«Жылдын супер дебюту»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Назира Айтбекова, алпаруучу: “УУЛУМ КАЧАН КҮЙӨӨГӨ ТИЕСИҢ ДЕП СУРАЧУ БОЛДУ”

№815 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.


“АПАМ”

– Жашоомдогу эң чоң орундагы адамым – апам. Так менин жашымда атам менен ажырашып, мени жалгыз чоңойтту. Турмуштан бир көңүлү калып калган адамга кайра башынан башташ оор болот окшойт. Мага болгон сүйүүсүн, жаштыгын, курчтугун арнады. Апам сыртынан назик, кичинекей көрүнгөнү менен, күчтүү аял. Турмушу бузулса да сол жакка кетпеди. Ал күчтүү кызды тарбиялап чыгарды. Мен кичинемден көп оорудум. Баарына чыдады.

Ал турмушка чыгып, мени аталуу кылышын каалачумун. Анын да балдары болуп чоң үй-бүлө болсокпу деп кыялдана берчүмүн. Бирок андай болгон жок. Апамдын баркына жете ала турган адам жолунан чыкпады окшойт. Бирок апам азыр деле жаш. Сүйүп кала турган болсо, жан дүйнөсү төп келсе эмнеге болбосун?

“БАЛАМ”

– Уулум Ариеттин да өзгөчө дүйнөсү бар. Жан дүйнөсүнүн тазалыгы, дардалаңдап кеткени, берешендиги менин дүйнөм. Ал эч нерсе менен иши жок бир дүйнө. Аруу дүйнө... Баламды карап отуруп суктанам, сыймыктанам, бир нерселерди үйрөнөм. “Менин досторум суусап жатат, бол, эмнең бар?” деп муздаткычты аңтарып баарын таратып берет. Ойлору да кызык, планетанын тагдырынан бери ойлонот. Бүгүн эртең менен эле “мама, качан күйөөгө тиесиң?” деп сурады. “Билбейм, балам, азыр күйөө издей элекмин да” десем, “Хаммер айдаган, бир бай күйөөгө тийчи, ээ?” деп күлдүрдү. Атасы менен жашап жатканда деле ушинтип куурата берчү (күлүп). “Менин күйөөм бар” да десем, “сен башкага тийип бөбөк төрөйсүң” дей берчү.

Атасы экөөбүздүн ортобуздагы маселелерди алгач жашырып жүрдүм. “Атаң көп иштеш керек” дей бердим. Алгач ишенген. Анан атасы үйлөнүп алгандан кийин айтышка туура келди. Жеңил кабыл алуусуна аракет кылдым. Көп сүйлөштүм. “Баары теңин табат, азыр атаң тапты, анан мен, кийин сен табасың. Атаңдын үйүндө жүрөсүң, менин үйүмдө жүрөсүң, жыргайсың, эки үйүң болот” деп алдап-аздап түшүндүрүп отурдум. Кудай буюрса, өтүп кетти.

КЕСИП

– Ишим бар. Съёмкада турганда баарын унутуп калам. Ансыз жашай албайм. Ушу жолдо жүрүп аброй таптым, атымды түптөдүм. Бирок каржы жактан эч нерсе чогулткан жокмун.

ЭРКЕКТЕР

– Түркиядан келе жатып жанымда отурган түрк менен сүйлөшүп калдым. Ал “Аялдарыңарга суктандым. Базарда кайсы иш болбосун аялдар иштешет экен, үйүндө 5 баласы бар, алардын ар бирине көңүл бурганга жетишет. Ошол учурда эркектериңерге да суктандым. Алар эч камырабай аялы алып келген акча менен оокат кылып, кийин ал байкуш ооруп же карып калса башкага тыз коюп кетип калат экен. Бизде аялдар эрке, эмне десе ошонусун эркек аткарууга милдеттүү. Анан калса силерде күйөөлөр 5 бала төрөлгөндөн кийин “башканы сүйүп калдым, эмне кылайын?” деп басып кетмейи да бар экен. Айтор, эркектериңерге мыкты шарт түзүлгөн. Силерден аял алыш керек, сулуу дагы, тың дагы, чыдамкай дагы болот экенсиңер” деди. Ойлонуп калдым. Биздин эркектер чын эле алсыз экен. Моюнуна жүк көтөргөндөн чарчап, кыйынчылыкта басып эле кетип калат. Кайда жеңил турмуш болсо, ошол жакка ооп кетет. Баары эмес, көбү ошондой. Эми мезгил өтүп жүрөк айыкса, мен экинчи жолу адамдын колун кармап калсам, ал жоопкерчиликтүү болушун каалайт элем. Бир кармаган колумду таптакыр чыгарбашын каалайт элем. Ыйлактамай, “мен кыйналып кеттим” демей жок. Мен турмушту кандай жеңип жатсам, ал дагы ошондой жеңсе дейм. Менден күчтүү болушун каалайм.

“КАТАЛАРЫМ”

– Назираны мен каталары менен сүйөм. Албетте, каталарды кетирдим, бирок алар мага турмуштун жакшы сабагын өттү. Күчтүү кылды. Ката кетиргенден коркпойм. "Бирөөнүн үй-бүлөсүн буза аласыңбы?" деген суроо да берип калышат. Жок, ал ишке бара албайм. Бирок мурун үй-бүлө бузгандарды соттоп, жек көрүп, "кантип жер көтөрүп жүрөт?" дегенге чейин барчумун. Азыр ага да көз карашым өзгөрдү. Кескин түрдө аларды соттой албай калдым. Анткени көп жубайларды көрдүм балдары үчүн деп эле бир өмүрдү текке кетирген. Балким, экөө бирин-бири уйпалап, эзгилеп бактысын байлагыча, коё бергени жакшы эмеспи деп ойлойм. Муну менен мен бирөөнүн турмушун бузам деп айтканга дитим барбайт. Анткени мен өзүмдүн атам башка бирөөнү эркелетип жатканын көрүп жүрөгүм эзилчү. Балам учурда ошол абалды башынан өткөрүп жатат. Бирөөнүн көзүн жашылдантып коюп бактылуу боло албайм го дейм.

АКЧА

– Кичинемден акчага болгон сүйүүм анча эмес. Акчалар тырышып-бырышып ар кайсы кийимдин чөнтөгүндө жүрө берчү. Азыр үй-бүлөмдү багыш керек болгон учурда акчаны сүйүүгө үйрөнө баштадым. Жокчулукту деле көрдүм, андан деле болбойт экен. Көңүлү ток адамдар жүрө берет экен. Апам мени мугалимдиги менен бакты. 300 сомду бир айга жеткирип, батирден батирге көчкөн учурларыбыз болгон. Бирок ошол нерсе деле мени акчага кызыктыра алган эмес. Жөнөкөй жигитти тандап алганым деле, балким, ошондондур.

СҮЙҮҮ

– Мурунку жолдошумду сүйчүмүн. Ал менин дүйнөм, ар бир кышын кынаптап коюп чыккан мунарам болчу. Тогуз жыл бою кооздоп түзүп алган мунарам минтип түртүп койсо эле жыгылып каларын кайдан билдим? Сүйүү – кызык нерсе. Балким, азыркы айткандарым кийинки сүйүүмдүн алдында шоона эшпей калар. Бирок мен азыр бактылуумун. Аял турмушка чыкканда өз канатын кесип туруп күйөөсүнө тагат экен. “Мына, сен уч, мен жерде эле жүрөйүн” дейт имиш. Азыр тигиге тагып койгон канатымды кайра тагынып алып учуп баштадым.


Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg



Назира Айтбекова: "Балам күйөөгө тий деп айтчу болду"

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(58)
19.06.2018. 09:22 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
371
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
03-08-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+5
Обу жок аялдай сезилет,биринчи фотосу кантет,XXXX болуп алыптврго
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-19 09:51:44
19.06.2018. 09:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
15-11-2019 19:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
+1
Бактылуу болунуз! Баласы красавчик экен))
19.06.2018. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
07-03-2011
Соӊку аракети:
15-11-2019 15:44
Жынысы:
Белгисиз
+13
Назира акылдуу аялзаты деп ойлоймун.Ар бир адамдын коз карашы жан дуйносу мн айырмаланатда.Бироого жагат бироого жакпайт дегендей.Бакыт каалайм бул кыйын кызга♡
19.06.2018. 20:09 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
07-08-2019 02:01
Жынысы:
Белгисиз
+6
Dilya85, Назира акылдуу болсо, демек Трамп да дуйнонун эн акылдуу адамы экен да?...

Сен кайсы критерий менен аныктадын анын акылдуу экенин?!!

Жогорулагы суротуно караппы?!! Же балким сууда тушкон суротун айткын келип жаткандыр, эмчегинин урпу корунгон, чыпталган койногунон?!!

Демек акылдуу кыздар ошондой суроттору менен озун элге пиарлайт турбайбы, билбей журуптурбуз...

Дегеле бул кыз алып баруучу катары да кулпулга толбойт. Башка жагынан да ку
19.06.2018. 10:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
15-11-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
0
Бактылуу болунуз биринчи куйосун аябай суйгон экен
19.06.2018. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
16-11-2019 01:56
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ал турк сага жагынып айтса керек да.Турктордо да башканы суйуп калуу таштап кетуу деген толтура.Телегейи тегиз калк болгонсуп айтыптыр го.А кыргыздарда дагы билинбегени менен жакшы эркектер коп.А сага тенинди таап бактылуу болушунду каалайм балана татыктуу тарбия бер акылдуу болуп чонойсун
19.06.2018. 15:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
26-03-2017
Соӊку аракети:
07-11-2018 15:17
Жынысы:
Белгисиз
-11
Mamiev,турктор аялын таштап кете албайт кечирип кой биринчиден мыйзам жол бербкйт экинчиден алвр абийирдуу
19.06.2018. 18:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
03-11-2016
Соӊку аракети:
16-11-2019 06:06
Жынысы:
Белгисиз
+12
Aidani,Турк менен жашап коргонсуп айтыпсынго.Таштаган учун кыргыз алыш керек деп айтты деп туратго
20.06.2018. 15:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
25-11-2013
Соӊку аракети:
15-11-2019 16:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamiev,чычалап кетипсиз да. Чындыгында биздин эркектер милдетин билбейт укугун гана билет. Аялдарынын милдеттерин гана билет укуктарын уккусу келбейт. Аны бир эле назира айтпайт аны баары билет. Россияда ким коп кыргыздын жаш кыздары коп. Ошолорду алып отурса болобу иштетпей. Анан эле сизге окшогон патриот соройлор копостор чыга келет кыйынсынып. Ума нет сила есть болушуп. Например турцияда чачтарачта повар официанттар жалан эркек го. Чын эмеспи.
19.06.2018. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
06-02-2019 21:42
Жынысы:
Белгисиз
+1

Акылдуу жансыз бактылуу болунуз
19.06.2018. 11:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
636
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
05-09-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+10
Эл эмне дейт проектинде, тартылган эпизоддорун коруп алым,боорум эзилет,Назира эже мыкты адам
19.06.2018. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
303
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
14-11-2019 16:04
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эркектер таш боор болот экен...Меники да ушундай болду...1кундо чечилип калды...
19.06.2018. 13:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 13:44
Жынысы:
Белгисиз
+12
mela,Ошон учун айтатта эркеке ишенгичен 2 босогоно ишен деп булардын жузундо тук жок бт 1сырты жалтырак кызды корсо шлекейин агызып 5баласында унутуп кетеберет аныкы алтындан болгонсуп.
19.06.2018. 16:00 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
26-05-2019 03:43
Жынысы:
Белгисиз
+7
Busi06,беш кол тең эмес,баары эле сен айткандай эме
tursunbaev78 түзөттү 2018-06-19 16:01:20
19.06.2018. 11:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
07-11-2019 13:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+2
Аракетчил, билимдуу, кучтуу, озун сыйлаган, артынан ушак эрчитпеген, негизи эле мыкты айым.
19.06.2018. 12:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
16-11-2019 00:58
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулзат Мамытбектин подружкасы го дейм.
19.06.2018. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
09-08-2017
Соӊку аракети:
13-11-2019 22:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира молодец, аябай жакшы көрөм. Ачык, жылдыздуу кыз. Бактылуу бол. Өз теңине жолугуп, көп балалуу болушунду тилейм
Super TV
19.06.2018. 13:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
16-11-2019 01:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Тиштери сонун го аппак. Аябай сулуу корсотот экен.
19.06.2018. 13:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 13:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира бактылуу бол аябай тарсылдаган кыйын кызссын, ошол 1чи жолдошун сенин кадырына жетпедиби аны Кудай жазалайт созсуз ишенип кой, козун май баскан адамды козу ачылганда коросунго сенда, эчкачан сынба башынды бийик котор суйуу ну убакыт даарылайт экен, ишен, башымдан отту азыр аябай миллионер сулуу тушунуктуу акылдуу ыймандуу балага туш болдум менда сага да ошондой бактылуулук каалайм
Super TV
19.06.2018. 14:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
03-11-2010
Соӊку аракети:
01-11-2019 17:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germanija
0
Bizdin Erkekter chynynda alsyz Any mojunga alysh kerek , Germanijada ekinchi kop ulut turktor jashait ,Jana turk kafe restorandar kop ,Al jakta but Erkekter ishteit idish juugany dele erkek ,tamak jasagany dele erkek ,ofizant bolip tamak tashyp teilep jurgonu dele Erkekter bul chyndyk soz !!! Bizde ajaldar ajbai kuchtuu chynynda ajaldardyn kuchtuulugunon ele jashoo jurup jatat Kyrgyzstanda .........
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: