Архив
897   898   899   900   901   902   903  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

“ЫЙЛАЙ-ЫЙЛАЙ” ДЕГЕН ЫРДЫН ЧЫНЫГЫ АВТОРУ КИМ?

№841 14-20-декабрь, 2018-жыл


Гезитибиздин өткөн санында Бактияр Токторовдун жаңы демин ачып, популярдуулугун арттырган “Ыйлай-ыйлай” деген ырын орусиялык “Сборная союза” тобу “Я однолюб” деген аталыш менен ырдаганы тууралуу жазганбыз. Видеодо чыгарманын сөзү, обону катары топтун ырчысы Евгений Журин көрсөтүлгөн. Өзүн автормун деген Евгений Журинге байланыштык. Орусиялык ырчы “Супер-Инфо” гезити үчүн видео аркылуу кайрылуу жасап, ырынын тарыхына кайрылып өттү.

– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезити, мен “Сборная cоюза” тобунун жетекчиси жана ырларынын автору Евгений Журинмин. Мен 1979-жылдан бери ыр жазам, ал эми азыр ырдап жүргөн “Я однолюб” аттуу чыгармамдын обонун 1984-жылы жараткам. Бир нече жыл мурун кыргызстандык топтун менин ырымды аткарып жатканын угуп калдым. Ага көп деле капа болгон жокмун. Анткени менин чыгармаларымды аткарбай коюунун өзү күнөө.

Эми бул ыр кандайча жаралып калган? Ошол темага кайрылайын. 1984-жылы мен 10 жылга абакка кесилгем. Ошол учурда (ред.: абактагы жылдарда) ырларымды кассеталарга жаздырып, эркиндикке чыккан өзбек, кыргыз улутундагы балдарга белекке берчүмүн. Алардан ары дүйнө жүзүнө тарап кетти. Мына 35 жылдан бери чыгармаларымды атактуу ырчылар аткарып келет. Мен аларга капаланбайм деле. Анткени чыгарма жаратуу менин хоббим. Бул ырдын алгачкы версиясы “Апама кат” же “Арыба, апа” деген аталышта болчу. (Андан ары Евгений ырды гитарада ойноп аткарып берди). Кийинчерээк Кыргызстандагы кесиптештеримдин аткаруусунда бул ырымды угуп, ал ырдын сөзүн өзгөртүп, кайрадан “Я однолюб” деп жаңылап жаздырып, жубайым Оляга арнадым. Бул ырды Кыргызстан, Европа, АКШда ырдашсын, мен эч кимден акча талап кылбайм,- дейт орусиялык ырчы.

Журиндин жообунан кийин Токторовго байланышпай коё албадык. Ырчы мырза төмөнкүлөргө токтолду:

– Орустарда автордук укук дегенге аябай маани беришет. 2 жыл мурун мага “Comedy Club” долбоорунан чалып аталган ырымды сурашкан. Уруксат берип "ала бергиле" десем, "бизде автордук укук боюнча мыйзам катаал. Паспортуңузду, банктык эсебиңизди жөнөтүңүз" дешти. Паспортумду сүрөткө тартып жөнөткөм, бирок банктан эсеп ачканга чыгынбай ошону менен калып кетти. Эгер автору Журин болсо алар ошондон сурашпайт беле? Менин 500дөн ашык обонум бар. Мурун менин ырларым элдик ыр болсо деп ниет кылар элем. Мына эми “Ыйлай-ыйлай” деген ырымды башкалар ырдап жатышат (күлүп).

Кошумчалай кетсек, Евгений Журиндин абакта жүрүп апасына арнап жазган ырында куплеттеринин обону башкача. Болгону кайырмасынын кайрыктары азыркы “Ыйлай-ыйлай” аттуу ырдыкына окшош. Эгер Токторов “Ыйлай-ыйлай”деген хит ырды чыгарбаса, балким, Евгений Журин да апасына арналган ырын унутуп, кайра иштеп чыкпай ошол боюнча кала бермектир. Анткени орусиялык ырчы жаңыланган "Я однолюб" деген чыгармасын Бактияр Токторовго таандык обон, аранжировкада аткарып чыкпадыбы. Эки ырчы тең бири-биринен автордук укукту талашпай, ооздон-оозго таратса чоң сыймык экенин айтышты.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
18.12.2018. 09:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
25-02-2020 22:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо кимиңерге ишенели
18.12.2018. 10:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
26-02-2020 12:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7
Журин туз эле туурап алыптыр го, аранжировкасынан бери. Ана ишенейин десен.
18.12.2018. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
31-01-2020 00:17
Жынысы:
Белгисиз
+5
vikidiki, Казактар бутуп эми орустар уурдай баштаганго. Кыргыз эли музыка жандуу калк.
18.12.2018. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
26-02-2020 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Журиндин айтканы деле туура болуп калышы мумкун. Себеби 2007-жылы диплом жууп Бактыярдын Россия кинотеатрга койгон концертине бардык. Жылына «абитуриент менен студенттерге», арнап концерт берчуу ошондо. Концерт ортолоп калганда Бактыяр бир кишини сахнага чакырып
-«Экообуз жаны бир ыр жаздык, негизи бул кишиге таандык. Ыр кыргыз жигитинин кытайлык кыргыз кызы экоонун махабатынын негизинде чыгарылган. Кыргыздар кытайга делагаттар барып калып бир Кыз экоо бирин бири жактырып калат экен, бирок
18.12.2018. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
26-02-2020 14:44
Жынысы:
Белгисиз
-6
Bul obon orustuku okshoit kyrgyzdin obondoruna okshoshpoit
18.12.2018. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
26-02-2020 22:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+6
Созу, обону кимдики болсода ыр оз куйормандарын тапты. Бактыяр байке канча жыл сахнада журуп бир да ыр талашып, менин ырымды уурдады деп чырдашканын уга элекмин. Озунун ырлары озуно жетиштуу.
18.12.2018. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
03-12-2019 15:08
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактыяр Токторов кыргыз легендасы десек болот.Ырлары кандай сонун,уну болсо андан жакшы.Кызыктуу группалар коп болчу эле мурун.Анын арасында ,,Биз''тобу,бийлегендери укмуш эле.Окукучтуу,азыр андай таланттуулар чыкпай жатканы
18.12.2018. 16:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
24-01-2014
Соӊку аракети:
26-02-2020 20:44
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буй буйдун эле көчүрмөсү. Оозу мурдун кыйшытпай эле алдап коюптур го бул кайран орус эргул. Ыр меники эле бирок аранжировкасын кыргыз ырчыныкын алдым деп эле эркекче моюндап койсо бир аз ишенимдүүрөк болмок. Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат болуп кетпегей эле эми. Токторов эмес эле биякта туруп менин ичим ачышып тарып атат.
19.12.2018. 02:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
05-01-2015
Соӊку аракети:
16-02-2020 00:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орус айта берсин. Мен үчүн бул Бактияр Токторовтун "Буй-буй" ыры. Кыргыз ыр уурдабайт. Кыргыздын ырларын башкалар уурдап атат. Апасына жазган ырдын кайырмасы обону бир аз окшош болсо болгондур. 7 нота болгон соң дал келүү болот. Бирок Евгений Журин Токторовдун обонун өзүндөй көчүрүп автор болур алыптырго. Мен кыргызмын. Кыргызды колдойм жана коргойм. Бул ыр кыргыздын ыры!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23651;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: