Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
КЫЗ АЛА КАЧУУНУН АЯГЫ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ МЕНЕН АЯКТАДЫ№813 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
– 27-май күнү кечки 10 жарымдар чамасында кызым Бурулайды «айран алып келе койчу» деп дүкөнгө жумшадым. Анан ызы-чууну угуп сыртка чыксам, кызымды менин көзүмчө машинага күч менен салып кетишти, артынан кууп жетпей калдым. Дароо милицияга чалып кабарладым. Милиция кызматкерлери келип, шаардын четине чейин кууп бардык. Анан арыз жазыш үчүн Бишкектин Биринчи Май РИИБине алып барышты, ал жерде 2 сааттай кармалдык окшойт. «Бардык постторго билдирдик, бат эле кармалат» дешкен, көп узабай эле «баланы кармадык. Жайыл РИИБине келип калгыла» деп чалышты. Санаам чыдабай тергөөчүгө «кызыма берчи телефонду» деп, «кызым, эч жериң оорубай элеби, колу-бутуңду кайрып койгон жокпу?» деп сурадым. «Жок, ата, жакшымын» деген. Беловодскко жеткенибизде Бурулай апасына чалып «апа, жетип калдыңарбы?» деген боюнча телефону өчүп калбадыбы (жашып)... Түнкү 3төрдө бизди Жайыл райондук ооруканасына алып барышты, «эмнеге ооруканага алып келдиңер?» деп чочуп кеттим. Бир кызматкер «ала качкан бала каршылык көрсөткөнүнөн кичине уруп коюшуптур, бала ооруканада, кошо ала кетели» деди. Мен ишенип алыптырмын, көрсө, кызымдын кекиртегине, жүрөк тушуна, ичине бычак сайыптыр да... Ошону мага угуза албай турушуптур. Бул жерде тергөөчүнүн, ошол жерде турган милиция кызматкерлеринин күнөөсү болуп жатпайбы. Эмнеге тергөөчү кармалгандан кийин ал баланын колуна кишен салган эмес? Эмнеге бир бөлмөгө экөөнү кароосуз калтырышкан? Кызымды майрам сууга алып жатып карасак, көкүрөгүнө бычак менен Н+Б=Х деп жазып коюптур. «Н» дегени кызыма сөйкө салып кеткен баланын атынын баш тамгасы. Башын бир нерсеге сүздүргөнбү, чекеси кыйшайып калыптыр. Ошончолук мыкаачылык менен өлтүргүчө кайда жүрүштү? Мыйзам боюнча адамды кармап келген соң чөнтөгүн текшерип, курун, бут кийиминин боосунан бери чечип алышы керек да! Баланы мурдатан эле жакшы таанычумун. Маршрутка айдап иштечү. Бул анын биринчи ала качуусу эмес. Биринчи ала качканында кайра артка кайтаргам. «Кызымдан сурайын, эгер көңүлү болсо макулмун» деп. Кызым келгенден кийин сурасам, «ата, менин башка сүйлөшкөн жигитим бар. Мен окуудан чыгып келе жатсам эле 5-6 бала машинага салып кетишти» дегенинен, кызымды бербей койгом. Кийин бул бала ата-энеси менен дагы келгенде да «жигити бар экен» деп каршы болгом. Азыр эстеп жатам, ошондо эле «кызыңды бербесең өлтүрөм» деди эле. 5 кыз, 1 уулум бар. Бурулайым менин көкүрөк күчүгүм эле... Бобимди акыркы жолу тирүүсүндө бир көрүп, көкүрөк күчүгүмө «кош» дей албай калдым... – Сиңдим аябай жоош, бирөөгө катуу айтпаган, тартиптүү кыз болчу. Эң кичүүбүз, эркебиз эле. Бир заматта мөлтүрөгөн бир тууганымдан ажырап калдым. Биз милиция кызматкерлерине ишенип, жардам сурайбыз да, чынбы? Карышкырга кой кайтартып коюшпадыбы... Бурулай быйыл медициналык окуу жайды бүтмөк, алдыда жакшы пландары бар болчу. Аны менен сырдашып калганда «жигитим бар» дечү. Анан ошол жигити майдын башында келип сөйкө салып кеткен. Жакында үйлөнөбүз деп жүрүшкөн. Биз чакан ашкана иштетчүбүз, сиңдимди өлтүргөн бала иштеген 240-маршруттук таксинин айдоочулары биздин ашканадан тамактанышчу. Бурулай кичинесинен эле бизге жардам берип жүрдү да, баары таанышчу, тиги бала да сиңдимди көрүп-билип жүрүп, анан күч колдонуп ала качып жатпайбы... – Бычактан жабыркаган 2 жаран ооруканага 27-майдан 28-майга караган түнү саат 01:00гө жакын келип түшкөн. Экөөнүн тең абалы оор түштү, кыздын өмүрүн сактап калууга аракет жасадык, бирок каза болуп калды. Жигитке операция жасалды. Ал өзүнө 4 жолу бычак сайып, моюнунун күрөө тамырын да кесүүгө аракет кылган. Анын ичегилери эки жеринен тешилиптир, башка да ички органдары жабыркаган. Учурда анын абалы жакшырып, өзүнө келип, сүйлөп калды. – Иним токтоо, улууларды сыйлаган, бир туугандарынын айтканын эки кылбаган адам. Мурда-кийин эч кимден анын жаман жагын уккан эмесмин. Бурулай да токтоо, адамгерчиликтүү кыз эле. Экөө 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн билем, аны баары эле билишчү. Кызды биринчи жолу ала качканы боюнча айтсам, иним кызды алып Таласка жетейин деп калган. Ошондо мен өзүм ачуу басарга келген элем. Мурда атасы менен бир маршруттук каттамда иштегенбиз, кийин ал башка каттамга которулуп кеткен. Жакшы тааныштарданбыз. Ачуу басарга барганымда атасы «кызымды алып келип бер. Ала качты дедирбей, 2 айдан кийин сөйкө салып, колдон алып кет» деп айтты. Мен дароо иниме чалдым «биз сүйлөштүк, кызды алып кел. 2 айдан кийин колдон алып кетебиз» деп. Иним менин сөзүмдү эки кылган жок, үйгө жетейин деп калганда кайра кайрылып түнү менен кызды алып келип койду. Кийин ата-энем барып колун сураса бербей коюшуптур. Бир ай өтпөй эле башка бирөө келип кызга сөйкө салыптыр. Эми эмне дейм? Окуянын аягы ушундай бүттү... Ала качарын билген эмесмин. Кыз тарап «балаңар ала качып кетти» деп чалып айтышты. Иниме чалсам албай койду, анан эле кармалды деп уктук, аркасынан суук кабар жетти. Иним кандайча мындай жолго барганына түшүнбөй турам. Ата-энем да 60тан ашып калган адамдар, алардын абалы да оор. Мен мында күнөөнү милицияга коём. Кармалгандан кийин дароо машинаны да, өзүн да эмнеге текшерген эмес? Эмне үчүн экөөнү жалгыз калтырышат? Эмнеге колуна кишен салбайт? Алдын алса болот эле бул окуяны. Азыр инимдин абалы кандай билбейм, азырынча апам эле кирип чыкты. Мен «чын эле тирүүбү, бир көрүп алайын» десем да киргизбей коюшту. Азыр керектүү дары-дармектерин алып берип эле оорукананы айланчыктап жүрөм. Кечээ апам, дагы башка туугандар болуп кыздын үйүнө барышты. Бирок кууп чыгышыптыр. Аларды деле түшүнөм, кызын жоготуп сыздап турушат. Сөз менен оңдоп койчу иш эмес. Айлабызды таппай турабыз. Дагы бир жолу инимдин атынан кечирим сурайм... – 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи Май РИИБине 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында уурдап кетишкени боюнча кыздын ата-энесинен маалымат келип түшкөн. Түнкү 12 чамасында Чүй ОИИББинин кызматкерлери Сосновка айылындагы посттон Субару Аутбек үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын ичинде Марсбек Б., Акмат С. жана Турдали кызы Бурулай болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Айткожоев кармалган унааны Жайыл РИИБине жеткирип, рапорт толтуруп жаткан учурда Ал эми жабырлануучу жаран кабыл алуу бөлүмүнө киргизилген. Ошол учурда милиция бөлүмүнүн эшиги такылдап, 2 жигитти карап отурган кызматкер эшикти ачканы кеткен. Ошондо Марсбек Б. өзүнүн унаасынан алган бычак менен кыз отурган бөлмөгө кирип, ичинен бекитип алган. РИИБдин кызматкерлери эшикти сындырып киргенде экөө тең жерде канжалап жаткан. Бала кызга 3, өзүнө 4 жолу бычак сайган. «Тез жардам» унаасы менен аймактык ооруканага алып барышканда кыз каза болуп калган. Учурда шектүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Чүй ОИИББинин башчысы кыздын туугандарынын "кызыбыздын көкүрөгүнө «Н+Б=Х» деп бычак менен оюлуп жазылыптыр» деген билдирүүсүн четке какты. Сарчаевдин айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон.
Жигит ала качып бараткан кызын милиция бөлүмүндө бычактап өлтүргөн
Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|
Уурунүн изин таап көргөзүп кармагыла десеңда адвокаттын барбы дешет экен!