«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Анжелика Бекболиева: «АЙЧҮРӨК ЭЖЕ "СЕНИ АЖЫРАШТЫРЫП ТЫНАМ" ДЕГЕН»

№761 2-8-июнь, 2017-ж.


Сахнадагы устат менен шакирттин чырдашканына бир нече жуманын жүзү болду. Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын пикир келишпестиктери эл талкуусуна алынып, super.kg порталына алгач шакирти келип түз эфирде колдонуучулардын суроосуна ачык-айкын жоопторду берген болсо, бул жолу ал кадамга Айчүрөк Иманалиева дагы барды. Анжелика өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына устатынын айткан кептерине төмөндөгүчө жообун кайтарды.

– Айчүрөк Асылбековна бүгүн эле мага каршы сөздөрдү айтып жаткан жок, мен турмушка чыккандан тартып 10 жыл аралыгында көптөгөн түрдүү кылыктарын көрсөтүп келди. Мен анын бардыгына чыдап, көз жумуп, теңелбей келдим. Маданий чөйрөгө алып келген устатыма каяша кылып, айтышкым келген эмес. Бул жолу жалган ушактарынын ар бирине токтолуп жооп берейин:
Сиз жазган кайрылууңузда "мен сени жазган китебиме киргиздим эле, сен өзүңдүн китебиңе мени жазбай койдуң" деп таарыныпсыз. Менин китепчемде чыгармачылык жолум баяндалган эмес. Келечекте ал тууралуу китеп жазсам, сизди сөзсүз жазып, салымыңыз тууралуу эскерем.
«Махабат көлү» деген ырымды уруксатсыз ырдады" деп чырдын башы башталды эле. Аталган чыгарма маркум Марат Алыбаевге таандык. Бул ырды сизден кийин деле 7-8 ырчы аткарган. Эмнеге алар менен талашкан жоксуз? Эми сиздин урушка себеп издеп, ырды шылтоо кылганыңыз белгилүү.
Үйүмдөн сага жай берип, балдарымдай кам көрдүм" дедиңиз. Аны жокко чыгарган жокмун, азыр дагы ыраазычылык айтам. Менин ийгиликке жеткеним сиздин эмгегиңиз экенин эл дагы билет, сиз аны сыймыктануу менен кабыл алыштын ордуна, кайра мага карата ушак таратып жатканыңызды кандай түшүнсөк болот? Менден башка дагы чыгармачылыкка алып келген шакирттериңиздин кимиси менен азыр сый мамилени сактап калдыңыз, алар кайда? Эмнеге алар дагы сизден алыстап кетишти же баарыбыз эле жаманбызбы?
«Адыл Бакиев баш болгон чоңдор менен Швейцарияга кеткенсиң» деп айтканыңызга да жооп берип коёюн. Сиз жакшы билесиз, мамлекеттик иш-чараларга ырчылар, маданият өкүлдөрү катышып барып келген учурлар көп болот. Мамлекеттик деңгээлде уюшулган иштерге ал жерде ким болот, биз аны тандабайбыз. Ырчылар ыр болгон, жакшылык болгон жерде ырдайбыз. Ошол иш сапарга "Камбаркан" ансамбли, Жеңиш Ысманов, Заира Раимбердиева, Дилшат Кангелдиева жана мен чакырылганбыз. Сиздин оюңузда кыргыз маданиятын чет элге таанытып келгендин баары эле "туура эмес жол" менен барып келген болуп саналабы? Же сизде бул жаатта тажрыйба барбы?

«КЫЛГАН ЖАКШЫЛЫГЫМДЫ СИЗЧИЛЕП САНАБАЙМ»

- Цирктеги долбоордон утуп чыкканымда дагы ар кайсы маалыматтарды таратып, "Анжелика биринчиликти сатып алды" деп ушак жүргүзгөн. Кызыгы, долбоордун катышуучулары же уюштуруучулары эмес, Айчүрөк эженин кеп таратканы мага түшүнүктүү эле болгон. Азыр аны катышуучулар дагы тастыктап беришет. Сиз мындай аракеттериңиз менен шакирт же кызматташууга келген жаштарга бакыт каалап, уядан учурбай, көз каранды кылып, өмүр бою байлап алгыңыз келет экен. Мен коркуп же башка үчүн эмес, устат менен шакирт катары айтышып элге уят болбойлу дедим. Сиздин ыраазычылыгыңызды алайын деп көп жардам бердим. 2013-жылы сиз жеке концерт берем деп, анын чыгымына мен акча бердим. Максатым – ошол концертте сахнада сизден бата алып, ары-бери тартышып жүргөн кептерге чекит коюу болчу. Мен Америкага кетип жатып, "мен жок деле өткөрө бериңиз" деп айттым. Бирок акчаны алып ал концертти да өткөрбөй, башка шылтоолорду айтып кеттиңиз. Андан башка канча кылган жакшылыктарымды, урмат-сыйымды сизчилеп санап бербей эле коёюн.
"Мен сени баары бир ажыраштырып тынам, аргаң жок бутума чөгөлөп келесиң. "Турмушка эрте чыгып, катачылык кылдым" деп келгенге аргасыз кылам" деп айтканыңызды эч качан унутпайм... Ошондой маалда жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы ак ишеним максатыңыздын ишке ашуусуна жол берген жок...

«КЫТАЙДА МЕНИ ОРУНСУЗ ЖОРУККА ТҮРТКҮҢӨР КЕЛГЕН»

- Кытайдагы жоругуңду айтам" деп жатасыз. Аны айттырбай эле мен өзүм айтып берейин. ТИМ аркылуу кытайлык кыргыздарга концерт берүү уюштурулуп, Айчүрөк эже "барып келели" деп калды. Чынында, баргым келген жок, ансыз дагы мамилебиз начарлап кеткен маал эле. Дагы таарынтып албайын деп макул болуп, Турусбек Жумалиев, Айчүрөк Иманалиева болуп алгач Кытайда кыргыздар жашаган Кара-Суу деген шаарчага, андан соң Үрүмчүгө бардык. Ал жерде ТИМ кызматкери Айбек деген жигит тосуп алып, иш-чараларды ал уюштуруп берди. Биринчи күнү Айчүрөк эже экөөбүз бир бөлмөгө жаттык. Эртеси "мен жүдөп кеттим, башка бөлмөгө чыгам" деп которулуп кетти. Ар кимибиз өзүнчө уктадык. Кийинки күнү ТИМдин кызматкери Айбек деген мырзаны чакырып, "шаар көрсөтүп кел" деп өтүнүштү. Ал келгенде жөнү жок тамашаларды айтып Турусбек байке экөө "эми, эки көгүчкөн, ушундай шартты пайдаланып калгыла. Мындай мүмкүнчүлүк башка болбойт" деп күлүштү. Чыгармачыл адамдар ортосунда мындай тамашалар көп айтылат, бирок Айбек байке алардын орунсуз тамашаларын угуп өзүн аябай кызыктай абалда сезип калды. Кытайдагы орунсуз жоругуңар менен мени жаман жолго түрткүңөр келген. Кийин Бишкекке келгенде дагы айтыша кеттик. Ошондо ушул окуяны башкача баяндап күйөөмө айттыңыз. Мен Айбек деген байкени таап, күйөөм менен жолугуштурдум. Орозо маалы эле, ооз ачарда жолуктук. Ал: "Тигил эженин сөздөрүнө аябай таң калдым. Ага болгон сый-урматым да кетти. Менин дагы сеникиндей болгон үй-бүлөм бар. Мен сага кеңеш берейин, Анжеликаны Айчүрөк эжеге кошпой эле кой. Колдон келсе, алыс жакка чогуу жибербе. Арам оюн ишке ашыруу үчүн ал бардык нерсеге даяр экенине ынандым. Анжеликаны көз каранды кылып алыш үчүн көп нерсеге барат",- деп айтты. Бүгүн ал байке бул ушактарды окуп калса, өз оюн дагы айтат чыгар.
Менден таланттуу шакирт өстүрүп, чыныгы устат экениңизди далилдеп алышыңызга тилектешмин!

«МЕНИ КОЛДОНО АЛБАЙ КАЛГАНЫНА АЧУУСУН ЧЫГАРЫП ЖАТКАНЫ БИЛИНДИ»

Super.kg порталына Айчүрөк Иманалиева түз эфирге келип колдонуучулардын суроолоруна жооп берүүсүнөн кийин Анжелика айым төмөндөгүдөй кеби менен бул чырга чекит коёрун маалымдады.
-Айчүрөк эже ушактарына кошумчалап кайталап бериптир. Кудай алдында акмын, жакындарым дагы актыгыма ишенет жана билишет. Эгер ал ушактын арты менен унутулуп бара жаткан өзүн таанытып, пиар кылгысы келсе, өз алдынча уланта берсин. Мен теңелбейин деп чечтим. Орозодо ушунчалыкка барыштын кереги жок болчу. Менин эжеге болгон сый-урматым бийик болчу, анын баарынан ажырап жатат. Ал ырга эмес, бир кезде максаттарына жетпей, мени колдоно албай калганына өкүнүп, ачуусун чыгарып жатканы билинип калды. Айтчу сөздү айттым, анын ушактарына далилдүү жооп бердим.
Эжеге ийгилик каалайм, аны мындан ары жалган ушактарды таратып, өзүнүн кадыр-баркын төкпөөгө чакырам.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(135)
05.06.2017. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
13-11-2019 13:54
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айчурокко акча бергем деген создорунон эч жадабады,акча табылат,журоктогу тактар кантип жууйсун эл алдында концертинде ырынды эмес Адыл.Айбек менен чогуу кундорунду элестетип олтура турган болуп жатат,9 кун бир комнатада жатсан албетте сенин созунду суйлойт да Айбек же Айчурокту суйломок беле,башында эле апан экоон чогуу асылбай бизден ыр боюнча кемчилдик болсо кечирин десен ушунчалык абийрин тогулмок эмес,апандын да эси жок экен,ошон учун Айчурок жакшы учун ишенип ага сени тапшырган,
05.06.2017. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
15-11-2016
Соӊку аракети:
05-02-2018 09:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин терек, бирин тал бирин олуп, бирин кал.
05.06.2017. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
05-06-2013
Соӊку аракети:
22-03-2018 13:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча бул жерде Айчурок эженин коро албастыгы даана эле корунуп турат.Чындык Анжелика тарапта деп ойлойм
05.06.2017. 11:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
11-11-2019 19:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Комментарий жазган адамдар,силерге да жалко..Акыретте алар оздоруно озу жооп берет.Силер эмне? Амал китебинерге куноо жазылып атат,Алладан корккула.
05.06.2017. 12:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
31-01-2014
Соӊку аракети:
28-01-2019 16:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
+2
meni_kut,озунчу озун коментарий жазып отурасын го
05.06.2017. 13:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
14-10-2011
Соӊку аракети:
19-06-2019 23:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ҮРҮМЧҮ 乌鲁木齐
+1
Nakush,Ха ха ха,,,
05.06.2017. 16:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
09-11-2016
Соӊку аракети:
13-11-2019 14:04
Жынысы:
Белгисиз
-1
meni_kut,Айчурокту макташыбыз ккпи сага кошулуп?
05.06.2017. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
17-09-2015
Соӊку аракети:
19-12-2017 21:26
Жынысы:
Белгисиз
-3
Же улуусу тыйылбай же кичуусу басылбай экоон тен ажымужук.
05.06.2017. 12:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
17-01-2014
Соӊку аракети:
04-03-2019 11:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айчурок озунун адамдык сапаты ушундай окшойт, Гулнур менен кырылды, Динара менен, жон журо албайт окшойт. элдин баары ага куйоосу эмес да оозун ачып журо бергидей
05.06.2017. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
28-01-2012
Соӊку аракети:
13-11-2019 12:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
белгисиз
+7
Сиздин оюңузда кыргыз маданиятын чет элге таанытып келгендин баары эле "туура эмес жол" менен барып келген болуп саналабы? Же сизде бул жаатта тажрыйба барбы? -дегенин. Укмуш...
05.06.2017. 13:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
810
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
01-10-2019 03:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
+2
jasgul,Анжеликанын эмнесин тандашты экен ошонусу укмуш болбосо андан башка эмгеги синген салмактуу ырчылар копко.
05.06.2017. 12:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
25-06-2019 12:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул экоо жадатты кирсем эле экоо чындыгын айтканда экоонор тен ХХХ экенсинер.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-05 14:43:47
05.06.2017. 14:51 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
11-11-2019 09:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Soni130587, этика нормаларын сактаңыз.
05.06.2017. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
311
Катталган:
23-10-2011
Соӊку аракети:
27-09-2019 17:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ менин коментарийим жок го
asil-08 түзөттү 2017-06-05 12:59:45
05.06.2017. 14:51 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
11-11-2019 09:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
asil-08, бар.
05.06.2017. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
29-05-2017
Соӊку аракети:
26-12-2017 04:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башында эле ушинтип айтыш керек болчу орозунун кунундо деп туштон кийин айтпай
05.06.2017. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
08-07-2014
Соӊку аракети:
17-08-2019 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айчурок айым кызганып журуп куйуп калбаса эле болду. Бир да уккулуктуу ыры, козго алар клиби жок. Кейпинен дайын болуп турат кандай аял экени.туура кыласын Анжелика, тентекке тенелбе деген бекеринен айтылган эмес
05.06.2017. 13:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-03-2017
Соӊку аракети:
30-08-2017 18:19
Жынысы:
Белгисиз
+2
экоонун кимиси суйлосо ошонуку туура болтат.кимисине ишеничти да билбейм
05.06.2017. 13:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
23-05-2016
Соӊку аракети:
21-09-2019 13:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+4
Урмат ушунчалык күчтүү экен ушунча ушакты угуп жашап жатат. Мындан да күчтүү бол! Ит үрө берет кербен жүрө берет! Анжелика мындан да жогору көтөрүлө бер көрө албастар өзүнүн оокатын кылышсын! Жашсын сулуусун бактылуусуңар ! Айчурок Эже эми Анжеликага асылбан! Өзүңүз эле уят болуп атас.
Meerinsa түзөттү 2017-06-05 13:51:43
05.06.2017. 14:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-04-2017
Соӊку аракети:
16-04-2018 20:47
Жынысы:
Белгисиз
-4
Анжелика ийгилик каалаймын сага менин суйуктуу ырчым. Кыргызстан сени м.н сыймыктанат!!!
05.06.2017. 14:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
17-12-2014
Соӊку аракети:
10-01-2019 14:10
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирин кайын бирин тал бирин о.... бирин кал. маага чын журоктон баари бир.
Сулуунун бети кургабайт дейт беле.
05.06.2017. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
13-01-2015
Соӊку аракети:
23-05-2019 17:52
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орто жолдо урматкале кыйын болдуго дос тууган кайын журттун алдыда ушундай создорго калып алардын арасында кантип баш которуп журот анжеликага ушунча колдоо корсотуп чыгармачылыка жардамдашып ушул денгээлге жеткирген урмат жана анын акчасы болду окшойт кичине уялып урматты сыйласа айчурок ушунча созду кайдан таап суйломок туштон кийин бар жокту айтып актанганча ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-05 14:46:07
05.06.2017. 14:53 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
11-11-2019 09:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-2
nurshoola, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган.
05.06.2017. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
21-11-2016
Соӊку аракети:
08-09-2019 10:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кимдики чын Аллагале маалым. Биз киминер интервью берип актансанар, ИИ сеники туура , тиги жаман Адам экен анда деп отура берет экенбиз. Же бироонор акылдуулук кылып, конул бурбай токтотуп койбодунар.
05.06.2017. 14:54 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
11-11-2019 09:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
Batista, love.me.again, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына намысына шек келтирүүгө далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. 3 күндөн БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-05 15:02:26
05.06.2017. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
24-11-2008
Соӊку аракети:
23-06-2019 22:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Айчурок Эже ушунча да кекчил болобу ?ушу кекчилдигин жакшы жакка колдонсо барбы охооо азыр министр болот беле.Анжелика тенелбей кечирип кой ,Алла билет егер АК болсон даражанды Алла которуп койот.Айчурок эженин куйосу эмнеге кичине тыйып койбойт
05.06.2017. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
12-02-2016
Соӊку аракети:
27-07-2019 15:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериалга айланып кетиго бул экоонун айтышы супер инфо силерден сураныч экоону бир чакырып ушу айтышты токтотуп койгулачы силерден сураныч тойгоздуго ушулар орозонун кунундо же орозо буткондон кийин уланткыла
05.06.2017. 15:37 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
11-11-2019 09:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
audi80, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
05.06.2017. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
623
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
12-11-2019 23:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жумадан бери ушул кино.Толук метраждуу сериалга даяр эле сценарий да.
05.06.2017. 16:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
03-05-2018 10:56
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башканыкы бутсо да ушул экоонуку бутподу
05.06.2017. 16:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
12-06-2017 17:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын айтышы бизге неси кызык чыгарбай
элекойгулачы ушундай коро
05.06.2017. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
05-08-2019 11:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул экоонун ушагын чыгарбай эле койгулачы супер инфонун баркын кетирбей окугубуз келбей калды жадатты ушул экоо
05.06.2017. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
04-07-2012
Соӊку аракети:
19-06-2018 19:50
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сабатканына жооп жазбай коюпсун го Анжелика? Менин оюмча Айчурок эженин кеги ошондон го...
05.06.2017. 17:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
29-11-2012
Соӊку аракети:
18-06-2019 21:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+6
Актанып комментарий жазбай койсон деле болмок.
05.06.2017. 17:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
23-04-2017
Соӊку аракети:
08-11-2018 10:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Экоону чын эле беттештиргилечи эки жагынарга алып чогу отуруп дегендей
05.06.2017. 17:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-06-2015
Соӊку аракети:
25-06-2018 13:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+3
Бул жашоодо негизи + - болотго. Дайыма жакшы жагын корсото бербей жаман жактарын да корсотуп ушинтип бирин бири чукулап турбаса жашоо кызыксызда. Авторитетин кетирбей кайрадан эл журтта жакшы корунойун, же дагы бир откон окуяны уят кылып айта салбасын деп кечирим деле сурап кое беришет да булар. Булардын жашоосу озу кимге кызыктуу тообо, азыркы заманда ата-энендин, уй булонун тынчылыгын тилеп отура турган заманда)))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))
05.06.2017. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
19-05-2017
Соӊку аракети:
01-07-2019 13:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыскасы Айчурок апчем Анжелика аркылуу озуно спонсор тапчу экен да!Эми откон чакты козгоп,тиги м.н жургон бу м.н жургон деп,ошолор м.н аны озу тааныштырды да.Жоопкерчиликти алган сон эне катары тыйып койбойбу,же оз кызына деле ушинтип кулуп карап отурабы?!Атын чыкпаса жер ортто болду А.И.Эми семьясын буза корбо!
05.06.2017. 18:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
13-11-2019 10:49
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тан калам. Айчурок Москвадан ыраматылык Муктар байке менен бир болмого таштап кетип калса, Анжелика унчукпай отуруп кала бергенине. Сами подумайте... Мамасы даны уялбай "Муктар ыйманы кучтуу экен кызыма тийбептир" деп. Анчалык таза экен анда бир комнатага жаш кыз менен калбай башка комната снимать этпейби. Акчасы жок беле????Анжелика ОЗУ деле " чон киши менен жатпайм бир болмого" деп башка комната талап кыла албайт беле??? Анчалык таза экен, кочодо отуруш керек болчу чем чон
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: