«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТОБОКЕЛДИКТИ АНЫКТООГО БАГЫТТАЛГАН КӨЗӨМӨЛ БАНКТАРДЫН ИШЕНИМДҮҮ ИШТЕШИН КАМСЫЗ КЫЛАТ

№840


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктарды көзөмөлдөөчү орган катары финансы системасынын туруктуулугун сактоо, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыктарын колдоо жана коргоо максатында коммерциялык банктардын ишин жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарга ылайык жөнгө салат. Анын негизги милдеттеринин бири болуп – экономиканын узак мөөнөткө өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн республиканын банк тутумунун натыйжалуу, коопсуз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу. Бул ирет коммерциялык банктарга болгон тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл киргизүү боюнча Улуттук банк аркалаган иштер тууралуу маалымат беребиз.

БАНКТАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨ МУКТАЖДЫГЫ

2007-2008-жылдары орун алган глобалдуу финансылык каатчылык банк тутумун банкрот болуу тобокелдигинен алдын алуучу банктык көзөмөлдүн маанилүүлүгүн, анын муктаждыгын далилдеген. Мындай көзөмөл негизинен банктардын алып барган иштери өлкөнүн мыйзам талаптарына туура келүүсүн текшерүүгө багытталат.

Финансы системасын өнүктүрүү жана өстүрүүдө банктардын жаңы жана татаал финансы инструменттерин колдонуусу көзөмөлдөө функцияларын өнүктүрүү зарылдыгын жаратты. Ошондон улам мыйзам талаптарын сактоого багытталган көзөмөлдөөдөн (пруденциалдык көзөмөл) тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлгө өтүүнү талап кылат.

КӨЗӨМӨЛДӨӨНҮН УЧУРДАГЫ ТАЛАБЫ

Улуттук банк учурдагы көзөмөлдөө функцияларынын сапатын жогорулатуу менен бирге көбүнчө инспектордун сапаттуу корутундусун божомолдогон мазмундуу көзөмөлдөөнүн жаңы формалары менен ыкмаларын киргизүү процессинде турат. Бул ыкмалар банктардын экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле көзөмөлдөө органы тарабынан белгиленген эрежелерди аткаруусуна көзөмөл жүргүзүүгө негизделген кадимки пруденциалдык көзөмөлдөө функцияларынан айырмаланат. Пруденциалдык көзөмөлдөөдө эреже катары көзөмөл жүргүзүү чаралары көйгөйлөрдү азайтууга багытталган. Көйгөйлөрдүн пайда болуу себептерин эмес, көп учурда анын белгилерин гана четтетүүсү пруденциалдык көзөмөлдөөнүн кемчилиги болуп саналат.

Коммерциялык банктарга тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл жүргүзүүдө Улуттук банктын чаралары банктын ар башка чөйрөлөрүндө тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгына, банктын тобокелдиктерди тескөө сапатына жана ички көзөмөлдөө системасына баа берүүгө багытталган. Ошондой эле тобокелдик деңгээли көп байкалган тармакка чара көрүлөт.

Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл көзөмөлдөө ресурстарын оптималдуу пайдалануу максатында алардын натыйжалуу бөлүштүрүлүшү менен айырмаланат. Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл – бул алдыңкы жана учурга сунушталган эл аралык практика. Банк көзөмөлү боюнча Базель комитетинин «Натыйжалуу банк көзөмөлүнүн негизги принциптери» (Банк көзөмөлү боюнча Базель комитети 1974-жылдын аягында дүйнөнүн 10 өнүккөн борбордук банктарынын президенттеринин катышуусунда Швейцариянын Базель шаарындагы Эл аралык эсептешүүлөр банкы алдында негизделген) китебинде тобокелдикти аныктоого багытталган натыйжалуу көзөмөлдү киргизүүнүн маанилүүлүгү айтылат.

ТОБОКЕЛДИКТИ АНЫКТООГО БАГЫТТАЛГАН КӨЗӨМӨЛДҮН МИЛДЕТИ

Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүн милдети болуп – банктардын коопсуз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, жалпы финансы системасынын туруктуулугун коргоо эсептелет. Жалпылап айтканда, тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл – банктардын ишинде пайда болуучу көйгөйлөргө өз убагында ыкчам чара көрүүгө өбөлгө түзүү үчүн натыйжалуу мониторинг жүргүзүү процессине жетишүүгө, банктардын коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа берүүгө умтулат. Мындай кийлигишүү аркылуу көйгөйлөрдү эрте аныктоо, жаралган маселелерди ийгиликтүү жөнгө салуу ыктымалдыгы жогорулайт.

Пруденциалдык көзөмөлдөөдөн айырмаланып, тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдөө процессинде сапаттуу мүнөздөмөлөргө терең талдап-иликтөө жүргүзүүгө, бизнес-моделдин шайкештигине, стратегияга, корпоративдик башкаруунун, ошондой эле ички көзөмөлдөө системасынын натыйжалуулугуна баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Ал үчүн көзөмөлдөө маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүү, банк кызматкерлеринен жана жетекчилеринен интервью алуу, жөнгө салуу отчётторунан тышкары кошумча маалыматтарды талдоо сыяктуу инструменттер жигердүү колдонулат.

Мындан тышкары пруденциалдык көзөмөлдөөдө банктарга карата бирдей эле ыкма колдонулса, тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл банктын мүнөзүн, татаалдыгын жана маанилүүлүгүн эске алуу менен ар бир банкка карата жеке мамиле кылуу ыкмасын колдонот. Банктын иши канчалык татаал болгон сайын көзөмөлдөө органынын колдонгон ыкмасы да ошончолук татаал болмокчу.

Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүн тышкы көзөмөлдөөнү инспектирлөө иш-аракеттери менен тыгыз координациялоонун пайдасы жөнүндө белгилеп кетүү зарыл. Бул көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлерине пландык иш-чаралар жана процесстер менен эле чектелип калбастан, жаралган ар бир тобокелдиктин багыты боюнча өз ишин тез жана талаптагыдай аткарышына мүмкүндүк берет.

МЕТОДОЛОГИЯЛЫК КАМСЫЗДОО

Көзөмөлдөө процесси методологиялык камсыздоосуз ишке ашпайт. Ушул себептен тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл киргизүү Улуттук банк тарабынан ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү менен ишке ашырылат. Алсак, бул көзөмөлдү киргизүүнүн баштапкы баскычында коммерциялык банктардын түздөн-түз катышуусунда апробациядан өткөн документтер иштелип чыккан. Бул өз кезегинде тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдү киргизүү процессинин натыйжалуулугуна өз убагында баа берүүгө жана банк сектору менен бирге жүргүзүлүүчү иштерди жакшыртууга түрткү болгон.

Мындан тышкары ченемдик укуктук базаны Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына ылайык келтирүүнүн алкагында Улуттук банк тарабынан бир катар ченемдик укуктук актылар, анын ичинде тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүн талаптарын эске алуу менен бекитилген. Анда белгиленген талаптар коммерциялык банктардын ишинде пайда болуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

ТОБОКЕЛДИКТИ АНЫКТООНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдү колдонууда Улуттук банк жана банктар тарабынан төмөнкү негизги артыкчылыктарды колдонуу эсептелет:
  • Көйгөйлөрдү эрте аныктоо. Айрым банктарда жана жалпы сектордо пайда болуучу тобокелдиктерди алдын ала аныктоо, аларга өз убагында чара көрүү;
  • Натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү. Тобокелдиктерге көбүрөөк басым жасоонун эсебинен көзөмөлдөө ресурстарын натыйжалуу пайдалануу. Бул өз кезегинде банктын ресурстарын туура колдонуусун камсыз кылат;
  • Башкаруу сапатын жогорулатуу. Корпоративдик башкаруунун сапатын жана банктарда тобокелдиктерди башкаруу практикасын жогорулатуу (жыйынтыгында инспекторлор ошол чөйрөгө көбүрөөк басым жасайт).

Жогоруда айтылгандардан тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүн артыкчылыктары менен Улуттук банк гана эмес, көзөмөлгө алынган коммерциялык банктар дагы тобокелдиктерди тескөө жана көзөмөлдөө системаларын жакшыртуу жолун пайдаланышат дегенди түшүнүүгө болот.

Дүйнөлүк финансы системасынын өнүгүшү менен банктарга көзөмөл жүргүзүү, финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салууну уюштуруу ыкмалары, мамилелери да өзгөрүүгө дуушар болууда. Себеби финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугуна мониторинг жүргүзүү, алдын алуу иштерине кеткен чыгымдар банк жана финансы системаларындагы каатчылыктардын кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдардан кыйла төмөн.

Мамлекеттик жөнгө салуунун элементи катары банктарды көзөмөлдөөнүн негизги милдети – жалпы банк тутумунун туруктуу иштешин колдоо функциясы өзгөрүүсүз калат. Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдү жайылтуу банктарды көзөмөлдөөнү жаңы деңгээлге, коммерциялык банктардын ишине сапаттуу көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берген баскычка алып чыгууга шарт түзөт. Бул республиканын банк тутумунун натыйжалуу, коопсуз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: