Архив
897   898   899  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл


(Башталышы өткөн сандарда)

– Коё бер мени, Аман, билесиң, мен баары бир чыгып кетем.

– Отур, эсиңе келмейинче чыкпайсың.

– Анда өзүң алып келип бер.

– Жок!

– Мен анда азыр жетинчи кабаттан боюмду таштайм. “Аман түртүп жиберди” деп кол жазма жазып калтырып кетем.

Эмне десе да, кандай десе да токтоор түрү жок. Мындай кезде өзү алып келип берчү. Эң жаманы ушул абалында Амандын баласын боюнда көтөрүп жүргөнү эле. Эки оттун ортосунда калгандай чабалактап кетти. “Бала кандай төрөлөт, кем акыл төрөлөбү, мунжубу?” Боюнда бар экенин укканда биринчи ою ушул болду. Мунун баары Аман үчүн тирүүнүн тозогу эле.

Чыдай албай калганда кайын атасына барды. Экөө үн катпай түшүнүштү.

– Мен күнөөлүүмүн баарына, кызым эмес. Эгерде мен бул жолду тандабасам, душмандарым мени кызым менен сынабас эле.

– Мен эмне кылышым керек?- деди күйөө баласы. Аман кайнатасын такыр “ата” деп айтчу эмес. “Өмүрүмдө өз атамды “ата” деп айткан эмесмин, муну эмнеге айтам?” деген көктүгү бар эле.

Сыялы Тумановдун дайым экинчи планы боло турган. Бул жолу да бир жолун таба тургандай сүйлөдү.

– Нуриза өзүнө келет. Баласын аман-эсен төрөсө эле өзүнө келет. Сен бир аз сабырдуу бол. Биздин үйгө келип жашагыла, апасы дайым жанында болот.

Алгач Аман такыр көнгөн эмес. Бирок Нуризанын ичиндеги бала үчүн макул болду. Анан эмне болду? Бала төрт жарым айлык учурунда боюнан түшүп калды. Жумуштан келсе кайнатасы менен кайненеси күңкүлдөшүп жаткан экен, угуп эле түшүндү.

– Кана ал?- деди кирип келип.

– Жок, качып кетиптир.

Сыртка атып чыкты. Кайда барарын, кимге барарын болжол менен билчү эле, баарын кыдырды. Жок! Милицияга барууга да болбойт, анткени аты дароо массалык маалымат каражаттарына чыгып кетиши мүмкүн. Бир күн кечке издеп таппай койду. Кечке маал өз батирин көздөй келе жатып аны көрдү. Качан, ким таштап кеткени белгисиз. Көмкөрөсүнөн көчөдө жатып калыптыр. Чуркап барып башын көтөрдү. Кебетесинен жийиркенип, кусуп жибере жаздап токтоду. Ызасына чыдабай ыйлап жиберди. Аман балдар үйүндө эки жолу ыйлаган. Болгону эки жолу! Биринде атасынын үйүнөн качып кеткенде, экинчиси атасынын катын окуганда... Бул үчүнчү жолкусу эле. “Эмне деген жаза бул? Оо, Жараткан, мен сага эмне кылдым? Мына бул аял менин аялым! Мына ушу көчөдө жаткан баңги, ичкич аялдын курсагында менин уулум жатат. Мен эмне кылам? Таштап да кете албайм, жанында да боло албайм”.

Аялдын башын кучактап алып буркурап ыйлады. Караңгы түндө жаланып жанында турган иттен башка эч ким күбө болгон жок. Аздан соң аялын көтөрүп алып кирди. Эс-мас. Кумсарган жүзүнөн чачтарын алып койду. Ичинен сылады. Дайым атасынын алаканын сезгендей бүлк эте белги берчү түйүлдүк бул жолу муздак. Жүрөгү шуу дей түштү. Алгач “Тез жардам” чакырууну ойлоп барып, кайра Сыялы Тумановдун менчик доктуруна чалды.

– Саламатсызбы, кечириңиз жарым түндө ойготуп жатканым үчүн. Бирок Нуризанын абалы оор. Бала бир нерсе болгонбу деп турам.

– Азыр барам,- деген кыска жооп угулду. Кайнатасына чалды.

– Кайда экен?

– Көчөдө.

– Баласычы?

– Билбейм, доктур чакырдым.

– Азыр барабыз.

Келген менен кечигип калышкан экен. Баланын жүрөгү сокпой калыптыр. Аман менен Нуризанын ортосундагы жипти али төрөлө элек бала гана кармап турган окшобойбу. Ал дагы чарт үзүлдү. Мурун эле сүйбөгөн неме эми аялынан атайлап алыстай баштады. Сыялынын кыраакы көздөрү аны да байкап койду. Аманды кызматы менен кызыктырмак болду. Тезинен күйөө баласын өйдөлөтүүнүн жолун издей баштады. Бир жылдын ичинде Жогорку Кеңешке депутат болду. Амандын жашоосу бир жагы бейиш, бир жагы тозок эле. Бейиш жагын эл билген менен, тозок жагын өзү гана билчү.



ххх

Элина уктабай отурду. Аманды эстеп жатты. “Сен менин тозогумдан алып чыккан периштесиң” дечү. “Сенин тазалыгың мени кайра жаратты” дечү. Деген менен баары жалган тура. Өзү тозокко түртүп салып кете берди. Мына күйүп жат. Өмүр бою күйүп жат.

Сагындым сени,- деди ичинен. – Аман, акмаксың сен, жек көрөм сени. Бирок сагындым. Мен эмне кылсам да, кандай кылсам да жүрөгүмдөгү мен билген Аманды өлтүрө албай койдум. Андан баш тарта албай койдум. Сенсиз дем ала албай койдум. Аябай чарчадым. Тиричиликтен, жокчулуктан, эки баланы өзүм жалгыз сүйрөгөндөн... Сенсиз жашап кетем деп далалат кылган менен, жашай албай жатканымдан чарчадым. Каршы агымга сүзгөндөн чарчадым. Бир келсең, бир гана жолу жүзүңдү көрүп, көзүңдү карап алсам бардык суроолорума жооп алат элем. Билесиңби, сансыз суроом бар сага. Жок, ойлонсом бир гана суроом бар экен. Ал аял сага ким болгон? Мени сүйгөндөй сүйгөнсүңбү? Аны сүйгөнсүңбү же мени сүйгөнсүңбү? Көкүрөгүмдү жеп жаткан да ошол.

Элина тыбырчылап кетти. Бул суроолоруна эч качан жооп таба албасын билгенде ого бетер жаны сыздап, жаздыкты тиштегилеп жиберди. “Мен ага жолугушум керек! Мен андан баарын билүүгө тийишмин. Мейли чындык кандай болсо да угууга даярмын!”



ххх

Нуриза да бул түндө Амандан кантип айрылганын эстеди. Ал экинчи жолу боюнан алдыртып салганда экөөнүн ортосуна чоң чекит коюлду. Муну укканда Аман үйдүн ичиндегинин баарын талкалап салганын эстеди. Жинди болуп кете жаздаган эле.

– Кана бала, ыя? Кана-аа?..

– Аман, акырын, уксаң мени, кечир мени...

– Эмнеге алдырдың? Алдыра калып кайра ичиш үчүн, келесоолугуңду башташ үчүн ошенттиңби? Мени бир мүнөт, бир секунд да ойлонгон жоксуң, ээ? Акмаксың сен, аял эмессиң! Мен келесоо дагы муну эң кымбат жерлерге дарылатып коём. Үмүт кылып коём.

– Мен корктум. Ал бала майып болуп төрөлсөчү?

– Майып болсо эмне экен? Мунжу болсо эмне экен? Жо-ок, Тумановдорго акылдуу гана бала жарашат да, ээ? Сен өзүң майыпсың, ошону түшүнөсүңбү? Сен мээңден майыпсың!

Ызасынан өпкөсү көөп энтигип отуруп калды.

– Жетет, эртең арыз жазабыз. Ажырашам.

– Жок!

– Өз баласынан баш тарткан аял менен жашабайм.

– Аман...

– Нуриза, жетет! Мен чыдай албайм.

Жаны баласы үчүн бир кейисе, өзү үчүн миң кейиди. Аялдар, демек, ушу экен да. Көз алдына өзүн таштап кеткен энеси тартылды. Балдар үйү тартылды. Нуризаны баласынан баш тартканы үчүн эч качан кечире албайт эле.

Аман үчүн бул акыркы тамчы болду. Кийимдерин чогултуп туруп кетип калды. Бирок Туманов салган кишенден бошоно алдыбы? Эки-үч күн өткөндө кайнатасы экөөнүн ортосунда оор сүйлөшүү болду.

– Нуризаны таштай албайсың. Муну мээңден чыгарып сал.

– Бул менин акыркы чечимим.

– Нуризаны айыктыра алабыз. Бирок сен андан ажырашпайсың!

– Эмнеге?

– Ушуга чейин келген даражаңдан ажырайсың. Күкүм кылып ушалап коём, бала...

Амандын оозу ачыла түштү. Таң кала тиктеп турду.

– Бул менин тагдырым... Даражамды жоготкондон коркот дейсизби? Хе, эмне кылсаңыз кылыңыз.

– Сен тууралуу мен сенин өзүңдөн да жакшы билем, балакай. Оюңдан кайт. Нуризаны болсо мен өзүм айыктырам.



(Уландысы кийинки санда)



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
Комментарийлер(7)
02.10.2018. 09:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
07-05-2016
Соӊку аракети:
06-11-2019 12:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ГАЛАКТИКА
+4
Эки сериалдын кайсы бирин биринчи окусам экен деп калдым)
02.10.2018. 11:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
27-01-2020 09:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
убактылуу жашоодо!!!
+4
Окуп буткучо бутпосо экен деп ач коздоно окуйм бутуп калдыыыыы
02.10.2018. 11:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
07-03-2017
Соӊку аракети:
05-01-2019 23:48
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата - бул аска зоо да,балдарын жолоп турган. Бакытты да сатып бергенге даяр ,баласы учун.Азамат да,Аман да,Туманов да чексиз мээримдуу ата экендер да.Бардык аталар ушундай болсо.
02.10.2018. 11:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
10-03-2016
Соӊку аракети:
02-06-2019 13:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+6
Эхх Амандын олумун Тумановдон коро баштадым
02.10.2018. 11:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
28-01-2020 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушинтип туруп анан олтуртуп койгон окшойт эле Туманов. Баарынан да байкуш Элинага кыйын болду, орто жолдо эки бала менен, же тууган уругу жок, суйонорго эч кимиси жок калды. Ыйлагым келип кетти чыгарма болсо да.(((
02.10.2018. 13:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
07-01-2020 09:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм Аманды кайнатасы олтурткон окшойт Элинага уйлонуп эки балалуу болуп жашыруун жашаганын билип калып .
03.10.2018. 22:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
04-03-2018
Соӊку аракети:
03-01-2020 23:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман олбосо керек. Тумановдордон кутулуш учун эле ойлоп табылды. Кийин келет коросунор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23533;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: