«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БАЛАТЫЛАР БАЯНЫ. ШААРЛАР МАЙРАМДЫК ШӨКӨТКӨ КАНЧА КОРОТОТ?

№841 14-20-декабрь, 2018-жыл


Өлкөбүздүн шаарларында декабрь айынын башынан тарта Жаңы жылга даярдануу күч алат. Бөлүнгөн миллион сомдорго балаты орнотуу, кооздоо, жарык берүү иштери жүргүзүлөт. Муну менен катар канча каражат коротулду жана кайда жумшалары кызыктырбай койбойт.

БИШКЕК БЮДЖЕТИН КЫСКАРТАТ

Бишкек шаарынын мэриясы бул жылы Жаңы жылга жасалгалоо иштеринде бюджетин бир топ кыскартты. Бул жылы майрамга жалпы 6,5 миллион сомго жетпеген каражат жумшалат. Өткөн жылкыга салыштырсак, 2017-жылы 17 миллион сомдун тегерегинде каражат коротулган. “Ала-Тоо” аянтына 3 жылдан бери колдонулуп келе жаткан жасалма балаты орнотулуп, ал 10-декабрь күнү жандырылды.

Балатыны кооздоо мэриянын алдындагы “Бишкексвет” жана “Тазалык” муниципалдык мекемеси тарабынан ишке ашырылды. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына таянсак, балатынын оюнчуктарына эле 410 миң сом керектелген. Мындан тышкары жарыктандыруу иштерине 1 миллион 800 миң сом, концерттик иш-чараларга 600 миң сом, фейерверк 500 миң сом, сахнаны жасалгалоо иштерине
394 миң сом, видео жана промо-ролик даярдоо 140 миң сомго эсептелинген. Бишкек мэриясы "быйылкы жылы каражат үнөмдөлсө дагы, майрамдык маанай тартуулайбыз" деп ишендирип жаткан чагы.

Каражатты туура пайдалануу үчүн дагы бир жагдай, ушул жылдын ноябрь айында УКМК 2016-жылы Жаңы жылга карата шаарды жасалгалоо иштеринде "Бишкексвет" муниципалдык мекемесинин жана шаардык мэриянын кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 7 миллион 849 миң сом өлчөмүндөгү зыян келтирилгенин аныктап, кылмыш ишин козгоду. Буга чейин да балатынын айынан мэрия бир катар окуяга туш болуп келген. Алсак, 2012-жылы 2 миллион сомго жасалган балаты кулап калганы менен эсте калган. 2014-жылы балатыга 2,5 миллион сом сарпталып, жасалгасы көпчүлүктүн купулуна толгон эмес.

ТАЛАС

Талас шаарынын борбордук аянтына Жаңы жылга карата 136 миң сомдук балаты орнотулууда. Мурунку жылы 14 метрлик балаты 16 миң сомго алынган, аны кооздоого 95 миң сом каралган.

НАРЫН

Былтыркы жылы Нарын шаарынын мэриясы белекке берилген, бийиктиги 15 метрлик балаты орнотуп, аны кооздоого 200 миң сом жумшаган. Быйылкы жылы балатыны кооздоо үчүн 219 миң сом жумшалат.

ЖАЛАЛ-АБАД

Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы биринчи жолу жасалма балаты орнотулууда. Муну менен катар ага коротулган каражат дагы өстү. Шаардын мэриясынын басма сөз кызматы балатыны жасоо иштерине 1 миллион 370 миң сом коротуларын билдирди. Шаарды көрктөндүрүү иштерине жалпы
2 миллион 300 миң сом каралган. Өткөн жылкы каражаттар менен салыштырсак, майрамга 550 миң сом сарпталган. Каражат менен кошо балатынын бийиктиги жогорулады. Мурунку жылдары 20 метрлик балаты болсо, быйылкысы 25 метрди чапчыйт.

КАРАКОЛ

Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында өткөн жылдагы балаты орнотулууда. Шаар мэриясынын басма сөз кызматы балатыны кооздогонго 200 миң сом жумшалат дейт. Ал эми жалпы шаардын ичин кооздоого канча каражат бөлүнөрү азырынча чечиле элек. Аталган шаар мэриясы 21 метрлик жасалма балатыны былтыркы жылы 1 миллион сомго алган. Аны кооздоого 320 миң сом короткон.

БАТКЕН

Баткен шаарында быйылкы жаңы жылдык балаты майрамын өткөрүүгө 90 миң сом жана көчөлөрдү жасалгалоо үчүн 11 миң сом коротуларын мамлекеттик сатып алуулар порталынан көрүүгө болот. Былтыркы жылы шаар мэриясы
123 миң сомго 15 метрлик балаты орноткону белгилүү.

ОШ

Ордолуу Ош башка шаарлардын балатыларынан бийиктиги менен айырмаланат. Борбордук аянттагы балатынын бийиктиги 27 метр. Ош шаарынын мэриясы билдиргендей, өткөн жылы коюлган балатынын конструкциясы бузулуп, быйылкы жылы ал жаңыдан орнотулууда. Балатыны орнотуу иштери 10-декабрда башталган. Мамлекеттик сатып алуулар порталында балатыны орнотуу жана кооздоо иштерине жалпы каражат 1 миллион 525 миң сом деп көрсөтүлгөн. Өткөн жылы Ош шаарындагы балатыга 900 миң сом коротулган.

БАЗАРДАГЫ БАЛАТЫ БААСЫ

Бишкек шаарында Жаңы жылга карата табигый балаты алам дегендер үчүн атайын балаты базар иштеп жатат. Аталган базар 10-декабрдан тарта 31-декабрга чейин иштеп, балатынын түрүн алса болот. Сатуучулардын айтымында, базарда карагайдын бир канча түрү бар. “Тянь-Шань карагайы, ак карагай, арча жана башкалар сатыкта. Булардын бардыгы тамыры менен сатылат, аны майрамдан кийин жерге отургузуп койсо болот. Бойлору 1 метрден 4-5 метрге жетет, кардар каалаганын тандап алса болот. Баалары 1500 сомдон 70 миң сомго чейин жетет”,- дешет алар.

Жылдан жылга майрам үчүн табигый балаты эмес, көбүнчө жасалма балаты коюлууда. Табият үчүн да, капчык үчүн да ыңгайлуу чечим. Жасалма балатыларды миң сомдон баштап 30 миң сомго чейин алса болот.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(13)
18.12.2018. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
17-11-2019 16:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Жон эле бир конус.Андан коро бою кыска болсо парпыраган чыныгы елка койсо кана....Оштогу елкага килем жаап койгондой...озум Оштонмун....Ссср убакта сонун елкалар болчу жомоктогудай.
18.12.2018. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
17-11-2019 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзү Оштун мэри да болбогон адам
18.12.2018. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
19-09-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыгаша чыгаша чыгаша
18.12.2018. 16:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
30-08-2019 21:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Баткендеги елканын жасалышына ошончо акча кетиптирбии...кечирип койго жасалгасыы....кимдин чонтогуно кетип атат акчалар
18.12.2018. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
15-07-2019 00:29
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол миллиондогон акчаларды,чет мамлекетте операция боло тургандарга берсе эн жакшы болот эле.Эч Ким нааразы болбосо керек эле менимче.Жеке мен учун жаны жыл,кымбат балатылар кызыгы жок.Ошончо оорулуулар,жакырлар бар алардын козуно азыр ден соолук,жылуу соз керек,жакындарынын элеси козуно элестеп.Калайык калк быйыл балаты болбойт,муктаждарга бердик дешсе кайра,эл колдосо керек эле.
19.12.2018. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
18-02-2018
Соӊку аракети:
07-08-2019 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кана фоткалары
19.12.2018. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
12-11-2019 16:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
оштун балатысы кундузу жапжашыл эле футбольный газон. тундосу очуп жанганы эле болбосо анысы 1 жарым миллион экен
19.12.2018. 22:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
04-09-2016
Соӊку аракети:
14-06-2019 00:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
2-3 жыл чыдап эч бир жерге елка койбой, эч той откорбой тышкы карызды толосок болбойт беле?
20.12.2018. 18:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
06-04-2019 00:50
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баалары 1 миллиондон 6,5 миллионго чейин жеткен конустарды кантип балаты деп атоого болот?! Биздин Окмоттогулор Тарых музейинин тегереги, артындагы арчаларды беои болгондо 1000 жолу корсо керек эле, ошондо да чыныгы балаты кандай болуусу керектигин тушунушпоптурбу?!! Темир каркас орнотуп, устун футбол талаасындагы жасалма газон кейиптентип туктуу килем жаап, гирлянда, светодиоддорду илип койсо, ошол КОНУС балаты болуп калат бекен?!! Апачык эле КОРРУПЦИЯ!!! Уят!!!
20.12.2018. 23:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
17-11-2019 17:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
Караколдо жылда шактары барпыраган,кооз,тируу ёлка коюшчу эле,2 жылдан бери алар да конуска отушкон экен да))))Конокко барып калсан Караколдун площадына суйроп жоношот эле,ошондо чыныгы балпайган балатынын жытын жыттап,чыныгы илгеркидей кооз оюнчуктарына суктанып кайтчубуз,азыр Бишкектегидей пластмасса,баардык жерге жайылып жаткан жасалма конустун жанына деле баргым келбейт...
21.12.2018. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
17-11-2019 15:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жакшы эле карайм балатыга,кубанууну да сезе билели туугандар.Мына,былтыры Ошто тостум Жаны-Жылды.Концерт,дискотека,жузунон кубаныч тогулгон адамдар.Адамдын коптугун айтпай эле койсом болот.Соода кылган адамдар да байыды окшойт,анткени майрам куну баарыбыз берешен болуп кетебиз го.Жаш балдар аябай жыргашты.Бактылуу жашоо жок,бактылуу минуталар гана бар дегендей конулдуу ойноп кайттык.
21.12.2018. 10:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
17-11-2019 18:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+1
Андан көрү үйү докторго уй алып бергилечи.
21.12.2018. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
27-08-2019 00:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо ак оргодо дарика эже троллейбус жууп журот суукта ыссыкта орукчан кызы бар вагондо жашапатат ошого жардам ьеруу больойбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: