«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№837 16-22-ноябрь, 2018-жыл


Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “50 ДЕГЕН ЭЛЕ САН БОЛБОСО, ӨЗҮМДҮ ЖАПЖАШ СЕЗЕМ”

Гүлнур Сатылганова 1-ноябрда 50 жашка толду. Ырчы 50 жылдык өмүрүндө мыкты чыгармалары менен миллиондогон угарман таап, эл сыйлаган эрке кызга айланды десек жаңылышпайбыз. Эл артисти юбилейин белгилеп, борбордогу ресторандардын биринде жакшы санаалаштарын чакырып той берди.


– Гүлнур эже, 50 жашыңыз кут болсун! Кепти юбилейиңизден баштайлы. Той берген адамдын баары эле жакшы өткөрөлү деп аракет кылат, бирок ар бир той ар кандай маанай жаратат. Сиздики чынында мыкты болду, ал пейилден да болсо керек. Канча убакыт даярдандыңыз?

– Рахмат. Негизи мен быйыл юбилейиме карата чоң концерт берсемби деген планда жүргөм. Аны жазга жылдырып, ага чейин телевизиондук багыттагы концертимди өткөрдүм. Ырларымды жазган акындар, композиторлор, кесиптештерим келип катышышты. Ал эми тойду өткөрүүгө көп деле даярданган жокмун. Той уюштурган балдар-кыздар бар экен, ошолор чуркап, залдын жасалгасынан баштап, сценарийине чейин өздөрү даярдашты. Албетте, менден “мындай кылганы жатабыз, сизге жагабы?” деп сурап коюп жатышты.

Тойдо сюрприздер көп болду. Менин ырларым менен бийчилер мыкты оюндарды, бийлерди даярдашыптыр. Алардан деле кабарым жок эле. Уулум Арназдын Мирбек (ред.: Атабеков) менен жазган дуэти да сюрприз болду. “Энекем, ай” деген ырды ырдашканда көзүмө жаш тегеренип кетти. Ичимден уулум бир ыр ырдаса керек деп ойлогом, бирок Мирбек менен ошол ырды ырдаарын билген эмесмин.

Негизи той берүү концерт берүүдөн да татаалыраак экен. Дасторконду караш керек, ар бир конокко көңүл буруш керек дегендей. Той бербей деле койсом болмок. Бирок элүү жашка бир эле жолу чыгат экенбиз да. Эл көзүндөгү таанымал адам болгондуктан, мен сыйлаган инсандарды, бир туугандарымды, кесиптештеримди, ага-ини, эже-сиңдилеримди чакырып, өзүм үчүн, уулум үчүн бата алып коёюн дедим. Уюштурууда “эжеке, сизге жардам беребиз” дешип колдон-буттан алгандар көп болду. Туулган күнүм өзү 1-ноябрда, 2 аптада уюштуруп, 12-ноябрга туш келди.

Коноктордун көбү сахналаштарым да, алар ансыз да күнүгө тойлордо ырдап жүрүшөт. Алар ырдабай конок болуп кетишсин деп жандуу музыканын коштоосунда өзүм ырдадым, иним, сиңдим, досторум ырдашты. 


– Той учурунда Гүлшайыр Садыбакасова сизге 8-класста окуп жатканыңызда жолукканын, “Кыз-Бурак” тобуна чакырганын айтты. Топко эмнеге барбай койдуңуз эле?

– 16 жашымда “Миң кыял” деген ансамбль менен Ноокатта гастролдо жүрүп, бир мейманканадан Гүлшайыр эже менен жолугушуп калдым. Мен бир бөлмөдө “Кыз-Бурактын” кыздары менен жатып калгам. Ошондо кыздар "Гүлшайыр эже өтө катаал, тартипке бекем" дешти. Бир убакта “сени Гүлшайыр эже чакырып жатат” деп чакырышты. Кыздар катаал десе мен бери жактан эле коркуп алыптырмын, элеңдеп бөлмөсүнө барсам “сен жакшы ырдайт экенсиң, топко келбейсиңби” деди. Жок деп айта албай, “ойлоноюн” дедим. Кийин өз жолум менен кеттим. Балким, “Миң кыялда” ырдабасам “Кыз-Буракка” кошулуп кетмекмин.


– Бир жолу “жаш кезде убакыт жай, 30дан ашканы күндөр зуулдап өтөт экен” дедиңиз эле. 50 жашка кантип чыкканыңызды деле билбей калдыңызбы?

– "Аял киши жашын айтпайт" деген тамаша сөз бар эмеспи. Бирок мен элүүгө чыктым дегенден эч уялбайм. Илгери биз бала кезде элүүгө чыкты десе карып калыптыр дечүмүн. Ал адамдын өзүнөн экен. “Элүүгө чыктым, карып калдым” десе адам өзүн кары сезе берет. Мен элүү жашты жакшы жашап өттүм десем болот. Баягыдай эле чуркап иштеп, чыгармачылыгымды өстүрүп жүрөм. Элүү деген сан эле болбосо, өзүмдү жапжаш сезем.

Артка кылчаюу менен  элимдин эрке кызы катары өзүмдү бактылуу сездим. 


– 50 жылдык өмүрүңүздө кандай урунттуу иштер болуптур?

– Уулум жарыкка келип, эне статусуна ээ болгонум, анын биринчи кадамы, тили чыкканы, кыскасы, ар бир жаңы кадамы өмүрүмдөгү урунттуу окуялар. Ал эми чыгармачылык жолумда ар бир жазылган ырым мен үчүн өзгөчө күн болду. Мен буга чейин көп концерттерди уюштурдум. Бири-бирине окшошкон жок. Көрөрманга билинбегени менен, сахна артындагы түйшүк өзүнчө иш. Эптеп-септеп жасап койгон концерттерим болгон жок. Ар бир концертимден каражатымды, убактымды аябай, жан дилим менен берилип уюштуруп жаттым. Ырларым, клиптерим, концерттерим элдин эсинде калат деп ойлойм. Ырларым менен кийинки муундар тарбияланып өсүп келе жатышат.


– Эми чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болот? Кандай ырларды күтөлү?

– Алдыда көп пландарым бар. Кечээ тойдо жаңы клиптин бет ачарын кылышыбыз керек эле, монтажы бүтпөй калды. Сөзүн Кыялбек Урманбетов, обонун Эркин Мээрканов жазган “Ашыкпа” деген чыгармага клип тартканбыз. Жакында ошол клибим чыгат. “Ачылайын айгүл тоонун гүлүндөй” деген сонун чыгарманы ырдадым, жакында угасыздар. Мыкты чыгармаларды байма-бай жаздырып, аларга клип тарттырайын деген пландар менен алдыга кетип бара жатам.

Чыныгы чыгармачыл адам эч качан чыгармачылыгын таштабаш керек. Таштап салса ооруп калышы мүмкүн. Азыр ал-күч барда ырларым менен жашайм. 


– Уулуңуз Арназ шыңга бойлуу, келишимдүү жигит болуптур. Сизге окшото албадым, атасына окшошпу?

– Уулум чоң жигит болду, буюрса. Атасына окшош, албетте. Ал дагы таланттуу. Кичинесинен бий ийримине барды, жакшы ырдайт. Кытайдагы окуусун бүтүп келип, Бишкекте иштеп жатат.  


– Уулуңузду жалгыз тарбиялоо оор болдубу?

– Ооба, уулум кичинесинен атасыз өсүп калды. Өзүм ээрчитип жүрүп чоңойттум. Кээде отуруп “уулумдун атасы болгондо кандай болот эле, атасыз өсүп калды” деп кабатыр болчумун, азыр деле ойлоном. Эми бул турмуш экен, тагдыр экен. Бирок уулумду колумдан келишинче тарбияладым. Баары бир эркек бала энесине эркелеп, мени укпай коюшу мүмкүн. Анткени чоң жигит болду, кыялы бар дегендей. Уулум аман-эсен, ыймандуу жигит болуп жүрсө деп дайыма тилеп келем.


– Рахмат маегиңизге, өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз бекем болсун. Чыгармачылык ийгилик.



“Уулум бир ыр ырдаса керек деп ойлогом. Мирбек менен “Энекем, ай” ырын ырдаганда көзүмө жаш айланды”.


“Тойго келген коноктордун көбү сахналаштарым болду. Алар ансыз да күнүгө тойлордо ырдап жүрүшпөйбү. Ырдабай, ойноп-күлүп конок болуп кетишсин деп көбүн ырдаткан жокмун”.



Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(11)
20.11.2018. 09:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
09-07-2017
Соӊку аракети:
16-05-2019 10:08
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адамдын озу карыса да, журогу карыбайт дегенге жыл откон сайын ишенип барам. Жаш кезимде тушунбой, кантип эле дечумун…
20.11.2018. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
14-11-2019 15:06
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уулу бакыйган жигит болуптур го.Гулнур эже уулдун урматын коруп,коп жашаныз.
20.11.2018. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
14-11-2019 21:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
+6
Уулу улуу корунобу же Гулнур Сатылганова жаш корунобу? Айтор эжеси менен инисиндей эле корунот экен
20.11.2018. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
06-09-2019 15:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурунуз узун болсун эжеке. Сиздин ар бир ырыныз жагат. Нигимди да сиздин ырыныздын атынан койгом. Эч качан карыбаныз. Уулунуздун урматын корунуз.
20.11.2018. 15:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
24-12-2014
Соӊку аракети:
14-11-2019 15:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл байпак модабы))
20.11.2018. 17:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
23-10-2018
Соӊку аракети:
04-12-2018 09:19
Жынысы:
Белгисиз
0
sumaika, азыр жашоо жыргал э. Мурда башкача нерсе көрсө, тигини кара деп айту. Азыр болсо мода экен деп ойлойт.
21.11.2018. 16:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
24-12-2014
Соӊку аракети:
14-11-2019 15:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт Турсунбеков,ошону айтсаныз
22.11.2018. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
303
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
14-11-2019 16:04
Жынысы:
Белгисиз
0
sumaika,мода эмес,ал озу койрон жигит
22.11.2018. 19:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
21-08-2014
Соӊку аракети:
31-08-2019 21:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон атасы Мукамбет Токтобаевге окшош экен. Омуру узун болсун!
22.11.2018. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
303
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
14-11-2019 16:04
Жынысы:
Белгисиз
0
2уулу бар экен го.Бироосу озундо,2-си чон ата чон энесинде калган .
24.11.2018. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
13-11-2019 08:15
Жынысы:
Белгисиз
0
mela,чын бекен ошол кантип элеее?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: