Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Анжелика, ырчы: «АЗЫРЫНЧА ЖОЛДОШУМДУН ОРДУН БИРӨӨ ЭЭЛЕДИ ДЕП АЙТА АЛБАЙМ»

№840


– Саламатсыңбы, Анжелика? Ден соолук кандай, “калкан безим шишип, 3 айдан бери дарыланып жатам” дедиң эле?

– Жакшы, рахмат. 3 кыздын апасы болгондон кийин ден соолукту карап, бекемдеш керек экен. 3-4 айдан бери дарыланып жатам. Жашагың келсе ушинтип ден соолугуңа кам көрөт экенсиң да.

– “Жылдын супер ырчы айымы” наамына талапкер болдуң, өзүңө добуш бердиңби?

– “Жылдын супер ырчы айымына” талапкер ырчылардын катарында болгонума кубанычтамын. Бул наамды эң биринчи болуп 2005-жылы мен алгам. Добуш бере элекмин. SUPER.KG порталына 5-6 жыл мурун катталып, бирок сыр сөзүмдү унутуп кирбей калгам. Азыр кайрадан катталыш керек болуп жатат. Видео жүктөгөнгө, окурмандар менен түз байланышканга мүмкүнчүлүктөр болот эмеспи.

–“Өтүп бара жаткан жыл мен үчүн кандай жыл болду, эмне иш кылдым?” деп артка кылчайып алдыңбы?

– 2018-жылы чыгармачылыгым унутта калган жок. 3 клип тарттырдым. "Добулбас" тобунун солисти Кубатбек Тургумбаев менен дуэт жаздырып, ал ырга клип тарттык. Андан сырткары бир топтун негиздөөчүсү болдум десем жарашат. Болгон аракетимди, күчүмдү “Kids star” тобуна жумшап, учурда 10 кыздын үстүнөн күнү-түнү иштеп, вокал, бий боюнча сабак алып жатабыз. Андан сырткары да бир нече долбоорлорду алып чыктым. “Жаным дечи” деген ырымды казак тилине которуп ырдоону да сунуштап жатышат.

– Жаңы жылга кандай план, кандай маанай, кандай эргүү менен баратасың?

– 2019-жылы чыгармачылыгыма 22 жыл болот. Аны 20 жыл деп да койсом болот, эң башкысы, 30 жашка чыгам. Келе жаткан жылы экинчи концертимди берсем деп камдана баштадым. Биринчи концертимди 2014-жылы өзүмдүн көңүлүмдөгүдөй өткөргөм. Азыр концерт боюнча чет жактык мыкты режиссёрлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштадым. Ошондон улам бир бутум чет өлкөлөрдөгү студияларда болуп жатат. Мунун баары элим үчүн сюрприз. Жаңы форматтагы, жаңы багыттагы ырларды тартуулагым келет. Эмгегим менен тапкан каражатымды учурда ушундай иштерге жумшап жатам. Мен түшүндүм, ырчылык – бул менин жүрөгүм менен каалаган, жактырган кесип экен. Ырчылык менен эч качан коштошо албайт экем. Буюрса, келе жаткан жылы “Жылдын супер ырчы айымы” болууга катуу аракет кылам.

– Казак ырчыларынын клибине кандайча тартылып калдың?

– Жайында Бишкекке “Ринго” тобу келди. Менеджерим Миргүл Эсеналиева “клипке кыз издеп жатабыз, тартылып көрбөйсүңбү?” деп калды. “Эч качан бирөөнүн клибине тартылган эмесмин да, клипке жаш кыз тартылыш керек го” десем, “сен жапжаш эле көрүнөсүң” деп мени макул кылды. Төрт мырзанын сүйүү ырында жалгыз каарман болдум. Мага абдан жакты. Ырдагандан да клиптин каарманы болгон кыйын окшойт деп калдым. Буюрса, концертимде казак ырчылары менен дуэт ырдайын деп жатам.

– Жолдошуң менен ажырашканыңды мүмкүн жаштыкка, курчтукка салып билдирбеген чыгарсың. Бирок ата-энеңе оор болду го...

– Ал боюнча ата-энем эч нерсе деп айта элек. Болушунча эркелетип, колдоп жатышат. Мурункудан да жакын болуп кеттик. Азыр бош убактымдын баары алар менен чогуу өтөт. Жашоо ачуусу, таттуусу менен биздин тирүү экенибизди билдирип турат экен. Мен үчүн 2018-жыл башталгандан тартып жай мезгилине чейин өтө оор, жан чыдагыс сыноо менен коштолду. Ошол мезгилди эстегим келбейт, бирок азыр баары жакшы.

– 3 кызың удаа чоңоюп келе жатат. Колуң узарып, кайсы бир иштерден бошоп калдыңбы?

– Улуусу Айыма 11 жашта. Мектептеги эң алдыңкы окуучу, менин сыймыгым. Мугалимдер бир гана кызыма телефон колдонууга уруксат беришиптир. Инстаграмда катталуучусу көп болгондуктан мектепти, иш-чараларды сүрөткө тартып киргизип турат дешиптир. Айыма менен Элима бир мектепте окуйт. Эртең менен саат алтыда туруп өздөрү жуунуп, таранып, чай ичип кетишет. Экөө кадимкидей чоңоюп калышты. Кыздарымдын бош убактысы жок. Мектептен кийин ар кандай ийримдерге барышат. Кечинде саат тогузда келишет да, уктап калышат. Чет жакка кетип жатканда Айымага “кызым, сен менден кыйын болосуң, сиңдилериңди жакшы кара” десем, “жок, апа сиз менден кыйынсыз, мен сизге жете албайм” дейт. Экөөбүз бири-бирибизге сүйүүбүздү арнап бүтө албайбыз. Атасына дагы, мага дагы бирдей мээрим төгөт. Атасы менен болгон мамилени дипломатиялык жолдор менен ишке ашырат.

– Ажырашканыңды улуулары түшүнсө да, кичүүсү Айлин атасын жоктоду го...

– Айлин кичинекей да, чынында түшүнбөй деле калды. Үйдө сиңдилерим, инилерим көп жүрөт, алар бала-бакчага алып барышса ар кимди эле ата, апа дей берет экен. Айыма менен Элиманы деле апа дей берет.

– Кыздарың атасы менен жолугуп турушабы?

– Азыр ал өтө зарыл иштери менен бошобой жатса керек. Бошогондо эс алуу күндөрү келип, кыздары менен сейилдеп келсе керек деп ойлойм.

– "Кулпуланган жүрөгүмдүн ачкычын тапкан жакын адамым бар" дедиң, ал адам ким?

– Жүрөгүм ачыла элек, дагы бир нече жылга бек дебейминби. Менин байлыгым – кыздарым. Бирок аялзаты болгондон кийин ооруп калсам, бук болгондо, сырдашкым келгенде жан дүйнөмө жакын, кубанычымды тең бөлүшчү инсаным бар. Анын катарында эле байкелерим, инилерим бар. Азырынча жолдошумдун ордун бирөө ээлеп калды деп айта албайм.

– Сүйүү бар экенине ишенесиңби?

– Жаш кезде, турмуш кура электе сүйүш керек. Ал мезгилди да көрүш керек. Бирок менде андай мезгил болгон эмес. Турмушка чыгып, ар бир кызымдын төрөлүшү мен үчүн сүйүү, бакыт болуп келди.

– Марат Назарбеков экөөңдүн бир дасторкондо жанаша отурган сүрөтүңөр тарады. Ошол сүрөт тууралуу айтып берсең.

– Ал сүрөт чыкканда мен эч нерсе болгон жокмун. Анткени ал факт, факт бар жерде мен эч нерсе айтпайм. Ооба, ал жерде чогуу отурдук. Кыргызстандагы белгилүү айымдын үйлөнүү тоюна барганбыз. Ал жерге ишкерлер, ырчылар, деги эле атактуу адамдар барышкан болчу. Баары эле сүрөткө, видеого тартып жатышты. Биринен да бекинип, жашынган жокмун. Жогоруда айткандай, жылдын башында мен тарапка жалган жалаа жаап, адам чыдагыс катуу сыноого тушуктум. Анын жанында сүрөт эч нерсе эмес.

– Экөөңөрдү болочок түгөйлөр десек болобу?

– Бизди айрымдар андан да жакындатып салышкан. Буга чейин дос, сырдаш болсок, азыр деле ошондой мамиледебиз. Кээ бир комментарийлерди окуп таң калам. Мен учурда жашоомду жаңы барактан баштаганымды билесиздер. Жаңы үй алдым, жакында унаамды алмаштырам. Мунун баары өзүмдүн эмгегим менен келген каражатка алынып жатса да кээ бирлер, “бул жардам берди, тигил минтиптир” деп боолголой беришет.

– “Анжелика бал айын Монакодо өткөрөт экен” дегендер бар. Той жакындап калдыбы?

– Менин бал айым каякта өтөрү маалым болсо, турмушка качан чыгарымды да айтып коюшса жакшы болмок. Турмуш куруп, үлпөт көйнөгүн кийип, бал айын өткөрүп жатканымды азыр элестетпей элемин. Кыздарым чоңоюп, өз турмуштары менен болуп калганда жеке жашоомду баштасам да кеч болбойт. Балким, эртең бирөө каршы болгонума карабай жолумду тороп, колумду сурап кыйнаса ойлонгонго 3 жыл керек деп айтам. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп калдым.

– Эмнеге 3 жыл?

– Анткени 2-3 жыл иштеп алайын да. Азыр алдыга талпынып, көп нерсеге максат кылып жаткан учурум. Турмушка чыкканымда, балким, жолдошум иштетпей койсочу. Мага мени колдогон, позитивдүү көз карашта алдыга умтулган, көз карашы да меникиндей мырза керек.

– Маегибизди жаңы жылды кайдан тососуң деген суроо менен аяктайлы?

– Бул жаңы жылды өзгөчө күтүп жатам. 31-декабрда жаңы жылды жаңы ак өргөөбүздө, жаңы балатынын жанында тособуз, буюрса.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg



Анжелика Кайратова: “Жан чыдагыс сыноолор башымдан өттү. Аны эстегим келбейт”

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(55)
11.12.2018. 09:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
19-10-2019 12:43
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сага куч-кубат, ден-соолук, бакыт каалайм. Ээээч оорууба.
11.12.2018. 09:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
27-09-2017
Соӊку аракети:
25-05-2019 03:04
Жынысы:
Белгисиз
+18
Марат менен эч кандай мамилем жок деп жатпады беле эми сырдашы болуп калса. Жалган айтыканга шык, талант керек. Анжелика сен ар тараптуу таланттуусун...
11.12.2018. 09:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
13-11-2010
Соӊку аракети:
12-12-2018 08:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+11
Эми эсине келип, кичине ажырашкан аялдай интервью бериптир. Болбосо ажыраша калып эле бир эркектин суротун киргизип мен жалгыз эмесмин деп мактана калды эле. Анда элдер да шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт чын тура бироосу болуп анан жолдошун таштап кеткен деп жазышты эле. Эми кой эч ким жок деп турайын деген жыйынтыкка келген экен. Эмнеи болсо да кыздарына жакшы улгу корсото кор. Бир эмес уч кыз. Кыздары бузулган улуттун шору дечи беле
11.12.2018. 09:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
20-10-2019 15:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+16
Тим эле ХХХХХ аркасынан тартып журогум ээсин тапты деп аттылего,тез тез озгоруп турат экенда да эч озуно чан жугузбайтко,молодец мындай талант баарындале боло бербейт
Модератор admin_kinozal түзөттү 2018-12-11 13:13:03
11.12.2018. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
639
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
21-10-2019 00:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+8
Ошончо эл калпычы,сен сүттөн ак,кардан таза болдуңбу?!
Укмушсуңго экинчи интервью бербейм дебеди беле бул чүрөк
Super TV
11.12.2018. 09:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
08-06-2015
Соӊку аракети:
16-09-2019 11:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Урмат менен жараша турган ою бар окшойт.
11.12.2018. 09:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
21-10-2019 00:28
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын!
11.12.2018. 09:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
30-11-2018
Соӊку аракети:
03-09-2019 11:37
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аябай тан калычтуу! Эмнеге эле асыла бересинер? Же шоу бизнесте бир Анжелика жалган суйлойбу? Бечараны ар ким менен журдуросунор, жалганчы, эки жуздуу дегеле койчу баардык жаман создорду айтасынар. Жон эле бакыт каалап жашоонорду уланта бергиле.
11.12.2018. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
30-11-2018
Соӊку аракети:
03-09-2019 11:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер ушунчалык эле жакпаса бул теманы ачып окубай эле койгула. Мага окшогон куйормандары учун интерьвю берип атат
11.12.2018. 10:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
371
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
03-08-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика,ишине ийгилик. Кыздарын бактылуу кыздардан болсун. Сени жамандап,ар кайсы жерден ашатып жургон эжекелерин деле жыргап кеткен жок,алар дагы жаш кезинде кылбаганды кылышып,корбогонду корушкон. Эми тимеле периштеден таза болуп чыга келишти. Оорубай сыктабай кыздарындын кашында аман эсен жур! Аялдык бакыт каалайм!
11.12.2018. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
17-10-2019 07:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маратка кызык эмес.
11.12.2018. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
23-10-2017
Соӊку аракети:
20-10-2019 18:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ПИШПЕК
+9
Негизи эле ушуну ким 30жашта деп айтат???
Суйлосо созунун 80% ХХХХ, ХХХХ кишиси деле калбадыго.
Калп айткандын казаны кайнабайт дейт, суудан кургак чыккан ХХХХХХХХ жок, сени азыр эч бир тойго чакырбай да калдыго.
Анан кантип жеке концертинди бересин, 5 ырын мененби?!
Дагы да болсо ХХХХХХХХ ишин мн элди ирээнжитип алдын
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-11 15:46:10
11.12.2018. 15:48 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
837
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
15-10-2019 22:24
Жынысы:
Белгисиз
-5
DAKS, порталдын эрежелерин сактаңыз. Эскертүү!
11.12.2018. 10:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
20-10-2019 23:13
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эмнеге аял кишилер кор болушу керек?!Азыр Анжелика мурдунун суусун агызып,куйоом таштап кетти деп ыйлаганда баарыбыз боор толгоп аямакпыз.Мен кучтуу аялдардын катарына кошом.Ото азамат кыз экенине да козум жеткен.3кызды багып,тарбиялоо эмне деген туйшук?!Кыргыздын кыздары,силер кучтуусунор,коломтонордон от очпосун!
11.12.2018. 10:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
15-05-2013
Соӊку аракети:
02-10-2019 22:44
Жынысы:
Белгисиз
+3
Skarlett-Skarlett,молодец! Анжеликага бакыт жана ийгилик каалайм деп комментарии калтырам деп окуп жаткам. Сенин комм окуп козумо жаш келди. Эмнеге билбейм.
11.12.2018. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
15-05-2013
Соӊку аракети:
02-10-2019 22:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Skarlett-Skarlett,молодец! Анжеликага бакыт жана ийгилик каалайм деп комментарии калтырам деп окуп жаткам. Сенин комм окуп козумо жаш келди. Эмнеге билбейм. Анжелика алга! Ырдай бер! Ар дайым жашара бер! Байый Бер!
11.12.2018. 11:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
20-10-2019 21:52
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кандай болгон кундо да Анжелика жашоо менен курошуп жатат. Уч кызды карабай талаалап кетсе деле анын оз иши да. Жанжал,ажырашуу,уруш-талаш эч качан бир жактуу болбойт... ХХХХ мн журсо жургондур ал озунун иши. Куйоон жарашам десе жарашып ал, как говорится адашкандын айыбы жок... Аракетчил, эмгекчил, жашоо мн курошо билген айым экен.
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-11 14:06:41
11.12.2018. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
18-10-2019 16:07
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бир созу экинчи созуно дал келбейт. Журогумун ачкычын тапкан жигит бар деп эми ал менин байке инилерим деп...мынтип алдап интервью бербейле койчу. Озуно келип бир калыпка тушуп алганча. Жалгандын да чеги болотда. Озуну озун далилдеп атасын ким экенини
11.12.2018. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
11-12-2017
Соӊку аракети:
06-01-2019 18:59
Жынысы:
Белгисиз
+19
Убагы келгенде бул деле жарашат күйөөсү менен. 3 кызы туруп башкага тибейтго. Айжамал деле жарашпадыбы. Ушакчылардын айынан ажырашып кайра жарашты. Булар деле ошондойда. 3 кызына ким ата болуп бермек эле, бул заманда өз балдарына ата болбой качып жүргөндөр канча. Анан бирөөнүн эле баласына ата болайын деп эле ким алмак эле. Баары бир өз атасына жетпейт да.
gulka_875558 түзөттү 2018-12-11 11:49:56
11.12.2018. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
27-07-2013
Соӊку аракети:
06-09-2019 16:19
Жынысы:
Белгисиз
+3
gulka_875558,туура айтасыз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: