Архив
897   898   899   900   901   902  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КЫРГЫЗБЫЗ» ДЕП СЫЙМЫКТАНГАН ВАНДЫК КЫРГЫЗДАР

№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж


Түркиянын Ван вилайетине караштуу Эржиш районундагы Улуу Памир айылында учурда 2 миңге жакын кыргыз жашайт. Бир убакта топтошуп жашаган кыргыздар эми чоң-чоң шаарларга иш издеп кетишүүдө. «Тилибизди, салтыбызды унутуп калбасак экен» деген вандык мекендештерибиздин жашоо шарты тууралуу жергиликтүү тургундар айтып беришти.

ВАН КЫРГЫЗДАРЫ

Түркиянын чыгышындагы Ван көлүнүн аймагында 30 жылдан ашуун убакыттан бери жашап келе жаткан мекендештерибиздин түпкү теги – Памир, Мургаб жана Алай. 1982-жылы Түркиянын өкмөтү аларга Ван аймагынан жер бөлүп берип, Памирден көчүрүп алган. Ошондо көчүп барган кыргыздардын саны учурда 5 миңге жакын. Вандык кыргыздар жашаган аймак тоолуу, абасы салкын келгендиктен негизинен мал чарбачылык менен алектенишет. Алар Ооганстандан ооп баргандыктан каада-салттары памирлик кыргыздарга окшош. Ал эми улуттук оюндары, тамак-ашы Кыргызстандагы кыргыздардан көп деле айырмаланбайт. Кыргызстанда колдонулбай калган күйөө узатмай, өлөң айтмай, кыз ыйлатмай, аш алды сыяктуу эски салттар колдонулат. Улуттук оюндардан ак чөлмөк, улак тартыш, ордо оюндары ойнолот.

«КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЗДАРГА ҮЙЛӨНГӨНДӨР КӨБӨЙҮҮДӨ»

Улуу Памир айылынын айыл башчысы Ейупхан Кошар (Айтбай деген атын өзгөртүп алган) мекендештерибиз тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен 35 жаштамын, Түркияга көчүп келгенде 1 жашта экенмин. Айылыбыздагы мектепте кыргыз класстар жок болгондуктан жаштар кыргыз тилин жакшы биле беришпейт. Мектеп, медпункт, мечит бар. Мектепте 320 окуучу окуйт, мугалимдер түрк улутундагылар, ошондой эле өзүбүздүн айылдан 2-3 кыргыз мугалими да иштейт. 1200 киши баткыдай мечитибизде куран курстары окутулат, анда аял-эркектер өзүнчө окушат. Коопсуздук маселеси жакшы эмес. Айылыбызды өзүбүз коргойбуз, 200дөй тургун коружу (сакчы) болуп иштейт. Алар бир эле өзүбүздүн айылды эмес, жалпы районду кайтарышат. Жакында террорчулар постко бомба салынган машина менен барып, өзүн кошо жардырып жиберген. Ошондо нөөмөттө турган кыргыздардан 1 коружу каза болуп, бешөөсү жарадар болду. Жергиликтүү кыргыздардан Түркиянын мамлекеттик кызматтарында иштегендер, депутаттар жок болгон менен, мугалим, врач болуп иштегендер бар. Палоо, манты, каттама сыяктуу улуттук тамактар жасалат.
Башка улуттан келин алып, кыз бергендер бар. Акыркы кезде кыргызстандык кыргыз кыздарына үйлөнгөндөр көбөйүүдө. Мен да таластык кызга үйлөнгөм. Айыл эли көбүнчө Кыргызстандын телеканалдарын көрүп, кыргыз музыкаларын угабыз. Тилекке каршы, салтыбыз барган сайын түрктөшүп баратат. Кыздар кызыл жоолук, турмушка чыккандар болсо ак жоолук салынат. Ал эми шапакты бардык аялдар кие берет.

«КЫРГЫЗСТАНДА ЖАШАП ТУРУП КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨГӨНДӨН УЯЛГАН КЫРГЫЗДАР БАР ЭКЕН»

Кенан Айтач, «Улуу Памир айылы» коомунун башкы катчысы:

– Менин ата-бабам жердеген жер – Кичи Памир. Ал жер бизге караштуу болчу, кийин гана чек ара бөлүнгөндө Ооганстандын аймагында калган экен. Уруум каратай. Түркияга көчүп баргандан кийин 1 жылдан соң төрөлгөм. Негизи вандык кыргыздардын саны 5 миңге жакын, биздин айылда учурда 1700дөй кыргыз жашайт. Калганы Түркиянын ар кайсы шаарларында иштеп жүрүшөт. Бизде жер тар, жайлообуз жок. Ошондуктан көпчүлүк жаштар окуусун аяктагандан кийин чоң шаарларга иштегени кетип жатышат. Тегерегибиздин баары күрд айылдары. Алар бизди жакшы көрө беришпейт, бирок ортобузда чоң чыр-чатактар деле жок.
Кыргызстандан Түркияга делегация келиптир деп уксам эле аларга барып жолукчумун. Депутаттар, чиновниктер, ал тургай президент келип жатты. Бардыгына «биз силерден нан же башка нерсе сурабайбыз, бизге мугалим жөнөткүлө» деп айтам. Тилибизди, үрп-адаттарыбызды сактап калалы, тарыхыбызды биле жүрөлү, өзүбүздүн ырларды үйрөнөлү деп кыргыз тили, тарых жана музыка мугалимдерин жөнөткүлө деп сурандым. Баары эле убада берет, бирок жыйынтык жок.
Кыргызстандагы кыргыздар орусча аралаштырып сүйлөгөндөй эле биздин тилибиз да түркчө чалып баратат. Мен Кыргызстанга тез-тез келип турам. Бул жердеги кыргыздарды көрүп туруп өзүмө шүгүр кылып калдым. Себеби Кыргызстанда жашап туруп кыргызча билбеген же кыргызча сүйлөгөндөн, калпак кийгенден уялган кыргыздар бар экен. Аларга салыштырмалуу башка өлкөдө жашап жатып биз кыргызча сүйлөйбүз, улуттук кийимдерди кийип, биз кыргызбыз деп сыймыктанабыз. Менин Стамбулда кийимдерге кыргыздын оймо-чиймелерин түшүргөн, калпак, чапан сыяктуу улуттук кийимдерин тиккен фабрикам бар болчу, ал жерде көбүнчө Кыргызстандан баргандарды жумушка алчумун. Кийин аны жаап, айылыма барып ошондой ишкана ачкам. Түрк бийлиги фестивалдарга чакырып турат, мен ар кайсы шаарга барып боз үй тигип, ага Кыргызстандын желегин илип коём.
Көчүп келели деген деле ой жок, анын да себеби көп. Мисалы, Кыргызстандагы эле кыргыздар канча бөлүнүп жатат, бизди батырмак беле? Менин бир туугандарым Памирден көчүп келген эле, аларды качкын кыргыздар деп айтышат экен. Анан дагы мен Кыргызстанга келгенде кантип жан сактайм?! Бул жакта эл иш жоктугунан чет өлкөлөргө кетип жатышса... Айлык да өтө аз, мисалы, бир нече жыл окуп мугалим болуп иштеген адам 100-150 доллар айлык алат экен.

«Фестивалдарда дайыма Кыргызстандын желегин желбиретебиз».


Улуу Памир айылынын көрүнүшү.


«Көргөзмөлөргө барганда дайыма боз үй тигем».


Шапак кийген кыздар.


«Улуттук оюндардан улак тартыш көп ойнолот».


«200дөй кыргыз сакчы болуп иштейт».


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
19.09.2016. 10:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
09-07-2016
Соӊку аракети:
29-09-2019 13:06
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ана силерге туугандар. Дагы болунсонор тундук туштук болуп.
19.09.2016. 10:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
390
Катталган:
25-09-2012
Соӊку аракети:
03-12-2019 21:58
Жынысы:
Белгисиз
+21
Патриоттук сезим ойгонот экен окуп чыгып
19.09.2016. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
06-05-2010
Соӊку аракети:
20-02-2020 13:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+14
Уялып калдым чынында
19.09.2016. 11:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
11-05-2015
Соӊку аракети:
17-07-2018 17:29
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мургабдан келген кыргыздар коп биздин айылда,"Сарколчулар"деп болушот,оздору дагы кошуна мн эмес,сарколчулар союзу болуп чонулуп турушат.Тилдери,кийингендери айырмаланып турат.Мурун маани бербепмин,биз кыргыздар аябай болунот экенбиз,болунгонду боору жейт дегендей эле экен.Окуп уялыдым
19.09.2016. 15:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
14-06-2019 22:31
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чындыгында окуп уялат экенсин, оз жерибизде туруп кыргызча суйлобойбуз го. Анысы аз келгенсип болунобуз. Кайсы арыбызга кыргызмын дейбиз?!
19.09.2016. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
12-03-2014
Соӊку аракети:
21-02-2020 13:15
Жынысы:
Белгисиз
-3
Шапак дегени элечек ко ээ.Бизде мындай улуттук баш кийим жок ко же мен билбейминби.
19.09.2016. 19:23 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
10-03-2015
Соӊку аракети:
30-06-2018 05:08
Жынысы:
Белгисиз
+6
Патриоттор ошол жактаго
19.09.2016. 19:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
09-05-2015
Соӊку аракети:
30-12-2016 08:09
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мургаб жана жергн тал тууралуу жазып кетиле
19.09.2016. 20:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
365
Катталган:
27-04-2013
Соӊку аракети:
21-02-2020 19:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол
+3
Мургап Жерге тал ооганстанга чейин фергена өрөөнү Кытайдын Кызыл суусу Текес жергеси, казактардын Тараз Алматы шаарлары турган жерлер бүт Кыргыздын жери болчу бир кезде ошол жерлер азыр да биздин жерлер болгондо дүйнөдө чоң мамлекеттердин бири болот элек да аттиң арман дүйнө.
19.09.2016. 23:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
27-03-2014
Соӊку аракети:
02-05-2019 15:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол жака барып мугалим болгум келип кетти..
Айылы жакты.
20.09.2016. 01:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
331
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
09-01-2019 16:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
+1
Айылы сонун го.
20.09.2016. 02:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
17-12-2013
Соӊку аракети:
06-12-2018 13:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мойтойгон шапак кийгенине шириндер ))
21.09.2016. 12:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
22-02-2016
Соӊку аракети:
25-10-2016 11:05
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каяктагы озбек тажик кытайларга кыргыздын паспортун берип атышат.Ушундай башка жерде жургон кыргыздарды алып келип жер беришсе жакшы болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: