Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Рулдагы жылдыз Назира Бердигулова, телеалпаруучу: «ЖОЛДОШУМ САГА БМВ Х5 ЖАРАШАТ ДЕЙТ»

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.


Үлгүсү – Хаммер Н3
Эң жогорку ылдамдыгы – 180 км/саат
Кыймылдаткычтын көлөмү – 3,5
Түсү – боз
Чыккан жылы – 2006-жыл
Баасы – 18 000 доллар

– Кандайсың, Назира? Экөөбүз унаа, МАИ кызматкерлери, жол азабы тууралуу маек куруу үчүн бара жатып, адегенде эле МАИ кызматкерлерине кармалдык. Мындай кырдаалдан чыгуунун көп жолдорун билип калсаң керек?

– Жакшы, рахмат. Негизи жол эрежесин сактап жүргөн айдоочумун. Себеби өзүмдөгү жоопкерчиликти сезем, кээде жолдон адамдар күтүүсүз жерден чуркап чыга калышат. Андайда сүзүп кетсең жаман, адамдын өмүрүн кайтара албайсың. Унаа деген темир да, оңдотуп койсоң болот.
Көбүнчө кош бойлуу кезимде курду такпай кармалып жаттым. Себеби ичимди кысып калчу. МАИ кызматкерлерине кармалганда эч качан тааныштарыма чалып, ызы-чуу чыгарбайм. Өзүмдүн көйгөйүмдү өзүм чечишим керек деп ойлойм. Бир жолу да ушинтип кармалып калдым, мени болбой эле унаамдан түшүрүп бир топ жерге чейин жөө бастырып айламды кетиришти. Бир маалда дагы бир жигитти токтотушту эле ал дароо телефонун алып тааныштарына чала баштады. Жиним келип «ай, жигит, мен кыз башым менен эч кимге чалбай эле ушул жерде унчукпай турам го. Сен эркек эмессиңби, шым кийип турасың, уялбайсыңбы?!» десем, МАИ кызматкерлери мени карап туруп «Назира Орозбековна, кете бериңиз, жолуңуз болсун» деп коё беришкен.

– Байкашымча, тажрыйбалуу айдоочу болуп калыптырсың, алгачкы жолу рулга отурганда унааны өзүңө мынчалык ишенип айдабасаң керек?

– Биринчи жолу мындан 14 жыл мурун атамдын механика машинасын айдагам. Жолдо бара жатып эле «ата, мен айдап көрөйүнчү» десем, «кел, рулга отур» деп калды. Ары айдадым, бери айдадым, акырында атамдын жини келип урушуп баштады эле, «кой, ата, сен мага унаа айдаганды үйрөтө албайт окшойсуң» деп токтотуп койгом.

– Алгачкы унааң тууралуу эстей кетчи, балким, аны белекке алган чыгарсың же өзүң сатып алдың беле?

– Эмнеге эле бардыгы белек деп ойлой беришет түшүнбөйм. Мындай кептер тамаша же ушак болушу мүмкүн. Бирок өзүңдүн эмгегиң менен алган нерсе барктуу болот эмеспи. Алгачкы унаамды ата-энем, бир туугандарым «эл көзүндө жүрөсүң, таксиден таксиге отуруп, маршруттук таксиде жүрүп, убагында жумушка бара албай калат окшойсуң» деп 7 жыл мурун чакан унаа алып беришкен. Башында аябай унаамды жууп-тазалап, атыр сээп карачу элем. Кийин эле автоунаанын кызыгы тарап «үйгө аман-эсен жетсем, бузулбаса экен» деп тазалыгына деле анча карабай калдым.

– Буга чейин «машина мен үчүн болгону аксессуар» дегениң бар эле...

– Ооба, мен аксессуар катары эле колдоном. Бир жерден экинчи жерге жетиш үчүн гана. Бирөө жарым сураса деле берип турам, кээ бирлер эч кимге карматышпайт го.

– Учурда 3 унааң бар экен, машина сен үчүн аксессуар болсо, демек, аларды көйнөктөрүңдүн түсүнө ылайыктап алып койгонсуң го?

– Жок, андай деле эмес. Болгону, кайнилерим унаа сатуу менен алектенишет, кайнилеримдин машиналары. Бул биз үчүн киреше табуунун бир булагы, ошону менен кем-карчыбызды толуктайбыз. Анан бир машинамды алып, ордуна башканы коюп коюшат, автосалон сымал да. Азырынча менин аксессуарларымдын ичинен бардык кийимдериме төп келген ушул айдап жүргөн Хаммер болуп жатат.

– Бул канчанчы унааң?

– Канча унаа алмаштырганымдын эсебинен жаңылып калдым го, билбейм.

– Жолдошуң менен бир жакка аттансаңар рулда ким отурат?

– Негизи мен эркекти жанына отургузуп алып машина айдаган айымдарды жактыра бербейм. Себеби бардык жакта үй-бүлөдө дагы мырза рулда болушу керек. Мен дайыма экөөбүз бир жакка бара жатканда «сен эле айдап алчы» деп суранам.

– «Назира теледе иштеп мындай машинага акча топтой алмак эмес. Жолдошу белек кылды» деген кептерди өзүң деле угуп жатасың да.

– Эмне десем, күлкүм келет. Жеке жашоом тууралуу айткым келчү эмес, сурап калыптырсыздар айтып кетейин. Туура, биздин жумуш менен көп киреше табуу мүмкүн эмес. Мен мактанчаак адамдардан эмесмин. Бардыгына жар салып «мындай кошумча кирешем бар, тигиндей ишканабыз бар» деп айта бербейм. Булар адамдын жеке өзүнө тиешелүү нерселер. Бул унаа мага 18 миң долларга келди. Аябай көп май жумшайт. Эмнегедир ушул машинага көңүлүм түшүп, жолдошумдун жардамы менен алдым.


– Көп ичсе, күнүнө майга канча акча коротосуң?

– Мен жумасына 3-4 жолу жумуштарым менен көчөгө чыгам. Андыктан күнүнө 1000 сомго куйсам жетет.

– Мындай көлөмдүү унааны айдап бара жаткан, сендей сулуу айымдарды жолдо мырзалар көңүл кош карап өткөрүшпөсө керек...

– Сен айтмакчы, унаам көлөмдүү да, алар мени көрүшсө, мен аларды көрө албайм. Көбүнчөсү «машинаңыздын терезесин ачып коёсузбу, сүрөткө тартып алалы» деп жан талашкан учурлар болот. Көңүлүм болсо «тарта бер» деп коём. Балким, мага айтпай деле тартып алган учурлар болоттур.

– Жолдошуң «сенин мүнөзүңө бул унаа жарашпайт» дейт экен...

– 3-4 күн мурун жолдошума гезитке ушундай унаам менен чыкканы жатам десем, «мейли, бирок сага ал машина жарашпайт го» деп калды. «Кандайча жарашпайт?» десем, «Сен өзүң назиксиң, сулуусуң, мүнөзүңө жарашпай калат. Андан көрө BMW X5ти же башка эле жөнөкөй унаа айдап алчы» деп жатпайбы. Анан кайним «аба, жеңемдин өзүнүн унаасы го, өзү айдап тартыла берсин» деп калды.

– Ырчылар МАИ кызматкерлерине кармалса, «тоюңузда ырдап берейин» деп кутулабыз дешет», сен «тоюңузду алпарып берейин» дейсиңби?

– Жок, атын атабай эле коёюн, белгилүү инсандар менден той-топурларды алпарып беришимди көп эле суранышат. Бирок алпаргандан тартынам. Анын үстүнө үй-бүлөлүүмүн, жолдошумдун «эртең менен жумушуңа бар, кечинде убагында кел» деген талабы бар. МАИ кызматкерлери «Назира, бул эмне кылганың, күлүп жүр, ээ» деп узатып коюшат. Тойлорду башкарууга менде тажрыйба жетишсиз, дагы өсүшүм керек.

– Маектешип жатып улам уулуңа чалып кабар алып жатканыңды байкадым. Аны мындай учурларда кимге таштап келесиң?

– Мамам (ред.: кайненеси) карайт. Ал киши өзүнүн 4 баласын чоңойтту, биздин балдарыбызды дагы жакшы карайт. Мамам айылга кетсе, «качан келет?» деп жолду карап эле отуруп калам.

– Анда сени көп кармабайын, уулуңа батыраак бар.

– Рахмат.


Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg



Назира Бердигулова: "Жолдошум Хаммерге караганда сага BMW X5 көбүрөөк жарашат дейт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(93)
Super TV
05.09.2017. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
31-12-2011
Соӊку аракети:
14-11-2019 15:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Ушунча эмне калп мактанасын
05.09.2017. 12:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
31-03-2020 03:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
Назиранын эмгек синиргени илгеритен эле бар деген чынбы?
05.09.2017. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
31-03-2020 03:06
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буга чейин да Берген интервью сунда аягына чейин коро албай койгом чыдабай. Уят болбой чыкпай эле койсо болмок.
05.09.2017. 12:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
503
Катталган:
10-08-2012
Соӊку аракети:
06-01-2019 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ушул рубрикаңарды үзбөй берип турсаңар жакшы болмок ар бир саны сайын дегеним.жаштардын баары эле айдайт да бирок,чоңурак эжелердин айдаганы кызык мага ошолорду көбүрөөк тарткылачы.
05.09.2017. 16:02 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7596
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
04-04-2020 16:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
sabyr86, fanatka19,
Саламатсыздарбы! Сунуштар тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат!
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-05 16:02:25
05.09.2017. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
29-03-2014
Соӊку аракети:
03-04-2020 13:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай машина биздин атка минерлердин балдарында бар. Бирден эмес экиден бар.
05.09.2017. 13:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
398
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул машина сага жарашпайт жонокой машина жарашат,деп куйоосу какшыктаган го чамасы. Кыш кыштай,кыздын кыздай эле болгону жакшы дегендей катын катындай эле болбойбу. Кийим кийерден мурда ойлонушса ушу мага жарашабы мен курактууларга болобу?деп. Куйоосу каякты айды карап журобу жанындагы катынын козомолдобой. Бул кебетенди атам корсо эмне дейт деп жок дегенде озу туз айтып аялына алы жетпеседа атасын шылтоолоп айтса болмок экен курган куйоосу. Атин арман эркектер алсыз кайрат намысдеген жокболууда
05.09.2017. 13:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
04-12-2017 19:11
Жынысы:
Белгисиз
+14
Назира бироонун уй булоосун бузуп тийгенин элдин баары эле билет экен да?! Каргыштан коркпой, балдарды чыркыраткан адамга мактаныптыр деп тан каласынар да? Мактанып эле тим болсо кана....
05.09.2017. 13:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
24-10-2015
Соӊку аракети:
17-12-2017 16:45
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушунча да мактанчаак адам болобу? Тим эле сулуумун дегенине олосун го
05.09.2017. 13:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
24-10-2015
Соӊку аракети:
17-12-2017 16:45
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кинодогу ролдорду аябай жакшы аткарат бирок мактанчаактыгын коруп такыр жактырбай калдым аман эле болсунчу
Super TV
05.09.2017. 13:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
30-09-2013
Соӊку аракети:
31-03-2020 20:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
HOME. LOVE. FAMILY.
-14
Үнү жагымдуу, так-так сүйлөгөн айым экен.
Super TV
05.09.2017. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
03-04-2020 21:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-7
Негизи мага сырткы келбети анча жага бербейт, куйорманы деле эмесмин. Бирок кантип жашашты билген аракетчил айым катары бааладым. Молодец.
05.09.2017. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
27-04-2017
Соӊку аракети:
21-12-2019 15:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-13
мага жагат бул эже сулуу озунчоле татынашка.озунун башындагы тоону корбой бироонун башындагы чопту корот болдунарго.ар бир адам мактанат мактануу сапаты ар бирибизде бар.кантип эле машине алсак айтпай койобуз.бироонун уй булоосун бусуп журуп тийген дейсинер аранарда деле бардыр бироонун семьясын бузайын дегенинер.эмнеси болсода бактылуу болунуз эже...
05.09.2017. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
30-05-2008
Соӊку аракети:
04-04-2020 16:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+9
Бир да он пикирдеги комментарий жок го
05.09.2017. 14:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
16-12-2015
Соӊку аракети:
22-12-2018 13:09
Жынысы:
Белгисиз
-11
Баары сопсонун озунун эле Анча мынча достору коралбай ушу жаман коментарийлерди жазат .Жазган адамдар оздору Ошо ийгиликтерге жеталбай бироонун турмушуна ичи куйот.
05.09.2017. 14:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
04-04-2020 15:58
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жан талашып суротко тартышат дептир го.мактанчаак экен
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-05 15:13:01
Super TV
05.09.2017. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
01-04-2020 15:49
Жынысы:
Белгисиз
+8
Адашпасам акыркы интервьюсунда "жолдошум намаз окуйт, дин жолундагы" адам деген эле.
Дин жолундагы адамдын аялы ушундай журобу?..
Тообо! Бул айымга опщим соз жок экенда))
Ар интервьюсунда жетишинче мактанып..
Super TV
05.09.2017. 15:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
14-12-2013
Соӊку аракети:
13-05-2019 16:38
Жынысы:
Белгисиз
+14
Jetbei jurup jetken, korboi jurup korgon adam go bul ozu, chala aktrisa, chala jurnalist, kichine suluu bolso kuuratmak eken,ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-05 15:49:15
05.09.2017. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
06-09-2016
Соӊку аракети:
30-12-2019 16:51
Жынысы:
Белгисиз
+10
ГАИ кызматкери жакшы бар Назира Бердигулова деген дейтко, мунун аты жонун деги ким тааныйт экен
Super TV
05.09.2017. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
04-09-2013
Соӊку аракети:
04-04-2020 15:31
Жынысы:
Белгисиз
+16
Оо АЛЛАХ кайда барсам эми)))))))
05.09.2017. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
30-03-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 20:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+16
Админ, саламатсызбы? Макияжы жок чыгарып койгулачы, сулуумун эле Дейт королу
05.09.2017. 15:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
04-04-2020 14:23
Жынысы:
Белгисиз
-20
Азамат, заман талабы менен жашаган ийгиликтуу айым!!!
Super TV
05.09.2017. 15:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 02:15
Жынысы:
Белгисиз
+7
Соз жок , айла жок .
05.09.2017. 15:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
02-04-2020 19:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыялдарда
+15
Элге окшоп мактанбайм дейт да оло мактанып салыптыр го.Канча машина айдананым эсимде жок деп.Бесит ушул кыз.Бироонун уйбулоосун бузупле журот
05.09.2017. 16:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
13-11-2010
Соӊку аракети:
12-12-2018 08:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+20
Кайнисинин сатыктагы машинасын айдап чыккан тура, мактанчаак неме.
Super TV
05.09.2017. 16:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
02-04-2020 20:04
Жынысы:
Белгисиз
-14
бар экен мининиз жок болсо эшек минсениз да жарашмак сулуусуз го
05.09.2017. 17:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
20-11-2007
Соӊку аракети:
04-04-2020 12:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
г. Бишкек
+31
Мактануу жагынан Анжелика экоо алдыга эч кимди салышпайт го
05.09.2017. 17:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
14-08-2017
Соӊку аракети:
02-12-2017 23:36
Жынысы:
Белгисиз
+16
Назира отту мактана берип мен назиранын жердеши болом синдизи жанарада ошондой. ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-05 18:26:12
08.09.2017. 20:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
04-11-2016
Соӊку аракети:
11-06-2018 21:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
zamirbekorozalimovkg,Курманжан датка мендей сулуу болбогон учун анын ролуна Элина Абай кызы тартылган деп мактанганын уктун беле. ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-09 12:09:14
12.09.2017. 03:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
05-11-2019 22:14
Жынысы:
Белгисиз
0
isabek1977,ooba oshentip aitkan.je suluulugu je aktrisalyk cheberchiligi bolsochu. dagy Zamanada alyp barychuu bolup jurdu go ,ech jakpait ushu eje.
05.09.2017. 17:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
30-04-2018 07:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+59
Уйдо самолёт, поезд, метролорум бар деп койбопсуз эже.
06.09.2017. 12:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
29-03-2020 22:25
Жынысы:
Белгисиз
+8
Leilek-razzakov, Жардын :-)))
10.09.2017. 04:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
05-01-2014
Соӊку аракети:
17-08-2018 10:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Leilek-razzakov,))))),эми айтат болуш керек аны.Эл-журт кой дегилечи ыя бироо жарым??!
05.09.2017. 18:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2546
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
04-04-2020 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мурда Лексус RX300 жарашчу беле?
05.09.2017. 19:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
04-04-2020 16:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+8
мактанчак эмесмин дейтко
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: