«Жылдын супер ыры»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Улан Султангазиев, актёр: “МАГА АЛЫМБЕК ДАТКАНЫН РОЛУ СУНУШТАЛГАН, БИРОК...”

№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат үстүндө “күйгөн” чабандес таң калтырса, бул жолу мөңгүнү аралап барып суу алып келген жигит элдин сүймөнчүгү болду. Ал жигиттин ролун мыкты аткарган актёр Улан Султангазиев биздин маек төрүбүздө.

– Улан, мөңгүдөн суу алып келгениң өзгөчө болду, кимдин идеясы эле, кайсы жерде тартылды?

– Идея режиссёр Алтынбек Максүтовдуку болчу. “Айтыш фильм” жана "Макал Арт" студиясы тартты. Көчмөндөр оюндарына 15 күн калганда тартылдык. Хан-Теңири тоосунан, асман тиреген мөңгүлөрдүн арасында тартылдык. Каракол шаарынан ары тик учак менен 1 жарым саатта учуп бардык. Негизги идея мындай болчу. Мен көчмөндөрдүн желегин сайып мөңгүдөн суу алып келип, көөкөрдөгү сууну президентке бермекмин. Ал ичип Түркияга өткөрүп бермек. Жабылышына Сооронбай Жээнбеков барбай калганына байланыштуу шашылып сценарийди өзгөртүштү. Көчмөндөр оюндары бүткүчө формамды чечпей, сакалдарымды албай даяр тургам. Олимпиада оюндарында факелди беришет го. Бизде факелдин ордуна көөкөр колдондук.

– Мөңгүдөн кулап бара жаткан эпизодду каскадёр аткардыбы? Кооптуу го...

– Жок, өзүм аткардым. Кооптуу экен, мөңгү көчүп кетиши, жаракага түшүп кетишибиз мүмкүн экен. Түнкүсүн суук болду, күндүз чыдаса болот. Үч күн тартылдык. "Ал жерде баскан оор, болбойт" дешти. Бирок сценарийде жүгүрүш керек болчу, кышылдап калып жатсам да аткардым.

– Бир нече жолу оор операция болдум деген элең, ден соолугуңдан корккон жоксуңбу?

– Мурунку көчмөндөр оюнундагы роликте хандын ролуна мени тартышкан да. “Сен көчмөндөрдүн жүзү болуп каласың” дешти. Менин фактурам туура келди окшойт. “Бара аласыңбы?” деп ден соолугумду сурашканынан макулдугумду билдиргем.

– Кино жаатында көрүнбөй кеткендейсиң.

– Ден соолукка байланыштуу Түркияда үч жылдай жүрүп келдим. Ошол учурда 6-7 тасмага чакырышты. Келсем кайра чакырбай калышты (күлүп). Фестивалдык тасма, анан коммерциялык багытта тартылган тасмалар болот эмеспи. Мен ким чакырса баш тартпай бара берем. Бирок табитим фестивалдык тасмаларга жакын. Алар терең, актёрлорго талабы күчтүү. Коммерциялык багытта тартылган тасма актёр катары образды ачканга аракет кылбай эле сюжетти кууп жүрүп отурушат. Мисалы, жинденип жаткан учурду тартса, алып уруп ошол жердин баарын талкалап жиберип тартылгың келет, тартуучу топ болсо “аны кармаба, муну сындырба” деп чектөө коюп коюшат. Аларга аз каражатка окуялуу кылып тартуу талапка ылайык болгон үчүн болсо керек. Байкасаң, мурунку тасмалардын ар биринде жандуу кадрлар кезикчү, ал жерде жашоо бар. Бири от жагып отурса, экинчиси саманда жатып дегендей... Азыр деталдарга көп көңүл бурушпайт.

– Алымбек датканын ролуна да чакырылган экенсиң, эмнеге баш тартып койдуң эле?

– “Курманжан датка” тартылып жатканда Алымбек датканын ролун сунушташты. Костюмду кийип, күзгүнүн алдына барып өзүмдү карап туруп, эч эле Алымбек датканы көрө албай койдум. Өзүм сүрөтчү болгондуктан кайсы роль кимге кандай отурат, билем. Мен даяр эмес экенимди сездим. Бир нерсе эксең деле түшүм бере турган маалы болот го. Ошол абал мага эми келди окшойт. Толуп-ташып бир күчтүү роль жараткым келип, жарылып кетчүдөй болуп жатам. Ондон ашык тасмага тартылдым, бирок ролдорума жүрөк жылыбайт.

– Бурулайга арналган ала качуу тууралуу роликке тартылдың. Эркектер өмүрүндө бир жолу болсо да ала качууга катышат дешет, сен катыштың беле?

– Жок, катышкан эмесмин. Ала качуу мурун жакшынакай эле кабыл алынчу. Ата-энелерибиз ошентип эле үйлөнүп, очор-бачар болушчу эмес беле. Азыр кылмыш катары каралып жатат, аялдар да сүйүүгө укугу бар деп жатышат. Бирок 5 жыл сүйүшүп, үйлөнүп алып 5 күн жашабай ажырашып кетип жатышпайбы... Кээ бир учурда сүйүү деле жардам бербейт окшойт. Ошентсе да ала качкан туура эмес. Кызык нерсе, мени айылдык жигиттин ролуна такыр чакырышпайт. Тоодон келген эле жигитмин, бул роликте биринчи жолу аткардым.

– Тасмадан тышкары жашооңдо эмне бар?

– Элдикиндей эле тирилик бар.

– Жүрөгүңдү ээлеген бийкеч "ооруп жүрөт" деп кеп кылдың эле, айыгып кеттиби?

– Ал тууралуу эч нерсе айткым келбейт. Азыр жалгызмын, 34 жашка чыгып карт бойдок болуп жүрөм. Мен сүйүүгө, ишиме жүрөгүм менен аябай берилип кеткен адаммын. Мага мендей мамиле жасаган адам табыш оор. Ошол себептенби, же жаш өткөн сайын жакпай баштайбы, же убагы сааты чыкпай жүрөбү, билбейм.

– Сүрөтчүлүгүң кандай болуп жатат?

– Сүрөт тартып жүрөм, Түркиядан көп тарттым.

– Каскадёрлук кесипте да өзүңдү сынап көрдүң окшойт?

– Өзүм жайлоодо жылкыга аралашып жүргөндүктөн, жылкы баласына аябай жакынмын. Каскадёрлукка кызыгып жүргөнүм чын, бирок менин ден соолугума зыян келтирип алып, жооптуу болбойлу деп абайлашат. Болбой эле кооптуу нерселерди өзүм аткаргым келе берет.

– Үй-бүлөң тууралуу кыскача айтып кетсең.

– Мен кичинемден чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Аларды ата-апа дечүмүн. Аябай эрке элем. Өз ата-энемдин колуна 11-классты бүткөндө келдим. Адатта шаарга жаңы келген балдар айылга ата-энесин сагынып качышат го. Тескерисинче, менин чоң энем менен чоң атам аркамдан келе беришчү. Борборго мен үчүн көп каттап жатканын жашырып, "эми жол бекер да" деп коюшчу. Чоң апамдын көзү өтүп кетти, чоң атам бар. 3 карындашым бар. Азыр болсо төрөгөн апам менен жакын сырдашмын.

– Социалдык тармактарда талкууларга катышасыңбы?

– Талкууга катышып талашып-тартышып кетпесем да жаран катары оюм бар. Мисалы, Зере аттуу кыз чыкты. Кимдерге жакты, билбейм, мен сын көз менен карадым. Эң негизгиси, азыркы муунду биз эмнеге тарбиялап жатабыз деген суроо болушу керек. Алар тез илип алат. Демек, жылаңач чыкса болот экен, эч кимди укпасак болот экен, өзүбүз кыйын экенбиз деген ой калыптанат. Ушул нерселер аларды өзүм билемдикке үндөп, текебер кылып салабы деп ойлойм. Шоу-бизнестегилердин чыдамдуулугуна бир чети таң калам. Мен Анжеликага айтылган сындын бирин уксам жаным кашайып, болбой калсам керек. Өзү аялзаты болсо мунун баарын кантип көтөрөт деп жүрөгүм ооруй берет.

– Сен жүрөгүңдү оорутпа, өзүң да ооруба. Алдыда сени тартыла турган ролдор күтүп турат.

"Көчмөндөр оюндарынын жүзү болосуң" деп мактап коюшса дердеңдеп чуркап жүргөн кезим".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



Актёр Улан Султангазиев: “Алымбек датканын ролу сунушталганда баш тарткам”

Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
25.09.2018. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
18-10-2019 09:32
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ооба мен да Анжелика кантип ушунча сынды которот дей берем
25.09.2018. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
14-11-2019 20:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+16
Таланттуу актер.
25.09.2018. 18:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
14-11-2019 19:38
Жынысы:
Белгисиз
+23
vikidiki,ооба мыкты аткарат. Талга чымчык конобу? таанышып алсак болобу Улан байке))) бойдок болсо коз артканга акым бар
25.09.2018. 19:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
16-04-2010
Соӊку аракети:
14-11-2019 23:20
Жынысы:
Белгисиз
+9
erkeleim,хахаха
25.09.2018. 10:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
16-02-2016
Соӊку аракети:
14-11-2019 07:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Город 3722
+30
Клипте болобу кинодо болобу образды эн мыкты денгелде ачып берет, актердук чеберчилигине баа берем. Аябай жандуу, жасалмасы жок укмуш ойнойт, жеке менин кулпулума толот. Бурулайдын элесине арналган фильмде да эн жакшы аткарган, "сен эмне кылмаксын" фильминдеги образды да жакшы ойногон. Ал Эми клиптерде эмоцияларды эн сонун чагылдыра алган. Кыскасы мага жагат, иштерине ийгилик, ден соолук каалайм. Тушунуктуу, жароокер жар туш болсун мандайына.

Зере жонундогу ойуна лайк.
25.09.2018. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
05-01-2018
Соӊку аракети:
30-10-2018 15:01
Жынысы:
Белгисиз
+4
абдан мыкты актер ишине ийгилик, ден соолук каалайм
25.09.2018. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
18-05-2016
Соӊку аракети:
11-11-2019 09:36
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иии супер инфо жылыш бар бул санында. Баягылар эле чыга берчу эле атпесе
25.09.2018. 20:24 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
04-12-2018 22:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+8
Тузук,Зере жонундогу айтканын туура!
Анан, ,Курманжан Датка"фильминде Курманжан энебиздин жаш кезин Элина Абай кызы аткарганы да окшобой калган.
25.09.2018. 21:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
20-06-2017
Соӊку аракети:
14-11-2019 17:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+7
Ооба Элина Абай кызы назик ото эле,бирааз катуурак уну да бирааз жоонурак кыз ойносо болмок деп эле ойлоно берем да
Super TV
26.09.2018. 00:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
15-11-2019 01:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
0
Абдан мыкты актер. Өзү да оор басырыктуу, жөнөкөй адам көрүнөт. Ийгилик сизге Улан мырза.
26.09.2018. 07:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
14-11-2019 21:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
+3
Коокорго суу алып келген жери аябай сонун тартылган. Идея сонун. Эн мыкты денгээлде ойногон. Баары алдыда экен да бул бакеники: уй було куруу,бала чака, ийгиликтуу рольдор дегендей.... только Ден соолук каалайбыз!!!
26.09.2018. 10:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
303
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
14-11-2019 16:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындан 3жыл мурун уйлоном деп аябай даярданып журду эле кыз тандап....Дагы эле жолуктура элек экен да....
26.09.2018. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
13-11-2019 13:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул артисттин чыгармачылыгын баалайбыз
26.09.2018. 17:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
27-09-2019 17:59
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кандай кинолорго тартылган билбейт экенмин)
27.09.2018. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
14-11-2019 18:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+2
Бул актер мырзанын аткарган ролдору негедир купулга толот ....ийине жеткире ойноп ачып берет.Катышкан ар бир кино же рекламадагы роликтерин узбой коробуз .Таланты бар инсан .
Super TV
28.09.2018. 05:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
08-10-2019 23:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Монгудон суу алган видеосун кайактан корсо болот суперинфо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: