«Жылдын супер дуэти» (Добуш берүү токтотулган)
Жалпы добуш (1284)
Архив
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)№777 22-28-сентябрь, 2017-ж. (Башталышы өткөн сандарда) – Коркпоңуз, оорубайт деле, тез эле бүтөт,- деди медайым куттуктагансып жылмайып. «Жараткан, жардам бер» деп жатты Жамиля. Купкуу өңүндө коркуу да, санааркоо да бар эле. «Экинчи эне болбой калсамчы?» деген үрөй учурган жан далбас. «Мейли, баарына баш байладым» деген көшөргөн ой. Бул учурда Эсма ханымдын жаны да төрт бөлүнүп жатты. Бала Керемдики экенин айттырбай эле түшүнгөн. «Бул тукум үзүлүшү мүмкүн жана буга мен күнөөлүү болом. Ахмеддин баласы эмес, Керемдики болсо деле ал менин каным! Бирок мен анын өмүрүн жок кылганга бел байладым. Анткени ал үй кызматчынын баласы. Бул өтө маанилүүбү? Балким, Керем айткандай, ал бала биздин келечегибиз болор». Оюн топтой албай жатты. Ал азыр токтотуп койгонго күчү жетет эле. Мүнөттөр калды. Эки ойдун жетегинде турат дагы деле термелип. Ушул учурда Керем тез-тез арыштап келе жатканын көрдү (ага Эге аттуу жардамчысы Жамиляны энеси ооруканага алып жөнөгөнүн айтып, ал жетип келген экен). Ичинен «Аллага шүгүр» деп жиберди. – Кана ал? Кана Жамиля?- деп жиберди Керемдин көзү чакчайып. – Ичинде. Керем жулунуп, алдын тоскондорго бой бербей кирип барды. – Токтоткула! Жолобогула эч кимиң! Керебетте жаткан Жамиляны жаш баладай көтөрүп чыгып кетти. Ошол боюнча Керем энесине такыр сүйлөбөй койгон. 1 ай өткөндөн кийин аргасыз энеси өзү келди. – Мен макулмун. Ахмеддин үйлөнүү күнүн белгилейли,- деди ал акырын. – Менин оюмча, сен туура чечимге келдиң, эне,- деди Керем бир ооз. Ошентип Жамилянын тагдыры чечилди. Мына аз күндүн ичинде никеге турат. Керем максатына жетти. Алдап-соолап, коркутуп отуруп акыры көндүрдү. – Бала төрөлгөнгө чейин гана никеде жашап турасың. Андан кийин колу-жолуң бош, ата-энеңе, сиңдиңе канча кааласаң акча жөнөт. Бала тууралуу эч нерсе айтпай эле "түрк күйөөгө тийгени жатам" де. Анын бай экенин айт. А мен сенин ата-энеңе, үй-бүлөңө өмүр бою жете тургандай акча жөнөтүп турам. Сен акылдуу кызсың. Туйлап, асман айдан түйүлүп жаткан кыз акыры макулдугун берди. Аргасыз Ахмедге турмушка чыкты. 2-3 мүнөттө эле Жамиля Тунжа деген фамилияга ээ болду. Ак көйнөк кийгенден да, макияждан да баш тарткан эле. Жөнөкөй саркеч тигилген көйнөк узун боюна куп жарашып турду. Кимдир бирөө таң калып карады, бирөө аяп карады, бирөө «акылдуу неме экен, алыска барат» деп суктанып карады. Керем гана аны караганга даай алган жок. Күнөөсүнүн күчү ушунчалык оор эле, баш көтөрүп тиктей албады. Ахмед эмне болуп жатканын деле түшүнгөн жок. Бир билгени Жамиля аныкы. Эми аны менен каалашынча ойносо да болот, бөлмөсүнө кирсе да болот. Ошол нерсеге гана акылы жетип, андан башканы аңдай албай оозу кулагына чейин жетип күлүп турду.
Бул ызы-чуунун ичинде Мурат байкушка гана убал болду. Бир гана жолу Жамиля менен сүйлөштү. – Кызым...- башканы айта албай ыйлап калды. – Ата, ыйлаба. Менде баары жакшы. Ушундай кылганым туура болду,- деди Жамиля супсак гана. Үнүндө кубаныч деле сезилген жок. Кайдыгер, туюк сүйлөдү. Атанын ого бетер жүрөгү эзилип калды. Колунан келе турган нерсеси жок эле. Ошентип кунарсыз күндөр өтүп жатты. Бир күнү ичиндеги булк эткен кыймылды туйду. Элейип ичи менен колун баса калды да, эки жагын карап алды. Бул наристенин биринчи жолу өзү тууралуу кабар бергени эле. Акыл-эсин жыйгыча наристе дагы бир жолу булкуп алгандай болду. Жамилянын ушул күндөн баштап өзүнөн-өзү ичиндеги балага сезими пайда боло баштады. Сүйлөшөргө адам жок, кээде аны менен сүйлөшүп калчу. Күндөн-күнгө балага мээрими түшүп баштады. Керемдин деле көздөгөнү ошол болчу. Балага көнүп калып, оңой менен таштап кете албасын алдын ала билген. Дайымкысындай эле Керемдин эсеби туура болуп баштады. Баланын жынысын али билише элек болчу. Жамиля таптакыр эркек болуусун каалабай жатты. Алтынчы туюм менен мураскерди жарык дүйнөгө алып келбесе, Керемден оңой кутулчудай сезими бар. Бакчага чыгып, ичин сылап баласы менен сүйлөшө кетти. – Сенин энең кызык. Бүгүн анын туулган күнү. Эч ким билбейт. Бул күнү Алибек мага жерден чукуса да акча таап белек берчү. Кыздардын баары көз артчу. Мен болсо ичимден кубанып отура берчүмүн. Билесиңби, мен сени жакшы көрбөйм деп ойлочумун. Бирок азыр сенден башка кармана турган эч кимим жок экенин билип жатам. Сен зордук-зомбулук менен кирдиң жашоомо, бирок сени сүйбөй койгонго мүмкүнбү? Айтчы, эне баласын сүйбөй койгонго болобу? Менимче, болбойт, бирок менин апам... Жамиля унчукпай калды. Баласына жүрөгүн ачыткан таарынычын айтпай эле койгусу келди. Керем дайыма аны аңдып турат. Эми да алыстан көз чаптырып, ичин сылап жылмайып бир нерселерди айтып жатканын көрүп өзүнчө кубанып алды. Ичи бышып кетти. Ал дагы болочок баласын сылап, ага бир нерселерди айткысы келди. Бул каалоо ушунчалык күчтүү болчу, баарын унутуп Жамиля жакка кадам таштады. – Сен кайда?- деген желкесиндеги аялынын үнү тык токтотту. – Бакчага. – Бүгүн мен Ахмед менен Жамиляны үйгө чакырып коноктогум келди. Сен кандай дейсиң? Сынап жатат. Керем далысы менен аялынын шектүү көз карашын сезип турду. – Макул, эмнеге болбосун? Мен кубанып кабыл алам. Кандай болгондо да Ахмед менин бир тууган иним,- деди ал артына кылчайып карап эч нерсе болбогондой жаркылдап... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Башка сандарда:
|
||||||||||||||
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|
турмушун бузуп эми кайда барат