«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Роза Айтматова: «МЕНИН АТЫМДЫ ЧЫҢГЫЗ АКЕМ КОЮПТУР»

№841 14-20-декабрь, 2018-жыл


Заманыбыздын залкары Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Калеми менен ааламды багындырган Чыңгыз Айтматов тууралуу эч бир нерсе элге жаңылык эмес болуш керек. Бирок билген сайын билгиңди келтирген маңыздуу жашоо жашап өткөнү чын. Бул жолу Чыңгыз аганын кичүү карындашы Роза Айтматова ата-энеси, агасы тууралуу эстеди.

– Роза Төрөкуловна, атаңыздан 5 айлык кезиңизде калганыңызды билебиз, апаңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– Апам жакшы адам болчу.Эми ар кимге өз апасы жакшы дечи. Апамдын башкалардан айырмасы – энелик парзына жоопкерчиликтүү караган жана туура түшүнгөнүндө деп ойлойм. Балдарынын ички дүйнөсүн туура түшүнгөн адам эле. Атамдан айрылган убакта апам Нагима бар болгону 32 жашта экен. Жапжаш учурунда калган. Тиричилик, жокчулук, согуш маалы, ошонун бардыгын жеңген кыйын аял болгон. Ал учурда эл душманынын балдары болгон бизди аман-эсен алып калып чоңойтуштун өзү эрдик. Андан кийин окутуп билим бериштин өзү чоң эрдик.

– Бир туугандардын ичинен апаңызга ким аябай окшош?

– Ар бирибизде эле бар апамдан. Чыңгыз акем менен мени көбүрөөк окшоштурушат.

– Апаңыз менен атаңыз кайсы жерден таанышып калган экен?

– Бишкектен эле, мурунку Фрунзе шаары. Апам байдын кызы болгон да. Алгач медреседе окуптур. Төрт класс окугандан кийин атасы Караколго орус гимназияга бериптир.Апам орусчаны, татарчаны да бирдей билген, мусулманчылыкты да катуу кармап, бирок өтө аша кетпестен, динге байланышкан тартиптен чыкпаган адам эле. Дарыгер болом деп медучилищеге келип окууга тапшырса “сен байдын кызы экенсиң” деп албай коюшат. "Совет бийлигине берилгениңди далилдеп кел, анан окууга алабыз" дешип кайтарып жиберишет.Апам латын тилинде жазганды, орус тилин билген, ошол кездин алдыңкы сабаттуу кыздарынан болгон. Ошентип стенография курсун окуйт. Чоң жыйналыштарда протоколдорду тез жазган адам керек да. Орусча, кыргызча билгенден кийин Комсомолдор комитетине жумушка алышат. Ошол учурда атабыз Төрөкул Москвадан окуусун бүтүп келип, борбордо иштей баштаган. Атам Комсомолдор комитетине бир нерсени текшерүүгө келип, экөө таанышып, бири-бирин жактырышып калышат.

– Рево деген да агаңыз бар болгону, Люция Айтматова эгиздин түгөйү болгону чынбы?

– Чын (күлүп). Атам менен апам революция, партияга аябай берилген адамдар болгон да. Эгиз балалуу болушуп, эркек баласын Рево, кызды Люция деп аташат. Бирок чоң энем бул атты жактырбай койгон экен. Атамдын эң жакын досу Эркин Эсенамановдун атынан баланын атын кайра Эркин деп коюшат. Бул деле эркиндикти билдирет деп атын өзгөртүшүптүр. Люция эжемдин атын калтырышыптыр. Тилекке каршы, ал агабыз 6 айлыгында чарчап калыптыр. Менин атымды болсо Чыңгыз Төрөкулович койгон экен. Люция эжем 1995-жылы жүрөк оорудан улам каза болду. Агам Илгиз Айтматов Тоо-кен геомеханикасы боюнча илимпоз, техника илимдеринин доктору, академик. Эжем Люция энергетика тармагында иштеген алгачкы аялдардын бири болгон. Мен физика-математика илиминин кандидаты болдум. Чыңгыз Айтматовду билбеген кыргыз жок. Апам баарыбыздын билимдүү болушубузду аябай каалаган. Биз эмнеге жетишсек – апамдын тилеги, эмгеги.

– Агаңыз менен акыркы жолу сүйлөшкөнүңүз эсиңиздеби?

– Эсимде. Бельгиядан келгенден кийин жолуктум. Келип Алматыга кетти, Алматыдан телефон менен сүйлөштүм. Андан ары Казанга барам деди. Акыркы сүйлөшкөнүм ошо болду.

– Чыңгыз ага сиз үчүн кандай ага болду, сырдашчу беле?

– Атабыз репрессиянын курмандыгы болуп эрте кетти. Балдардын улуусу болгондон кийин ата да, ага да болду. Аябай камкор бир тууган эле. Биздин ортобузда тогуз жаш айырма бар. Андыктан сырдаша тургандай деле болгон жок. Бирок окуума көңүл бөлүп, жашоодогу маанилүү нерселердин баарын көзүнөн өткөрүп турчу. Эгерде көңүлүнө жакпай калган бир нерсебиз болсо “андай кылба” деп айтчу. Бирок бирибиз да чектен ашкан эч нерсе кылбадык.

– Атаңыз Төрөкул Айтматов менен абакта бир камерада бирге жаткан адамына жолуккан экенсиз?

– Мен Таласка жумуштар менен барып калдым. Ошол жерден бир аял жолугуп “сизди издеп жүрдүм эле, агам ооруканада жатат, "ушу Төрөкулдун балдарына жолуксам" деп жүрөт” деди. Барып жолуктум. "Көзүң Төрөкулдуку экен. Атаңа окшош турбайсыңбы" деди. Атам менен чогуу абакта бир камерада жатканын, ал дагы ошол замандын курмандыгы болгонун айтты. Атам менен жакшы мамиледе болгон экен. Жаткан жаздыгына "Чыңгыз, Илгиз, Талас" деп саймалап жазып коюптур. Ал кишинин айтымында, атамды камерадан алып чыгып кеткен боюнча кабары болбоптур. Атамды көрбөсөм да, аны көргөн адамды көрдүм.

– Чыңгыз Айтматов тууралуу китептерди жазып жүрөсүз...

– Люция эжемдин уулу Асан Ахматов деген жээним экөөбүз автор катары Чыңгыз Айтматов тууралуу китеп чыгарганбыз. Эскерүүлөрдөн турган диалог. Атама арнап “Тарыхтын актай барактары” деген китеп жаздым. Мен эми жазуучу эмесмин да, болгону жакын адамы катары Чыңгыз Төрөкулович тууралуу жазып калтырсам дейм.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(15)
18.12.2018. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
20-11-2019 17:11
Жынысы:
Белгисиз
+34
Кыска гана болуптур. Чынгыз агабызга арнап суперчилер бир жумалык гезитинерди жалаң Чыңгыз агабызга арнасанар болмок. Кичине чагынан акыркы күнүнө чейин. Бул жеке оюм.
18.12.2018. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
10-10-2019 13:27
Жынысы:
Белгисиз
+22
Tyty1990,анжеликага окшоп жакындары акча берише алышпаса чыкпайтда
18.12.2018. 13:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-07-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 15:26
Жынысы:
Белгисиз
+12
Tyty1990,оа туура айтасын!!!
18.12.2018. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
20-11-2019 20:17
Жынысы:
Белгисиз
+15
ХХХХХ Азада Бегимкулова,Зуура Сооронбаева,Бубусара,Таттыбубу эжелердин тарыхын жазсанар.Мына ошолор келечектеги муунга таасир берчу инсандар.
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-18 15:12:10
19.12.2018. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
19-11-2019 22:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Skarlett-Skarlett,Чынгыз Айтматовго ушуларды кошуп жазсанар десен. Мындан коро дегендей болуп калыптыр!
25.12.2018. 01:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
05-12-2018
Соӊку аракети:
20-11-2019 19:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Skarlett-Skarlett,ошону айтын мен да сиздин оюнузга кошулам.
18.12.2018. 12:55 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
371
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
03-08-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жакшы ,ушундай улуу адамдардарды эскеруу макалалар коп чыкса. Бир эле Чынгыз Айтматовду айтпайм,кыргызда толтура инсандар брлгон,баскан жолу азыркы жаштарга улгу боло турган. Ошол адамдар жонундо ар бир гезит санына жазсанар. Самара,Анжела,Айчурок,Назиралар эмнеси менен улгу????
18.12.2018. 15:12 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
864
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
20-11-2019 22:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nanei, Skarlett-Skarlett, саламатсыздарбы! Сунушуңуздарга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
18.12.2018. 16:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
18-05-2016
Соӊку аракети:
28-10-2019 13:11
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ээээх,менин ААЛАМДЫ АРАЛАГАН АЙТМАТОВУМ!!!

Мен бул инсандын таасири астында канчалаган олимпиадаларды багындырдым. Канчалаган мугалимдерди ыйлаттым...
Жамийла менен Даниярды канча суйдум! Канча сизге баа берип,суктандым. Аллахым бейишин берсе экен ылайым.
Куран окуп койгула,замандаштар. ТОРОКУЛ УУЛУ ЧЫНГЫЗДЫН АРБАГЫНА деп
18.12.2018. 18:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
20-11-2019 17:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле дагы дагы билгин келет Айтматов жөнүндө!
18.12.2018. 22:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
15-07-2019 00:29
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мугалимибиз Айтматов тууралуу,чыгармалары тууралуу ыйлап айтып берчу,биз да ыйлап укчуубуз,кыйлага чейин Айтматов ааламында жашадым.Эх,Чынгыз ага,"Адамга эн кыйыны-кун сайын Адам болуу"деген созунузду кун сайын эстейм,ойлоном,Адам болууга аракет кылам.
19.12.2018. 13:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
11-10-2015
Соӊку аракети:
24-09-2019 02:29
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне деген керемет маек,кыргыз тарыхында оорду кооноргус инсандарыбыздын чыгармаларын,келечекке калтырган Мурастарын,акыл насаат создорун бугунку кундун маданият кызматкерлери ,жашырчы чоорчуларыбыз гезит журналдар ,арбиркелечек муунга жеткизип турушса койногун ичкен тамагын жарнамалабай.
19.12.2018. 19:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
07-06-2016
Соӊку аракети:
28-02-2019 01:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Тынчтык окум сургон жерде
+1
Бар экенсинер го Супер-Инфо,шашып ача калып окудум...
20.12.2018. 22:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
20-11-2019 23:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы ар дайым айтып келем,гезитке женил-желпи ырчы-чоорчуларды азайтып ушундай улгу боло турган улуу инсандарды чыгаргылачы деп,мен деле кары эмесмин бирок ото жаш муундардын сабатсыздыгы жана томон маданияты кейитет кадимкидей,бирок акыркы мезгилде Супер жакшы жакка озгоро баштады,пайдалуу,мыкты макалалар кобойуп келе жатат.
25.12.2018. 01:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
05-12-2018
Соӊку аракети:
20-11-2019 19:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармаларынын, кинолорунун тарыхы жонундо да жазгылачы сураныч супер инфо. Анжелика Самараларды азыраак чыгарып ордуна омуру орнок инандарды, жакындарынын интервьюларын дегендей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: