«Жылдын супер саундтреги»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Салима Балтаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЫРЧЫ БОЛБОСОМ, УЛАКЧЫ БОЛМОКМУН”

№830 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл


Ырчынын ырлары жакчу, бул жолу шаңкылдаган күлкүсү жакты. Маегибиз жеңил, жылуу маанайда болду. Кой союп, улакчы болгусу келген Салима Балтаеванын дүйнөсүнө сапар алдык.

– Салима эже, жакында наам алдыңыз, кут болсун!

– Рахмат, чынын айтсам, ырчы наам үчүн иштебейт. Болгону наам стимул болот. Ырчы десе эле эл жыргап жүргөн адамды элестетет эмеспи. Көшөгө артында анын деле азабы көп. Ысыкка күйүп, суукка тоңуп гастролдордо жүрөсүң. Эми ал деле милдет эмес дечи, ушу жолду тандап алганыбыз үчүн жүрөбүз да. Эмгегиң бааланып көңүл бурулуп калса жагымдуу болот экен. Бирок мендей эле иштеп жүргөндөрдүн эмгеги бааланбай келе жатат. Буга чейин адилетсиз берилип калгандар деле болуп келе жатпайбы. Андайды деле эл байкап коёт, аттарын бетке эле айтып салышат. Буга чейин наам алса кызуу талаш-тартыш болчу эле, бул жолу андай болгон жок окшойт.

– Силердин убакта продюсер деген түшүнүк деле жок эле. Кантип элге таанылдыңыз?

– Мен 1990-жылдан баштап эле ырдап чоң сахнада жүрдүм. Ал эми 2000-жылдан тартып эстрада жаатында болдум. Биз жалаң гастроль менен жүрүп атыбыз чыкты. Азыркылар клип тартып, гезитке чыгып, телеканалдарга чыгып жатпайбы. Тааныла элек кездерде эл клубга келбей коюп, айдатып барган машинебиздин бензинин актай албай калчубуз. Ыр жаздырсак карызга жаздырып алып, гастролдоп келип, акчасын кийин төлөп берчүбүз. Кээде эл жакшы келип, чөнтөктөргө акча батпай да калчу. Андайда бапыраңдап калчумун. Ошентип жүрүп таанылдым. Жактырганы бар, жактырбаганы бар. Эми элге 100 пайыз жагат деген нерсе жок. “Мен эмне акча белем элге жаккандай?” деген сөз бар го (күлүп).

– Бир күчтүү ыр бир ырчынын тагдырына жазылат эмеспи. Сизде ошондой ыр болдубу?

– Бир адам жаралып башканын бактысын ачкандай эле, кайсы бир ыр да ырчынын бактысына жаралып калат. Менде ошондой ырлар болду. “Көктөм эле”, “Биздин айыл”, “Дил кайрык” ырлары менен таанылдым десем болот. “Дил кайрыкты” Айбек Карымов биринчи Гүлзат эже (ред.: Байзакова) менен ырдап чыккан. Гүлзат эже “Камбаркан” тобунда иштегендиктен гастролго чыга алчу эмес. Ал дуэт жаздырып, клип тарттырган. А мен аны гастролдордо ырдап элге тааныттым. Бул чыгармада экөөбүздүн тең эмгегибиз бар. Азыркыга чейин үнүбүздү ажырата албай алмаштыра беришет.

– “Достор” деп топ ачтыңыздар, аялдарда достук болбойт дешет го...

– Бул топ ачылганына 10 жыл болду. Топ гастролдордо көп жүрдү, биздин идеябыз менен жер-жерлерде аялдардын топтору түзүлүп баштады. Мисалы, “Шайыр апалар” долбоору. Айылда укмуш өнөрлүү аялдар болот. Бала-чака, тиричилик менен отуруп калганы менен, көкүрөгүндөгү угуту кайнай берет да. Ал энергия чыгышы керек. Менимче, биздин топ аялдарга стимул берди. Ал эми аялдардын арасында достук болбойт деген жөн эле сөз. Тескерисинче, бекем достук болот. Менде дос көп, ырчылар эле эмес, түрдүү сферада бар. Бирибизде маселе болуп калса көптөп колдоп-коштоп жиберебиз. Сырларыбызды айтышабыз.

– Топто Гүлбү Ороскул кызы бар эмес беле, кайтыш болгон соң ордуна башка бирөөнү алалы деп ойлогон жоксуңарбы?

– Ий, Гүлбү байкушум... Жок, анын ордун эч ким толуктай албаса керек. Кээде ордуна бирөөнү алсакпы деген ой болот, бирок ыраа көрбөй кетебиз.

– Бала чагыңызга кадам таштасак. Ата-энеңиздин эрке кызы болгон экенсиз...

– Үй-бүлөдө 6 кыз, 4 эркекпиз. Менден кийин эркектер удаа келишти. Атам, балким, ошондон уламбы, мени өзгөчө жакшы көрчү. Өзү кыз киши атага жакын болот окшойт. Атам айдоочу болуп иштечү. Бир жакка кетип калса жытын сагынып кетчүмүн. Эжелерим бир жакка жумшайын десе атам “балага тийбегиле” дечү. Мен атамдын колтугуна башымды катып отуруп алчумун. Азыр деле үйдө эжелерим бир нерсе десе “балага тийбегиле” деп тамашалап күлүп калам (күлүп).

– Керек болсо кой да соё алат деп уктум сизди.

– Атамдын эркек балалуу болсом деген каалоосу күчтүү болгонбу, мен бир аз эркек мүнөз болуп чоңойдум. Атам кийин чабан болуп иштеп калды. Койлор ылаңдап четинен өлө баштады. Жайдын күнү анын башын бербесе атам төлөп калмак да. Атам койлорду мууздап берчү. Эжелерим болуп терисин жиреп кадимкидей эле союп берчүбүз. Ошол мүнөз калды менде. Шарт сүйлөп, тез чечип коймой жайым бар. Ат чаап, улак тартканга кызыгып, эркекке мүнөздүү спорт түрүн жактырам. Эми такыр эле эркек болуп эмес, созулуп деле калам (күлүп). Баары бир табиятыңа кетет экенсиң да.

– Жездебиз менен кантип таанышып калгансыз?

– Ал мени жактырып калган экен. Курбумдан сөз айттырып жүрүп таанышып калгам. Буюрса, 15 жылдан бери чогуу түтүн булатып келебиз. Үч кызыбыз бар. Чоңоюп келе жатышат.

– Эгерде ырчы болбой калсаңыз, ким болмоксуз?

– Ырчы болбосом, улакчы болмокмун (күлүп).

"Сүйүндүрүп 3 кызым чоңоюп калды".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
02.10.2018. 10:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
740
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
16-11-2019 15:37
Жынысы:
Белгисиз
+9
Балага комментарий жазбагыла:)
03.10.2018. 17:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
13-10-2013
Соӊку аракети:
16-11-2019 20:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Көңүлдүн көчөлөрү...
+1
Tyty1990, Өлтүрөсүз да :D
02.10.2018. 11:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
26-05-2016
Соӊку аракети:
15-11-2019 23:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Коз жаштарга ишенбеген шаар
+4
Кыздары биринен бири суйкумдуу го.Омурлуу болушсун...
02.10.2018. 19:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
272
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
04-07-2019 00:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+4
Сыйлыгыныз кут болсун! Жаркылдап элге кызмат кылып журо бериниз, Жаны ырлар менен угармандарды суйунтунуз эми)).
fanatka19 түзөттү 2018-10-02 20:06:47
02.10.2018. 22:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
19-07-2018
Соӊку аракети:
04-02-2019 23:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Ун деп ушул эженин унун айтса болот. Кайдагы Айгерим, Анжеликага окшогон чёрный пиардын кучу мн сахнада жургондорду коколотпой
04.10.2018. 00:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
12-11-2019 01:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуусуз. Наам Кут болсун!!!
04.10.2018. 08:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
15-12-2014
Соӊку аракети:
29-10-2019 16:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага аябай жагат Салима эже. Бири куудул бири ырчы деген сынакта күмөндөр менен тамак жегенди туураганы бар го эзилип жатып калгам күлө берип. Балага тийбегиле дегени жакты. Ийгилик каалайм
06.10.2018. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
17-11-2019 07:06
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул ырчылар обу жок эле мактана беришет кайсы жагына улакчы болосун
06.10.2018. 20:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
343
Катталган:
10-08-2012
Соӊку аракети:
06-01-2019 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
Иий Гулбу байкуш дегени менен ушу Салима бир да жолу эскерип койгон жок озунун баракчасында аялдарда дос болсо жок дегенде бир жолу эскерип суротун жуктомок.мен коп куттум олгондо да унчуккан жок ушунча жыл чогу журуп бир эскерип койбогонуна тан калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: