Архив
897   898   899   900   901   902  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Салтанат Саматова, ди-джей, телеалпаруучу: "РАКТЫ ӨЗҮНӨ ИШЕНГЕН АДАМ ГАНА ЖЕҢЕ АЛАТ"

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж


Салтанат айым рак илдетине кабылганын 5 жыл мурун билген. Аты жаман бул дарт аны чөктүрө алган жок. Тагдырдын сыноосуна моюн сунбай, дартты сасык тумоо оорусундай эле кабыл алып күрөшүп келе жатканы мактоого арзыйт. Ананчы, сүйүктүү жолдошу, кубат берген жумушу, эки канаты болгон уул-кызы турганда бул оору аны багындыра алмак беле? Тескерисинче оору бул инсанга багынсын!

Туулган жылы, күнү –
1972-жыл, 1-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун музыкалык факультетин бүтүргөн
Учурда – телеалпаруучу, ди-джей, тамада
Үй-бүлөлүү, уул-кыздын апасы

– Салтанат эже, сиз кичинекей кезимде көргөн Салтанат Саматова боюнча элесиз. Жаш көрүнөсүз, мунун сыры барбы?
– Сыры деле жок. Мен мурдагы Салтанатмын деп айта албайм. Жыл өткөн сайын токтолуп, көп нерсени башкача кабыл алып калдым. Илгерки Салтанат эмоциясы ашып-ташкан, бат эле тутанып кеткен оттой болчу. Азыр болсо "мейли, боло берсинчи, аман болсунчу" деген көз караштамын. Анан кичине акылдуураак да болуп калдым. Келбетим да кадимкидей өзгөрдү. Боёнгонум, кийингеним башкача, сулуураак болуп калдым деп коёюнчу (күлүп).

– Рак илдети менен күрөшүп келе жатканыңызды жашырбайсыз. Бул ооруга кабылган адамдарга кеңешиңизди берип, моралдык колдоо көрсөтүп келесиз...
– Бул илдет менен күрөшүп келе жатканыма 5 жыл болду. Жыйынтыгы да ийгиликтүү болуп жатат. Башым дайыма ооруй берчү. Томографияга текшерткени барсак "жубайыңыз рак экен" деп ошол күнү эле дарыгер жолдошума айтыптыр. Ал болсо мага айткан эмес. Анда кызыбыз 5 айлык эле болчу. Жолдошум баланы мага көтөртпөй колумдан ала калып, мээримдүү болуп калды. Өзү эле камкор болчу, бирок ордумдан турсам тура калып, отурайын десем орун бошотуп, мамилесин кадимкидей өзгөрттү. 3 жума жашырып айтпай жүрдү. Өзү байкуш ичинен сызып, түн ичинде мага көрсөтпөй ыйлачу экен. Мени ээрчитип алып рентгенге, томографияга алып барып "дарыгерлер билбей жатат, таппай жатат" деп койду. Ооруга чалдыкканымды укканда "дарыланам, айыгам!" дегем. Себеби ракты өзүнө ишенген адам гана жеңе алат.

– Химиотерапия менен дарыланып жатасызбы?
– Айына бир жолу химиотерапия алам. Албетте, аябай кыйын болот. Бул талгак сыяктуу, жүрөгүм айланып, кускум келип 2-3 күн кыйналып жүрүп өзүмө келем. Жумуш мага аябай дем берет. Той-топур, салтанаттарга барганда чоң энергия алам. Башында жолдошум "болду, үйдө отур, иштебе" деген. 2 ай үйдө отуруп аябай чөгүп кеттим. Ар кайсыны ойлойсуң, эч нерсе жасабайсың. Жолдошума "минтип отура берсем абалым мындан да начарлап кетчүдөй, мен иштейинчи" дедим. Укмуш жасанып алып, "артист көйнөгүмдү" кийип тойго барып жакшы тилектерди, комплименттерди уктум. Элдердин "ай-ий, Салтанат, сулуу болуп калыптырсың, арыктап кетиптирсиң" деген сөздөрү дем берди. Ошол күнү кубанычым коюнума батпай, кудуңдап алып үйгө келип "жумушка чыкканда энергия алат экенмин, мен иштейм дагы, жашайм дагы" деген тыянак чыгардым. Ошондуктан ушундай ооруга кабылгандарга "рак дагы дарыга баш ийе турган оору, чөкпөш керек" деген кеңеш берип кетем.
Бул ооруга кабылганда 2 жолу эле ыйладым. Ай сайын химиотерапия алып, анализ тапшырып, дары ичкенден тажап кетесиң. Анан таарынчаак да болуп калат экенсиң. Бир жолу "мен өлөм, башка жакшы аял алып ал" деп жолдошума таарынып ыйласам, ал бооруна кысып "жиндисиңби, баары жакшы болот, чогуу жеңебиз" деп соороткон. Өмүрлүк жарымдын, тууган-уруктун тилеги, элдин батасы, Жараткандын колдоосу менен бул илдетке каршы туруп келе жатам. Ракты айыктырса болот, бирок буга каражат керек. Акчасы жок адамдарга аябай эле кыйын. Себеби дары-дармектер абдан кымбат. Бир айда миң доллардын тегерегинде жумшалат.

– Жакында Фейсбукта чыгармачыл инсандар "Салтанат эжени колдойлу, каражат чогулталы" деп жазып чыгышты...
– Бир жолу Динара Аляева деген курбума "тажадым, көп каражат кетип жатат. Балдарыма бербей, өзүмө коротуп жатам, дарыланбайм" дегем. Ал сөзүмө таасирленип кечке ойлонуп "акча тартыш болуп жатат, Салтанатты колдоого алалы" деген билдирүү жазыптыр. Жолдошум аны көрүп алып "жок, антпегиле, Кудайга шүгүр, азыр акчабыз бар" деди. Бардык кесиптештерим, тааныбаган адамдар да сөзсүз колдойбуз деп каражат чогулта баштаптыр. Мен аларга аябай ыраазы болдум.

– Келиңиз эми, маегибизди позитивдүү маанайга буралы. Сизди элге ди-джейлик таанытты десек болот...
– Курбумдун чакыруусу менен радиого барып, бир программада үн коштоп берсем, жетекчиликке жагып иштеп калдым. Кийин орусиялык радионун филиалы бул жакта да ачылып, кастингден өтүп кеттим. 2 жакта тең иштеп жатсам мени жетекчилик чакырып, "бул жакты же тигил жакты танда, үтүктү сайсак да сенин үнүң угулуп жатат" деген талап койду. Мен экинчи радиону тандап, москвалык радиодо кыргыз кыздарынан биринчи болуп иштеп калгам. Кийин кечелерди, тойлорду алып барып жүрүп бул жаатта да тажрыйба топтодум. Быйыл сахнада, радиодо жүргөнүмө 20 жыл болот.

– Жолдошуңуз менен чыгармачылык чөйрө тааныштырдыбы?
– 27 жашымда турмушка чыктым. Элдер "качан турмушка чыгасың?" деп эле тажатып сурай беришчү. Жолдошумду көргөндө эле ушул жигитти кармаш керек дегем (күлүп). Азыр кыздарга "жакшы көргөн жигитти коё бербей кармап калгыла, өзүңөр биринчи кадам жасай бергиле" деп айта берем. Менин курбу кызым жолдошумдун досуна турмушка чыккан. Тойдо мен кыздын курбусу, ал күйөө жолдош болгон. Алардын планы экөөбүздү табыштыруу болчу. Таанышканда аябай толкунданган болушум керек, көп сүйлөп, каткыра бергем. Кетип баратсам ал телефон номеримди сурабайт. Анда чөнтөк телефон жок болчу да. Анан мен "сенин телефонуңдун номуру кандай эле?" деп сурап алдым (күлүп). Ага чалып "эмне кылып жатасың? Чыкпайсыңбы, ары-бери басып келели" деп жолугушууга өзүм чакыргам. 1 жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. 17 жылдан бери чогуу түтүн булатып, уул-кызыбызды тарбиялап келе жатабыз. Балдарым да чыгармачылыкка жакын. Кызым "мамочка, мен сендей алпаруучу болгум келет" дейт. Кыз эмеспи, көйнөктөрүмө, сөйкө, шакектериме кызыгат. "Чоңойсоң булардын баары сеники болот" десем, элестетип алып кубанып калат.

– Маегиңизге рахмат, сакайып кетишиңизге тилектешмин!

"Ушул даражага жеткирген ата-энеме ыраазымын. Сөз баккан, китепти көп окуган атам Орозобек, мээримдүү, ар дайым жардамын аябаган апам Жүмабүбү – булар жашоомдун уюткусу".


"Уул-кызым да чыгармачылыкка жакын. Кызым "мамочка, мен сендей алпаруучу болгум келет" дейт".


"Турмушка 27 жашымда чыктым. Жолдошумдун бою узун, сымбаттуу жигит. Аны биринчи жолугушууга өзүм чакыргам".


"Жумуш мага аябай дем берет. Той-топур, салтанаттарга барганда чоң энергия алам".


Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
(Айрым сүрөттөр Салтанат Саматованын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg



"Рак менен ооруганымды жашыргым келбейт" дейт Салтанат Саматова

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  19 
Комментарийлер(51)
Медиа-портал
15.07.2016. 12:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
08-12-2010
Соӊку аракети:
04-11-2019 12:35
Жынысы:
Белгисиз
+8
Үлгү алсаң болот Салтанат айымдан, ушунчалык жөнөкөй, ачык-айрым, шайыр экен. Азаматсыз!
Super TV
15.07.2016. 12:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
29-04-2019 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+10
сонун эжеда,дайым алдыга
Super TV
15.07.2016. 13:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
228
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
02-11-2017 23:03
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сонун маек болуптур. Бар болунуз, оорубаныз. Шайыр бойдон журо бериниз. Ишинизге ийгилик.
Super TV
15.07.2016. 14:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ууртуңуздан күлкү кетпесин Салтанат эже өмүр тилейм балдарыңыздын күнүн күчүн корүңүз жездебиз менен
Super TV
15.07.2016. 15:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
08-10-2011
Соӊку аракети:
17-02-2020 14:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+12
Абдан сонун позитив тартуулаган маек чо он рахмат!
Медиа-портал
15.07.2016. 16:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
31-12-2013
Соӊку аракети:
12-04-2019 08:44
Жынысы:
Белгисиз
+10
Салтанат эженин маегин коруп отуруп озумо позитивдуу маанай алддым. Эже бар болунуз ишинизге ийгилик
Медиа-портал
15.07.2016. 17:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
05-03-2019 13:51
Жынысы:
Белгисиз
+7
Депрессия болуп, психологдон кеңеш керек болуп турду эле. Эми качан боюмда болот деп түйшөлүп жүргөм(( Позитивдүү настрой алдым))) Эже, рахмат сизге, мыкты адамсыз, үлгү болуп жүрө бериңиз!
Super TV
15.07.2016. 17:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
02-03-2016
Соӊку аракети:
01-09-2017 17:15
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мынча сонун адамсыз.эжеке денсоолук каалайм аты жаман оорудан айыгып кетиниз
Super TV
15.07.2016. 20:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2016 21:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ТОКМОК
+8
Эжеке, абдан позитивдуу, абдан шайыр,ар бир созунуз абдан маанилуу жан экенсиз. Бар болунуз, илдетиниз биротоло айыгып,эч качан оорубаныз! Сонун маек. Рахмат. Менин мамам дагы ооруйт, бирок сиздей болуп,неберелеримдин тоюнда тойлошум керек ,бутуна тургузушум керек деп курошуп журот. Жаратканыбыз шыпаа берсин. Бактылуу болунуз!
Медиа-портал
15.07.2016. 21:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-05-2011
Соӊку аракети:
25-06-2018 22:35
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сонун кызыктуу маек болуптур,бар болунуз,оорубаныз!!!
Медиа-портал
15.07.2016. 22:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
08-03-2016
Соӊку аракети:
18-05-2019 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+11
Омурунуз узун болсун эже,ушунчалык жыргап кордум маегинизди.Аягында ыйлагым келип кетти.
Super TV
16.07.2016. 09:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
21-05-2018 23:49
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сонун маек болуптур ден соолугунуз чын болсун оорубаныз
Super TV
16.07.2016. 10:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
03-05-2015
Соӊку аракети:
14-01-2017 23:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орусия азырынча
+8
Азаматсыз эжеке ден соолугунуз чын болсун!
Медиа-портал
16.07.2016. 10:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
24-08-2016 14:11
Жынысы:
Белгисиз
+10
Зор эжеда бар жана аман болунуз Аллахым шыфаа берсин сизге.
Медиа-портал
16.07.2016. 15:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
09-03-2014
Соӊку аракети:
15-09-2017 01:26
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сизге Салтанат чын ден соолук'кайраттуулук'жаркырып жайнап'омурлуу. бол!!!Бар бол дайыма!!! Кыргыздын сизге окшогон кыздары коп болсун!!!Улгу боло турган айым экенсиз!!!!
Медиа-портал
16.07.2016. 17:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
05-10-2013
Соӊку аракети:
19-03-2019 02:18
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эн сонун маек болуптур.Эже киного тартылса сонун жарашат экен. Аллахым сизге узун омур берсин балдарыныздын мандайында жаркылдап журунуз!
Медиа-портал
17.07.2016. 00:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
02-09-2015
Соӊку аракети:
17-02-2020 12:22
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эххх ушунчалык сонун маек болуптур аягыначе бир дем менен жылмайып коруп бутурдум.Атынызга затыныз жарашкан айым экенсиз дайыма ден соолукта болунуз уул кызыныздын урмат сыйын жолдошунуз менен тен корунуз. Ийгилик,ден соолук, ден соолук,ден соолук! !!
Медиа-портал
17.07.2016. 22:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
27-11-2017 23:04
Жынысы:
Белгисиз
+7
Европа+ радиосун укканымда ар дайым Салтанат Саматова эсиме тушот. Мен бул айымды орус деп эле журчумун кыргыз айым экенин кийин билдим.Салтанат айымдын таланты айтып бүткүс талант.Салтанат айым маанайыңыз ачык болуп кыргыз элиңизге кызмат кылып ар дайым бар болунуңуз,аллахым тилеген максаттарыңызды орундаткан болсун!!!
Медиа-портал
17.07.2016. 22:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
07-12-2015
Соӊку аракети:
29-11-2018 10:21
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудайым дарт берсе дабаасын кошуп берсин дейли. Унунуз очпой,алтын башыныз аман болсун эже. Сиз уул кызынызга,бир туугандарынызга эмес,Кыргыз элине керек адамсыз. Ишенем ооруну женесиз сиз. Кызымдын атын Салтанат койгонума дагы бир ирет суйундум,ырым кылдым.....
Super TV
18.07.2016. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
17-02-2020 11:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
+6
идиш жууп,боорсок жасаганы жакты)))))))оллло кулуп алдым.буйкрса ооруну женебиз ин ша аллах
Super TV
18.07.2016. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
13-02-2020 02:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орустун батири
+6
Омурлуу болунуз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23591;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: