«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Анжелика Бекболиева: «АЙЧҮРӨК ЭЖЕ "СЕНИ АЖЫРАШТЫРЫП ТЫНАМ" ДЕГЕН»

№761 2-8-июнь, 2017-ж.


Сахнадагы устат менен шакирттин чырдашканына бир нече жуманын жүзү болду. Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын пикир келишпестиктери эл талкуусуна алынып, super.kg порталына алгач шакирти келип түз эфирде колдонуучулардын суроосуна ачык-айкын жоопторду берген болсо, бул жолу ал кадамга Айчүрөк Иманалиева дагы барды. Анжелика өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына устатынын айткан кептерине төмөндөгүчө жообун кайтарды.

– Айчүрөк Асылбековна бүгүн эле мага каршы сөздөрдү айтып жаткан жок, мен турмушка чыккандан тартып 10 жыл аралыгында көптөгөн түрдүү кылыктарын көрсөтүп келди. Мен анын бардыгына чыдап, көз жумуп, теңелбей келдим. Маданий чөйрөгө алып келген устатыма каяша кылып, айтышкым келген эмес. Бул жолу жалган ушактарынын ар бирине токтолуп жооп берейин:
Сиз жазган кайрылууңузда "мен сени жазган китебиме киргиздим эле, сен өзүңдүн китебиңе мени жазбай койдуң" деп таарыныпсыз. Менин китепчемде чыгармачылык жолум баяндалган эмес. Келечекте ал тууралуу китеп жазсам, сизди сөзсүз жазып, салымыңыз тууралуу эскерем.
«Махабат көлү» деген ырымды уруксатсыз ырдады" деп чырдын башы башталды эле. Аталган чыгарма маркум Марат Алыбаевге таандык. Бул ырды сизден кийин деле 7-8 ырчы аткарган. Эмнеге алар менен талашкан жоксуз? Эми сиздин урушка себеп издеп, ырды шылтоо кылганыңыз белгилүү.
Үйүмдөн сага жай берип, балдарымдай кам көрдүм" дедиңиз. Аны жокко чыгарган жокмун, азыр дагы ыраазычылык айтам. Менин ийгиликке жеткеним сиздин эмгегиңиз экенин эл дагы билет, сиз аны сыймыктануу менен кабыл алыштын ордуна, кайра мага карата ушак таратып жатканыңызды кандай түшүнсөк болот? Менден башка дагы чыгармачылыкка алып келген шакирттериңиздин кимиси менен азыр сый мамилени сактап калдыңыз, алар кайда? Эмнеге алар дагы сизден алыстап кетишти же баарыбыз эле жаманбызбы?
«Адыл Бакиев баш болгон чоңдор менен Швейцарияга кеткенсиң» деп айтканыңызга да жооп берип коёюн. Сиз жакшы билесиз, мамлекеттик иш-чараларга ырчылар, маданият өкүлдөрү катышып барып келген учурлар көп болот. Мамлекеттик деңгээлде уюшулган иштерге ал жерде ким болот, биз аны тандабайбыз. Ырчылар ыр болгон, жакшылык болгон жерде ырдайбыз. Ошол иш сапарга "Камбаркан" ансамбли, Жеңиш Ысманов, Заира Раимбердиева, Дилшат Кангелдиева жана мен чакырылганбыз. Сиздин оюңузда кыргыз маданиятын чет элге таанытып келгендин баары эле "туура эмес жол" менен барып келген болуп саналабы? Же сизде бул жаатта тажрыйба барбы?

«КЫЛГАН ЖАКШЫЛЫГЫМДЫ СИЗЧИЛЕП САНАБАЙМ»

- Цирктеги долбоордон утуп чыкканымда дагы ар кайсы маалыматтарды таратып, "Анжелика биринчиликти сатып алды" деп ушак жүргүзгөн. Кызыгы, долбоордун катышуучулары же уюштуруучулары эмес, Айчүрөк эженин кеп таратканы мага түшүнүктүү эле болгон. Азыр аны катышуучулар дагы тастыктап беришет. Сиз мындай аракеттериңиз менен шакирт же кызматташууга келген жаштарга бакыт каалап, уядан учурбай, көз каранды кылып, өмүр бою байлап алгыңыз келет экен. Мен коркуп же башка үчүн эмес, устат менен шакирт катары айтышып элге уят болбойлу дедим. Сиздин ыраазычылыгыңызды алайын деп көп жардам бердим. 2013-жылы сиз жеке концерт берем деп, анын чыгымына мен акча бердим. Максатым – ошол концертте сахнада сизден бата алып, ары-бери тартышып жүргөн кептерге чекит коюу болчу. Мен Америкага кетип жатып, "мен жок деле өткөрө бериңиз" деп айттым. Бирок акчаны алып ал концертти да өткөрбөй, башка шылтоолорду айтып кеттиңиз. Андан башка канча кылган жакшылыктарымды, урмат-сыйымды сизчилеп санап бербей эле коёюн.
"Мен сени баары бир ажыраштырып тынам, аргаң жок бутума чөгөлөп келесиң. "Турмушка эрте чыгып, катачылык кылдым" деп келгенге аргасыз кылам" деп айтканыңызды эч качан унутпайм... Ошондой маалда жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы ак ишеним максатыңыздын ишке ашуусуна жол берген жок...

«КЫТАЙДА МЕНИ ОРУНСУЗ ЖОРУККА ТҮРТКҮҢӨР КЕЛГЕН»

- Кытайдагы жоругуңду айтам" деп жатасыз. Аны айттырбай эле мен өзүм айтып берейин. ТИМ аркылуу кытайлык кыргыздарга концерт берүү уюштурулуп, Айчүрөк эже "барып келели" деп калды. Чынында, баргым келген жок, ансыз дагы мамилебиз начарлап кеткен маал эле. Дагы таарынтып албайын деп макул болуп, Турусбек Жумалиев, Айчүрөк Иманалиева болуп алгач Кытайда кыргыздар жашаган Кара-Суу деген шаарчага, андан соң Үрүмчүгө бардык. Ал жерде ТИМ кызматкери Айбек деген жигит тосуп алып, иш-чараларды ал уюштуруп берди. Биринчи күнү Айчүрөк эже экөөбүз бир бөлмөгө жаттык. Эртеси "мен жүдөп кеттим, башка бөлмөгө чыгам" деп которулуп кетти. Ар кимибиз өзүнчө уктадык. Кийинки күнү ТИМдин кызматкери Айбек деген мырзаны чакырып, "шаар көрсөтүп кел" деп өтүнүштү. Ал келгенде жөнү жок тамашаларды айтып Турусбек байке экөө "эми, эки көгүчкөн, ушундай шартты пайдаланып калгыла. Мындай мүмкүнчүлүк башка болбойт" деп күлүштү. Чыгармачыл адамдар ортосунда мындай тамашалар көп айтылат, бирок Айбек байке алардын орунсуз тамашаларын угуп өзүн аябай кызыктай абалда сезип калды. Кытайдагы орунсуз жоругуңар менен мени жаман жолго түрткүңөр келген. Кийин Бишкекке келгенде дагы айтыша кеттик. Ошондо ушул окуяны башкача баяндап күйөөмө айттыңыз. Мен Айбек деген байкени таап, күйөөм менен жолугуштурдум. Орозо маалы эле, ооз ачарда жолуктук. Ал: "Тигил эженин сөздөрүнө аябай таң калдым. Ага болгон сый-урматым да кетти. Менин дагы сеникиндей болгон үй-бүлөм бар. Мен сага кеңеш берейин, Анжеликаны Айчүрөк эжеге кошпой эле кой. Колдон келсе, алыс жакка чогуу жибербе. Арам оюн ишке ашыруу үчүн ал бардык нерсеге даяр экенине ынандым. Анжеликаны көз каранды кылып алыш үчүн көп нерсеге барат",- деп айтты. Бүгүн ал байке бул ушактарды окуп калса, өз оюн дагы айтат чыгар.
Менден таланттуу шакирт өстүрүп, чыныгы устат экениңизди далилдеп алышыңызга тилектешмин!

«МЕНИ КОЛДОНО АЛБАЙ КАЛГАНЫНА АЧУУСУН ЧЫГАРЫП ЖАТКАНЫ БИЛИНДИ»

Super.kg порталына Айчүрөк Иманалиева түз эфирге келип колдонуучулардын суроолоруна жооп берүүсүнөн кийин Анжелика айым төмөндөгүдөй кеби менен бул чырга чекит коёрун маалымдады.
-Айчүрөк эже ушактарына кошумчалап кайталап бериптир. Кудай алдында акмын, жакындарым дагы актыгыма ишенет жана билишет. Эгер ал ушактын арты менен унутулуп бара жаткан өзүн таанытып, пиар кылгысы келсе, өз алдынча уланта берсин. Мен теңелбейин деп чечтим. Орозодо ушунчалыкка барыштын кереги жок болчу. Менин эжеге болгон сый-урматым бийик болчу, анын баарынан ажырап жатат. Ал ырга эмес, бир кезде максаттарына жетпей, мени колдоно албай калганына өкүнүп, ачуусун чыгарып жатканы билинип калды. Айтчу сөздү айттым, анын ушактарына далилдүү жооп бердим.
Эжеге ийгилик каалайм, аны мындан ары жалган ушактарды таратып, өзүнүн кадыр-баркын төкпөөгө чакырам.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(135)
05.06.2017. 09:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-02-2014
Соӊку аракети:
05-06-2017 10:03
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бул аялда жаштыгына карабай абиир калбады(
Бишкек, дегеле Кыргызстан алакандай өлкө көбү буга чейин эле билчу мунун былыктарын...
Күйөсу таптакыр эле ХХХ экен...
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-05 09:52:51
05.06.2017. 10:03 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1630
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 10:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
OSHO, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
05.06.2017. 09:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
20-11-2019 20:59
Жынысы:
Белгисиз
+6
эн туура акылдуу жан экен бул айым
05.06.2017. 09:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
08-02-2016
Соӊку аракети:
05-08-2017 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+10
Анжелика чындыкты чыркырап айтып жатат, а Айчурок анын ийгилигин бактысын коро албай ар нерсе болуп жатат, Анжелика мындан да далай тоону багындырып, дагы балалуу болуп кыздуу болуп бизнесин онугуп бактылуу жаша, ушуга окшогон сасык создордун айынан жолдошун экоон ынтымагын эч качан жоголбосун. Айчурок эже сиз андан коро балдарды тарбиялап уйдо отурун, ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-05 09:51:12
05.06.2017. 10:03 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1630
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 10:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Nazikbaigazy, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
05.06.2017. 09:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
980
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
13-06-2019 14:12
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мынтип атса бул чыр али бутпойт го...Бул интервьюлар коп"кычышкан жерлерди"тырмап койдубу дейм да...
05.06.2017. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
09-11-2016
Соӊку аракети:
22-11-2019 17:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айчурок анык максатын билинди,эрдин баары эле Таалайга ХХХ ХХХ....жон отурчу эми Айчурок уят чонеле аялсын,жаш кызга асылбай.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-05 10:04:41
05.06.2017. 10:04 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1630
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 10:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
Ramina-malina, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
05.06.2017. 09:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
17-04-2017
Соӊку аракети:
22-06-2017 17:17
Жынысы:
Белгисиз
0
ушак дешсе эле тобо чачым тик туратда
05.06.2017. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
26-02-2018 09:42
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайм жашсын али алдыда коп нерселер болот куда кааласа артка жол жок алдыга азаматсын ит уро берет кербен журо берет куйоосу тушунот деп ойлойм бул ушактарга баарынарга аллахым сабыр инсап берсин
05.06.2017. 09:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
29-11-2012
Соӊку аракети:
22-11-2019 11:13
Жынысы:
Белгисиз
+12
Анжелика чынында кыйын аял экен, эч бир жаман жагын коомчулука корсотпой жаап жашырып келет. Эл адамы ушундай болуш керек. Улгулуу болуш керек. Таланты жок болсода аракети кучтуу. Куйоосуно татыктуу жубай мээримдуу эне.
05.06.2017. 10:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
244
Катталган:
28-12-2013
Соӊку аракети:
22-11-2019 18:30
Жынысы:
Белгисиз
+10
Урматтуу супер инфо Айчурок эже менен Анжеликаны эки жерге отургузуп алып эки турдуу суйлотпой,бир эле чакырып экоону беттештирип сурабайсынарбы?! Видеосун корот элек. Ошондо билинет да ким чын ким жалган айтып жатканын. Мен козунон,суйлоп жаткан созунон билем го чиркиндики...
05.06.2017. 10:06 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1630
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 10:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
AykaMer, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
05.06.2017. 15:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
406
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
22-11-2019 16:46
Жынысы:
Белгисиз
0
AykaMer,туура айтасын жанагы куну экоону туз эфирге чакырганда айчурок келбй койгонго качып
05.06.2017. 10:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
21-03-2018 15:37
Жынысы:
Белгисиз
+7
Экоондо тен бар.Экоон тен аппак эмессин.Экоон тен бири-бирине кооп нерселерди откоргонсунор.Андыктан ушул боюнча жабылып кала берсин.Б.... чукусан сасый берет .Башка эч нерсе чыкпайт.Акылдуун унчукпай калсан бали демекпиз..
05.06.2017. 10:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
31-01-2014
Соӊку аракети:
28-01-2019 16:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
+13
Урматту админ!!!булардан башка ырчылар жокпу?Айчурок мн Анжеликаны еле жазып чыгарып калдынар болду да эми токтоткула пусть уруша беришсин элге жарыялабай еле.сураныч башка чыгарбагылачы буларды.уккум да келбей калды элди тажатышты го булар...бири олуп бири калсын лично бизге баари бир го алардын жеке жашоосу бизге кызыгы жок Админ сунущуму туура кабыл алуунарды отунотлем.Рахмат.
05.06.2017. 10:20 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1630
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2019 10:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+3
Nakush, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
05.06.2017. 13:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-02-2015
Соӊку аракети:
19-11-2019 13:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nakush,сенин айтканынды мен да айтмакчымын устаты шакиртин шакирти устатын сыйлабайт демек эки кучук эки жерде туруп алып кабышкандай эле кеп админ чыгарбай эле койгула сураныч

Андан коро интелектуалдык жанылыктарды берсенер
05.06.2017. 10:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
13-07-2013
Соӊку аракети:
22-11-2019 17:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бакыт калаасы!
+1
Негизи жакшылык кылганын милдет кылган адамдар тилеке каршы арабызда абдан көп, анын баары, ал адам көтөрүлгөндө, "Бутуна туруп адам тааныбай калды, жакшылыкты билбейт" деп айтылчу сөздөр, эл арасында булардан өткөн 'ит-мышык' болгондор канча...

Ар бир айтылган сөздү эгерде жаман жагына алсаң жаман, жакшылыгына жорусаң жакшы эле сөз болуп калат, ошондуктан "мындай деген, андай деген' талашуудан пайда эмес, элге жаман гана көрүнөсүңөр..
05.06.2017. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
23-09-2014
Соӊку аракети:
28-10-2019 00:37
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бирин чырпык бирин тал
Бирин олуп бирин кал
05.06.2017. 11:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
22-11-2019 11:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
Айчурок жаман болсо апасы озу бакпайбы,озу чыгарбайбы кызын?Кенедей кызды иштетип апасы кантип тынч уктап жатты?Анжелика деле откондо орозого чейин келдим,акыркы интервью бул ушак тууралуу деп,экинчи жолу дагы чыкты.Орозо айы тынч отпос болду.Эл козуно Аллах деп суйлобой,Аллахтан корксонор токтоткулачы...
05.06.2017. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
22-11-2019 16:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимисине ишенишиң деле билбей калдым.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: