«Жылдын супер дебюту»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Аскат Сулайманов, актёр: "МЕН ЭМЕС, ПУТИН ДЕЛЕ АЖЫРАШЫП, ҮЙЛӨНҮП ЖАТПАЙБЫ"

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж


5 баланын атасы, актёр Аскат Сулайманов чыгармачылыгында бир топ ийгиликтерди жаратып, учурда эл көзүндөгү инсан. Кино, театрда жараткан ролдоруна өзүнүн баасы кандай, үйдө кандай уул, кандай ата, кандай күйөө? Бул суроолордун жообу төмөндө.

– Саламатсызбы? Аскат мырза, жакында эле социалдык тармактардагы баракчаңызга "Казакстандан кино тартып келдик" деп жаздыңыз...
- Саламатчылык! Ооба, өзүм режиссёрлук кылып "Революция токтотулат" деген аталыштагы тасма тартып жатканбыз, ошонун акыркы эпизоддорун Астанадан жыйынтыктап кайттык. Ошону менен катар мелодрама жанрындагы "Миллион жана сүйүү эрежеси" аттуу дагы бир жаңы тасмабыздын тартуу иштерин баштадык. Режиссёр катары бул менин төртүнчү эмгегим. Буга чейин "Президент жана бомж-2", "Москва сүйүүсү" деген тасмаларды элге тартуулагам. Учурда кино тартуу менен эле алектенбестен, театрда дагы жаңы спектаклдердин үстүндө иштеп жатабыз. Индия элинин "Махабхарата" деген абдан көлөмдүү эпосу бар. Ошол 19 томдук эпостон эки жарым сааттык "Бхарата урпактары" деген аталыштагы спектаклинде Шакуни деген бузуку терс каармандын ролун ойноп жатам. Буюрса, бул спектакль менен 20-декабрда Индияга сапар тартканы турабыз.

– Театр сахнасында, кино тасмаларда бир топ ролдорду жаратууга жетиштиңиз. Кайсынысы сизге сыймык жаратат дагы, кайсынысы өкүндүрөт?
- Өкүнүп калдым деп деле айтпайм, бирок бир ролум бар. Ушуну ойнобой эле койсом болмок экен деген ойдо калгам. Аны атабай эле коёюн, режиссёру таарынып калат го. Калган ролдорума эл өзү сынчы. Кандай гана роль жаратпа, кийин экрандан көргөндө сын көз караш менен карап калат экенсиң. Театр менен кинонун дагы бир айырмачылыгы ушул, спектаклде бир ролуңду 10 жылдан кийин ойносоң, башкача көз караш менен ойноп кетсең болот, а тасмада 10 жылдан кийин башкача көз караш менен карайсың, бирок оңдой албайсың. Мисалы, мындан 13-14 жыл мурда тартылган "Айыл өкмөтү" тасмасындагы ролумду карап отуруп бул жерин башкача ойносом болмок экен деп көп эле жерлерине оңдоо киргизгим келет, бирок ал мүмкүн эмес.

– Учурда уул-кыздарыңыз бой жете баштаган кез. Арасында сиздин жолуңузду жолдойм дегендери барбы?
- Ооба, балдарымдын алды бой жетип 18ге чыкты. Экинчиси 17 жашка толду. Ошол экинчи балам жакында эле өткөн өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалына өзүнүн тарткан тасмасын жиберип 87 эмгектин ичинен "Эң мыкты актёр" наамын жеңип алды. Анда улуу балам Арген, Арсен өзү, анан классташтары ойноптур.Кино тартып жүргөнүнөн "кел жардам берейин, мага көрсөтчү" десем, "жок, ата, сиз жардам берсеңиз бул сиздин киноңуз болуп калат, кийлигишпеңиз" деп койгон. Азамат, жакшы кино тартыптыр.

– Уулуңуздун сиздин жолуңузду жолдошун каалаган чыгарсыз?
- Негизи балдарымды катуу эле кармадым, ачуумдун келип турганын көзүмдөн эле байкашат. Өз учурунда туура багыт көрсөткөнгө аракет кылам. Мени менен акылдашышат, сыйлашат. Ал эми кесип тандоо жаатында эч кимисине кийлигишпейм. Өзүм деле бала кезде апам "сен жалгыз баласың, артист болуп эмне кыласың талаалап, милиция кызматкери бол" дегенинде көнбөй койгом. Кийин ойногон ролдорумду көрүп "келечегиңе балта чапмак турбаймынбы, артист болсоң мейли" деп калган. Улуу балам милиция кызматкери болом деп жүрөт. Андан кийинкиси Арсен минтип тасма жаатында ийгилик жарата баштаганынан "киного кетесиңби?" десем, "жок, ата, мен ашпозчу болгум келет, Италияга кетем" деп койду. Ал эми 7-класстагы баламдан "ким болосуң?" деп сурасам, "ой, билбейм, ата" деп коёт. Ал эми кыздардын тарбиясы энесинен көз каранды эмеспи, ата катары аларга кеп-кеңешимди айтып турам.

– Жеке жашооңузда да чоң өзгөрүүлөр бар экен...
- Ооба, быйыл август айында үйлөндүм. Келинчегимдин аты Мээрим, Ат-Башыдан болот. 1988-жылы туулган. Турмуш деген ушул экен, мурунку жубайым экөөбүз пикир келишпестиктерден улам ажырашып кеткенбиз. Жаман эмес, 17 жыл жакшы жашадык. Урушуп-талашпай эле сүйлөшүп, эки ажырым жолго түштүк. Балдарыма каралашып, кем-карчысын берип турам. Меникин эле аябай трагедия кылышты "Аскат үйлөнүптүр" деп, аларга айтар элем, мен эмес, Путин деле ажырашып, үйлөнүп жатпайбы, баарыбыз эле пендебиз да. Ажырашкандан кийин 2 жылдай ойлонуп бой жүрдүм. Андайда жоро-жолдош да көбөйүп кетет экен, күнү-түнү алар менен болуп. Апам да "үйлөн’’ дей баштады. "Эртең менен бара турган ишиң болсун, кечинде күтүп алар кишиң болсун" деп коёт эмеспи. Азыр баары жакшы, апам Мээримди жакшы кабыл алды, Мээрим да балдарым менен тил табышып кетти. Бактылуу жашап жаткан кезибиз.

– Кыз бала атасына жакын болот эмеспи. Кыздарыңыз сиздин үйлөнгөнүңүздү кандай кабыл алышты?
- Өзгөчө кичине кызым мага аябай жакын. Ошондуктан кыздарымдын көңүлүн оорутуп алуудан чочуладым. Бирок мага эч нерсе билинген деле жок. Эки жыл ичинде алар деле даяр болуп калышкан. Кызыма кээде тамашалап "эми мен башка "мама" алып келем го" деп койсом, "ала бериңиз" деп койчу.
– Бизге бөлгөн убактыңыз үчүн чоң рахмат. Бактылуу болуңуздар.

"Кыздарым Айназик менен Аделина".


"Жубайым Мээрим балдарым менен бат эле тил табышып кетти".


"Ушундай образда Индияга сапар тартканы турам".


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(140)
07.12.2016. 22:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
18-02-2015
Соӊку аракети:
04-12-2019 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+7
Путин ким бул ким мусулмандарда аялын сыйлоо башка балдарын сыйлоо башка байкуш аялына боорун ооруйт аял которот аркасында туруп эркекти ушул жетишкендерине аялы да себебчи болгондур аман эле болсунчу аялы да бактылуу болсун
07.12.2016. 22:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
07-03-2018 16:40
Жынысы:
Белгисиз
+5
5 баланын кадырына жетпеген эркектен жакшылык кутуп болобу,балдары баары туура кабыл алды дейт,кантип эле,баары оспурум куракта экен.угаар созун уккандыр алардан да,кыскасы ХХХ акыры
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 10:05:13
07.12.2016. 23:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
08-04-2011
Соӊку аракети:
01-07-2019 02:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+13
Мунун сөзүнө ишенсек тимеле баары сонун,урушпай талашпай эле ажыраштык,балдарым мн жаны аялым тил табышып тимеле мамыр жумур баардыгы..жаш катынын кучактап ХХХ отурат..балдары болсо байкуштар көздөрүн жалдыратышып үйүндө атасынын мээримине зар..ээ жолуң болгур,рольдорунда кандай болсоң(айыл өкмөтүндөгү участковый) ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 10:06:16
08.12.2016. 10:06 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
ksb, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 10:46:05
07.12.2016. 23:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
18-10-2017 12:34
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жаш катыны жаштай корунбойт го.жакпай калды
07.12.2016. 23:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
18-10-2017 12:34
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озундой эле болуп турат.дагы мактанып коюптурго
08.12.2016. 01:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
16-12-2013
Соӊку аракети:
04-12-2019 00:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-9
Biroonu soz kylgandan murda al adamdyn jashoosun jashap korgulo ,anan tushunosunor,ar kimde ar tagdyr soz kylbagyla.
08.12.2016. 01:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
07-12-2013
Соӊку аракети:
19-04-2018 01:19
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыскасы бир адам да жакшы деген комментарий бербептир.Бары эле Аскат мырзага нараазы болушуптур.Аскат мырза ушундай кетишинде аялындын,беш баландын ХХХ, шегим бар.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 10:07:57
08.12.2016. 02:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
02-06-2016
Соӊку аракети:
08-08-2018 05:49
Жынысы:
Белгисиз
-10
Капа болбогула го алтындарым Атамбаев жонундо соз болсо Путинди коргогондой коргобосонор керек эч киминер. Жакшыбы, жаманбы озубуздун президентибиз. Биз сыйлабасак ким сыйлайт. Озубуз жаман соз айтып, маскаралап жатсак, башкаларды айтпай эле коёюн...
aa93 түзөттү 2016-12-08 02:24:36
08.12.2016. 03:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
796
Катталган:
09-10-2016
Соӊку аракети:
29-04-2017 13:21
Жынысы:
Белгисиз
+8
aa93,бул жерде Атамбаев эмес Аскат мырза жөнүндө сөз болуп жатат ким Атамбаевди шылдыңдап жатат Аскат Путинге тенелип алганына кулушубузду билбей же куйушубузду билбей отурабыз
08.12.2016. 02:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
16-06-2011
Соӊку аракети:
18-03-2018 00:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
-15
Эмне баарынар Эле Аскат марзага асылып калгансынар? Куноо эч качан бир адамда болбойт. Анан да жакшы аялдан куйоо кетпейт деп коет эмеспи? Албетте окунучтуу 5баласы менен ажырашыптыр, балдарынын откоол убагында бирок бир адамды куннолой берген болбойт да. Бул менин жеке оюм аялы 88дей корунбойт экен чын Эле.
08.12.2016. 02:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
13-05-2014
Соӊку аракети:
03-12-2019 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
МО
+6
88дей корунбойт го азыркы аялы
08.12.2016. 02:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
02-02-2013
Соӊку аракети:
08-11-2017 09:58
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялы 1988 жылкы эмес ХХХ экен , эми балдарга кыйыныраак болот го. Асхаттан чон корун от экен.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 10:08:34
08.12.2016. 03:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
22-11-2011
Соӊку аракети:
20-02-2018 11:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
mi-li-na,сонун коментарий экен)
08.12.2016. 10:09 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
mi-li-na, кимдир-бирөөнү мазактаган билдирүүгө тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 10:45:55
08.12.2016. 03:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
796
Катталган:
09-10-2016
Соӊку аракети:
29-04-2017 13:21
Жынысы:
Белгисиз
-6
Аялы жаш корунобу улуу корунобу кеп аялда эмес Аскат мырзада ал байкушту алдады кантсе да артист эмеспи ролун жакшы аткарып мен Кыргызстандын 3-сорттогу Путинимин десе тийгендир ал байкуш кыз да ишенип
08.12.2016. 03:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
796
Катталган:
09-10-2016
Соӊку аракети:
29-04-2017 13:21
Жынысы:
Белгисиз
+25
Аскаттын биринчи аялына айтаар элем эже эч качан чокпонуз кайгырбаныз сабырдуу болунуз Кудайым буюрса 5 баланыз бар экен чоңоюп деги калышыптыр ошолордун жакшылыгын корунуз баарын женесиз жакшы эле ажырашып кетиптирсиз болбосо өзүн типа Путин сезип таза кууратмак экен сизди
08.12.2016. 03:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
03-11-2019 02:50
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аялган жаш аялыда ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 10:09:42
08.12.2016. 10:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
raykray, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган!
08.12.2016. 03:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
17-03-2019 21:35
Жынысы:
Белгисиз
+21
Аскат Байке сиздинле ажырашуунуздун трагедиясы....бул дагы бир "кичи мамлекет" урады деген соз! Бул трагедиямей мне?! Сиз катын таап алыпсыз,мурдагы аялыныз да бир эр таап Алат. Ортодогу балдарга ата-энени Ким берет?! Тоооба! А Путин деген орус, ХХХ ХХХ! Тим эле ажырашууну "обычное дело" дегеней айтыпсыз.Болбойт андай! Угу чыгармачыл адамдарды "жеке жашоолору" тууралуу вообщеле жарыялабайле койсо болотле!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 09:18:35
08.12.2016. 10:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
Suluu4a, улут аралык түшүнбөстүктү жаратуучу билдирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
11.12.2016. 07:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
26-03-2016
Соӊку аракети:
19-10-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кербен
0
Suluu4a,турмуш курсан анан тушуунуп каласын
08.12.2016. 04:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:20
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен бир киносун коруп ошодон кийин жаман кором. Бул актёрду милициянын ролун аткарган го? Ошодон кийин ХХХ ХХХ ХХХ. Аялы да ушунун айынан ажырашса керек. Бекерден беш баланы торобосо керек. Чыдап чыдап чыдамы тугонгондон кийин ажырашса керек. Коп эле эркектер жаш кыздарга жугурот. Кыздар деле ойлонсо болот. Жон жерден ажырашпаса керек деп. Кыскасы соз коп. Бир нерсе дей албайбыз. Бактылуу болушсун эми
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 09:15:26
08.12.2016. 10:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-3
azhibaeva.2012, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
08.12.2016. 07:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
29-11-2007
Соӊку аракети:
21-06-2019 06:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
France
+13
kelinchegi 28 jashtai emes uluu korunot eken, gde to 38 jashtai.
08.12.2016. 07:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
15-01-2019 11:05
Жынысы:
Белгисиз
+22
Беш баласы жакшы ошолорду төрөп берген аялы жаман болуптур да.
08.12.2016. 08:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
15-10-2012
Соӊку аракети:
31-01-2018 10:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+12
Путин деле ажырашып жатбайбы дейт го.Мотуев да кыздарга кастинг жарыялап,кастинг жыйынтыгын берип уйлонуптур.Мотуевге неге атаандашбайт жакыныраак тууганына
08.12.2016. 09:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
240
Катталган:
11-04-2012
Соӊку аракети:
03-12-2019 10:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
тынчтык
+20
Оор басык адам болсо керек десем,жеңил желпи киши турбайбы.Бойго жетип калган балдарынан уялбайбы.Кыздары таарынып үйлөнө бериңиз дегендир.Уят уят.
08.12.2016. 10:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
17-11-2015
Соӊку аракети:
22-01-2019 20:23
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ошончо жыл кыйналып ,жолок болуп . ушул даражага жетишине салым кошуп ,кыйналып,каарып,озумо болбосо да жолдошум менен балдарым учун деп жашаган аялын унутуп,анан кичине байып баштаса эле кыйынчылыктары эсинен чыгып башка катын издеп калганын.
08.12.2016. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
225
Катталган:
16-03-2016
Соӊку аракети:
10-02-2019 21:08
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ыйман, ынсап бере кор Жараткан Алаах!
08.12.2016. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
16-05-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ажырашуу бул оной эмес,канча кыйынчылык, ый, коз жаш менен коштолот.Азыркы учурда мырзалар учун женил эле болуп калды.Кыргыздын эркектери кичине байыса эле катын алат деген таамай айтылган соз.Ошон учун буларды коптурбой тизгинин катуу тартып турбасан башка чыгып алышат.
08.12.2016. 10:50 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
14-03-2015
Соӊку аракети:
10-12-2018 10:41
Жынысы:
Белгисиз
+15
Азыркы алган аялы 1988 жылкыдай корунбойтко,1978 жылкы десе туура болмок. Аябай эле чон корунот экен.
08.12.2016. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
15-01-2019 11:05
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ой бай укмуш талкуу болду го?
08.12.2016. 11:54 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
22-03-2013
Соӊку аракети:
23-09-2019 12:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атамдын айылы
+14
Мукуратпаңызчы)Путин ким да,сиз ким?!
Жаштарга сабак болчу сөздү сүйлөп,иш кылсаңар болбойбу?
Эмне үчүн бирөөнүн терс жагын кайталоо керек.Путинди мисал кылгыңыз келсе жакшы жагын көрсөтүп мактансаңыз болмок.
Ооба орустар айткандай "совесть мучает".Ошон үчүн ушундай актануу.Сөз жок.
08.12.2016. 12:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
11-11-2016
Соӊку аракети:
12-05-2018 09:16
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балким аялы озу уруксат бергендир ар кимден кызганып урушуп жургондон коро баш ооруу жок тынчырак жашайын деп аялы деле тажаган да
08.12.2016. 12:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
04-12-2019 14:01
Жынысы:
Белгисиз
+7
Неме анда Путин олсо олуп алабы ошондо? Беш баласын коруп туруп тийген кыз да болбогур экен, аялы каза болуп калса эми бир жон арга жок анан дагы билбейм.
08.12.2016. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-09-2011
Соӊку аракети:
02-12-2018 18:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+11
Ажырашса аял байкушка кыйын, беш баланын жоопкерчилигин аялына таштаптыр да, аа курган аял башын темирден болсун!
08.12.2016. 13:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
05-12-2019 17:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-7
Мумкун аялы деле куноолуудур, билип билбей эле жаманатты кыла бербегилечи. Экоо тен чарчагандыр бири биринен.
Stervashka түзөттү 2016-12-08 13:13:38
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23288;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: