Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл (Башталышы өткөн санда) Адилеттик күчтүүлөрдүн колунда дешет. Бул жолу да ошондой болду. Жаныбек күнү-түнү иштеп күбө издеп, Элинаны бул жагдайдан чыгара тургандай эч нерсе таба албады. Соттук отурумда 2 жылга эркинен ажыратты да койду. Элинанын өӊү бопбоз эле. Нес абалында калды. “Эмнеге? Кантип? Мен күнөөсүзмүн...” Ичинен жулунган айкырык сыртка чыкпады. Эрдин күбүрөтө берди. “Балдарым” деди. Жаныбек столду чаап жиберип, жүз буруп кетти. Зиректин көздөрү чакчайды. Бул түш эмес болчу, реалдуулуктан өткөн реалдуулук болчу. Эки жыл! Эки жыл балдары кантет? Алия ушу жылы биринчи жолу мектеп босогосун аттайт. Апасы жок болуп кеткенине эми араӊ көнүп келе жаткан балдар эки жыл энесиз кантип жашайт? Соттук отурумда спорттук кийим кийген арткы катарда отурган аялды эч ким тааныган жок. Жүзүнө чейин тартып алган кепкадан аны байкаш оор болчу. Бул аялдын көзү Элинада эле. Дагы деле көкүрөгүн жеген “Менден артык эмнеси бар? Эмнеге Аман мени бул жөнөкөй кыздай сүйө албады? Менде жок эмне бар бул кызда? Менден баш тартып, буга кете тургандай ким бул?” деген кызыгуу аралаш кызгануу бар эле. Өзүн кимдир бирөө тиктеп турганын сезген Элина менен Нуризанын көздөрү бир саамга чагылыша түштү. Чыйрала түштү Элина. Боюн түздөй берди. “Хм, жеӊилди деп ойлоп жатасыӊбы? Жок! Али баары алдыда” деди көздөрү. Нуриза көзүн ала качты. Ошол күнү Нуриза шаарды аралай жалгыз жүрдү. Америкадан келгенден бери күндүз таптакыр үйүнөн чыкпайт, түн ичинде гана шаарды аралаган адаты бар. “Баары бүттү, Аман” деди шыбырай. Баарын башынан баштаганы оӊ. Колунан келер бекен? – Жардам берсеӊиз,- деп колун сунган кайырчы чыкты алдынан. Чөнтөгүн карап туруп бар акчасын тигиге берип койду. Күбүрөп бата кылган адамдын жүзүнө деле карабады. Негизи атасынан айырмаланып Нуриза дүнүйөгө ач көз эмес болчу. Амандын колундагынын баарын өзүнө каттатып алганды да атасы ойлоп тапкан. Дүнүйөнү мыкчыган боюнча жашап өтө тургансыган бир гана Сыялы Туманов болчу. Эгерде Аман анын акыркы өтүнүчүн аткарганда, балким, тирүү калмак. Балким... ххх – Ээй, сен анчалык бошобо. Жогорку Сотко кайрылабыз. Муну менен эле бүтүп калбайт,- деди Жаныбек Элинага. – Колубуздан эмне келет? Ошентсе да бардыгын кылдыӊ. Рахмат сага. Сага да, Седеп эже, сизге да. Баса, апамдан кабар барбы?- деди. Баары көздөрүн ала качышты. Элина айттырбай түшүндү. – Мейли. Балдардын бетинен өөп коюӊуз. Башка эч нерсе дегенге алы келбеди. Шалдырап турду. ххх – Апам кайда? Эмнеге келбейт?- деп таӊ атпай ыйлап жаткан Адамды соорото албай убара болуп жатты Зирек. – Сен эмнеге бизди багып жатасыӊ, кет сен, апам келсин!- дейт көзүнөн жашы салаа-салаа аккан наристе. – Адам, мен... – Эмне сен? – Кечир... – Кеткин сен, сен келген үчүн, бизди бакканыӊ үчүн апам кетти. Сени өппөй койсом эмне, балким, апам мага таарынып кетип калды... – Адам, анткен жок, жарыгым. Келчи мага, болдучу эми. Айтчы, эмне кылайын? Мен баарын кылам. Бүгүн кааласаӊ сени бакчага алып барбайм. Көзүнүн жашын аарчый тиги таӊ кала тиктеп калды. – Сен да ыйлап жатасыӊбы? – Жок, ыйлаган жокмун,- деди Зирек көз жашын сүртө. – Апама барам мен... – Эгерде сен ыйыӊды токтотсоӊ, мен сени апаӊ менен телефондон сүйлөштүрөм. – Чынбы? Күндө ушул. Балдар аябай сагынышты. Алия так апасын тарткан экен, чатак салып ыйлап бушайман кылбаганы менен, күндөн-күнгө соолуп бара жатты. Күлүӊдөгөн көздөрүнүн шаӊы өчүп, кээде таптакыр эле сүйлөбөй койгонго өттү. Баарынан балдарга оор эле. Аргасыз Зирек балдарды апасына жолуктура турган болду. – Алия, Адам, апаӊар... Мен силерге жалган сүйлөдүм. Апаӊар чет өлкөгө ишке кетти дебедим беле. Мен жалган айттым. Жаман адамдар апаӊарды... Уф, Элина азыр... Кыскасы, мен эртеӊ силерди апаӊарга алып барам. – Урее-е!- деп кыйкырды Адам. – Чынбы, эне?- деди Алия көздөрүнө тике карап. Ал биринчи жолу “эне” деди. – Чын. Эми келгиле колуӊарды жууп тамак ичебиз. Тамак ичип бүтүп, идиш жыйнашып жатканда Зирек Алиядан акырын сурады. – Алияш, сен мени эне дедиӊби? – Ооба, бакчадагы балдардын баары чоӊ энесин эне дешет. Мен да эне десем... – А сен мени эненин ордуна таене деп айтсаӊ кандай болот?- деди Зирек толкунданганын жашыра албай. – Таене? Биздин таенебиз бар да...- деди Элинанын чоӊ энесинин сүрөтүн көрсөтүп. Зирек шуу үшкүрдү. Кыз моюнунан кучактай берип бетинен өөп “таене” деди шыбырай. ххх Эшиктен көзүн албай жатты Элина. Балдарын алып келмей болушту. Жүрөгү алаканында согуп жаткандай сезилди. Мына эшиктен кирип келишти. Элейген көз караштарында суроо. Элинаны биринчи Адам көрдү. – Апа...- кадам жасай токтоп калды. Анан Алия көрдү. Элина чуркап жетейин дейт. Буттары тушалып баспай калгандай. Коркуу аралаш балдарын тиктеп турду. Күнөөсүз экенин экөө билсе болду. Башкалар менен иши канча, балдарынын көздөрүндө акталса болду. Жарык жана берген сыяктуу балдарынын күнөөсүз көздөрүнөн өзүнө болгон сагынычты көргөндө гана жүрөгү ордуна келди. Чуркап жетип кучагына кысты. Үчөө кучакташып өпкүлөшүп жатышты. Айрыкча Адам апасынын көздөрүнөн өпкүлөйт. – Кандайсыӊар? Ой, болду эми...- көзүнөн аккан жашка ээ боло албай энтигип турса да, күлүмсүрөгөнгө тырышты. – Апа, сен эмнеге бул жердесиӊ? Суроо жоопсуз калды. Атасы да жүрүп эле жок болуп кеткен. Апасы “чет өлкөдө, эртеӊ келет” деп алдаган. Кичине жүрөгү ызага толуп чыкты. – Апа? – Кызым, мен эч жаман иш кылбадым. Мен иштеп жаткам,- мукактанган Элина балдарына акылы, күчү жетишинче түшүндүрүп берди. Алиянын баары бир акылы жетпеди. Апасынын күнөөсү жок болсо деле эмнеге камап коюшат? – Апа, биз эмне болобуз? Ким менен калабыз? – Седеп эжеӊ менен жашап турасыӊар. Мен барам, тез эле барам, ага чейин сен жакшы кыз бол, ээ? Кызынын жаштуу көздөрүнөн өптү. Наристенин да, эненин дагы, аларды карап турган дагы бир эненин да жүрөгү сыздап жатты. ххх Сыялы Туманов жеӊил дем алды. Мындан ары коркунуч жаратпайт деп ишенди. Мизин кайтардым, балдары үчүн болсо да эми тынч жашайт деп ойлоду. Дагы бир жолу уятын “кызым үчүн кылып жатам” деген чүпүрөк менен жапканга аракет кылды. Адам өз чындыгынан өзү качкан жаман тура. Күтүүсүз сокку такыр ал күтпөгөн тараптан келерин билбеди. Элинага периште сыяктуу жардам эч ким, эч кандай адам көз алдына келтире албай турган жерден келерин билген жан жок эле. (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Башка сандарда:
Комментарийлер(8)
originalkgz96
![]()
27.11.2018. 09:25
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
10-03-2016
Соӊку аракети:
02-06-2019 13:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Сыялынын да башына иш тушоткен буюрса
demo009
![]()
27.11.2018. 09:29
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
14-04-2014
Соӊку аракети:
01-12-2020 21:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош-Москва
+3
Иши кылып Аман келет экен да,
Latihani
![]()
27.11.2018. 10:29
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
30-07-2018
Соӊку аракети:
09-02-2021 10:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кичине жазганга жараша көбүрөөк жазсаңар, адамдын жүрөгүн сыкпай
love_you
![]()
27.11.2018. 10:39
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
30-11-2020 13:24
Жынысы:
Белгисиз
+9
Latihani,ошо да, толгоо келип жанып кеткендей эле болуп калдым, же Чубак ажы айткандай, чала олгон жыландай болуп))
pochtalyonin
![]()
27.11.2018. 15:11
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
18-05-2016
Соӊку аракети:
01-03-2021 10:37
Жынысы:
Белгисиз
0
love_you,)))))))))))
Shaa-82
![]()
27.11.2018. 12:35
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
27-02-2021 13:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх адамды ыйлаттыго(((.
Talantbek80
![]()
28.11.2018. 22:02
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
02-03-2015
Соӊку аракети:
01-03-2021 08:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Акталып чыгат го десе байкуш келин
Antalyamanavgat
![]()
28.11.2018. 22:30
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-11-2018
Соӊку аракети:
01-03-2021 11:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Периште сыяктуу жардам деген жери оң жакка буруп кетет окшойт
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|