиберип, ушуну алдым.

– Экөөнүн баасындагы айырма бир топ болушу керек, үстүнө каражат кошуптурсуң да?

– Эски машинамдын акчасы жаңы машинамдын 30 пайызын төлөгөнгө жетти. Калган акчасын 3 жылга насыя алдым. Кыялданган нерсеңди насыяга алуу иштегенге стимул болот деп ойлойм. Үй алдым, эч кандай насыям жок. Машинанын акчасын төлөй аларыма көзүм жетти. Ата-энем кепил болуучу адам болуп беришти. 14-декабрь күнү “машинаңызды алып кетиңиз” деп чалышты. Ал күнү машинаны эмес, кызымдын туулган күнүн ойлоп чуркап жүргөм. Концерттердин бирине катышуу үчүн кызыл көйнөгүмдү кийип, сахнада кезек күтүп тургам. Айыманын туулган күнүнө туш болгонуна сүйүнүп, сахнага чыккан жатканыма карабай ошол бойдон барып калдым. Келсем эле апам, бир туугандарым, жардамчы кыздарым, эжелер машинага бантик байлап, шар үйлөп, гүл алып сюрприз кылып күтүп жатышыптыр. Кызыл көйнөгүм машинанын кызыл бантигине окшошуп атайын даярдангандай болуп калды.

Ошентип кыздарым менен жапжаңы, эч ким айдай элек машинага отурдук. Айлин түшөрү менен “бул менин машинам” деп кыйкырды. Бул унааны Айыманын туулган күнүнө ырымдап ага белек кылдым. Айрымдар муну түз түшүнүп алышы мүмкүн. Кызым азыр 11де, 6 жылдан кийин 17ге чыкканда, менин бере турган белегим бар. Мен 16га чыкканда атам да унаа белек кылган. Буюрса, 2024-жылы унаамды кызыма берип, өзүмө ошол жылы чыккан тулпар алам деп ниет кылдым. Негизи чоң эле кыялданып, Кудайдан чоң сураш керек экен. Чоң нерсенин кичинекей бөлүгүнө ээ болсок деле кандай жакшы. Дүкөндөн жаңы кийим тандап алгандай, унааны да дүкөндөн тандап алам деп ойлобоптурмун.

– Турмушуңда баары эрте болду окшойт. Эрте турмушка чыгып, эрте эне болуп, эрте жашыңдан атың чыгып дегендей. Эстеп көрсөң, биринчи жолу канча жашыңда машина айдадың?

– Айдоочулук күбөлүктү 17 жашымда алгам. Бирок, жогоруда айткандай, атам 16 жашымда унаа белек кылып, ошондо эле айдай баштагам. Атам машинаны бергенде эле мен турмушка чыктым. Апам “машинаңды таштап кет, күйөөң алып берет” десе болбой айдап кеткем. Аны кийин өзүбүздүн бизнеске жумшоо үчүн сатып жибердик.

– Бул ошондо канчанчы машинаң?

– Кызым экөөбүз отуруп алып санадык, бул онунчусу экен.

– Коомдук унааларга түшө элегиңе канча болду?

– Бир ай мурун өзүмдүн долбоорум менен троллейбуста көзөмөлдөөчү болуп бир күн иштедим. Кыздарым да биринчи жолу коомдук унаага түшүштү, алар такыр түшүп көрүшө элек экен. Жайында, буюрса, велосипед менен жүрөйүн деген оюм бар.

– Машина айдоодо ырым-жырым колдоносуңбу?

– Колдонбойм деле. Болгону жаңы алганда дароо ата-энеме айдап барам. Апам ырымдап 4 дөңгөлөгүнө, рулга сары май сүйкөп, ак жоолугун байлайт. Мына азыр да руль сары май жыттанып жатат. Анан түрдүү дубалар бар китеп дайыма жанымда жүрөт.

– Айдоочу жол кырсыгына кабылса, кайра бат эле рулга отурушу керек, болбосо машина айдагандан коркуп калат дешет. Сенде андай учур катталган эмеспи?

– Машинаны жаңы айдап жүргөндө кырсыкка учурагам. Алдымдан маршруттук такси чыга калып, рулду башкара албай калгам. Чайпалып барып, жол жээгиндеги тосмолорду сүзгөм. Он күн ооруканада жаттым, бир бутум эшикке кыпчылып, баш мээм чайкалган экен. Бирок кайра эле жаңы машина алып берип, “жашоодо ар кандай болот. Урунасың, чалынасың, коркуп калбашың керек” деп рулга отургузуп коюшкан. Кийин бир жолу бир машина келип аркамдан сүзгөн. Анда да “ишиң эми алдыга кетет” деп жакшылыкка жорушту.

– Рахмат маегиңе. Унааң да, маанайың да эч качан бузулбасын.

"Машинамды кызым Айымага белек кылдым".
"Жаңы унаа алганда дароо ата-энеме айдап барам. Апам ырымдап 4 дөңгөлөгүнө сары май сүйкөп, рулга ак жоолугун байлайт".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(54)
25.12.2018. 09:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
729
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
10-10-2019 13:27
Жынысы:
Белгисиз
+37
Эми эмне дейбиз, эки бутунан шамал отуп турсун, оой торт донгологунон дегени
26.12.2018. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2019 16:58
Жынысы:
Белгисиз
+2
almanbetperm, оой ха ха го бул жагы
25.12.2018. 09:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
13-11-2019 12:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
+30
Кут болсун! Биз да ушундай машинага жетели буйруса!
25.12.2018. 09:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
15-05-2013
Соӊку аракети:
02-11-2019 15:45
Жынысы:
Белгисиз
+1
engel, аминь
25.12.2018. 09:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
21-07-2017
Соӊку аракети:
03-03-2019 12:03
Жынысы:
Белгисиз
+17
Анжелика эжебизди Санта Барбарадай коробузго Супер-Инфодон.Торт донгологунон шамал отуп журо берсин унааныздан
25.12.2018. 09:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
14-11-2019 00:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
+4
Жуксун
25.12.2018. 10:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
12-11-2019 09:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+12
Эл катары насыя алып коройун, баары бил толоп беришет -деп койбоптур да биротоло.
25.12.2018. 11:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
12-02-2016
Соӊку аракети:
13-11-2019 19:55
Жынысы:
Белгисиз
-7
И олбодум да олбодум.Бул Кыз Таластан эмеспи.Ашып баратсан жетимдерге жардам бер.
bekmaral түзөттү 2018-12-25 11:42:07
25.12.2018. 12:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
15-03-2014
Соӊку аракети:
17-06-2019 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+12
bekmaral,жардам берсе берип жаткандыр, бирок ал нерсени жашыруун кылыш керек. Балким ошол учун Кудай берекесин кобойтуп жаткандыр?!
25.12.2018. 13:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
17-10-2019 09:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bekmaral,жетимдерге мультимиллионерлерден , чиновник терден миллионерлерден, ошолор берсин жардамды ушу кичинекй кыргызстаныбызда столько миллионеров, просто тан каласын,
26.12.2018. 00:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-02-2014
Соӊку аракети:
12-11-2019 22:41
Жынысы:
Белгисиз
0
bekmaral, аябай ичиниз тар экен э
26.12.2018. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
01-12-2018
Соӊку аракети:
13-11-2019 14:06
Жынысы:
Белгисиз
0
bekmaral,олсон ол айлан кетсе, жардам берсе айтып жардам беребиле, анча мынчасын айтып эле атат,
25.12.2018. 11:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-01-2018
Соӊку аракети:
14-11-2019 01:20
Жынысы:
Белгисиз
+3
emnege mashinenin nomerinde 2 ele tamgasy bar jeke adamdargada ushunday nomer berse bolobu je akchaby aldagy
25.12.2018. 12:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
20-03-2017
Соӊку аракети:
09-01-2019 12:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Ошондо кредит болсо айына канча төгөт болду экен,уй да алсан,кут болсун баары,акчаны кайдан табат болду экен.
25.12.2018. 12:42 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
18-12-2018
Соӊку аракети:
07-03-2019 12:44
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мага мин доллар ушунча коп акча корунуп таппай айлам кетип атат а биякта 49мин долларга машина алып атышат. Кандай эле адамдарга берет кудай. Бирок кудайга шугур кылайын менин да жашоомо суктангандар бардыр.
26.12.2018. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
18-03-2011
Соӊку аракети:
30-05-2019 12:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
balzaminka,аракетчил адамдарга
25.12.2018. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
500
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
13-11-2019 20:08
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын!Биз да жетели!
25.12.2018. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
164
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
13-11-2019 04:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+10
Чынында ой максатты,каалаган нерсебизди кудайдан чон сурашыбыщ керек экен,бир кун болбосо,бир кун буюрат.....дооту кут болсун
25.12.2018. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
17-10-2019 09:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nestana95,туура айтасыз
25.12.2018. 13:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
17-10-2019 09:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Анжелла келе жаткан жаны жылын менен , доотун кут болсун, жанын бек болсун, куттуктайм чын журоктон, дагы чон чон ийгиликтерди багынтып Голливудка чейин жет, абдан сыйлайм сени, кыздардын менен ар дайым аман эсен бол
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: