Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ

№837 16-22-ноябрь, 2018-жыл


(Башталышы өткөн санда)

Сүйөм, ооба. Сүйөм, жек көрөм. Жок болуп кетишиңди тилейм. Жок болуп кет! Өлүп кал деп кантип айтам? Мен кантем? Кантип сен дебей, кантип азап тартпай жашайм, кантип сени сагынбай жашайм? Сени сагынып жашоо дегендин өзү да жашоо. Сени сагынып өрттөнүп тирүү экенимди сезип жүрөм. Көкүрөктө ушунун баары өчсө, менде эмне калат? Түтөйм, быкшыйм, өчөм. Эх, Жозефина, сагындырып гана жүрсөң го... Кандай жакшы адам болот элең. Эмне деген чоң жакшылык кылмаксың. Ооба, сагынтып гана тим болсоң болмок. Бирок сен жылансың! Уф, өччү! Жоголчу! Кызгантпачы, суранам. Дем жетпей жатат. Муунуп баратам. А сен күн сайын бактылуу экениңди какшап куурап айтып жатасың. Менсиз бактылуусуң. Жылан! Сен жөнүндө жазганда колдорум карышып чыгат. Көрдүңбү, сен мени алыста туруп да өлтүрүп коё аласың. Кызгантып, башканын моюнуна асылып, бактылуумун деп... А мен өрттөнүп, күйүп, үч бүктөлүп боздоп ыйлап... А сен ушунун баарын билесиңби? Азаптарымды билесиңби? Билесиң... Сен жылансың анткени. Сен деп азап тартканым сени жыргатып жаткандыр. Сени кызганып өлүп кала жаздаганымдан ырахаттанып жатсаң керек. Айтчы, бүгүн канча жолу чалдым сага?!

– Эмнеге албайсың, эй!- бөлмөмдү жаңыртып кыйкырдым. Узун гудоктон тажаганда аның албайт деп телефон да шылдыңдагансып кыска гудокторун жаңыртат. Тут-тут-тут...

– Эшек, ал деп жатам мен сага телефонду! А-ал!- кыйкырдым да дубалга бир чаптым. Анан... Эми сага кантип чалам деп коркуп кеттим. А эгер сен чалып калсаңчы? Быркырап кеткен бөлүктөрдү чогулттум. Чогулта койсом эле, телефонду оңдоп иштетип койсом эле сен чалып баштачудай далбастадым. А сен чаласыңбы? Айтпайсыңбы, Жылан?! Сен чаласыңбы?



ххх

Мен көк мээ болуп калдым. Бөлмөнүн бир дубалынан туш кагаздарды сыйрып таштап, ошол дубал менен бир кылып сенин сүрөтүңдү тартмакчы болдум. Капкара карандаш менен... Ойду-келди чиймелей бердим. Көзүңдү эле окшоштуруп алсам го... Калганы мейли. Көзүңдү сонун кылып тартып алсам го. Карандаш нечен жолу сынды. А мен көзүңдү окшоштурам деп улам кайра учтап. Дубал бети капкара... Көз кайда? Чач кайда? Баш кайда? Капкара болгон ой-келди чийиктер. Бул көк мээ адамдын иши да. Соо киши ушинтеби? Окшошпой калган сүрөтүңө кыйкырып-өкүрүп, сөгүп, ыйлап, колум канга боёлгончо дубал муштап отуруп, эми шөлпөйүп өзүмө келип, бүрүшүп отуруп алып мына бул оңбогон күндөлүккө ой-келди бир нерселерди жазып отурам. Мен сен деп азап тартып, сен деп ыйлап, сен деп көк мээ болуп калам. Көрөсүң го...


ххх

Атыңды ким койгон? Жозефина деп... Обу жоктонуп. Чоң апаң койгон. Билем. Мактанып айтып жүрчү. Өзүңө окшогон жылан чоң апаң бар. Ошончо ысымдар бар. А силер Жозефина болушуңар керек. Наполеондун аягы суюк, шүмшүк аялынын атынан. Эми кара, тагдырыбыздын окшоштугун... Жозефина Наполеондун көзүнө оңбогондой көп жолу чөп салган. А байкуш Бонапарт... Ооба, ошол дүйнөнү өтүктүн бир кончуна тыгып коё алган император бир аялдын алдында байкуш болуп, ага жалынып-жалбарып, сүйүү каттарын жазып, согушка жөнөп жатып кызганып ыйлап, азабын тартып эле жүргөн. Алсыз болуп калган, кембагал болуп калган. Сенин Жозефина деген адашың, өз ысымын сага жугузган Франциянын аягы суюк ханышасы, сүйүүгө тойбогон, сүйүүгө тойбогон эмес, төшөккө тойбогон, кумары күч сен сыяктуу жылан болгон. Окшошсуңар.



ххх

Билесиңби, Наполеон өлүп баратып эмне деген? “Армия. Франция. Жозефина!” Сенин атыңды кайталап жатып жан берсем керек мен дагы...



ххх

Азыркың канча чыдаар экен сага? Бир бурулуштан ойт берип дагы бирөөнүн коюнуна кире качканыңда бетиңе түкүрүп басып кетер. Элдин баары мен дейсиңби? Элдин баары Наполеон дейсиңби? Көзүнө чөп салып, башкага жалынып төшөгүндө жатса деле чыдай бергендер аз. Балким, мен жана Наполеон эледир. Эки Жозефинанын кумарына баш ийип бергендер экөөбүз эле болсокчу? Бирок мен кандай өрттөнгөм? Мен күйүп кеткем. Өлүп калам го дегем. Азыр эстеп жатып да өрттөнүп жатам. Баягы бизнесмениңдин машинасынан кумар жыттанып чыкканың эсиңдеби? Жүзүң албырып, көздөрүң балбылдап, көйнөгүңдү чала-бучук оңдой калып, байлануу турган чачың жайылып, демиңди араң басып чыга калганыңчы?

– Ким бул?! Ким бул?!- көзүм менен жеп койчудай теше тиктеп сага бакырып, машинага жулундум. Мен жеткенче эле машина жөнөп кетти.

– Кереги жок, Мурат! Кереги жок...- моюнумдан кучактап ыйлап жиберип, башыңа келген биринчи калп менен эле мени жайгарып салгансың. А сен мени ошондо алдап жатканыңды билген жок дейсиңби? Билдим. Сен актрисасың да. Ыйлап жиберүү сага кеппи? Азыр эле машинадан тигиниңдин да, өзүңдүн да кумарыңды кандырып, мени көрө калганда шаша-буша түшө калганыңды да билдим. Бирок көз жумуп койдум. Өзүмдү-өзүм алдадым. Мен буга үйлөнөм да, баарын токтотом дедим. Бул меники гана болот дедим. Бирок сен бир да күн меники болгон жоксуң. Кудай ай, кумарың эмне мынча күч?! Азгырасың, кылгырасың, туйлайсың... Сени менен ар бир мүнөт, ар бир секунд ырахаттуу. Бирок сен ошол ырахатты кимдерге гана бербедиң? Мага тийип алып туруп, мага аял болуп алып туруп, ак никең бар туруп... Баягы сага ашык болгон жаш актёр, тиги бизнесмениң, полковнигиң, ырчың, бандитиң, азыркы күркүлүң... Анан мен. Биз бардыгыбыз сенин кумарыңа байлангандарбыз. Азыркың да акыркы эмес чыгар. Дагы бир купулуңа толгон эркек жолуксунчу. Башын айлантып жинди кыларсың...

(Уландысы кийинки санда)



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
Комментарийлер(25)
20.11.2018. 11:15 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7595
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
22-10-2019 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
+1
Tahmina.Musaeva, чындыкка дал келбеген, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болгула! Эскертүү! Билдирүүлөр өчүрүлдү!
20.11.2018. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
07-08-2019 15:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Сөз ким жөнүндө кетип атканын тушунойун деп калдык)
20.11.2018. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
22-10-2019 16:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+1
Сулуу, муздак, туйлаган жылан коз алдыма тартылды. Кыйын экенсин Жозефина.
20.11.2018. 13:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
26-10-2018
Соӊку аракети:
13-03-2019 10:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олдун го Банопарт!
20.11.2018. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
05-11-2015
Соӊку аракети:
18-10-2019 13:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екатеринбург
+10
Силердин 3 кызынар жок беле Мурат
20.11.2018. 14:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 12:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
Бироону элестетип алып эле окуй бере турган болуптур.
20.11.2018. 16:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
12-11-2013
Соӊку аракети:
22-10-2019 15:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул "күндөлүк" атту чыгарманын ээси аял заты. Мен китепти ушунчалык көп окудум дебейм бирок окулган китептердин ар бир тамгасына маани берип окудум. Андан окуяны гана эмес авторду да тааный турган болуп калат экенсиң. Автордун ички туюмун, ой жүгүртүүсүн, каалоосун гана эмес күнүмдүк жашоосун да билсен болот жазган чыгармаларынан. Башкы каарманды баарыбыз боолгоп билип алдыкбы же автор биздин так ушундай ойлошубузду каалап жатабы? Андай болсо авторду да таап алдык.
Dimedra түзөттү 2018-11-20 16:52:01
20.11.2018. 17:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
15-03-2014
Соӊку аракети:
17-06-2019 23:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Dimedra,автор ким экенин мен да тушунуп турам. Мейли убакыт корсотот. Эгер чындап эле бир ошондой болсо, Мурат "граф де Пейрак" болот. Аягында экоо кайра табышып бактылуу болушат бардык кыйынчылыктарды женишип.
02.12.2018. 05:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
07-11-2013
Соӊку аракети:
08-09-2019 01:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
0
Dimedra,апче Ким экенин болжолдуу турдо билсениз жазып коеспу
20.11.2018. 17:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
14-02-2017
Соӊку аракети:
15-01-2019 13:53
Жынысы:
Белгисиз
+2
ким экенин тапкандар айтып койгулачы мен билбейт экенмин
20.11.2018. 17:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-03-2018
Соӊку аракети:
18-10-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жозефинага нысап берсин,Елизавета 2 болуп кетбесин.Ал эми Бонапартка сабыр.
20.11.2018. 18:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
21-10-2019 23:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап ,менин супер инфодо таанышым жоок да,болбосом тоолук эле мага жонотуп койчу демекмин))
20.11.2018. 21:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
08-03-2016
Соӊку аракети:
18-05-2019 13:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм,дааа
20.11.2018. 23:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
22-10-2019 06:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Примерно ким экенин билсеңер менин купияма жазып койгулачы сураныч
20.11.2018. 23:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
28-12-2017
Соӊку аракети:
22-10-2019 15:38
Жынысы:
Белгисиз
0
мм соз чеберчилиги жок жонокой эле бизнесмен озунун тагдырын жазгандай
21.11.2018. 01:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
30-10-2015
Соӊку аракети:
25-07-2019 01:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироону элестетип эле окуп атам, андан башка эч ким келген жок мээге.
21.11.2018. 01:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
08-03-2016
Соӊку аракети:
18-05-2019 13:55
Жынысы:
Белгисиз
0
nargiz94,мен дагы
21.11.2018. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
19-06-2017
Соӊку аракети:
07-09-2019 19:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Өзүңө окшогон жылан чоң апаң бар"дегенди окуганда каткырдым. Жылан чоң апа, элестеткиле, жылан)
21.11.2018. 10:30 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7595
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
22-10-2019 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Kaken08, ashamkan,чындыкка дал келбеген, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болгула! Эскертүү! Билдирүүлөр өчүрүлдү!
21.11.2018. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
13-01-2019 16:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Уч кызы бар, жылааан, Француз аты, чон апасы коюп сыймыктанып журот. Мурат))))
21.11.2018. 18:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
03-10-2019 03:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен билем деп койбоймбу...
Жылдыздуу Асман эсиме келип кетти. Ошол сыяктууле бироо да. Оюма андан башка эч ким келбей койду. Тимеле элестетип окуп алдым го.Мурат байкени
22.11.2018. 14:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
26-03-2015
Соӊку аракети:
07-06-2019 12:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да купуяга жонотуп койгулачы сураныч аябай кызыгып атам
23.11.2018. 19:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 18:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да эмнегедир ХХХ... деп ойлогон элем... Мумкун жанылыштык...
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-26 09:51:31
25.11.2018. 18:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
29-12-2018 15:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер ойлоп жаткан айым эмем го Бонарпрт ушунчага чейин ьарат беле дейсинерби, жазып редакцияга берип танкалыштуу.
25.11.2018. 18:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
29-12-2018 15:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ менин билдируулорум чыкпай жатат го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23087;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: