Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ МЭЭ МЕНЕН БАШКАРЫЛУУЧУ ЖАСАЛМА КОЛ ЖАСАЛДЫ

№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл


Илим-техника өнүгүп жаткан чакта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер өзүн-өзү тейлей алуусу үчүн жакшы технологиялар ойлоп табылууда. Алардын бири – бионикалык кол. Мындай «акылдуу» протез кол, кыскача айтканда, адамдын мээси менен башкарылат жана кадимки кол ордуна пайдаланылат. Кыргызстандык программисттер да чет өлкөлөрдөн кем калышпай, андай колдон үчөөнү жасап чыгарышып, Бишкекте өткөн пластикалык хирургдардын эл аралык конгрессинде экөөнү көрсөтүшүп, жакшы пикирлерге татыды.

Бионикалык кол деген эмне? Bebionic – био (мио) электрдик жасалма кол. Аны менен тамак-аш жегенге, суу ичкенге, бир нерселерди жазганга, клавиатурада тамга тергенге, эшиктин кулпусун ачканга, бир нерселерди көтөрүүгө жана башка кыймылдарды жасоого болот. Алгач Улуу Британияда иштелип чыгып, анан башка жактарга таркалган.

"БИОНИКАЛЫК КОЛДУ ТӨРТӨӨБҮЗ ЖАСАДЫК"

Бионикалык 3 колду тең жасап, учурда алардын түзүлүшүн өнүктүрүп, жакшылап иштеп жатышкан программист балдарга жолуктук. Бизге Дастан Рысалиев мындай маек куруп берди.

– Чакан компаниябыз "Genesis Bionics" деп аталат. Командада 4 жигит иштейбиз. Улан Эркинбек уулу 22 жашта, 3D модельер. Биз жасаган бионикалык колдун механизмдерин ойлоп тапкан жигит. Мен 22 жаштамын, программист жана схемотехникмин. Арген Мухаммедали 21 жашта, идея табуучу жана дизайнер. Адилет Токтогулов 24 жашта, менеджер.

Улан экөөбүз Политехникалык университетте бирге окудук. Экөөбүз тең робот техникасына кызыгып, оюнчук машиналарды жасадык, акылдуу үй программаларын өздөштүрдүк. 4-курста ЖОЖдор аралык жана эл аралык сынакка катышып, өзүбүз жасаган роботтун колун көрсөтүп (кнопкалар менен иштөөчү), алдыңкы орунду жеңип алдык. Анан дипломдук иш үчүн бионикалык колду жасамак болдум. Интернеттен бир жолу микрохирург Султан Тукешов агайдын "бионикалык колду жасоону максат кылуудабыз" дегенин окуп, Улан экөөбүз ага барып таанышып келдик.

Ал кезде Арген менен Адилет Медакадемияда окуп жүрүшчү экен. Арген 3-курста, Адилет 5-курста. Алар менен да интернеттен таанышып, анан баарыбыз чогулуп бир команда болуп иштөөнү чечтик. Кеңсе таптык, Султан агай керектүүлөрдү алып берди. Улан экөөбүз Кытайдан 20 миң сомго 3D принтер алдырып, ошону менен иштөөнү өздөштүрүп жүргөн элек. Агай дагы бир 3D принтер жана 3D сканер алып берди. Төртөөбүз бионикалык кол жасамак болдук. Улан экөөбүз коомдук фонддорго кайрылып, Алия деген кыздын ата-энесин таптык. Анын бир колунун башы тубаса жок экен. Ата-энесине биз өзүбүздүн кызматты сунуштап, "бекер кол жасап беребиз" дедик да, ишке кириштик. Анын колун PLA пластик жибинен жасадык. PLA пластик кант тростнигинен синтезделип алынат жана экологиялык жактан таза, бекем, жеңил пластик болот.

Жасаган колубуз алгач бир нерсени кармап, кайра коё бергенге гана жарады. Колду башкарууда керектелүүчү өткөргүчтөр сыртка салаңдап чыгып калды. Анткени чет өлкөлөрдө колду жасоонун даяр программалары бар, аны сатып алып колдонуп жасай беришет. Бизде андай даяр программа жок болгондуктан программаны Улан апталап иштеп, өзү түзүп чыкты. Ишке кызыгып, күнү-түнү уктабай калдык. Улам бир жаңы нерсени өздөштүрүп, колду түрдүү функцияларды аткара ала тургандай өнүктүрүүнүн үстүндө издене баштадык. Ошентип кол азыркы көрүнүшүнө окшоду. Анан Алияга кийгизип иштетип көрүп, видеого тартып интернеттеги баракчабызга жүктөдүк. Бирок учурда колдун үстүнөн дагы иштеп жатабыз. Салмагы учурда жарым килограммдын тегерегинде болсо, эми 250-300 граммдай гана болот. Кол көп функцияны аткарып, майда нерселерди, мисалы, калем сап кармаганга да жарап калат. Буюрса, 1-2 айда толук бүтүрүп, Алияга тагып беребиз.

Баймырза деген 14 жаштагы балага жана Анара деген эжеге да PLA пластиктен бионикалык кол жасаганбыз. Аларды да өнүктүрүүдөбүз.

Бул экөөнө жасаган колдор 10-сентябрда Бишкекте өткөн пластикалык хирургдардын конгрессинде көрсөтүлүп, жакшы пикирлерге ээ болду.

КОЛ ЗD ПРИНТЕРДЕ КАНТИП ЖАСАЛАТ?

Биз муну жөнөкөйлөтүп түшүндүрүп берели. Биз кимге бионикалык кол жасамак болсок, адегенде Улан анын колун 3D сканерден өткөрөт. Сканерден колдун 3 деңгээлдеги модели, схемасы даярдалып чыгат. Колдун бүтүн жагындагы кайсы булчуңу кандай иштеп жаткандыгы жүрөктүн кардиограммасындай тартылып чыгат да, программа түзүлөт. Ал программа жасалма колду иштетүүчү башкаруучу бөлүккө – платага киргизилет. Плата – микросхемалар топтому. Анда колду кыймылга келтирүү үчүн энергия менен жабдуучу керектүү аккумулятор да бар. Жасалма колдогу датчик кардардын колунун булчуңунун үстүнө жайгаштырылат. Буга чейин биз жасаган колдордо датчик өзүнчө сыртта жайгашкан болсо, эми биз колдун ичине жайгаштырып жатабыз. Адам кийгенде эле датчик керектүү жерде тургандай болот. Датчикте режимдер бар. Мисалы, колду ачып-жумганга, өйдө көтөргөнгө, бир нерсени карматканга жана башка.

Колду сканерден өткөргөндө түзүлгөн модель, схема программасы 3D принтерге киргизилет. Принтерге пластик жипти жайгаштырабыз. Принтер иштегенде жип бир бөлүккө барып ысып эрийт. Принтердин ары-бери кыймылдап турчу башы ал куюлуп жаткан эритме менен схема боюнча алаканды же манжаны тартып жасап баштайт. Суюк пластик дароо катат. Бир катмары жасалган соң кийинки катмары болуп, акыры бир манжа же алакан даяр болот. Манжалардын ар бири өз-өзүнчө басылып чыгат. Анан баарын чогултабыз. Керектүү жерлерине ичке өткөргүчтөрдү жайгаштырабыз. Колдун конструкциясына плата, датчиктер жайгаштырылат.

Кол даяр болгондо адам колду кийди да, стаканды алгысы келип ойлонду дейли. Мээден булчуңдарга сигнал кетти, сигнал датчикке барып, ал кайсы режим керектигин аныктайт. Андан сигнал платага өтөт. Плата өзүндөгү программа боюнча сигналды иштеп чыгат да, колго, манжаларга сигнал берет. Кол кыймылдап, манжалар иштейт.

Кардарлар менен Султан агай иштегендиктен биз кимге кол жасап берген жатсак агай анын колунун булчуңдарын өзү да текшерип, кайсы булчуңу жакшы иштеп жаткандыгын аныктайт да, датчикти ошонун үстүнө жайгаштыруу керектигин айтып берет.

Чет өлкөлөрдө бионикалык колдун баасы 10 миң доллардын тегерегин түзсө, Казакстанда 4 миң долларды чапчыйт. Биз жасагандар элдин чөнтөгүнө оор келбеши үчүн алардан арзан жасалат.

Биз саамалыкты баштап бердик, буюрса, дагы башка компаниялар ачылып, бионикалык колдуу болгондордун тилектери ишке аша баштайт деп ойлойм. Албетте, биз болсо иштеп, эл керегине жарай бермекчибиз.

"УУЛУМДУН КУБАНЫЧЫНДА ЧЕК ЖОК"

Жаңы бионикалык колго ээ болгону турган Баймырза Казакбаевдин апасы Айзат Исакова менен да баарлаштык.

– Биз Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жашайбыз. Уулум Баймырза 14 жашта. 6 жашында ойноп жүрүп, трансформаторго кирип кетип, ток тартып, ток 2 колунун башын (алакан, манжаларын) жарып кеткен. 2 ирет клиникалык өлүмгө дуушар болуп, Кудай буюруп аман калды. Балабызды ошондо эле дароо Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүнө алып келип жаткырдык. Врачтар текшерип, дарылап көрүштү. Акырында «эртең операция, 2 колун тең кесебиз» дешти. Ошол күнү микрохирург Султан Тукешов тууралуу угуп, аны жолдошум издеп таап, алып келди. Ал көрүп, эртеси өзү иштеген ооруканага котортуп алды. Дарылап, 5-6 ирет пластикалык операция жасап жатып, сол колун сактап калды. Оң колунун манжаларын сактап калууга мүмкүн болбогондуктан кесүүгө туура келди. Ошондон бери 8 жыл өттү. Быйыл июнь айында Султан Тукешов бизге чалып, бионикалык колду сунуштады. Макул болдук. Программист балдар балабыздын колунун өлчөмүн алып, жасап башташты. Убак-убагы менен бизди чакырып, колду кийгизип көрүп, кемчиликтерин толуктап жатышты. Жакында өткөн конгрессте кийгизип иштетип көрүштү. Учурда ал колду программисттер дагы өнүктүрүп, жакшылап жасап жатышат. Бүтсө салып беришет.

Уулубуз ручканы 2 колун бириктирип кармап алып жазчу эле, эми бионикалык колдуу болуп калса бир колдоп жазып, 2 колдоп иштерди жасап калат деп кубанып жатабыз. Уулубуздун да кубанычында чек жок.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
25.09.2018. 09:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
22-02-2018
Соӊку аракети:
13-07-2019 01:29
Жынысы:
Белгисиз
+22
Азаматсынар!!!Саясатчыларды эле ушактап журо бербей,ушинтип баарыбыз озубуздун ишибизди жасап Кыргызстанды онуктуройлучу.
25.09.2018. 09:56 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
17-08-2018
Соӊку аракети:
18-10-2018 00:09
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эн сонун,ушул колду Майлуу-Сууда службада жургондо, трансформаторго кирип,эки колунан айрылган аскерге да сунуштап корбойсунорбу??
27.09.2018. 07:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
25-07-2019 19:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
Izdei_-_berem, Мен да ошону айтайын дегем. Кошулам сиздин оюнузга. Жакшы болмок эле
25.09.2018. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
325
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
09-10-2019 02:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
+19
Кандай сонун,жаш туруп коркпостон,зээрикпестен кучтуу ишке кол урупсунар.Ийгилик жигиттер!!! Талыкпас эмгек,чыгармачылык изденуу!!!
25.09.2018. 12:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
19-07-2014
Соӊку аракети:
26-02-2019 13:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+13
Соонун.соонун.укмуш.адамды колдуу кылып сүйүндүргөн кандай сонун
25.09.2018. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
08-10-2019 07:40
Жынысы:
Белгисиз
+14
Адилет менин бир тууган жееним, Адилет сени менен сыймыктанабыз, окуунду мыкты окуп бутуруп, Кыргыз элинин керегине жараган жигиттерден бол.
25.09.2018. 20:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
05-05-2017
Соӊку аракети:
21-10-2018 01:57
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсынар! Дагы коп-коп ийгиликтерди багындыргыла.
25.09.2018. 23:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
29-07-2017
Соӊку аракети:
21-10-2019 10:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош&Жалал-Абад
+1
Аябай кубандырды,алга жигиттер!
26.09.2018. 17:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
19-10-2019 02:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин да Замир деген таякем бар колу трактордун семечка чыгара турнанына кирип кеткен сол колу Озгондук болот аябай жакшы Адам байкуш сол колу жок болсода бардык жумушту аткарып журот машина айдап трактор айдап колдуу болсо суйунот элем
28.09.2018. 19:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
29-08-2016
Соӊку аракети:
16-10-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллар ыраазы болсун..
29.09.2018. 13:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
11-07-2019 18:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чет мамлекетте жасашкан окшойт деппмин озубуздо эле экен го сонун жанылык уккан кунубуз да болот экен го, ишинерге ийгилик!
29.09.2018. 15:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
10-06-2015
Соӊку аракети:
24-01-2019 12:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынын айтсам козумо жаш алып суйундум. Азаматсынар, жаштарыбыз ушундай нерселер мн кобуроок алек болушса, абдан эле жакшы болмок...
29.09.2018. 21:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
26-02-2015
Соӊку аракети:
21-10-2019 09:09
Жынысы:
Белгисиз
+1
видеосу болгондо видео киргизип койгулачы
01.10.2018. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
07-06-2019 09:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
суперге бир эжеда чыккан го кызын 5жышында камаз тебелеп кетип 2колутең кесилген экен азыр 14жаштан өтүп калса керек протез кичинекей болуп калып тез тез эле алмаштырышат экен ошол кызгада салып беришсе жакшы болмок
01.10.2018. 12:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
22-10-2016
Соӊку аракети:
10-08-2019 23:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец Жигитер Аллах ыразы болсун.
01.10.2018. 17:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-03-2017
Соӊку аракети:
14-08-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай сонун жанылык! Ушундай кыргыздын керегине жараган уулдар чыгып жатканы суйундурбой койбойт.Аллах ыраазы болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: