Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

УЙКУҢУЗ КЕЛИП, ЧАРЧАП ТУРАСЫЗБЫ? АНДА КОФЕ ИЧИҢИЗ

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж


СОРТТОРУ

Кофенин 80ге жакын сорту бар. Алардын арасында бою кичине бадалдар, бийиктиги 10 метрге чейин дарактар да бар. Кеңири тараган 4 сорту: арабика, робуста, либерика, эксцельса.

САТЫЛЫШЫ БОЮНЧА ДҮЙНӨДӨ 2-ОРУНДА

Учурда кофе сатыкта дүйнө жүзү боюнча нефтиден кийинки экинчи орунда турат. Дүйнөлүк рынокто жылына 2 миллиард доллардан ашуун суммага кофе сатылат. 2016-жылдын көрсөткүчү боюнча кофени эң көп өстүргөн 5 өлкө: БРАЗИЛИЯ, ВЬЕТНАМ, КОЛУМБИЯ, ИНДОНЕЗИЯ, ЭФИОПИЯ


ПОПУЛЯРДУУ 5 КОФЕ ТҮРҮ:

ЭСПРЕССО.
Эң күчтүү кофе болуп саналат.

МАКИАТО. Эспрессо менен сүт көбүгүнүн өлчөмү 1:1 болот.

АМЕРИКАНО. Даяр эспрессого суу кошулат. Муну менен кофедеги ачуу даам жумшарат.

КАПУЧИНО. Эспрессо+ысык сүт+сүт көбүгү бирдей өлчөмдө кошулат.

ЛАТТЕ. 1/4 бөлүгү эспрессо, калгандары ысык сүт,
сүт көбүгүнөн турат.


ЖЫТТУУ, ДААМДУУ КОФЕНИ КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?

1) Эң даамдуу кофе жаңы куурулган дандан жасалат. Кофенин данын кофе майдалагыч аппараттан майдалап, анан даярдап ичсеңиз ырахат аласыз.

2) Суу. Крандан аккан суунун курамында хлор жана башка сууну тазалоочу каражаттар болгондуктан ал кофенин жытын да, даамын да бузат. Ошондой эле көпкө туруп калган сууну да колдонууга болбойт. Газы жок минералдык суу, булактын суусу кофенин даамын арттырат.


Даярдоо ыкмасы:

1. Турканын (кофе кайнатуучу идиш) түбүнө 2 чай кашык майдаланган кофени тегиз кылып салабыз.

2. Турканын моюнуна чейин суу куюп, жай отко коёбуз.

3. Кофе көбүрүп чыкканда оттон алып, көбүгү тарагыча 20 секунддай кармап, кайра отко коёбуз. Ушинтип 3 жолу кайталагандан кийин даамдуу, жыттуу кофе даяр.

4. Эгер эксперимент кылганды жакшы көрсөңүз, турканын ичине бир аз корица, ваниль, какао же бал кошуп жибериңиз, кофеңиз өзгөчө даамга ээ болот.


КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН?

Кофенин – курамындагы кофеин адамдын борбордук нерв системин дүүлүктүрүп, натыйжада кан айлануу, зат алмашуу жакшырат.
Ал эми тригонеллин заты кофенин өзгөчө жытка жана даамга ээ болушуна таасир берет. Курамында белок, углевод, темир, калий, натрий, фосфор, хлороген кычкылы, минералдык туздар жана башка витаминдер да бар.

ПАЙДАСЫ
(күнүнө 2-3 кичине кружка ичкенде, андан ашык эмес!)

Борбордук нерв системинин иштешин жакшыртат.

Курамындагы серотонин – «бакыт гормону» адамды стресстен, депрессиядан арылтууга көмөкчү болот.


ЗЫЯНЫ

Кофени көп колдонууда кандагы холестериндин өлчөмү жогорулайт.
Кофеге көз карандылык пайда болот. Эгер кофе ичпей калса, адамда баш айлануу, чарчоо, болор-болбос нерсеге кыжырдануу пайда болот. Бирок окумуштуулар бул көз карандылыкты баңгилик дегенден алыс.

КИМДЕРГЕ ИЧҮҮГӨ БОЛБОЙТ?

Жүрөктүн ишемиялык ооруларында, атеросклероз, бөйрөк ооруларында, глаукома, кан басымы жогоруларга, гастрит, ашказан жарасы барларга.

  • Кызыктуу

ЭҢ КЫМБАТ КОФЕ ПИЛДИН ЗАҢЫНАН АЛЫНАТ

Дүйнөдөгү эң кымбат кофе «кара тумшук» (чёрный бивень) деп аталат. Таиландда пилдерге күнүнө 32 килограмм кофе мөмөсү ага кошумча банан, кант камышы жана башка ден соолукка пайдалуу мөмө-жемиш берилип, алар 15-30 саат аралыгында пилдин ашказанында иштелип чыгат. Пил заңдаган соң кофе мөмөлөрүн терип алышып, жууп-тазалап, андан кийин өндүрүштө пайдаланышат. 32 килограмм кофе мөмөсүнөн 1 килограмм «кара тумшук» алынат да, баасы 1100 долларга, даяр 1 кружка кофе 50 долларга бааланат.

Дагы бир кымбат кофе сорту Индонезиядан чыгарылган лювак кофеси. Кызыгы, бул сортту алууда циветта (мусанг) жаныбары жардамга келет. Ага жаңы үзүлгөн кофенин мөмөлөрүн беришет, циветтанын ашказанындагы атайын ферменттердин жардамы менен иштелип чыккан кофе заң аркылуу чыккан соң кургатылат. Андан кийин жуулат, кайра кургатылып анан куурулуп, кофе катары өндүрүшкө чыгат. Күнүнө 1 килограмм кофе мөмөсүн жеген циветтадан 50 грамм гана лювак кофесин алууга болот. Европада дүң баасы 1 килограммы 400 долларга бааланат.

  • Тарыхынан
    КОЙЧУ ЖАШАГАН ЖЕРДИН АТАЛЫШЫН АЛГАН

    Кофенин жаралуу тарыхына кайрылсак IV-VI кылымдарга барып такалабыз. Кайсы убакта, ким тарабынан ачылганы так белгисиз бул сыйкырдуу суусундуктун айланасында көптөгөн уламыштар айтылып келет.
    Эң көп айтылган уламышта эфиопиялык койчу Калдим тоону бойлой кой жайып жүрүп кызык көрүнүшкө туш болот. Тоо боорунда өскөн бир дарактын жалбырагын жегенден кийин кой, эчкилер ары-бери чуркап, тынчы жок болуп калганын байкайт. Калдим ал дарактын жалбырагын табыпка алпарып, болгон окуяны баяндайт. Табып жалбырактан дары жасап, башы ооруп жаткан адамга берсе, анын баш оорусу басылат экен. Ошондон баштап ал дарактын мөмөсүн, жалбырагын дары катары колдоно башташкан. Тарых барактарында кофенин мекени болуп – Эфиопиянын аты жазылган.
    «Кофе» Эфиопиянын Каффа qahwah») аймагынын атынан аталып калган делет.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
31.10.2017. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
30-11-2020 23:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииий мындан ары кофе ичбей турган болобузго))
31.10.2017. 11:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
18-05-2017
Соӊку аракети:
20-02-2019 14:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий эми кофе дагы ичким келбей калдыго занды кургатып терип алабыз дейби фуууу жийиркенип кеттип
01.11.2017. 00:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
12-07-2016
Соӊку аракети:
28-02-2019 09:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sumaya0692,Арзан кофени ичиниз, андай эмес.
31.10.2017. 15:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
23-02-2017
Соӊку аракети:
17-11-2020 12:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ха хаго
31.10.2017. 19:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
02-12-2020 00:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ал зандан чыккан кофени биз карапайым эл кааласак да иче албайбыз,капчыгыбыз туура келбейт баасын карасанар)))
31.10.2017. 23:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
06-02-2019 21:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечиресиздер занды тушунбой калдым
01.11.2017. 21:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
26-11-2010
Соӊку аракети:
01-12-2020 17:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
azusha2017,По большому деген )
01.11.2017. 15:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
398
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
S&R же смарт ричтин кофелери кандай билгендер,пайдалангандар жазып койгулачы сураныч,чын эле дарычылыгы кучтуубу.
02.11.2017. 14:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
29-05-2017
Соӊку аракети:
26-12-2017 04:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап чарчап уйкун келгенде кофе дагы жардам бербейт
06.11.2017. 16:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
29-11-2020 16:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
0
Ашказанда язвасы барларга атайын заменитль кофе барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24831;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: