«Жылдын супер дуэти»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Аскат Сулайманов, актёр: "МЕН ЭМЕС, ПУТИН ДЕЛЕ АЖЫРАШЫП, ҮЙЛӨНҮП ЖАТПАЙБЫ"

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж


5 баланын атасы, актёр Аскат Сулайманов чыгармачылыгында бир топ ийгиликтерди жаратып, учурда эл көзүндөгү инсан. Кино, театрда жараткан ролдоруна өзүнүн баасы кандай, үйдө кандай уул, кандай ата, кандай күйөө? Бул суроолордун жообу төмөндө.

– Саламатсызбы? Аскат мырза, жакында эле социалдык тармактардагы баракчаңызга "Казакстандан кино тартып келдик" деп жаздыңыз...
- Саламатчылык! Ооба, өзүм режиссёрлук кылып "Революция токтотулат" деген аталыштагы тасма тартып жатканбыз, ошонун акыркы эпизоддорун Астанадан жыйынтыктап кайттык. Ошону менен катар мелодрама жанрындагы "Миллион жана сүйүү эрежеси" аттуу дагы бир жаңы тасмабыздын тартуу иштерин баштадык. Режиссёр катары бул менин төртүнчү эмгегим. Буга чейин "Президент жана бомж-2", "Москва сүйүүсү" деген тасмаларды элге тартуулагам. Учурда кино тартуу менен эле алектенбестен, театрда дагы жаңы спектаклдердин үстүндө иштеп жатабыз. Индия элинин "Махабхарата" деген абдан көлөмдүү эпосу бар. Ошол 19 томдук эпостон эки жарым сааттык "Бхарата урпактары" деген аталыштагы спектаклинде Шакуни деген бузуку терс каармандын ролун ойноп жатам. Буюрса, бул спектакль менен 20-декабрда Индияга сапар тартканы турабыз.

– Театр сахнасында, кино тасмаларда бир топ ролдорду жаратууга жетиштиңиз. Кайсынысы сизге сыймык жаратат дагы, кайсынысы өкүндүрөт?
- Өкүнүп калдым деп деле айтпайм, бирок бир ролум бар. Ушуну ойнобой эле койсом болмок экен деген ойдо калгам. Аны атабай эле коёюн, режиссёру таарынып калат го. Калган ролдорума эл өзү сынчы. Кандай гана роль жаратпа, кийин экрандан көргөндө сын көз караш менен карап калат экенсиң. Театр менен кинонун дагы бир айырмачылыгы ушул, спектаклде бир ролуңду 10 жылдан кийин ойносоң, башкача көз караш менен ойноп кетсең болот, а тасмада 10 жылдан кийин башкача көз караш менен карайсың, бирок оңдой албайсың. Мисалы, мындан 13-14 жыл мурда тартылган "Айыл өкмөтү" тасмасындагы ролумду карап отуруп бул жерин башкача ойносом болмок экен деп көп эле жерлерине оңдоо киргизгим келет, бирок ал мүмкүн эмес.

– Учурда уул-кыздарыңыз бой жете баштаган кез. Арасында сиздин жолуңузду жолдойм дегендери барбы?
- Ооба, балдарымдын алды бой жетип 18ге чыкты. Экинчиси 17 жашка толду. Ошол экинчи балам жакында эле өткөн өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалына өзүнүн тарткан тасмасын жиберип 87 эмгектин ичинен "Эң мыкты актёр" наамын жеңип алды. Анда улуу балам Арген, Арсен өзү, анан классташтары ойноптур.Кино тартып жүргөнүнөн "кел жардам берейин, мага көрсөтчү" десем, "жок, ата, сиз жардам берсеңиз бул сиздин киноңуз болуп калат, кийлигишпеңиз" деп койгон. Азамат, жакшы кино тартыптыр.

– Уулуңуздун сиздин жолуңузду жолдошун каалаган чыгарсыз?
- Негизи балдарымды катуу эле кармадым, ачуумдун келип турганын көзүмдөн эле байкашат. Өз учурунда туура багыт көрсөткөнгө аракет кылам. Мени менен акылдашышат, сыйлашат. Ал эми кесип тандоо жаатында эч кимисине кийлигишпейм. Өзүм деле бала кезде апам "сен жалгыз баласың, артист болуп эмне кыласың талаалап, милиция кызматкери бол" дегенинде көнбөй койгом. Кийин ойногон ролдорумду көрүп "келечегиңе балта чапмак турбаймынбы, артист болсоң мейли" деп калган. Улуу балам милиция кызматкери болом деп жүрөт. Андан кийинкиси Арсен минтип тасма жаатында ийгилик жарата баштаганынан "киного кетесиңби?" десем, "жок, ата, мен ашпозчу болгум келет, Италияга кетем" деп койду. Ал эми 7-класстагы баламдан "ким болосуң?" деп сурасам, "ой, билбейм, ата" деп коёт. Ал эми кыздардын тарбиясы энесинен көз каранды эмеспи, ата катары аларга кеп-кеңешимди айтып турам.

– Жеке жашооңузда да чоң өзгөрүүлөр бар экен...
- Ооба, быйыл август айында үйлөндүм. Келинчегимдин аты Мээрим, Ат-Башыдан болот. 1988-жылы туулган. Турмуш деген ушул экен, мурунку жубайым экөөбүз пикир келишпестиктерден улам ажырашып кеткенбиз. Жаман эмес, 17 жыл жакшы жашадык. Урушуп-талашпай эле сүйлөшүп, эки ажырым жолго түштүк. Балдарыма каралашып, кем-карчысын берип турам. Меникин эле аябай трагедия кылышты "Аскат үйлөнүптүр" деп, аларга айтар элем, мен эмес, Путин деле ажырашып, үйлөнүп жатпайбы, баарыбыз эле пендебиз да. Ажырашкандан кийин 2 жылдай ойлонуп бой жүрдүм. Андайда жоро-жолдош да көбөйүп кетет экен, күнү-түнү алар менен болуп. Апам да "үйлөн’’ дей баштады. "Эртең менен бара турган ишиң болсун, кечинде күтүп алар кишиң болсун" деп коёт эмеспи. Азыр баары жакшы, апам Мээримди жакшы кабыл алды, Мээрим да балдарым менен тил табышып кетти. Бактылуу жашап жаткан кезибиз.

– Кыз бала атасына жакын болот эмеспи. Кыздарыңыз сиздин үйлөнгөнүңүздү кандай кабыл алышты?
- Өзгөчө кичине кызым мага аябай жакын. Ошондуктан кыздарымдын көңүлүн оорутуп алуудан чочуладым. Бирок мага эч нерсе билинген деле жок. Эки жыл ичинде алар деле даяр болуп калышкан. Кызыма кээде тамашалап "эми мен башка "мама" алып келем го" деп койсом, "ала бериңиз" деп койчу.
– Бизге бөлгөн убактыңыз үчүн чоң рахмат. Бактылуу болуңуздар.

"Кыздарым Айназик менен Аделина".


"Жубайым Мээрим балдарым менен бат эле тил табышып кетти".


"Ушундай образда Индияга сапар тартканы турам".


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(140)
07.12.2016. 12:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
05-08-2019 11:18
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ат айланып казыгын табатко жаш ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-07 13:13:53
07.12.2016. 13:14 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
aisyrga88, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз.
07.12.2016. 13:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
17-11-2015
Соӊку аракети:
22-01-2019 20:23
Жынысы:
Белгисиз
+11
ээ 88 болгону менен,биринчи аялындай эле экен корунушу
07.12.2016. 13:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
17-09-2013
Соӊку аракети:
05-01-2019 11:12
Жынысы:
Белгисиз
+21
Байкуш аялы жаштыгын,сулуулугун,ден соолугун арнап аягы ушуга келдиби. Чымчыктында уясы бузулбасын!
07.12.2016. 13:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
31-07-2015
Соӊку аракети:
30-11-2019 14:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+26
ошон учун айтат да кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат деп))
07.12.2016. 13:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
07-08-2014
Соӊку аракети:
11-07-2019 19:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ай
+3
Тагдыр балким жазылгандыр... Биз билбеген дагы кандай белектер турат ... Андыктан бироого сын тагып жазуудан да чочулайсын..
07.12.2016. 13:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
02-06-2017 08:44
Жынысы:
Белгисиз
+6
уят
07.12.2016. 13:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
08-12-2019 18:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+21
Апасы уйлон дептир,андан коро жараш аялын менен дебейби.Тообо.
07.12.2016. 13:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
06-09-2016
Соӊку аракети:
31-12-2016 07:41
Жынысы:
Белгисиз
+3
Муну кече Домодедоводон корбодумбу
07.12.2016. 14:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
21-11-2016
Соӊку аракети:
20-02-2018 11:49
Жынысы:
Белгисиз
+20
Байкуш аялына жаман болуптур,беш баланы торогон.Буга арнаган жаштыгы сулуулугу , омуру бир тыйынга бааланбай.Жылдыз болбой кал убалы ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-07 14:06:13
07.12.2016. 14:06 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-3
baitylek.kg, этика нормаларын сактаңыз.
07.12.2016. 14:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
05-03-2015
Соӊку аракети:
08-12-2019 22:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асхаттан куткон жок элек, жакшы мыкты чыгаан актер, а дейбиз,бу дейбиз бирок ички жашоону жакындан билбейбиз да. Эки жыл бой журдум дейт,апасы айткандай уйлонуш керек да.
07.12.2016. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+17
Аялына эч нерсе эмес балдары чоноюуп калыптыр дагы 4же5жыл кыйналса апасын балдары алаканына салып багып алат. Аскаттын озуно жаман эми жаш аялы беш бала тороп 18 19га чыкканча актерубуздун эшилген курсагы желип а дегенге акыбалы келбей калат. Албетте балдарынын мээриминен да четте калып огой баладай оонсуроп аралашалбайт. Беш баланы татыктуу тарбиялап бактылуу эне болуунду каалайм,эгер куйоонуз жанылдым жаздым деп кайра айланып уйго барса балдар учун кечирерсинер эки дуйно бактылуулугун каалайм
07.12.2016. 14:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
09-10-2016
Соӊку аракети:
29-04-2017 13:21
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул кишинин ХХХ ХХХ го бирде тентек микрофон оюнунда бир актриса кыз тамашалап Аскат байке бир подружкам москвадан келет тосуп алыш керек болуп атат келе калбайспы тосуп алалы сиз мн тааныштырам татынакай кыз десе азыр женен балам ооруп больницада эле жолугуп коюп бара калам дегенде эле тунулгом иши кылып балдары атасынын жолун жолдобосун
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-07 15:30:05
07.12.2016. 15:29 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-5
Bubu88, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
07.12.2016. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
14-07-2014
Соӊку аракети:
18-10-2019 21:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+17
Эркектер жаш аял алдым Деп мактанат афтаритет Деп билеби? Бирок чын чынына келгенде балдарын таштап жаш аял алган эркектерди эч ким жакшы дебейт сыйлабайтта
07.12.2016. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
26-02-2019 10:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ии ушундай мырзаларды коруп баардыгын жамар ойлоп кетесин. кантсе да оз жашоосу дейсинго чиркин,билбейм баарыбир коркосун
07.12.2016. 15:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
08-12-2019 21:19
Жынысы:
Белгисиз
+16
88 дей корунбойт ко мен да бир чурок екен десе
07.12.2016. 15:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
31-10-2017 16:45
Жынысы:
Белгисиз
-9
Силерге эмне.үйлонсо уйлонуптурда.оздорунун ортосунда бир нерсе болгондур.силерди сындатып эле койсо
07.12.2016. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
22-10-2016
Соӊку аракети:
19-11-2019 02:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан, Кант шаары. Россия, Москва шаары
+11
Ммм Аскат Путинди мисал келтиргенин мага жакпай калды иии
07.12.2016. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
15-10-2011
Соӊку аракети:
08-12-2019 20:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
чуй
+22
Канды кудай урганда,калкына жаман кас болот.байды кудай урганда, доолотуно мас болот.жазды кудай урганда,кун жылындап жаз болот.эрди кудай урганда,эллуу жашта жаш болот.
Sultanim түзөттү 2016-12-07 15:47:31
07.12.2016. 15:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
602
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
09-12-2019 04:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
+2
Тагдырдын жазмышынан эч жакка качып кутула албайбыз.Ажырашууну ким эле кааласын.Аялы экоосу ортодо чечтиби биздин киришууго акыбыз жок.
07.12.2016. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
08-04-2011
Соӊку аракети:
01-07-2019 02:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+14
Бери жакыныраак эле бирөөнү айтпай,тимеле Путинди мисал кылыптыр го жаман арына..Путин ким да сен ким,бир аз"скромныйыраак болуш керек киши деген..Жакшы актер экени чын,а бирок жакшы адам экениңден күмөнүм бар,таарынба
07.12.2016. 23:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
07-12-2013
Соӊку аракети:
19-04-2018 01:19
Жынысы:
Белгисиз
+5
ksb,ошону айтсан тим эле озун Путинге тенептир да...
07.12.2016. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-11-2016
Соӊку аракети:
12-07-2019 18:25
Жынысы:
Белгисиз
+18
88-жылкы экинчи аялы ойлонбоптурда бир аз,ошончо ширин балдарын таштаган сени жон эле таштайткоо бул адам.17жыл бирге жашаган аялын таштаган,сени оной эле таштайтта сен кечеги немесинда.адашыпсын байкуш жаш кыз
07.12.2016. 17:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
05-11-2019 21:46
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эми биринчи аялы бактын балдарынан тапсын! Ушунча жыл куйуп бышып балдарын багып чонойтуп жаштыгын арнап омур сургон аялдын баркын билбеген неме экенсин Аскат!
Обондорунун тамаша торуна тушкондо эле ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-07 18:03:54
08.12.2016. 10:01 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
Aytur, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз.
07.12.2016. 19:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
11-12-2010
Соӊку аракети:
10-09-2019 21:34
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аскат акебиз, озун Путинге салыштырбай эле койбоптур.
07.12.2016. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
14-03-2019 07:15
Жынысы:
Белгисиз
+12
Создун кыскасы .... сыйлабай калдым .
07.12.2016. 19:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
164
Катталган:
08-07-2013
Соӊку аракети:
02-12-2019 23:32
Жынысы:
Белгисиз
+7
кээ бир тартылган киномо окуном дептир ал эми москва суйуусу президент бомж киносун тартканына окунбойсунбу.эн начар деген баа берем кинолоруна.сыйлабай калдым бул кишини
07.12.2016. 20:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-11-2015
Соӊку аракети:
14-04-2017 16:24
Жынысы:
Белгисиз
0
артистиктин бул жерге тиешеси жок, ар бир адамдын озунон болсо керек.
07.12.2016. 20:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
09-10-2016
Соӊку аракети:
29-04-2017 13:21
Жынысы:
Белгисиз
+26
5 баланы таштап жаш аял алсаң ХХХ ХХХ путинге салыштырып Путин деген дүйнөнү дунгуротуп миллиондогон адамдардын ыраазычылыгын алып башкарып отурат а сенчи өзүнүн 5 балан мн аялына ХХХ ХХХ ХХХ ошончолук кыйын өзүнү Путинге салыштырат экенсиң башканы кой өзүнүн эле кичинекей мамлекетини башкарып албайсыңбы ХХХ неберелерин ойлобой сени уйлон деп шаштырган
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 10:03:20
07.12.2016. 23:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
07-12-2013
Соӊку аракети:
19-04-2018 01:19
Жынысы:
Белгисиз
+7
Bubu88,сенин комментарийин абдан жакты менин оюмдагыны жазып коюптурсун .Баракелде соз эмес бекен!
07.12.2016. 23:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
28-06-2013
Соӊку аракети:
02-05-2017 10:44
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bubu88,эн туура сага кошулам чындап эле озунун кичинекей мамлекетин баштап албайбы дейм да
жаш катынга балээ барбы озунун балдарындан 10жаш чонду алыптыр бирок пара эмес экенсинер
08.12.2016. 10:04 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
Bubu88, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, кемсинтип, мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
07.12.2016. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
19-01-2013
Соӊку аракети:
16-01-2019 23:57
Жынысы:
Белгисиз
+7
Путинди шылтоолойтко,Путин ал орус,сизда орус пейил же орус минталитетинле кун откорсонуз анда менин созумда жок !
07.12.2016. 21:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
07-09-2013
Соӊку аракети:
08-12-2019 23:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бейиш
+9
кинодо кандай роль ойносо,жашоосунда да ошондой экен да(
07.12.2016. 21:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
30-05-2016
Соӊку аракети:
27-03-2018 16:14
Жынысы:
Белгисиз
+12
5 баланы торотуп, 17-18ге чыкканча аялынын жамандыгы билинбей, элге таанылганда коруно баштаган го. Кээ бир эркектер 1 баланы бала бар деп шылтоолоп жашашат. Аскат мырзанын бул кылыгы оз башы менен кетсин. Оз балдарын барктабаган адамдан эмнени кутсо болот.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23288;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: