Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

"СЕНИ МЕНЕН ЖОЛУККАНГА ЧЕЙИН" - ТРАГЕДИЯ МЕНЕН РОМАНТИКАНЫН АЙКАЛЫШЫ

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж


Адамдар кайсы жанрдагы тасма көрүүнү маанайына жараша тандашат. Коркунучтуу тасмаларды адреналинди сүйгөн, ал эми комедияны шайыр, оптимист адамдар жакшы көрүшөт экен. Ал эми чарчаганда эс алууну, тынчтыкты сүйгөн адамдар мелодраманы тандашат. Кадимки жай турмушту сүрөттөгөн англиялыктардын "Сени менен жолукканга чейин" тасмасына көпчүлүк "Жылдын эң романтикалуу фильми" деп баа беришүүдө.

Жанры – Драма, мелодрама
Режиссёру – Теа Шэррок
Сценарийди жазгандар – Барт Гавиган, Хью Хадсон, Брандо Квилиси
Башкы ролдордо – Эмилия Кларк, Сэм Клафлин, Женна Коулман, Чарльз Дэнс, Мэттью Льюис жана башкалар
Тасманын узактыгы – 1 саат 50 мүнөт
Тарткан өлкөлөр – АКШ, Англия
Бюджети – 20 миллион доллар
Сатыктан түшкөн каражат – 206 миллион доллардан ашуун
Бет ачары – 3-июнь, 2016-жыл (АКШда)

СҮЙҮҮ БААРЫН ЖЕҢБЕЙТ...

Луиза Кларк – карапайым үй-бүлөнүн кызы. Үй-бүлөсү жакыр жашаганына байланыштуу ал акча табуу үчүн колго тийген жумушту кылууга даяр. Кезинде тоок багып, сулуулук салонунда, кафеде официант болуп иштеген. Иштеген кафеси жабылып, жумушсуз отурган күндөрдүн биринде Луизаны хан сарайда жашаган үй-бүлө майып баласын карап берүүгө жумушка чакырат. Ата-энесине каржы жагынан жардам берүү үчүн ал ойлонбой макул болот.
Ак сөөктөрдүн баласы Уильям Трейнор автокырсыктан улам майып болуп, моюнуна чейин кыймылсыз абалда калган. Колу менен тамак жей албайт. Уильям кырсыкка чейин спортто активдүү, кыздардын көзүн күйдүргөн бойдок жигит эле. Ал майып болгондон кийин жашабай, жөн гана күн кечирип калган. Ата-энесинин макулдугу менен дарыгерлердин колунан кыйноосуз бул дүйнө менен коштошууну тилек кылып жаткан кези болчу. Уильямдын жанында шайыр, эпсиз, обу жок көп сүйлөгөн, табитсиз кийинген Луиза пайда болгондон баштап анын жашоосу түркүн түстүү боёкторго боёлуп, кызыктуу боло баштайт. Анткени Луиза анын өлүмгө даярданып жатканын билчү. Майып жумуш берүүчүсүнүн жашоого болгон кызыгуусун күчөтүп, аман алып калгысы келген. Жигити болгонуна карабай чунак кыз Уильямды сүйүп калат. Тилекке каршы, ортодо жанган сезимдерин таштап майып жигит өлүмдү тандайт. Ал эми Луиза сүйүктүүсүнүн тандоосуна баш ийип, акыркы көз ирмемдерине чейин анын жанында болот.

"1+1" ТАСМАСЫНЫН КӨЧҮРМӨСҮБҮ?

Көпчүлүк киносынчылар тасманын сюжеттик линиясы француздардын "1+1" тасмасына окшош, болгону француздар эки мырзанын достугун, ал эми англиялыктар эки жаштын сүйүүсүн сүрөттөшкөн дешүүдө. Ооба, чынында эки тасмада тең окуя майып адамдардын тегерегинде жүрөт. Француздардыкы бактылуу аяктаса, англиялыктар тасманын соңун трагедия менен бүтүрүшөт. Кино сүйүүчүлөр эки тасманы салыштырып "эмнеге майыптыкты достук жеңет, ал эми сүйүү жеңбейт?" деп ачууланышкан. Балким, англиялыктар француз кесиптештеринен фильмдин аягын кайгылуу бүтүрүп өзгөчөлөнгүсү келгендир.

МАЙЫП АДАМДАРДЫ НААРАЗЫ КЫЛГАН

"Сени менен жолукканга чейин" тасмасы журналист Жожо Мойестин 2012-жылы жарыкка чыккан "Сени менен жолукканга чейин" китебинин негизинде тартылган. Кызыгы, китебин окугандар тасмада кээ бир каармандар кошулбай калганын айтышат. Анан тасмада да, китепте да майып адамдарды өз жанын кыюуга үгүттөө бар деген сындарга кабылган. Уильямдын кунарсыз күндөрдөн тажап өлүмгө моюн сунганын көпчүлүк "кино жаратуучулар майыптарды маданияттуу жол менен өлүмгө түртүүдө" деп айыпташты.
Китептеги версиясында Уильям дубалда оркоюп чыгып турган мыкка арабасы менен алдыга-артка жылып сайылып каза болот. Анткени моюнунан ылдыйкы бөлүгү иштебегендиктен дары ичип же кан тамырын кесип жанын кыя алмак эмес. Автордун мындай мыкаачылык жол менен өлүмдү ойлоп тапканын көбү жактырышкан эмес.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Тасманын бет ачарынын датасы 3 жолу өзгөргөн. Кино жаратуучулар фильмди алгач 2014-жылдын август айында чыгат деп кабарлашкан. Тилекке каршы, созуп отуруп сатыкка 2016-жылдын жай айларында чыгарышкан.
  • Аталган фильм режиссёр Теа Шэрроктун алгачкы режиссёрдук эмгеги. Буга чейин ал театрда спектаклдерди коюп аты таанылып калган болчу.
  • Кинодо актриса Эмилия Кларктын колунда аарынын сүрөтү түшүрүлгөн татуировкасы бар. Ал татуировканы актриса тартуу иштери учурунда "аткарган ролумдан эң жагымдуу эстелик болуп калсын" деп чынында эле колуна тарттырган.
  • Фильмде тартылган актёрлор Эмилия Кларк, Чарльз Дэнс, Ричард Мэдден белгилүү "Так талашуу оюну" ("Игра престолов") телесериалында чогуу роль аткарышкан.
  • "Сени менен жолукканга чейин" мелодрамасы Англия менен АКШдагы сатыкта бир айда эле 137 миллион доллар чогултту.

Луизанын ачык түстөгү туфли, кийимдери анын эпатаждуулугун, шайырдыгын айтып турат.


Баш каармандар Сэм Клафлин менен Эмилия Кларк тасманын Нью-Йорктогу бет ачарында.


Трейнордун сакал-мурутун алып, кашык менен тамак берүү Луизанын моюнунда эле.


Лунара Бекиева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
10.10.2016. 10:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
08-12-2016 06:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кино .акырында олуп калганы анча эмес да .
10.10.2016. 12:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
26-05-2020 19:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
орусчасы кандай аталат? көргөндөр жазып койгулачы
10.10.2016. 12:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-12-2015
Соӊку аракети:
03-01-2018 20:42
Жынысы:
Белгисиз
0
omka100514,До встречи с тобой
10.10.2016. 15:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
05-12-2014
Соӊку аракети:
25-05-2020 15:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Китептин акырында Уильямды ата-энеси Швейцарияда Дигнитас (ушундай аталса керек) деген жерге алып барып, өз эрки менен кыйноосуз врачтардын берген дарысынан өлөт го. Же мен кийинчерээк басылып чыкканын окудум бекен?
Жакшы жазылган, эн жакшы көргөн чыгармам. Интернеттен окугам, китебин сатып ала албай жүрөм. Киносун билбейм, көрө алган жокмун
10.10.2016. 17:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
03-05-2020 09:27
Жынысы:
Белгисиз
0
s9zen098,китебин таап калсаныз, окуп бутуп, мага берип турасызбы.....
11.10.2016. 15:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
20-06-2013
Соӊку аракети:
21-11-2016 12:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
s9zen098,туура. Ал Дигнитаста олот го. Каяктагы дубалды айтып жатышат бул жерде.
10.10.2016. 23:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
21-11-2013
Соӊку аракети:
28-04-2018 15:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкты чыгарма,киносун коргонго ашыгып журом.Бирок мыкаачылык менен олгонун окубагам го же унутуп атамбы-ы?..
12.10.2016. 07:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
09-02-2013
Соӊку аракети:
06-01-2019 20:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сиз м.н Биз жашаган,жалган дуйнодо...
+1
Баланын олуп калганы чатак экен...((аран коруп буттум)) балам корсотпой ( кичинекей)...балам орто жолдон телефонумду сууга салып ийип жайып кургатып...анысы аз келгенсип инет жакшы иштебей атып))
13.10.2016. 17:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
21-01-2012
Соӊку аракети:
04-11-2016 21:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
-2
myndai kinonu kim jashy korsun
ayagy nachar bolso
14.10.2016. 11:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
03-01-2016
Соӊку аракети:
13-03-2018 15:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+1
Киносун 3 жолу көрдүм.Биринчи көргөнүмдө ыйлай берип көздөрүм ишип кетиптир.Мага аябай жакты
15.10.2016. 15:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
18-03-2011
Соӊку аракети:
30-05-2019 12:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Уилл дубалдагы мыкка колунун венасын кыйуу учун арабасы менен алтка алдыга журуп оз жанын кыйууга аракет кылат, бирок атасы коруп калат. Эн акырында Дигнитаста каза болот. Макаланы жазган кыз китепти окуганбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23946;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: