Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)№779 6-12-октябрь, 2017-ж.
– Гелендвагенди, үйдү тезинен өзүңө каттат, түшүндүңбү? Ишенип кой, мен ал мүлктөрүңдү сенден эч качан тартып албайм. Эч нерсесиз калып калбасын деп сени ойлоп жатам. Эмне, жаштыгыңды бекер бердиң беле ага?
– Өзүндөбү?- деди катчы кызга кирип келип. – Ооба. Бирок... Катчы кыз сөзүн аяктагыча эле Болуштун иш бөлмөсүнө кирип кетти. Болуш иш кагаздарын карап жаткан, тыкылдатпай эле түптүз кирип келген Бегимайды суроолуу тиктеди. Кыз бир нерсеге жинденип алгандай. – Таак... Жанымдын ачуусу келип калган го? – Мен эмне көчөдө жашашым керекпи? – Эмне болуп кетти сага? – Менин курбума жигити үй белек кылды. Болбосо менин күйөөм Кыргызстандагы эң бай кишилердин бири. Муну кандай түшүнсө болот?- ачууланымыш болду кыз. Чынында унаада келе жатып "ушинтип чыр чыгарып үйдү өзүмө каттатам" деп ойлогон. – Оо, чындап ачууңуз келген го, ээ? – Курбум мактанып отурат «үй белек кылды» деп. Мен ойлонуп кеттим. Көрсө, менде үй да, унаа да жок экен. – Токтоңуз. Бир ачууңузду мага бериңиз. Суу ичесизби? – Жок. – Отура туруңуз. Маселе ошол элеби?- Болуш телефон менен катчыга кайрылды: – Мага Тынчтыкты кирсин дечи. Аз өтпөй костюмчан 30дардагы жигит кирип келди. – Чакырдыңызбы? – Ооба. Жаңы бүткөн үйдөн мына бул сулуу кыздын наамына бир үйдү жазасың. Бегимай, паспортуңду бер,- кыздан паспортун алып Тынчтыкка сунду. – Жарайт. – Анан Гелендвагендин документтерин ал да, эртеңкиге Бегимайдын наамына каттатып кой. – Макул,- Тынчтык чыгып кетти. – Болор-болбос нерсе үчүн анчалык ачууланбай жүр, макулбу? Мен эмне сен жөнүндө ойлонбойт дейсиңби? Сени жакшы көрөрүмдү билесиң го,- Болуш жүзүнө кызыл жүгүрүп сүйүнүп кеткен Бегимайды маңдайынан өптү. – Рахмат!- мынчалык оңой болот деп күткөн эмес Бегимай. – Эми үйгө бара бер. Мен жумуштарымды бүтүп барам. Жаңы үйүңдү кечинде майлайбыз, келиштикпи? Ресторандан алдын ала бир столго буйрутма берип кой. – Сөзсүз. Рахмат сизге!- кыз Болушту бекем кучактап, ага ыраазы болуп жатты. Кийин тыпылдап сыртты көздөй жөнөдү. Бегимай чыгып кетери менен Болуш телефонун кайра алды. – Гелендвагенди ага баягыдай кылып каттай бер. Үйдү каттабайсың. – Түшүнүктүү, шеф.
Болуш экөө күңүрт тарткан бурчтан орун алышып, француз виносунан ууртап, жандуу музыкага ырахаттанып бир топко отурушту. – Сен жадакалса жаңы үйүңдүн дарегин сурап койгон жоксуң го? – Ал кайсы жерде чын эле? – Шаардын борбордук бөлүгүндө. 6-кабат. 120 чарчы метр. Бирок кийинки жылы толук бүтөт. Чемоданыңызды көтөрүп кирип барасыз. – Мен кубанычтамын. Сизге рахмат,- бирок кыз эми мүлк ага катталган соң аны Арсен өзүнө каттатып алат деп ичинен өзүнүн акылсыздыгына жинденип отурду.
– Кандайсың? Эшикти жаба кел. Отур. Иштериң кандай? – ... – Батир, унааны каттата алдыңбы өзүңө? – Кийинки жылы бүтө турган үйдөн бир үй бермей болду. – Хм. Демек, бербейт экен. – Берет. Гелендвагенди да өзүмө каттаттым. Кыз мактаныч менен унаанын техникалык паспортун сунду. Бирок кайра «эми бул өзүнө каттатууну талап кылат» деп чочуп кетти. Арсен аны саамга карап турду да: – Жасалма документ,- деди ишеничтүү. – Эмне? Мен жаңы номур менен жүрөм. – Тилекке каршы жасалма экен. Мага ишенип кой. Чынын айтсам, ал сага эч нерсе бербесин сезип жаткам. – Бул документтин жасалма экенин кайдан билдиң? – Сен бул документти өзүң барып каттоо кызматынан алдыңбы? – Жардамчылары даярдап беришти. – Билесиңби, Бегимай, сен мага ишенсең да, ишенбесең да болот. Бирок бул жасалма документ,- Арсен «четтен уурдалып келген далай унааны ушундай жасалма документтер менен сатканбыз» деп айткысы келди. Бирок аны айтуунун кажети жок болчу. – Бул тузак, Бегимай. Эгер сен бир жерден катачылык кетирип Болуштун көңүлүнө төп келбей калчу болсоң, алар сени унааны өзүнө мыйзамсыз каттап алган же жасалма документтер менен шугулданган аферист кылып көрсөтүп коюшат. Э-эх, Бегимай, карачы кандай акылсызбыз. Сага баарын бере турган адам сеникинде бир түн, аялыныкында бир түн түнөбөйт болчу. Муну билип, сезишиң керек эле. Сен жөн гана куурчак болгонсуң. Бегимай унаанын документин алаканында бырыштырып кармап, көзү алайып отуруп калды. Күмөн саноо аны жеп жатты. – Эми мындай, Бегимай. Бул диктофон 3 күн тынымсыз иштей алат. Болуштун иш бөлмөсүнө таштап келишиң керек. Эки күндөн кийин кайра алып келесиң, түшүндүңбү?- кызга бармактын жарымындай болгон диктофонду сунду. Кыз үнсүз баш ийди. Ал бир нерсени сурагысы келип жаткандай. – Айт,- Арсен сезген кишидей сурады. – Мунун аягы эмне менен бүтөт? – Аягыбы? Болуш мага чөгөлөп келет. – Ошол үчүн эле ушунун баарын жасаш керек беле? – Билесиңби, Бегимай, сенин көзүңдө мен азыр ушунчалык жаман адам көрүнүп жатам. Муну билип турам. Кээде туруп мен да ойлоном. «Койчу, арзыбаган адамдар үчүн мээмди оорутамбы?» дейм. Бирок менин көкүрөгүмдү оорутуп жаткан кек бар. Мен андан кутула албай койдум. Балким, акыры силерди мени кандай сыздатсаңар дал ошондой сыздатып алсам көксөөм сууйбу дейм. Анын үстүнө мени кумар азгырып алды. Ушунун баары жаман экенин билип туруп, кумарды жеңе албай койдум. Мени акча, даража, жогорку катмар азгырып жатат. Бир күн келет. Сен да, мен да жөнөкөй, карапайым адам болуп жүргөн күндөрүбүз эң бактылуу учур экенин сезебиз. Бирок анда артка кайтууга кеч болуп калган болот. Мына азыр эле кеч болуп калды. Эми биз мурункудай боло албайбыз. Баарынан кызыгы биз жогорку катмарга аралашабыз деп аракет кылып жатабыз. Мына сен адегенде акчага азгырылдың, сага теңелем деп мен келдим. Эми айтчы, экөөбүздө ыйык болгон эмне калды? Биз адамдарга ишенебизби? Жок. Биз бирөөнү эч нерсесине карабай сүйө алабызбы? Жок. Биз бардыгын эсептейбиз, электен өткөрөбүз. Күмөн саноо бизди дайым жеп турат. Хм, анан калса жогорку катмар дейбиз. Бири-бирине жырткычтай мамиле кылган, чыныгы достук, чыныгы сүйүү, адамдык ишенич, жылуу мамиле дегенден эч нерсе жок, сенин сапатың, деңгээлиң акчаңдын санына карап бааланган катмар ал жогорку катмар эмес! Кызыкчылыктын баарын акчага такагандарды сатып алса болот. Болгону баасын бычыш керек. Бирок ойлонуп көрсөң, эгер сени акчага сатып алып жатышса, анда бул сенин абдан арзан экениңден гана кабар берет да. Анан дагы «жогорку катмарбыз» дешет. Жо-ок, бактылуулук бул жакта эмес. Муну билип эле турам. Бирок эми артка жол жок. Мен баарын акырына чыгарышым керек. Эгер дүйнөдө чындап эле адилеттүүлүк бар болсо, мен көргөн азапты силер да көрүшүңөр керек. Меникиндей эле силердин жүрөгүңөр да оорушу керек...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Башка сандарда:
Комментарийлер(21)
aytkulova
![]()
10.10.2017. 09:02
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
15-01-2021 01:48
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай сонун ээ, куткон чыгармандын жаны санын окуш)
novayariga
![]()
10.10.2017. 09:08
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
246
Катталган:
30-11-2012
Соӊку аракети:
31-12-2020 11:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
aytkulova,Сен биринчиби бугун)
Cherik.777
![]()
10.10.2017. 09:17
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
05-11-2020 09:05
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыраак го бул саны....
omka100514
![]()
10.10.2017. 09:19
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
24-01-2021 23:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мынча аз. Эми дагын бир жума кутмой
Kaiyr1112
![]()
11.10.2017. 23:58
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
04-01-2018 18:29
Жынысы:
Белгисиз
0
omka100514,
Patriot312
![]()
10.10.2017. 09:24
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
29-03-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 09:49
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызык эле. "Бүгүн сенин таманыңдагы чөп эртең эле сенден дагы бийик болуп өсөт" - деп бекеринен айтылбаса керек.
originalkgz96
![]()
10.10.2017. 09:41
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
10-03-2016
Соӊку аракети:
02-06-2019 13:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
-1
Ммм
alisha00
![]()
10.10.2017. 10:11
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
19-01-2021 16:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жүрөгүмдө жашайм )
+5
Эээх сүйүү акчага сатылгандар чын эле арзан
Sumaya0692
![]()
10.10.2017. 10:14
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
18-05-2017
Соӊку аракети:
20-02-2019 14:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш Бегимайга боорум ооруп кетти
Nurbek.kyzy
![]()
10.10.2017. 14:44
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
30-09-2017
Соӊку аракети:
29-06-2018 00:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sumaya0692,койчу Бегимайды
aiba-889290
![]()
10.10.2017. 12:44
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
22-01-2017
Соӊку аракети:
11-10-2020 07:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфонун жаны саны чыкканда биринчи ушу чыгарманы окуйм.Кызыктуу,берилип образга кирип кетем жон элечи.
nurhan2702
![]()
10.10.2017. 13:15
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
26-11-2020 08:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат экен Арсен. Болуш ошончо бай болуп туруп эмнеге уйун, машинасын каттаткысы келбей атат
Nurbek.kyzy
![]()
10.10.2017. 14:46
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
30-09-2017
Соӊку аракети:
29-06-2018 00:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurhan2702, Ал дагы акылдууда
Han1
![]()
10.10.2017. 14:45
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
26-04-2017
Соӊку аракети:
29-04-2020 02:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсенди суйуп калдыым
Nurbek.kyzy
![]()
10.10.2017. 14:45
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
30-09-2017
Соӊку аракети:
29-06-2018 00:17
Жынысы:
Белгисиз
-1
Болуш менен Бегимайдын тубуно жетиш керек!! Анан акча деген Бегимайдын апасы туура эмес тарбия берген
dasta
![]()
10.10.2017. 17:19
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
16-09-2015
Соӊку аракети:
22-01-2021 19:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегимайга боор орутуштун вобше кереги жоок ал НААМАРТ кыз
Eliza.nurjanovna
![]()
10.10.2017. 20:24
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-01-2017
Соӊку аракети:
17-12-2018 23:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арсен Бегимайды сызга отургуза албайт гоооо деп озумчо ойлонуп жатам
aika2015
![]()
10.10.2017. 21:06
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
11-07-2020 11:11
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арсендин журогунун тээ тупкурундо Бегимайга болгон жылуу сезим бар дагы деле...(деп ойлоп койдум)
said9595
![]()
10.10.2017. 21:40
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
23-01-2021 17:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бегимай Бегимай кандай күндөргө калдың
barsbekhan
![]()
11.10.2017. 17:25
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
06-03-2011
Соӊку аракети:
28-10-2020 00:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
biwkek
0
Aferim lan Arsen
Sanjar96kgz
![]()
14.10.2017. 22:10
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
20-11-2017 01:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Окубай эле буткондо биротоло баарын чоогу окуш керек болуп калды. Антпесе жинди болуп кетчудойсун,айрыкча мага окшоп берилип,образга кирип окугандар.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|